ЖРТ: КЫШКЫ КАТТООНУН ТАЛАБЫ ЖАНА ШАРТЫ

  • 17.10.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо                          17-октябрдан 28-октябрга чейин ББОУБнын электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

ЖРТ: КЫШКЫ КАТТООНУН ТАЛАБЫ ЖАНА ШАРТЫ

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракееванын маалыматы боюнча, ЖОЖдорго абитуриенттерди кышкы тандоо жана кабыл алуу контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт.

— ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана катыша алат. 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттоого катыша албайт, — дейт жетекчи.

Мурдагы жылкы жана 2023-жылдын бүтүрүүчүлөрү (МЖБ) өздүк баракчасына кирүүгө мүмкүндүк алуулары зарыл. Ал үчүн өздүк баракча ачуу мүмкүндүгү абитуриенттин паспортунун жана орто билим алгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн аттестатынын (диплом)  түп нускаларын жеке өзү көрсөткөндөн кийин гана жашаган жериндеги райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкери тарабынан гана берилет.

— Биринчиден, мүмкүндүктү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерден алуу керек. Экинчиден,  онлайн каттоонун бланкасын толтуруу үчүн абитуриентке булар керектелет: уюлдук телефондун номери, паспорттун түп нускасынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең), аттестаттын (атайын орто билими жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү. Телефондун номери мындан ары каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет. Абитуриенттин жүзүнүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышат), — дейт Ч.Батракеева.

Каттоонун онлайн бланкасын толтуруу нускамасын жашаган жеринин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн  ЖРТ боюнча жооптуу кызматкеринен алат. Баса, өздүгүн тастыктаган документи же ЖРТга каттоосу жок абитуриенттер тестке киргизилбейт.

Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл. Жогоруда белгиленген керектүү документтердин баарынын болушу милдеттүү.

Жогорку окуу жайлардагы вакантттык адистиктердин тизмеси менен https://2020.edu.gov.kg/ сайтынан тааныша алышат.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ болжол менен 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейинки убакытта өткөрүлөт.

КРнын ЖОЖдоруна өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыктары милдеттүү түрдө керек.

— Англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча предметтик тест жүргүзүлөт. Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Ал эми предметтик тестти каалаган санда тандаса болот, бирок абитуриенттер мында “канчалык көп болсо, ошончолук жакшы” принциби иштебестигин эсепке алышы керек. Ар бир тандалып алынган тест үчүн өзүнчө акы төлөнөт. Негизги тестти тапшырбастан, предметтик тестти тапшырууга болбойт. Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес. Негизги тесттин акысы – 470 сом, ар бир предметтик тесттин акысы — 470 сом, — деди борбордун жетекчиси.

Бул сумманы РСК банкына төлөп, төлөө дүмүрчөгүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерге көрсөтүп  же дүмүрчөктүн номерин жана сумманы өздүк баракчасына киргизүү (жазуу) керек. Ал эми окуу куралдарын сатып алуу маселелери боюнча ББОУБ кеңсесине кайрылуу керек.

Бардык суроолор боюнча окуу жайлардагы ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылсаңыздар болот, ошондой эле ББОУБнын кийинки телефон номерлерине чалып, бардык суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк бар.  (Иш тартиби – 09:00 – 17:00, ишемби – жекшемби – дем алыш күндөрү): (0312, 0502, 0500, 0550,0770) 66-48-38. WhatsApp: +996 500664838.

Дагы бир жолу эскертип коюу керек, кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет. Мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине уруксат берилбейт. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, ЖОЖдорго кабыл алуу жылына эки ирет жүргүзүлөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер