«ЖЫЛ МУГАЛИМИ – 2026»: БАТИРДИН ЭЭСИ МЕРУЭТ БАКИРОВАНЫН САБАГЫ
- 05.10.2026
- 0
«Жыл мугалими – 2026» республикалык сынагынын финалдык этабында эң жогорку упай топтогон Тамчы мектеп-гимназиясынын Диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Меруэт Бакирова Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ээси болду. 5-октябрь – Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Касымалиев Меруэт эжейге Президенттик фонддун эсебинен берилген батирдин сертификатын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Жөн гана билим эмес, адамгерчиликке жана урматтоого үйрөтүү
Быйылкы республикалык сынакка чыныгы мыктылардын мыктылары катышты. Башка жылдарга салыштырмалуу конкурсанттар 12 жылдык билим берүү программасына ылайык сабак өтүп жаткандарын иш жүзүндө далилдешти. Сабакта 5E моделин, 4К компетенциясын, сингапурдук усулдарды жана этнопедагогиканы натыйжалуу пайдалануу менен мыкты сабактарды тартуулашты. Мугалим аз сүйлөп, окуучулар топтордо өздөрү практикалык иштерди жасап, биринчи мүнөттөн тарта сабакка кызыгуу менен киришкени өзгөчө бааланды.
Бардык турдан жогорку упай топтогон Меруэт Бакирова 1986-жылы туулган, улуту – казак. Ал көп кырдуу, бир нече кесиптин ээси: 2004–2005-жж. – КМУКТАнын Ысык-Көл филиалында «дизайнер-архитектор»; 2005–2006-жж. – Балыкчы социалдык-экономикалык институтунда «юрист»; 2006–2009-жж. – КМЮАнын Ысык-Көл юридикалык институтунда жогорку юридикалык билим алган; 2021–2023-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Тарых» багыты боюнча магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолун 2009–2012-жылдары Ысык-Көл юридикалык институтунда окутуучу болуп баштап, 2014-жылдан бери Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясында тарых жана диндердин өнүгүү тарыхы мугалими болуп эмгектенип келет.
Элеттик мугалимдин максаты — окуучуларга Диндердин өнүгүү тарыхын дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгү катары түшүнүүгө көмөктөшүү менен башка адамдардын көз карашын урматтоого жана көп кырдуу дүйнөдөн өз ордун табууга үйрөтүү.
Өзгөчө сабак: Борбордогу мектептеги ийгилик
Сынактын 3-турунда Меруэт эжей өзүнө таптакыр тааныш эмес Бишкек шаарындагы №67 мектептин 8-классынын окуучуларына «Буддизмдин негиздери» темасында 35 мүнөттүк терең, жандуу жана көркөм сабак өтүп берди. Окуучулар топторго бөлүнүп, Будда, Дхарма, Сангха, карма, сансара, нирвана, «Төрт асыл чындык» жана «Сегиз кадамдуу жол» сыяктуу татаал түшүнүктөрдү талдап, коомдогу этикалык жүрүм-турум менен байланыштыра алышты.
Окуучулар топторго бөлүнүп, Будда, Дхарма, Сангха, карма, сансара, нирвана, «Төрт асыл чындык» жана «Сегиз кадамдуу жол» сыяктуу татаал түшүнүктөрдү талдап, аларды коомдогу этикалык жүрүм-турум менен байланыштыра алышты. Алар сунушталган тексттерден жана иллюстрациялардан философиялык негиздерди бөлүп алып, системалаштырышты.

Окуучулар окуу текстинен жана иллюстрациялардан буддизмдин философиялык негиздери тууралуу маалыматты ажыратып алып, талдап жана системалаштырышты. Негизги түшүнүктөрдүн (карма, сансара, реинкарнация, Дхарма дөңгөлөгү) маңызын жана өз ара байланышын эркин түшүндүрө алгандары калыстар тобун кубандырбай койгон жок. Окуучулар кеп маданиятын жана толеранттуулукту көрсөтүү менен буддизмдин дүйнөтаанымдык идеяларын да сый мамиледе экенин талкуулашып, Сегиз кадамдуу жолдун этикасы (туура сүйлөө, туура жүрүм-турум) коомдогу адамдардын өз ара мамилесине кандай таасир этээри тууралуу диалог кура алышты. Ошондой эле мугалим берген тапшырмалардын негизинде окуучулар карма законунун мисалында (аракеттер жана алардын кесепеттери) себеп-натыйжа байланыштарын талдап, Сегиз кадамдуу жолдун адеп-ахлактык багыттарын өзүнүн турмуштук тажрыйбасы жана жалпы адамзаттык жүрүм-турум нормалары менен салыштыра алышты. Сабак учурунда окуучулар терминдердин туура колдонушун көрдүк, мисалы, реинкарнация (кайра төрөлүү чынжыры), сансара (жашоонун айлануусу), карма (себеп жана натыйжа закону) жана Дхарма дөңгөлөгү (окуунун жана эркиндикке чыгуунун символу) түшүнүктөрүнүн маанисин туура ачып беришти.
Сабактын аягында окуучулар буддизм качан жана кайда пайда болгонун; Будда ким экенин; будда окуусунун негизги жоболорун түшүнүшүп, Төрт асыл чындыктын; Сегиз кадамдуу жолдун маанисин; «карма», «сансара» жана «нирвана» түшүнүктөрүнүн өз ара байланышын билишти жана маалыматтын негизгисин бөлүп көрсөтө алышты; топтук иштин жыйынтыктарын презентациялашты жана диний суроолорду туура талкуулай алышканга жетишти.
Мугалим кызыктуу сабагын бышыктап жатып, мындай деди: “Бүгүн биз буддизмдин келип чыгуу тарыхы менен гана таанышпастан, диний окуулар адамзаттын тарыхынын жана маданиятынын бир бөлүгү болуп саналарын көрдүк. Билимдүү адамдар катары биздин милдетибиз — өз пикирибизден баш тартпастан, айырмачылыктарды биле алуу, түшүнүү жана урматтоо” деген баалуу ой менен жыйынтыктады.
«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча Баш байгенин ээсинин педагогикалык чеберчилиги жөнүндө калыстар тобунун төрагасы М.ИМАНКУЛОВдун мындай дейт: “Бүгүнкү билим берүү системасында мугалимдин кесиптик деңгээлин баалоо мурдагыдай эле анын предметтик билиминин көлөмү менен гана чектелбейт. Заманбап мугалим — өз предметин терең билген адис гана эмес, окуучунун ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн, коммуникациясын жана өз алдынча чечим кабыл алуусун өнүктүрө алган педагог. Ал санариптик технологияларды максатсыз колдонбостон, аларды билим берүүнүн сапатын жогорулатуучу натыйжалуу педагогикалык инструментке айландыра билиши керек. Ушул талаптардын негизинде Меруэт Бакированын «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мугалимдердин жалпы республикалык конкурсуна катышуусун өзгөчө белгилөөгө болот. Ал конкурска жөн гана даярданып келген мугалим эмес, өзүнүн кесиптик мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу көрсөтүүгө даяр адис катары катышты. Конкурстун биринчи этабында өткөрүлгөн тестирлөөдө анын жогорку балл алышы, биринчи кезекте, предметтик билиминин бекемдигин көрсөттү. Бул — мугалимдин кесиптик ишмердигинин фундаменталдык негизи. Анткени мугалим өз предметинин тарыхын, негизги түшүнүктөрүн, илимий категорияларын, өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана ар түрдүү көз караштарды терең билмейинче, окуучунун сапаттуу билим алуусун камсыздай албайт. Бирок азыркы мугалим үчүн предметти билүү жетишсиз. Билимди билүү менен аны окуучуга жеткиликтүү, кызыктуу жана натыйжалуу бере билүү — эки башка педагогикалык компетенттүүлүк. Меруэт Өмүрбековнанын конкурстун кийинки этабында көрсөткөн педагогикалык чеберчилигинин мааниси дал ушул жерде көрүнөт”.
Эксперттердин айтуусунда, мындай сынакта мугалимдин кесиптик өнүгүүсүнүн жаңы стандарттарын көрсөтүү үчүн маанилүү.
— Меруэт Өмүрбековнанын конкурста көрсөткөн даярдыгы жана педагогикалык чеберчилиги ушундай заманбап мугалимдин кесиптик портретин көрсөтөт. Анын тажрыйбасы бир гана «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин алкагында эмес, жалпы тарыхый жана коомдук-гуманитардык предметтерди окутууда да пайдалуу үлгү боло алат. Анткени бүгүнкү мектепке маалыматты жаттаткан мугалимден да көбүрөөк нерсе керек. Бүгүнкү мектепке окуучуну ойлонууга, изилдөөгө, талдоого, баалоого, баарлашууга жана өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөткөн мугалим керек. Меруэт Өмүрбековнанын республикалык конкурста көрсөткөн педагогикалык даярдыгы дал ушул багыттагы кесиптик өсүштүн жакшы үлгүлөрүнүн бири болуп саналат. Заманбап мугалим — билимди гана үйрөткөн адам эмес. Ал окуучунун келечектеги интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн калыптандырган инсан, — дейт М.Иманкулов.
Демек, мугалимдин кесиптик ийгилиги — анын берген билими окуучунун ой жүгүртүүсүнө, чыгармачылыгына, изилдөөчүлүк жөндөмүнө жана турмуштук компетенттүүлүгүнө айландыра алгандыгында.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”