ЖРТ: УПАЙЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА ӨТКӨН КОНСУЛЬТАЦИЯЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 15.07.2021
  • 0

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунда (ББОУБ) Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) маселелерин кароо боюнча биргелешкен комиссиянын отуруму өттү. Отурумда ЖРТнын жыйынтыгын алгандан кийин арыз менен кайрылган жана тест учурунда дисквалификация болгон абитуриенттердин арыздары каралды.

2021-жылы Жалпы республикалык тестти 45 миң 020 адам тапшырган. Андан 25 миң 605  жүз он баллдан жогору, 28 миң 504  жүз беш баллдан жогору алды.

ЖРТнын эрежелери боюнча тесттин жыйынтыктарын алгандан кийин упайлардын туура саналганын текшерүү үчүн атайын мөөнөт белгиленип, 29-июндан 9-июлга чейин консультациялар жүргүзүлгөн. Пандемия шартын эске алуу менен консультациялар онлайн жана офлайн түрүндө өткөрүлдү.

Консультацияларга арыз менен 807 адам кайрылып, алардын ичинен 260 адам консультацияны онлайн түрүндө, 477 адам ББОУБнун кеңсесинде офлайн түрүндө өттү.

ББОУБдун директору Чынара Батракееванын айтымында, бул жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүчтө дисквалификация болуу катталган.

“Тест учурунда 26 абитуриент тест тапшыруу укугунан ажыратылды. Тесттен кийин төрт адам дисквалификация болду. Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч. Анын ичинен уюлдук телефон алып кирген 11, шпаргалка колдонууга аракет кылган төрт, башка бирөөнүн ордуна тестке кирген жети (каскадёр), тесттин тапшырмаларын жазып чыгууга аракеттенген үч жана бир абитуриент тест дептеринин барагын айрып алгандыгы үчүн четтетилди”, — деп билдирди Ч.Батракеева.

Комиссия мүчөлөрү негизги жана предметтик тесттерди тапшырууда тест дептеринин номурларын туура эмес көрсөткөн 13 абитуриенттин арызын карап чыгып, кайра эсептөөгө бир добуштан макулдугун беришти.

Ошондой эле жооп баракчаларын туура эмес боёп алган эки, тест дептерин башка вариантка алмаштырганына байланыштуу техникалык ката кетирген бир жана биология сабагы боюнча тапшырмада бир тамга жазылбай калган дептер менен тест тапшырган үч абитуриенттин арызын талдап, кайра карап чыгуу чечимине келишти.

Буга кошумча тестте өз алдынча иштегендиги күмөн жараткан төрт абитуриенттин документтери каралып, жыйынтыгында комиссиялык топ аларды дисквалификация кылуу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, быйыл ЖРТга каттоо биринчи жолу онлайн түрүндө болду. Буга чейин онлайн эмес, бланк түрүндө өткөрүлүп келген.

Республика боюнча эң жогорку 232 баллды Каракол шаарындагы «Сапат» лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Ал эми эң жогорку балл алган 58 окуучу «Алтын сертификатка» ээ болду.

Нурзат КАЗЫБЕКОВА «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер