“ЖЫЛ МУГАЛИМИ – 2025”: АР БИР ОКУУЧУ — КЕЛЕЧЕКТИН ЖАРЫГЫ
- 25.09.2025
- 0
«Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун «Башталгыч класстардын мыкты мугалими» номинациясынын жеңүүчүсү Бишкек шаарындагы №68 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Ардак Токтоноева тууралуу кеп кылалы. 
Дүкөнчүнүн ролун аткарган мугалим
Сынактын 3-турунда конкурсант №67 мектептин 2-классына математикадан ачык сабак өттү. Мугалимдин тажрыйбасы зор экени баскан-турганы, акырын сүйлөгөнү менен балдарды дароо өзүнө тартып, сабакка кызыктырып, оюн аркылуу “Сом жана тыйын” темасын бат эле түшүндүрүп койду. Үч топто иштеп жаткан балдар биринчи жолу көргөн мугалимдин айткандарын илип алып, парталарында даяр турган сом, тыйындарга керектүү буюм-тайымдарды сатып алып, ошол эле учурда 1 сом канча тыйын болоорун түшүнүп, практикалык түрдө иштеп да, ойноп да жатышты. Кыскасы, окуучулар сом менен тыйындын ортосундагы байланышты түшүнүп, алар менен эсептөөлөрдү жүргүзүүнү жана турмушта колдонуу жолдорун бир заматта үйрөнүштү. Мындан сырткары мугалим STEM ыкмасы менен геометриялык фигураларды жасап, кесиндилерди ченөө жана эсептөө аркылуу математика, илим жана технологияны айкалыштырып колдонуп, практикалык тапшырмаларды аткаруу менен окуучулардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, элестетүүсүн, байкоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү багытын да көрсөтө алды. Окуучулар болгону 2-класста окуп жатканы менен чоочун мугалимдин берген ар бир тапшырмасына өтө активдүү катышып, жандуу сабакка айланды. Бул деген мугалим кайсы учурда болбосун, кайсы мектепте, кайсы окуучуга билим бербесин ал дайыма бардык жактан даяр экенине күбө болдук.
Бир нерсени белгилеп кетүү керек, ушул сынакта борбор калаадагы №67 жана №69 мектептин окуучуларынын билим деңгээли өтө жогору экенин кашкайып көрүндү. Себеби эки мектептин мугалимдери балдарга сапаттуу билим берүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенип келгендерин окуучулар тастыкташты.

Ар бир сабак ийгиликтин ачкычы
Катышуүчүнун урааны: ”Ар бир окуучу — келечектин жарыгы, ар бир сабак -ийгиликтин ачкычы”. Эмне үчүн ал мугалимдик кесипти тандап алган деген суроого: “Мен мугалимдикти жакшы көрөм, анткени келечектин жарыгы, ошол жарыкты жандыруу менин бакытым! Мектепте иштеп жүрүп, окуучуларымдан ар бир кичинекей ийгиликти чоң кубаныч катары баалоону үйрөндүм. Китеп окуу, музыка угуу, кесибиме ылайык жаңы нерселерди үйрөнүү – менин хоббим. Негизинен мен заманбап, чыгармачыл, жаңычыл мугалим болуп, окуучуларды келечекке даярдасам деген максатым бар” – дейт Ардак эжей.
Мугалимдик ишмердүүлүгү
Анын мугалимдик ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – окуучуларга билим жана тарбия берүүдө компетенттүүлүктү калыптандырууну көздөйт.

— Мен ар дайым жаңы ыкмаларды изилдеп, инновациялык технологияларды колдонуп келем. Өз тажрыйбамда дүйнөлүк деңгээлде кеңири колдонулуп келе жаткан сингапурдук окутуу технологиясын пайдаланам. Ал эми критикалык ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү стратегиялары окуучулардын чыгармачылыгын, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өркүндөтөт. STEM билим берүү технологияларын колдонгонум окуучуларым үчүн абдан кызыктуу. Алар математика, илим, технология жана инженердик ойлонууну айкалыштырып практикалык тапшырмаларды чыгарышат, — дейт тажрыйбалуу мугалим.

Ал эми Umaigra, Wordwall, Learning apps, Qiuziz, Bambozlee платформаларында интерактивдүү оюндарды, тапшырмаларды, тесттерди түзүп, сабакка керектүү курал катары пайдаланганын ачык сабагында көрдүк.
Агартуу министрлиги берген “Алтын Казык” ноутбугундагы Санарип билим кампасындагы “Сандар оюнун” колдонуп окуучулардын билимин, ой жүгүртүүсүн жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштейт экен. Окуучулардын сабакка кызыгуусу артып, позитивдүү маанай түзөөрүн мугалим ачык сабагында көрсөттү.
— Кесиптештериме тажрыйбамды системалаштырып, билимимди жайылтуу максатында шаардык деңгээлде “Окуучуларга калыптанган жаңы билимди үй тапшырмасы аркылуу текшерүү”, “Билим берүүдө заманбап технологияларды колдонуу”, “Аралыкта окутууда “Quiziz” платформасын колдонуу”, “Аралыкта окутууда “Google meet” платформасын колдонуу” деген темалардагы семинарларды өтүп, коллегаларымдын кесиптик өнүгүүсүнө салым коштум. Мен иштеп чыккан окуу куралдарым мамлекеттик программанын негизинде түзүлгөн. Агартуу министрлиги тарабынан илимий экспертизадан өткөрүлүп, билим берүү мекемелерине сунушталган. Алсак, Математика. Балдарды мектепке даярдоо үчүн окуу куралы 6 жаш (2023); Балдарды мектепке даярдоо үчүн окуу куралы 5 жаш (2024); Китеп-дептери 5 жаш (2024); Мектепке даярдоо. Усулдук иштелме “Наристе” программасынын негизинде (480 саат). Балдарды ар бир окуу жылында көптөгөн китептер менен тааныштырам. Балдар окуган китептерин презентациялап, ата-энелери менен чогуу талкуулашып, ой-бөлүшөт, — дейт Ардак эжей.
Сыйлык — сыймык
Ардак Токтоноева 1985-1989-жылдары Бишкектеги Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн. Жогорку билимдүү. 23 жылдан бери А.Осмонов атындагы мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенет. Анын ар бир жасаган иши мектеп, жергиликтүү бийлик, коомдук уюмдар тарабынан бааланып келет. Атап кетсек, Ленин районунун Билим берүү башкармалыгынын; Бишкек шаарынын мэриясынын Лении райондук администрациясынын; №68 ЖББО мектебинин; КР Билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамоталары; Ч. Айтматов клубу (Күбөлүк №367 атайын төш белги) 2018-ж.; «Ардактуу мугалим» (Насаатчы фонду) төш белгиси менен сыйланган.
Ардак эжей “Ага Хан” фондунун “Мектептер 2030” долбоору менен да кызматташып келет. Иши менен бирге кошумча билим алууга да үлгүрүп келатат. Алсак, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги «Башталгыч мектепте инновациялык билим берүү технологиялары. Функционалдык сабаттуулук. STEM-мамилесин колдонуу»; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги «Коррективдүү окутуу»; Агартуу министрлиги уюштурган «Сингапур методдору», «Жашыл көндүмдөр», «Окуучуларды сабакка кызыктыруу жолдору» деген семинар-тренингдерге катышып эле тим болбостон, өзү дагы кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүп, өз алдынча семинарларды өткөрүп келет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер