«ЖЫЛ МУГАЛИМИ — 2026»: ЗАМАНБАП БИЛИМ, СЫНАЛГАН КАДЫР
- 29.09.2026
- 0
«Жыл мугалими – 2026» конкурсунун финалдык этабы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Сынактын 1-турундагы тесттен облустук электен өтүп келген далай мыктылар босого баллдан өтпөй калышты. Ал эми 2-3-турда алдыга суурулуп чыккандар баш байге жана ар бир предмет боюнча биринчилик үчүн күч сынашты. Бир топ мугалимдер жогору упай топтоп, алдыга чыгышты. Эксперттердин пикиринде, аталган сынакта кимдир бирөөнү гана жеңүүчү деп аныктоо үчүн эмес, мугалимдин кесиптик өнүгүүсүнүн жаңы стандарттарын көрсөтүү үчүн маанилүү. Андыктан мыкты сабактарды көрсөтө алган айрым мугалимдер тууралуу азыноолак кеп кылалы.
Жөн гана билим эмес, адамгерчиликке жана урматтоого үйрөтүү
Быйылкы республикалык сынакка чыныгы мыктылардын мыктылары катышты. Башка жылдарга салыштырмалуу конкурсанттар 12 жылдык билим берүү программасына ылайык сабак өтүп жаткандарын иш жүзүндө далилдешти. Сабакта 5E моделин, 4К компетенциясын, сингапурдук усулдарды жана этнопедагогиканы натыйжалуу пайдалануу менен мыкты сабактарды тартуулашты. Мугалим аз сүйлөп, окуучулар топтордо өздөрү практикалык иштерди жасап, биринчи мүнөттөн тарта сабакка кызыгуу менен киришкени өзгөчө бааланды.

Бардык турдан жогорку упай топтогон Мерует Бакирова 1986-жылы туулган, улуту – казак. Ал көп кырдуу, бир нече кесиптин ээси: 2004–2005-жж. – КМУКТАнын Ысык-Көл филиалында «дизайнер-архитектор»; 2005–2006-жж. – Балыкчы социалдык-экономикалык институтунда «юрист»; 2006–2009-жж. – КМЮАнын Ысык-Көл юридикалык институтунда жогорку юридикалык билим алган; 2021–2023-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Тарых» багыты боюнча магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолун 2009–2012-жылдары Ысык-Көл юридикалык институтунда окутуучу болуп баштап, 2014-жылдан бери Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясында тарых жана диндердин өнүгүү тарыхы мугалими болуп эмгектенип келет.
Элеттик мугалимдин максаты — окуучуларга Диндердин өнүгүү тарыхын дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгү катары түшүнүүгө көмөктөшүү менен башка адамдардын көз карашын урматтоого жана көп кырдуу дүйнөдөн өз ордун табууга үйрөтүүнү көздөп келет.
Сынактын 3-турунда Мерует эжей өзүнө таптакыр тааныш эмес борбор калаадагы №67 мектептин 8-классынын окуучуларына «Буддизмдин негиздери» темасында 35 мүнөттүк терең, жандуу жана көркөм сабак өтүп берди. Окуучулар топторго бөлүнүп, Будда, Дхарма, Сангха, карма, сансара, нирвана, «Төрт асыл чындык» жана «Сегиз кадамдуу жол» сыяктуу татаал түшүнүктөрдү талдап, коомдогу этикалык жүрүм-турум менен байланыштыра алышты.
Окуучулар окуу текстинен жана иллюстрациялардан буддизмдин философиялык негиздери тууралуу маалыматты ажыратып алып, талдап жана системалаштырышты. Негизги түшүнүктөрдүн (карма, сансара, реинкарнация, Дхарма дөңгөлөгү) маңызын жана өз ара байланышын эркин түшүндүрө алгандары калыстар тобун кубандырбай койгон жок. Окуучулар кеп маданиятын жана толеранттуулукту көрсөтүү менен буддизмдин дүйнөтаанымдык идеяларын да сый мамиледе экенин талкуулашып, Сегиз кадамдуу жолдун этикасы (туура сүйлөө, туура жүрүм-турум) коомдогу адамдардын өз ара мамилесине кандай таасир этээри тууралуу диалог кура алышты. Ошондой эле мугалим берген тапшырмалардын негизинде окуучулар карма законунун мисалында (аракеттер жана алардын кесепеттери) себеп-натыйжа байланыштарын талдап, Сегиз кадамдуу жолдун адеп-ахлактык багыттарын өзүнүн турмуштук тажрыйбасы жана жалпы адамзаттык жүрүм-турум нормалары менен салыштыра алышты. Сабак учурунда окуучулар терминдердин туура колдонушун көрдүк, мисалы, реинкарнация (кайра төрөлүү чынжыры), сансара (жашоонун айлануусу), карма (себеп жана натыйжа закону) жана Дхарма дөңгөлөгү (окуунун жана эркиндикке чыгуунун символу) түшүнүктөрүнүн маанисин туура ачып беришти.
Сабактын аягында окуучулар буддизм качан жана кайда пайда болгонун; Будда ким экенин; будда окуусунун негизги жоболорун түшүнүшүп, Төрт асыл чындыктын; Сегиз кадамдуу жолдун маанисин; «карма», «сансара» жана «нирвана» түшүнүктөрүнүн өз ара байланышын билишти жана маалыматтын негизгисин бөлүп көрсөтө алышты; топтук иштин жыйынтыктарын презентациялашты жана диний суроолорду туура талкуулай алышканга жетишти.

Мугалим кызыктуу сабагын бышыктап жатып, мындай деди: “Бүгүн биз буддизмдин келип чыгуу тарыхы менен гана таанышпастан, диний окуулар адамзаттын тарыхынын жана маданиятынын бир бөлүгү болуп саналарын көрдүк. Билимдүү адамдар катары биздин милдетибиз — өз пикирибизден баш тартпастан, айырмачылыктарды биле алуу, түшүнүү жана урматтоо” деген баалуу ой менен жыйынтыктады.
Окуучулардын баасына татыктуу болгон географ мугалим
Нарын шаарындагы Э. Ибраев атындагы №4 орто мектебинин биология жана география мугалими Эльвира Мамбетказиева география сабагында техникалык мүчүлүштүктөргө карабай, сабырдуулук жана профессионалдуулук менен кырдаалдан чыгып кетти. Шаардык окуучулар сабак бүткөндөн кийин ага: «Идеалдуу мугалим экенсиз», – деп ыраазычылык билдиришти.

Эльвира Мамбетказиева Нарын шаарындагы Э. Ибраев атындагы №4 орто мектептин биология жана география мугалими болуп 2007-жылдан бери эмгектенип келатат. Ал Нарын районунун Чет-Нура айылында туулган. Айылдагы Бейшенаалы Бекжанов атындагы мектепти 2001-жылы аяктаган. Ушул эле жылы Нарын мамлекеттик университетинин “Табигый илимдер” факультетинин химия жана биология адистигине тапшырып, 2006-жылы аны аяктап, «Химия» адистиги жана кошумча «Биология» квалификациясы боюнча жогорку билим алган.
Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шарындагы №4 Эсенгул Ибраев атындагы билим берүү мектебинен баштап, азыркы кезге чейин мугалимдик кесипти аркалап келатат.
Э.Мамбетказиева 2017–2019-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «География, экология жана туризм» багыты боюнча магистратурада дагы билим алган. Магистрдик изилдөөсүнүн темасы: «Нарын облусунун аймагындагы жайыттарды рационалдуу пайдалануу».

Мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүндө заманбап окутуу технологияларын, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүчү методдорду, STEM/STEAM багытын, 5E моделин, Сингапур окутуу структураларын, формативдик баалоону жана интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуп келатканын сынакта көрсөткөн мастер-класс менен ачык сабагында даана көрүндү.
Эльвира эжей дайыма кесиптик жактан өнүгүүнүн үстүндө дайыма иштейт. Ал республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ар түрдүү семинарларга, тренингдерге жана квалификацияны жогорулатуу курстарына дайыма катышат. GLOBE, NICE/NAMA, EDULEAD жана башка билим берүү долбоорлорунун алкагында тажрыйба топтой алды. Мектепти өнүктүрүү багытында ассессор, долбоорлордо координатор катары да иш алып барарын билдик.

Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен катар алардын чыгармачылык, изилдөөчүлүк, лидерлик жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын ачык сабакта далилдей алды. Анын нарындык окуучулары предметтик олимпиадаларга, спорттук жана чыгармачылык сынактарга, робототехника боюнча мелдештерге катышып, шаардык, облустук жана республикалык деңгээлдерде ийгиликтерге жетишип келишет.
Көп жылдык үзүрлүү педагогикалык эмгеги жерде калган жок, анын эмгеги дайыма бааланып келет. Шаардык, облустук билим берүү мекемелеринин, ошондой эле жергиликтүү бийлик жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы тиешелүү мекемелер тарабынан сыйлынган Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары арбын.
Эльвира эжей үчүн мугалимдик — бул жөн гана кесип эмес, ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүн ачууга, өз алдынча ой жүгүрткөн, билимдүү жана жоопкерчиликтүү инсанды тарбиялоого багытталган чоң жоопкерчилик.
Билим берүү тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар биология жана география мугалими, мугалимдер үчүн тренер. Тренингдерди уюштуруу, педагогикалык тажрыйба бөлүшүү, долбоордук жана STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы зор.
Жылдын мыкты информатика мугалими
Калбүкан Турарованын информатика сабагына киргенде, анын сүйлөгөнүнөн, баскан турганынан эле нукура мугалим экенин билип койсо болот. Берилиштердин түрлөрү жана берүү ыкмалары (сактоо, берүү, кабыл алуу, коддоо) деген темада маалыматты коддоо жана декоддоонун негиздери тууралуу балдарды сабакка кызыктырып алды. Андан соң колдон жасаган бир топ дидактикалык материалдарын, т.а. сандыктар, кулпулар, свето викториналар, презентация, баалоо баракчалары, маркерлер, коңгуроолор, папкалар, карточкалар, липучкалуу оюндар ж.б. пайдаланып, окуучулар оюн аркылуу бул теманы бат эле өздөштүрүп алышты.

Мугалимди тааныштырбасак болбостур. Калбүбү Турарова Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын Отунчу Ногойбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2012-жылдан бери информатика мугалими болуп эмгектенип келет. Кесиптештеринин айтымында, өзүнүн эмгек жолунда ал жогорку кесипкөйлүгүн, педагогикалык чеберчилигин жана өз кесибине болгон берилгендигин көрсөтүп келет.
Калбүбү Турарова заманбап маалыматтык технологияларды жана окутуунун жаңы усулдарын мыкты өздөштүргөн. Ал ар бир сабагын кызыктуу, көрсөтмөлүү жана санариптик куралдарды кеңири колдонуу менен жогорку деңгээлде өтөрүн сынакта көрсөтө алды. Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, программалоо жана компьютердик сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат экенин тастыктады. Анын жетекчилиги астында окуучулар мектеп ичиндеги жана райондук/шаардык олимпиадаларда, долбоордук сынактарда ийгиликтүү орундарды ээлеп келатканын мектеп жетекчиси да өз сөзүндө ырастады.

Ал өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатып, квалификацияны жогорулатуу курстарынан, семинарлардан жана вебинарлардан өтүп турат. Мектептин коомдук жашоосуна жана мектепти санариптештирүү иштерин электрондук журналдар менен иштөөгө активдүү катышып, кесиптештерине дайыма техникалык жана усулдук жардам көрсөтүп келаткан элеттик мугалим.
Калбүбү Турарова — сылык, жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана кесиптештери арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон инсан. Окуучуларга карата жумшак, бирок талапты катуу коё билген педагог экенин баамдадык.
Калбүбү Турарова жеке эле билим жагынан эмес, өзүнүн адамгерчиликтүүлүгү, бир ишти аягына чейин чын ниети менен жасагандыгы, жигердүүлүгү, кыраакы ой жүгүртүүсү менен айрымаланып турарын кесиптештери билдиришти. Мектепке кошкон салымы, үлгүлүү мугалим катары окуучулардын оозунан түшпөй экен.
«Мыкты мугалим» кароо-сынагынын райондук турунун баш байгесин, облустук турунун биринчи орунун ээлеп, республикалык сынакта да мыкты мугалим экенин тастыктай алды. 
Ошентип, үч күнгө созулган курч атаандаштыкта билими жана тажрыйбасы айкалышкан мыктылар алдыга чыгышты десек жаңылышпайбыз. Негизинен, республикалык этапка катышкан 133 мугалимдин ар бири сый-урматка татыктуу, анткени алар өз регионунун намысын коргоп келген чыныгы адистер. Бирок сынак деген сынак, анда чыныгы мыктылар гана жеңишке жетишти.
Сыйлыктар 5-октябрь — Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу аземде тапшырылмакчы.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)