БАТКЕН: МЕКЕН КОРГООЧУЛАРГА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛДУ
- 16.09.2026
- 0
Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүндө чек ара окуяларында өмүрүн берген мекен коргоочуларга арналган БТР-70 аскердик техникасы орнотулган постаменттин расмий ачылыш аземи өттү. 
Бул эстелик чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочулардын жаркын элесин эскерүү, алардын эрдигин даңазалоо жана өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында тургузулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекен коргоочулардын жакындары, ардагерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. 
Аземде сөз сүйлөгөн облус башчысы Мамыржан Рахимов эстеликтин терең маанисине токтолуп: “Бул эстелик — жөн гана аскердик техниканын үлгүсү эмес. Бул — чек араны кайтарган жоокерлердин эрдигинин, кайратынын жана Мекенге болгон берилгендигинин символу. Мекен үчүн кызмат кылуу — чоң сыймык. Ал эми зарыл учурда Мекендин бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн курман кылуу — адамдын эң бийик эрдиги”, — деп баса белгиледи. 
Иш-чаранын жүрүшүндө “Республикалык жоокерлердин энелери комитети” жана “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү да сөз сүйлөп, мекен сакчыларынын эрдигин унутпоонун маанилүүлүгүн эске салышты. Аземдин катышуучулары мекен үчүн жан берген жоокерлердин жаркын элесине таазим кылып, эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Ошондой эле мекен сакчыларынын эрдигин даңазалоо менен келечек муунга татыктуу жеткирүүгө салым кошкон инсандарга атайын сыйлыктар тапшырылды.

Жаңы эстелик — өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодо курман болгон мекенчил уулдардын эрдигин түбөлүккө даңазалаган ыйык жайлардын бири болуп калды. Ачылыш аземи маданий программа менен уланып, соңунда мекен чегинде каза болгон жарандардын арбагына багышталып куран окулду.
