«ЖЫЛ МУГАЛИМИ — 2026»: БАШ БАЙГЕГЕ — БАТИР, МЫКТЫЛАРГА — 500 000 СОМ
- 22.09.2026
- 0
Быйыл республикалык «Жыл мугалими» конкурсунун финалдык этабына өлкөнүн бардык аймактарынан эң мыкты педагогдор келүүдө. Бишкек шаарында 23–25-сентябрь күндөрү өтө турган сынакка 17 предмет боюнча 133 мугалим жана 28 тарбиячы катышат. Сынактын масштабы менен катар анын кадыр-баркы да жылдан жылга жогорулоодо. Баш байгеге, салтка айлангандай эле, Президенттин фондунан батир бөлүнсө, ар бир предмет боюнча алдыга суурулуп чыккан жеңүүчүлөргө 500 000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылат. Андан сырткары, катышуучулардын бардыгына атайын дипломдор жана «Мыкты мугалим» төш белгилери ыйгарылат. Салтанаттуу сыйлоо аземи Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Президенттин катышуусунда «Ырыс Ордо» резиденциясында өтөрү пландалууда.
«Жүрөктөн билим берип, келечекти жаратабыз»
Республикалык сынакка ак мөңгүлүү Ат-Башы районунан буга чейин бир катар сынактарда тоодой ийгиликтерди жаратып келген тажрыйбалуу мугалим Гүлүмкан Турганбаева катышууда. Ал 1992-жылдан бери Ой-Терскен орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип келет. Жалпы эмгек стажысы — 36 жыл. Беш баланын энеси. 2005–2007-жылдары ушул эле мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аткарган.

Гүлүмкан эжей — өз предметин терең билген, окутуунун методикасы менен психологиясын эң сонун өздөштүргөн, изденүүчүлүгү менен айырмаланган алдыңкы педагог. Ал интерактивдүү методдорду жана заманбап санариптик куралдарды сабакта активдүү колдонуп, жаш кесиптештерине насаатчылык кылып келет. Ошондой эле анын методикалык эмгектери, иштелмелери жана макалалары мезгилдүү басма сөздөрдө байма-бай жарыяланып турат.


— Билим — бул от. Аны биринчи өз жүрөгүмдө тутанттып, анан окуучуларыма таратам. Ар бир көз караш, ар бир «Эмне үчүн?» деген суроо мен үчүн жаңы асман, жаңы үмүт. Мен күн сайын партада олуттуу олтурган балдардын жүзүнөн элдин келечегин көрөм. Бири — келечектеги дарыгер, бири — устат, бири — акын. Ошол дүйнөлөргө кичинекей жылдыз болуп жарык чачуу мен үчүн чоң сыймык. Окуучуларымдан кечиримдүүлүктү, чынчылдыкты жана жөнөкөйлүктү үйрөндүм. Менин кесиптик максатым — окуучуларыма билим гана бербестен, алардын ичиндеги «мен жасай алам» деген ишенимди ойготуу. Бир мектепте гана эмес, бүтүндөй коомдо билимдин жана адамгерчиликтин баалуулугун жандандыргым келет, — дейт Гүлүмкан Турганбаева.


Анын окуучусу жана кенже кызы Жеткинбекова Толкун убагында ЖРТдан эң жогорку балл алып, Алтын сертификатка ээ болгон.
Гүлүмкан эжей билимин жогорулатуудан эч тажабайт. Ал «Китепкөй Ат-Башы – 2025» сынагында 2-орунду алып, Алматы шаарына жолдомо уткан. «Китепкөй окурман» сынагынын 1-орунунун ээси. Ошондой эле «Биринчи мугалим» наамынын, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын (2019), «Ардактуу мугалим» төш белгисинин жана бир катар республикалык сыйлыктардын ээси.
Математиканын тактыгы — заманбап технологиянын кубатында
Кийинки конкурсант — Бишкек шаарындагы №50 мектептин математика мугалими, так жана табигый илимдер усулдук бирикмесинин жетекчиси Каныкей Абдирайимова. Ал агартуу тармагында 23 жылдан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келет.


— Мугалимдик — адамдын жан дүйнөсүн байытуучу жана коомдун келечегине жол ачуучу эң бийик кызмат. Мен окуучуларга билим берсем, алар мага турмуштук даанышмандык менен жан дүйнө жаштыгын тартуулашат. Менин кесиптик максатым — математиканы окутууда инновациялык санариптик куралдарды улуттук баалуулуктар менен айкалыштырган автордук методиканы өнүктүрүү. Кесиптештериме тажрыйбалуу насаатчы, ал эми окуучуларыма билимдин дат баспаган ачкычын карматкан жол көрсөтүүчү болуу — эң башкы амбициям, — дейт Каныкей айым.
Каныкей Абдирайимованын педагогикалык кредосу — математиканын классикалык тактыгын заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу.
Жаратылыш сырын ачуу жана турмушка багыт берүү
Бишкек шаарындагы №21 мектептин биология мугалими Сезим Айдарбек кызы да мыктылардын катарында келатат. Ал биологияны жөн гана теория эмес, жашоонун өзү деп билет.
Мугалимдин девизи: «Билимдин үрөнүн себем, илим менен сугарам, ийгиликке жетелеген муунду өстүрөм!»

— Менин мугалимдик философиямдын өзөгүн окуучуга даяр фактыларды берүү эмес, алардын курчап турган дүйнөгө болгон кызыгуусун ойготуу, изилдөөчүлүк жөндөмүн өстүрүү жана ар бир кубулуштун себеп-натыйжасын түшүндүрүү түзөт. Биология сабагында ар бир окуучу өзүн кичинекей изилдөөчү катары сезиши керек. Өсүмдүктүн өсүшүнө байкоо жүргүзүү, тирүү организмдердин бири-бирине жана айлана-чөйрөгө болгон катышын анализдөө аркылуу окуучулар аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөнүшөт. Мен үчүн сабак теория менен эле чектелбей, практика, чакан долбоорлор жана изилдөөлөр менен айкалышканда гана максатына жетет. Ар бир сабакта «Бул мага турмушта эмне берет?» деген суроого жооп болууга тийиш. Экинчиден, биология аркылуу мен окуучуларга жаратылышка болгон сый-урматты, экологиялык жоопкерчиликти жана сергек жашоо образын калыптандырууну көздөйм. Жаратылыштагы ар бир тирүү клетканын, ар бир өсүмдүктүн белгилүү бир орду жана мааниси бар экенин түшүнгөн бала курчап турган айлана-чөйрөгө гана эмес, өзүнө жана коомго да жоопкерчилик менен мамиле кыла баштайт. Кыскача айтканда, менин мугалимдик миссиям — окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү, алардын кызыгуусун жаратылыш менен байланыштырып, илимге болгон сүйүүсүн ойготуу жана турмушта туура чечим чыгара алган, изилдөөчү, жоопкерчиликтүү инсанды тарбиялоо, — дейт дагы бир конкурсант Сезим Айдарбек кызы.

Ошентип, 17 предмет боюнча 3 турдун элегинен өтүп келген эң мыкты мугалимдер эртең сынактын финалдык этабында күч сынашат. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”