ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

  • 22.06.2026
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгында борбордогу бардык жактан шарты бар лицейлердин эмес, алыскы аймактардын, карапайым айылдык мектептердин окуучуларынын алдыга чыгышы — бул билим берүүдөгү жаңы кубулуш десек ашыкча болбостур.

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

 

“Алтын сертификаттар” элеттиктердин колунда!

Жыл сайын Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы чыкканда, коомчулуктун көңүлү дароо «Алтын сертификат» алгандардын тизмесине бурулат эмеспи. Мурда бул тизмеде Бишкек менен Оштун кымбат баалуу жеке менчик мектептеринин, өзгөчө статустагы лицейлеринин аталыштары үстөмдүк кылып келсе, акыркы учурда кырдаал өзгөрө баштады. Алыскы, инфраструктурасы аксаган, кээде шарты жок деп эсептелген айылдардан келген балдардын өлкө боюнча эң жогорку упайларды алып, алдыга суурулуп чыгышы — быйылкы билим берүү айдыңындагы эң чоң сенсация болду. Маселен, эң жогорку баллды алыскы Нарын жана Баткен облустарынын бүтүрүүчүлөрү багындырды. Алар: Айдай Абылаева, Кочкор районундагы И.Жүндүбаева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү жана Баткен облусундагы Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматовалар 239 баллдан алышты. “Алтын сертификаттын” босогосу 230 балл менен токтосо, атбашылык Баэл Турсунбеков алган 227 балл Ача-Кайыңды айылындагы карапайым үй-бүлөнүн баласы үчүн чынында эле «Алтын сертификатка тете» баа болду. Анткени ал өзүнүн артынан келе жаткан ини-карындаштарына айылдан деле окуп, чоң ийгиликтерге жетсе болорун далилдеди. Жердештеринин айтымында, Баэлдин колунан китеп түшпөй окуганы, анын ушундай ийгиликке жетишине башкы себеп болгон.

 

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

 

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын ар бир облусу боюнча мыкты жыйынтык көрсөткөн 19 бүтүрүүчүнүн тизмесине көз чаптырып көрөлү. Баткен облусунан  Мурат Абдылдаев — 228 упай, Кызыл-Кыя шаары, Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектеп; Марзия Мамутова — 225 упай, Кадамжай району, Козубай атындагы №10 орто мектеп; Бактыяр Мурзамамытов — 225 упай, Кызыл-Кыя шаары, Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи. Жалал-Абад облусу боюнча Айгерим Борбугулова — 227 упай, Манас шаары, С. Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейи; Мунира Сагындыкова — 225 упай, Майлуу-Суу шаары, Ю.Гагарин атындагы жалпы билим берүү мектеби; Ош облусу жана Ош шаарынан  Сайкал Сайназарова — 229 упай, Кара-Суу районундагы «СТАР» билим берүү комплекси; Аяна Ашимжанова — 228 упай, Кара-Суу районундагы «СТАР» билим берүү комплекси; Айжамал Дыйканова — 228 упай, Ош шаары, «Купуев академиясы» ЖЧК;  Ысык-Көл облусунан Перизат Бектенова — 226 упай, Каракол шаары, «Ломоносов мектеби» илимий-билим берүү комплексинин Эл аралык чыгармачылык жана технология мектеби; Бермет Талгартбекова — 226 упай, Каракол шаары, Т.Сатылганов атындагы зээндүү балдардын жатак-мектеби. Талас облусу боюнча  Айтурган Жанышова — 226 упай, Манас району, Баялыш уулу Рахман атындагы орто мектеп; Арлен Баетов — 225 упай, Талас шаары, “Манас Ата” Талас балдар лицейи; Акылай Исакулова — 225 упай, Талас шаары, Талас “Мээрим” окуу-тарбия комплекс-лицейи. Нарын облусунан Алиман Орозобекова — 229 упай, Кочкор району, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби; Мырзайым Жайлообекова — 227 упай, Кочкор району, А. Жалпетеков атындагы орто мектеп; Байэл Турсунбеков — 227 упай, Ат-Башы району,  «Ой-Терскен» орто мектеби жана Рабия Шайырбекова — 227 упай, Кочкор району, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби; Чүй облусунан Давид Никитин — 229 упай, Кант шаары, Ысык-Ата району, №3 Кант орто билим берүү мектеби; Шахризада Юлдашева — 229 упай, Чүй районундагы «Наследие» жалпы билим берүү мектеби.

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

Бул көрсөткүчтөр азыркы тапта аймактардагы, айылдардагы мектептерде билим берүүнүн сапаты көтөрүлүп, окуучулардын билимге болгон умтулуусу күчөп жатканынын айкын далили.

Белгилей кетсек, ЖРТнын үчүнчү этабынын жыйынтыктарына жараша бул тизме толукталышы мүмкүн. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болду.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракееванын маалыматына караганда,  Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тести боюнча мүмкүн болгон эң жогорку упай 245ти түзөт, бирок иш жүзүндө ага бир дагы катышуучу жеткен эмес. Тарыхый рекорд болуп 2016-жылы жана 2025-жылы катталган 242 упай эсептелет. 2026-жылы максималдуу натыйжа 239 упайды түздү.

Ч.Батракеева босого балл азырынча аныктала электигин жана аны Агартуу министрлиги белгилээрин кошумчалады. Анын айтымында, учурда тестирлөөнүн май айындагы этабынын алдын ала жыйынтыктары чыгарылууда. Статистика дагы өзгөрөт, анткени процесс Бишкек жана Ош шаарларында уланууда. Бардык этаптар аяктагандан кийин жыйынтыктар талданып, бириктирилет.

Андан соң министрликке орточо упайды жана 110дон жогору упай топтогон катышуучулардын санын камтыган жалпы статистика берилет. Анын негизинде босого балл белгиленет. Адатта ал 110 упайды түзөт. Ал эми былтыр педагогикалык багытта 120 упайга чейин жеткен.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча «алтын сертификаттын» ээси болгон 55 бүтүрүүчүнүн ичинен 6 адам тестти кыргыз тилинде, 49 адам орус тилинде тапшырса, жогорку упай топтоп, бирок «алтын сертификатка» жетпей калган 19 бүтүрүүчүнүн арасынын 6 адам тестти кыргыз тилинде, 13 адам орус тилинде тапшырган.

Жалпысынан ЖРТнын I жана II этаптарына 67 миң 297 абитуриент катышкан. Анын ичинен 37 миң 276 абитуриент тестти кыргыз тилинде, 30 миң 21 абитуриент орус тилинде тапшырган.

Мектеп — жалгыз трамплин

Борбордогу же чоң шаарлардагы окуучулар үчүн ийгиликке жетүүнүн жолдору көп. Ата-энесинин бизнеси, чет өлкөгө кетүү мүмкүнчүлүгү же ар кандай социалдык байланыштар бар. Ал эми алыскы айылдын баласы үчүн ЖРТ — бул жашоосун өзгөртүүнүн, чоң шаарга келип, сапаттуу билим алып, бутуна туруунун жалгыз жана эң башкы трамплини.

Айылдык окуучулардагы бул ички мотивация, ишеничти актоо сезими жана шаардык курбуларына караганда турмуштун оорчулугун эрте сезгени аларды күнү-түнү китеп карап, өз алдынча окууга мажбур кылат. Алардын эмгеги — жасалма эмес, таза аракеттин натыйжасы десек болот.

Коомчулукка белгилүү борбор калаадан 1500 км алыс Лейлек районундагы Жаңы-Жол аймагында жайгашкан №3 эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүң ЖРТдан орточо баллы 177 болду. Тестирлөөгө катышкан бир дагы окуучу төмөн балл алган эмес. Мындай феномендик көрүнүштүн артында, албетте, мектептин  негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов турат. Анын пикиринде,  ийгиликтин сыры ал түзүп чыккан методикада. Акыл эмгегинин маданияты, Энелер мектеби, Жаш мугалимдер мектебинин натыйжасында анын окуучулары бир эле борбор калааны эмес, керек болсо жакынкы жана алыскы чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларды багындырып жүрүшөт.

— Биздин айыл райондон дагы 80 км алыста жайгашкан. Балдарды ЖРТга даярдачу бир дагы борбор же курстар жок. Болгону акыл эмгегинин маданияты китеби менен окуучуларды мугалимдер даярдап келатат. Натыйжага жетүү үчүн система, методика жана жан дүйнө керек. Мунун баарын мен “Ааламга жол ачкан билим уясы” аттуу китепке жазып койгом. Мугалим, ата-эне жана окуучу — ушул үч бурчтуктун алакасы бекем болгондо гана ийгиликтин туу чокусун багындырууга жогорку деңгээлдеги ишеним пайда болот. Албетте, мугалимдин талыкпай изденүүсү, жол көрсөтүүсү, окуучунун ошол мугалими сепкен сууну сиңире билиши, ал эми ата-эненин ошолорго шарт түзүп берүүсү гана бийиктикти багындырууга түрткү болот эмеспи, — дейт негиздөөчү.

Санариптешүү

Мурда айылдык бала менен шаардык баланын ортосунда чоң ажырым бар эле. Маселен, шаарда мыкты репетиторлор, заманбап курстар, китепканалар жеткиликтүү болсо, бүгүн интернет алыскы чек арадагы айылга да жетти.

Азыр айылдык окуучулар Бишкектеги эң мыкты репетиторлордун сабактарын YouTube же атайын платформалар аркылуу түз эле телефонунан көрүп жатышат.

ЖРТга даярдаган түрдүү акысыз мобилдик тиркемелер жана социалдык тармактардагы маалыматтар билим алуудагы географиялык теңсиздикти жойду.

Интернет айылдык окуучуга Бишкектин борборундагы элиттик лицейдин окуучусу колдонгон маалыматка түз кирүү мүмкүнчүлүгүн берди. Эми баары чечимди маалымат эмес, каалоо менен убакыт гана аныктап калды.

Маселен, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Советское айылын тургуну, 11-классынын  бүтүрүүчүсү Нуржадыева Эльанора 208 балл алып, жалпы мугалимдерди сүйүнтүп жаткан кези.

— Айылда мындай баллга жетүү тарыхта биринчи жолу болду. Ошону менен чекебиз жарыла сүйүнүп аткан чагыбыз. Агартуу министирлигине дагы ыраазы болуп отурабыз, —  дейт жеңүүчүнүн агасы Нурмат Жантаев.

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

Ал эми  Эльанора болсо ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөтө алганын кубануу менен билдирди. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн ал тээ башталгыч класстан баштап жакшы окуп келген. Негизинен кошумча окуу курстарынан бир ай гана окуган.

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

— Даярдык учурунда убактымды туура бөлүүгө аракет кылдым, тесттерди көп иштеп, каталарымды талдап турдум. Албетте, бул жыйынтыкка мектепте алган билимимдин, мугалимдеримдин жана ата-энемдин колдоосунун да чоң салымы бар. Менин оюмча, эң маанилүүсү — даярданган убакыттын узактыгы эмес, анын сапаты. Бир ай ичинде мүмкүн болушунча үзгүлтүксүз иштеп, ар бир күндү натыйжалуу пайдаланууга аракет кылдым, — дейт бүтүрүүчү.

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

Э.Нуржадыеванын класс жетекчиси Миржан Джилкибаеванын айтымында, Эльанорага ал 5-класстан бери класс жетекчи катары насаат айтып, анын ар бир кадамына күбө болуп келет.

ЖРТ: АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ЖЕҢИШИ — БИЛИМ АЙДЫҢЫНДАГЫ СЕНСАЦИЯ

— Ал — билимдин туу чокусун багындырууну максат кылган, өзгөчө умтулуусу бар кыз. Анын эмгеги акталып, 9-классты «Артыкчылык күбөлүгү» (кызыл күбөлүк) менен ийгиликтүү аяктаган. Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдык көрүүдө Эльанора мектептеги сабактар менен катар  өзүнүн үстүнөн тынымсыз иштеди. Бишкек шаарынан бир ай ичинде алган кошумча билими менен өз күчүнө болгон ишеничин бекемдеп, жыйынтыгында 208 балл топтоого жетишти!

Бул жөн гана балл эмес, бул — мектептин  тарыхында алгачкы жолу катталып жаткан эң бийик көрсөткүч! Өзүнүн тунук акылы, терең билими менен Кызыл-Кыя мектебибиздин атын тарых барактарына алтын тамгалар менен жазган Эльанора менен бүтүндөй жамаатыбыз сыймыктанат. Окуучубуз англис тилинде эркин сүйлөп, мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп келет. Ал билимге болгон кызыгуусу жана тырышчаактыгы менен өзгөчөлөнөт. Элет жеринде билим алып жатканына карабастан, англис тилин ийгиликтүү өздөштүрүп, келечекте дагы башка чет тилдерин үйрөнүүнү максат кылууда. Бул ийгиликтерге жетишине англис тили мугалими Салтанат Далдаева чоң салым кошуп келет. Ийгилик кокусунан келбейт, ал — талыкпаган эмгектин, билимге болгон чексиз сүйүүнүн үзүрүнүн негизинде келет. Нуржадыева Эльанора алгачкы коңгуроо кагылган күндөн тарта ар бир сабакты өзгөчө жоопкерчилик менен окуп, жалаң «эң жакшы» деген бааларды алып келген, — дейт сыймыктануу менен класс жетекчиси.

Жан аябаган мугалимдер жана ата-эненин колдоосу

Айыл жергесинде дагы деле мугалимдик кесипти миссия катары көргөн, бир окуучунун келечеги үчүн бүт күчүн жумшаган ардагерлер жана жаңы муундун патриот педагогдору бар. Шаарда мугалим менен окуучунун мамилеси көбүнчө расмий болсо, айылда мугалим ар бир баланы баласындай көрүп, ЖРТга кошумча акысы жок эле кечке калып даярдаган учурлар толтура. Ошондой эле, миграцияда жүргөн же талаада иштеген айылдык ата-энелердин «мен көрбөгөн күндү балам көрсүн, окусун» деген улуу максаты, балдарына психологиялык чоң дем-күч берип келатканы жашыруун эмес.

Бул тенденция эмнени айтып жатат?

Айылдык балдардын алдыга чыгышы бир нече маанилүү корутундуга жол ачат. Ал деген ЖРТ өзүнүн адилеттүүлүгүн далилдеди, биринчиден. Экинчиден, бул тест системасы коррупциядан таза жана баланын чындыгында эле өз билими менен гана өтөөрүн дагы бир жолу көрсөттү. Эгер коррупция аралашса, тизмеде кайра эле таасирдүү адамдардын балдары турмак. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын келечеги, чыныгы интеллектуалдык элитасы шаардык гламур чөйрөдө эмес, дал ушул эмгек менен өскөн айылдык жаштардын арасында калыптанып жатканын айгинеледи.

Эгер айылдык мектептер  заманбап лабораториялар, компьютерлер жана окуу китептер менен толук камсыз болсо, алар мындан да чоң натыйжаларды бере аларын далилдеп коюшту.

Сөз соңу

Алыскы айылдын чаң көчөсүндө чоңоюп, бирок акылы менен өлкөнүн туу чокусун багындырган ар бир өспүрүм — бул Кыргызстандын үмүтү. Алардын бүгүнкү ийгилиги — шартың жок деген шылтоону талкалаган улуу сабак болду. Качан гана аймактагы таланттарды убагында байкап, аларды колдоого алганда, өлкөнүн өнүгүүсү жаңы деңгээлге чыгат. ЖРТдагы айылдык балдардын жеңиши — бул теңчиликтин жана билимдин жеңиши.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер