“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: АГАРТУУГА БЕРИЛГЕН КҮЧ-КУБАТ

  • 15.09.2026

Быйыл республикалык “Жыл мугалими” конкурсунун финалдык этабы Бишкек шаарында 23-25-сентябрь күндөрү өтөт. Тандап алуунун үч этабынан ийгиликтүү өткөн 17 предмет боюнча 133 мугалим жана 28 тарбиячы борбордо күч сынашат. Сынактын масштабы менен катар анын кадыр-баркы да жогорулады. Баш байгеге — салтка айлангандай эле Президенттин фондунан батир, ал эми ар бир предмет боюнча алдыга суурулуп чыккан мыктыларга 500 000 сомдон акчалай сыйлык ыйгарылат. Сынактын бардык катышуучуларына дипломдор жана “Мыкты мугалим” төш белгилери тапшырылат. Салтанаттуу сыйлоо аземи Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Президенттин катышуусунда “Ырыс Ордо” резиденциясында өтөрү пландалууда.

Мугалимдин кадыр-баркы — улуттук саясаттын өзөгү

Акыркы жылдары мугалимдик кесиптин коомдогу орду түп тамырынан бери өзгөрдү. Президент Садыр Жапаровдун жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жигердүү аракети менен мугалимдердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулап, изденүүгө жана эмгектенүүгө бардык шарттар түзүлүүдө. Соңку эки жылда эле республикалык сынактын жеңүүчүлөрү мамлекеттен батир алып, алдыңкы адистер ири акчалай сыйлыктарга ээ болуп келишет. Өлкө башчысы Садыр Жапаров билим берүү — мамлекеттүүлүктү чыңдоонун эң башкы тиреги жана адамдык капиталды өнүктүрүүнүн негизги элементи экенин бир нече ирет белгилеген. Мамлекет башчысынын пикиринде, жаштарга дүйнөлүк өнүгүүнүн артынан жөн гана ээрчибей, андан ашып өтүүгө мүмкүндүк берүүчү билим керек. Бул багытта 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасы менен бирге, мектептердин инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын ар тараптуу модернизациялоо иши улантылууда.

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: АГАРТУУГА БЕРИЛГЕН КҮЧ-КУБАТ

15-сентябрь — Билим күнү менен куттуктап жатып, Президент мамлекеттин башкы стратегиясы тууралуу токтолду: «Биз дүйнөлүк алдыңкы стандарттарга шайкеш келүү максатында билим берүүнү трансформациялоо боюнча башкы стратегиялык багытыбызды – “Алтын Казык” мамлекеттик программасын ишке ашырууга жан үрөп кириштик. Анын алкагында мектеп программалары жаңыланып, STEM окуу предметтерине, жасалма интеллектке, чет тилдерине жана функционалдык сабаттуулукка өзгөчө маани бериле баштады. Бул кадам баланын шык-жөндөмүн эрте курактан ачууга, кесипке туура багыттоого жана глобалдык деңгээлде теңтайлаша алган кыргызстандык жаңы муунду тарбиялоого жол ачат. Мамлекеттин ар бир илгери кадамынын, ар бир стратегиялык жеңишинин артында билим берүү тармагынын негизги кыймылдаткыч күчү катары -Мугалим турат. Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү биздин курулай убада эмес, башкы улуттук саясатыбыз экенин иш жүзүндө далилдеп келебиз. Апрель айындагы мугалимдердин айлык маянасын 100 пайызга жогорулатуу агартуучуларыбыздын турмуш-шартын жакшыртуу менен катар алардын коомдогу социалдык макамын көтөрүүгө жасалган маанилүү кадам болду».

Айлык акынын жогорулашы менен үйдө отуруп калган жана чет өлкөдө эмгек мигранты болуп жүргөн агай-эжейлер кайрадан мектепке кайрыла башташты. Бүгүн Новопокровкадагы №1 орто мектебине барганымда жаш мугалимдердин катары көбөйгөнү дароо байкалды. Алардын бири менен маектешкенимде, ал Токмоктогу педагогикалык колледжди аяктап, мектепке башталгыч класстын мугалими болуп жумушка орношконун айтты.

Демек, мектептерде муундар алмашып, жаш адистердин келиши менен жаңы дем пайда болууда. Эң башкысы, алар 12 жылдык билим берүү системасынын талаптарына ылайык эмгектенип, окуучуларга сапаттуу билим беришсе болду.

Элеттик мугалимдин ишеними

Мамлекет тараптан көрсөтүлгөн мындай колдоо алыскы аймактардагы агартуучуларга чоң дем-күч тартуулады. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Гүлүмкан Турганбаева өз таасирлери менен төмөндөгүчө бөлүшөт: «Ар бир тамга үйрөткөндө, ар бир китеп бетин барактаган сайын келечекке салым кошуп жатканымды дил тереңимде сезем. Бирок мугалимдин жолу дайыма эле жеңил эмес — бул сабырдуулукту, бүтпөгөн изденүүнү жана жан дүйнөңдү арнаган эмгекти талап кылат. Ошондуктан акыркы жылдары айлык акыны жогорулатуу боюнча көрүлгөн аракеттер мен үчүн жөн гана өзгөрүү эмес, бул — чоң үмүт жана жогорку баа. Президентибизге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Айлык маянанын жогорулашы — жөн гана материалдык колдоо эмес, бул “сенин эмгегиң маанилүү” деген ишеним. Мындай шарт бизге күч-кубат берип, балдардын келечегине дагы да чоң жоопкерчилик менен кароого шыктандырат. Ар бир балага берилген сапаттуу билим — өлкөнүн эртеңки ийгилиги».

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: АГАРТУУГА БЕРИЛГЕН КҮЧ-КУБАТ“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: АГАРТУУГА БЕРИЛГЕН КҮЧ-КУБАТ

Элеттик мугалим “Жыл мугалими”  сынагынын үч этабынан ийгиликтүү өтүп, республикага жолдомо алды. Анын ишеними, үмүтү чоң.

Өткөн жылдын сабактары: Жеңүүчүлөр жана мыкты тажрыйбалар

Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айчолпон Жумагазиеванын айтымында, сынактын башкы максаты — педагогикалык таланттарды айкындоо, алардын алдыңкы тажрыйбасын республикага жайылтуу жана кесиптик деңгээлин жогорулатууну көздөйт.

Өткөн жылы 17 предмет боюнча облустук электен өткөн эң мыкты мугалимдер катышып, гран-приге коюлган батирди Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Уметалиев атындагы №22 Долон орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова жеңип алган. Талапкерлердин билимин калыс баалоо үчүн 100 кишиден турган атайын чоң, чакан жюри жана предметтик комиссиялар онлайн режимде «кара кылды как жарган» калыстыкта иштешкен. Сынактын жүрүшүндө айырмаланган педагогдордун сабактары калыстардын жана байкоочулардын эсинде калды. Алсак, Акматова Бегим (Сокулук району, башталгыч класс мугалими). Мастер-классында жана ачык сабагында улуттук тамак-аш, улуттук нарк-насил темасын окуучуларга чеберчилик менен жеткирип, салттуу баалуулуктарды даңазалай алды. Эрали Абдиев (Алай району, №4 К.Абдыразак атындагы мектептин география мугалими) — 31 жылдык стажы бар тажрыйбалуу агай Бишкектеги №69 мектептин 7-классынын окуучуларына «Шамал: күч, багыт жана таасир» деген темада сабак өткөн. Ал гео-кейс ыкмасын колдонуп, чоң энеси буудайды шамал менен кантип тазалаганын көрсөтүп, элдик ырларды кошуп, Бишкектеги булганыч аба (смог) маселесин флюгер, анемометр макеттери аркылуу турмуштук кырдаалга байланыштырып түшүндүргөн. Натыйжада, Эрали агай «Мыкты география мугалими» номинациясын багындырган.

Элзат Асанованын сабак берүү философиясы

Өткөн жылкы конкурс жеңүүчүсү Элзат Асанова №67 мектептин 9-классында “Кептин түрлөрүнүн кептин стилдери менен карым-катышы” темасында 5E методун, интерактивдүү куралдарды жана жасалма интеллект элементтерин улуттук баалуулуктар («Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» концепциясы) менен айкалыштырып, үлгүлүү сабак көрсөткөн. Жөнөкөй мугалимдиктен республикалык сынактын жеңүүчүсүнө чейинки жолду басып өткөн Элзат эжей өзүнүн кесиби тууралуу минтип толгонот: «Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени ар бир күндө жүздөгөн көздөрдөн үмүттү, кубанычты көрөм. Менин сабагымдан жаңы дүйнөлөр ачылып, жаңы кыялдар жаралат. Ар бир окуучу мен үчүн — ааламдын өзгөчө бир жылдызы. Бул кесип жөн гана жумуш эмес, бул – жашоонун маңызы. Окуучуларым мага адамдын чыныгы баалуулугу дипломунда эмес, жүрөгүндө экенин үйрөтүштү. Менин кесиптик амбициям — заманбап ыкмаларды мыкты билген, кесиптештерине дем берген жана “мугалим болуу – эң бийик сыймык” экенин өз иши менен далилдеген адис болуу».

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: АГАРТУУГА БЕРИЛГЕН КҮЧ-КУБАТ

Белгилей кетчү жагдай, 12 жылдык билим берүү реформасынын алкагында мугалимдер бир жыл бою өз квалификациясын жогорулатып, жаңыча көз караш менен даярданышты. Андыктан быйыл Бишкекте өтө турган «Жыл мугалими – 2026» сынагында дагы да күчтүү, жаңычыл жана демилгелүү педагогдордун ысымдары аталары шексиз.

Сандар жана фактылар

Жаңы окуу жылында өлкөбүздүн мектептери 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады.  Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1-, 2-, 3-, 5-, 7- жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4-, 9-, 10- жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантышат.

Учурда республика боюнча 2374 мектеп иштейт. Алардын 2132си мамлекеттик, 242си жеке менчик мектептер. Ошондой эле өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барат. Жаңы окуу жылына карата кесиптик лицейлерге электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынды.

Жакында эле  Президенттин катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилсе, алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар. Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү каралган. Анын ичинен 56сы жаңы курулуш объектиси — 49 мектеп жана 7 бала бакча. Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 2 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.

Жаңы Кыргызстанды куруу кыялдар акырындык менен ишке ашып жатат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү