ЖРТ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕГИ ТЕСТ БАРДЫК ОКУУЧУЛАРГА БИРДЕЙ ТҮЗҮЛӨТ

  • 17.04.2024
  • 0

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестке каттоо аяктады. Жалпы республикалык тест 17-майдан 25-майга чейин өтөт.

Быйыл Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, кыргыз тилинен тест тапшыруу 2024-жылдан тартып милдеттүү болуп саналат.

Абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктай турган тестти түзүү иши Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна жүктөлгөн. Бул жаатта коомчулукту кызыктырган орчундуу суроолорго аталган борбордун директору Чынара Батракеева жооп берди.

ЖРТ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕГИ ТЕСТ БАРДЫК ОКУУЧУЛАРГА БИРДЕЙ ТҮЗҮЛӨТ

– Чынара айым, Кыргызстанда мындан ары жогорку окуу жайга тапшырган абитуриенттер мамлекеттик тилде милдеттүү түрдө тест тапшырат. Ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

– Ооба, быйыл кыргыз тили боюнча тест милдеттүү түрдө киргизилди. Ал абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап, жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт. Министрликтин буйругуна ылайык, негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат. Эгерде абитуриент аны тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт. Азыркы тапта бизде жалпы тестирлөөгө каттоо аяктап, система жабылды. Бирок онлайн каттоо болгондуктан айрымдарынын бир-эки документи тиркелбей, акчасын төлөбөй калган учурлар кездешип жаткандыктан кармалып жатабыз. Жалпы 48000дей абитуриент катталды.

– Баары эле кыргыз тилин тапшырууну каалап жатабы?

–  Милдеттүү болгондуктан ЖРТга катталгандын баары кыргыз тилин тапшыруу каалоосун билдирди.

– Мамлекеттик тилдеги тесттин мазмуну, форматына токтолсоңуз?

– Тестти түзүү иши бизге жүктөлгөн. Учурда анын мазмуну, форматы, суроолору иштелип чыгып, экспертизага берели деп турабыз. Анан апробациядан өткөрөбүз. Бул тест жалпы республикалык тесттин форматында болуп, предметтик тестке окшош болот. Лексика, грамматика, окуу жана түшүнүүгө басым жасалат. Оозеки, аудированиени кошсок болмок, бирок жалпы республикалык тесттин форматы ага жол бербейт. Быйыл окуучунун канчалык тилди билет-билбейт деңгээлин аныктоо аракети болгондуктан ушул форматта өтөт. Кийинки жылы эгер министрлик оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизсе өзгөрүшү мүмкүн. Бир суроо 4  вариант жообу менен берилет. Жооптордун бир гана варианты туура болот. Басымдуу суроолор ой жүгүртүү, тилди практикада колдоно билүү, грамматика, сүйлөмдүн туура түзүлүшү, анализге багытталган. 50 тапшырма болот, анда жаттап алган эрежелер суралбайт. Бизде буга чейин тилди аныктаган тест практикабызда бар болчу. ЖРТнын курамында англис тили боюнча предметтик тест бар, ошол тестке окшош болот.

– Өткөрүү мөөнөтү кандай болот? Мамлекеттик тил боюнча тест ЖРТнын убактысынан башка датада өтөт деп жүрөт?

– Мамлекеттик тил боюнча тест негизги тесттен кийинки күнгө коюлат. Буга чейин жалпы республикалык тест  негизги тест жана предметтик деп эки күнгө бөлүнүп өткөрүлүп келген. Мында да адаттагыдай эле өтөт. Негизги тесттен кийин мамлекеттик тилде тест, андан кийин предметтик тесттер болот. Предметтик тесттин өткөрүү мөөнөтү мамлекеттик тил боюнча тест  менен эки күнгө созулат.

– Кыргыз тилинде окуган окуучулар менен орус тилинде окуган окуучуларга тест бирдей болобу?

– Ооба, бирдей болот. Тесттин тапшырмалары орус тилдүү окуучулар үчүн же кыргыз тилдүү деп  бөлүнбөйт. Болгону тилди билүү деңгээли ар башка болот. Быйыл босого упайлар коюлбайт, андыктан деңгээл менен гана аныктай алабыз. Орто, ортодон жогору, жогорку жана мыкты деген төрт деңгээл болот. Биринчи киргендиктен апробация жылы болот, кийинки жылы министрликтен оңдоп-түзөөлөр киргизилсе, босого упайлар коюлат десе башкача иштеп чыгабыз.

– Тесттин жарактуулук мөөнөтү кандай болот? ЖРТныкы бир жыл эмеспи…

– Сертификат бир окуу жылына жарайт. ЖРТ эки жылдан бери бир жылда эки жолу өткөрүлүп калды – жайкы жана кышкы кабыл алуу үчүн. Жайкы менен кышкы кабыл алуунун айырмасы, кышында жайкыдан калган ваканттык орундарга кабыл алуу жүрөт. Бирок кышында бюджеттик орундарга өтө албай калат, кабыл алуу контракттык орундарга гана жүргүзүлөт. Андыктан жайкы кабыл алуу эң негизги болуп саналат. Абитуриенттер ошону эске алышы керек.

– Мурун негизги тесттин ичинде кыргыз тилинен суроолор бар болчу да?

– Негизги тестте тапшырган тилине жараша кыргыз тилинин дагы, орус тилинин дагы практикалык грамматикасы боюнча  суроолор камтылат. Ал ошол боюнча кала берет. Себеби дегенде аны алып салсак, баарына бирдей шарт, бирдей тест деген система бузулуп калат.  Кыргыз тилинде дагы, орус тилинде дагы кыргызстандык окуучулар бир мамлекеттик билим берүү стандарты, бир мектеп программасы менен билим алып жатышат. Бул абитуриенттердин укугун бузууга алып келет. Абитуриент өзү каалаган тилде тапшыра албай калат. Мисалы, кээ бир балдар негизги тестти орус тилинде, предметтик тестти кыргыз тилинде тандашы мүмкүн, ал өз эркине жараша болот. Негизги тесттин курамында кыргыз же орус тилинин практикалык грамматикасы боюнча  30 суроо бар. Ал эми мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тестте, жогоруда айткандай, англис тилин аныктагандай эле 50 суроо болот.

– Мисалы, былтыр канча пайызы кыргыз тилинде, канчасы орус тилинде тапшырды?

– Былтыркы статистиканы алып карасак, жалпы тест тапшырган абитуриенттердин 30 247си кыргыз тилин, 20 826сы орус тилин тандаган. Жалпы 51073 тесттен өткөн. Төмөндөгү инфографикада жалпы республикалык тестке катышкандардын ЖОЖдордун гранттык орундарына кабыл алынган абитуриенттердин бөлүнүшү көрсөтүлгөн. Анда көрүнүп тургандай, айылдык, бийик тоолуу аймактагы мектепти бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн көбү гранттык орундарга кабыл алынган. Бул коомдо талаш жараткан жогорку окуу жайга өткөндөрдүн ичинде кыргыз тилдүү бүтүрүүчүлөр аздык кылат деген дооматтар суу кечпейт дегенди билдирет. Тесттин максаты андан ары республиканын ЖОЖдорунда ийгиликтүү окуп кете ала турган студенттерди аныктоо болгондугуна байланыштуу, 70% ашыгы ЖОЖдорго өткөнүн көрсөк болот. Ошондой эле контракттык орундарга кабыл алынгандардын басымдуу бөлүгү айылдык жана тоолуу аймактагы бүтүрүүчүлөр.

Гранттык орундарга кабыл алуу

ЖРТ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕГИ ТЕСТ БАРДЫК ОКУУЧУЛАРГА БИРДЕЙ ТҮЗҮЛӨТ

Контракттык орундарга кабыл алуу

ЖРТ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕГИ ТЕСТ БАРДЫК ОКУУЧУЛАРГА БИРДЕЙ ТҮЗҮЛӨТ

Эльвира КАКИЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер