ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУ ОНЛАЙН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 30.06.2022
  • 0

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө жалпы 51 185 абитуриент катышып, алардын топтогон баллынын орточо көрсөткүчү 119,8ди түздү. Учурда 1-2-этапта тест тапшыргандар сертификаттарын ала баштады.

ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУ ОНЛАЙН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ Бул жылы тесттен алгач 50 020 абитуриент өтсө, андан кийин 24-25-июнда жүйөлүү себептер менен тестке катыша албай калгандар үчүн уюштурулган кошумча тестирлөөгө 1 031 адам катышты.

«Быйыл өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөө 24-майдан 28-майга чейин өттү. Айрым себептер менен катыша албай калгандар үчүн тестирлөө кошумча 24-25-июнда да уюштурулду. Катышуучулар жыйынтыгы боюнча сертификатты (анын ичинде кошумча этапка катышкандар дагы) 27-июндан 4-июлга чейин алышат. Учурда 1-2-этапта тест тапшыргандар ала баштады. Ал эми 24-25-июнда өткөн кошумча тестирлөөнүн жыйынтыгы 4-июлда чыгат. 2021-жылы абитуриенттердин топтогон баллынын орточо көрсөткүчү 120,5 деп белгиленсе, бул жылы орточо балл 119,8 упайды түздү. Салыштырмалуу туруктуу жыйынтык алдык десек болот», — дейт Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева.

 

 57 БҮТҮРҮҮЧҮ АЛТЫН СЕРТИФИКАТТЫН

ЭЭСИ БОЛДУ

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл алып, Алтын сертификаттын ээси болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Эң жогорку балл  — 235 түзөт, аны Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды. Экинчи орунга 231 балл менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Артём Марченко чыкса,  үчүнчүнү 228 балл менен Бишкек шаарындагы К. Скрябин атындагы №28 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров багындырды.

235тен 221 баллга чейин упай топтогондордун эң көбү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, алардын саны 35ти түзөт. Андан кийинки орунда Ош облусу — жети окуучу, андан кийинки орунда Ысык-Көл облусу  беш окуучусу менен турат. Чүй облусунан төрт, Баткенден үч, Нарындан эки, Жалал-Абаддан бир окуучу Алтын сертификатка татыды.

Биринчи орунга чыккан Бишкек шаарынын мектептеринин ичинен алдыңкы орунда №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи турат. Бул мектептен жалпы 11 окуучу Алтын сертификат алса, анын бирөө былтыркы бүтүрүүчүсү. Ал былтыр дагы Алтын сертификат алгандардын алдыңкы сабында болгон.  №70 жана №12 мектептерден дагы үчтөн окуучу алдыңкылардын катарын толуктаса, бул жылы “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүлөрү дагы жакшы көрсөткүчтү берди.

Эскертүү: 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме дагы толукталышы мүмкүн. Анын жыйынтыгы 4-июлга чейин чыгат.

 

СЕРТИФИКАТТАРДЫН ӨҢҮ БАШКА БОЛОТ

Быйыл деле мурдакыдай эле сертификаттардын өңү категорияларга жараша ар башка болот. Мектептер төрт категория боюнча бөлүнгөн:
1-Бишкек шаарындагы мектептер;

2-чакан шаарлар менен облустук борборлордогу мектептер;

3-айылдык мектептер;

4-️бийик тоолуу аймактардагы мектептер.

Сыя көк түстөгү сертификаттар бийик тоолуу аймактардагы мектептер категориясына таандык. Сары түс айылдык мектептердин категориясыныкы. Көгүлтүр түс чакан шаарлар менен облус борборлорундагы мектептердин категориясын, ал эми кызыл түс Бишкектин мектептеринин категориясын билдирет.
Кабыл алуу учурунда орундар мектептердин ар бир категориясынан берилген талондордун санынын өз ара катышына ылайык бөлүштүрүлөт. Мектептердин белгилүү бир категориясынын өкүлдөрү канчалык көп болсо, аларга тийген орундардын саны да ошончолук көп болот.
Жалпылап айтканда, ЖОЖдордогу кабыл алуу учурунда конкурс ар бир категория боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Эч бир категория үчүн упайлар кошулуп берилбейт.

 

ЖООП БАРАКТАР ТЕРЕҢ КАТЫЛДЫ

ЖРТга катышкан бардык абитуриенттердин жооп барактары сканерден өткөрүлүп, дискке жазылып 10-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын, «Перемена» коомдук фондунун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык банк чөнөгүнө (ячейкасына) салынган. Банк чөнөгүнүн ачкычы ББОУБнын кызматкери болбогон эки адамда сакталат. Алардын бири Билим берүү жана илим министрлигинин, бири «Перемена» коомдук фондунун өкүлү болду. Ал чөнөктү ачуу үчүн бир эле мезгилде ошол жерде аталган эки кишинин, ББОУБнын өкүлүнүн жана банк кызматкеринин болушу талап кылынат. Чөнөк ачылган сайын бул туурасында банктын журналына жазылат. Диск Кыргызстандын ЖОЖдоруна бардык абитуриенттерди кабыл алуу жараяны бүтмөйүнчө, банкта сакталып турат. Абитуриенттердин жоопторунун бул электрондук базасын өзгөртүүгө мүмкүн болбогон үлгү болуп эсептелет. Бул маалымат базасындагы упайларды өзгөртүүгө жана жасалма упайлар жазылган сертификаттарды берүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Башкача айтканда, эч ким ЖРТнын жыйынтыгын жасап же бурмалай албайт.

 

КАБЫЛ АЛУУ ОНЛАЙН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Быйыл жылдагыдай эле ЖОЖдорго белгиленген босого баллдан жогору алган абитуриенттер кабыл алынат жана кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Босого балл ЖРТнын жыйынтыгы (4-июлдан соң) толук чыккандан кийин белгиленет.

«Кыргызстанда 2020-жылдан тарта ЖОЖго кабыл алуу 2020.edu.gov.kg бирдиктүү порталы аркылуу жүргүзүлүп келет. Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер «Абитуриент Онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасына кирип, катталуу бөлүмүнө ЖРТ сертификатынын жана паспортунун номерин жазышы керек. Текшерүүдөн кийин ЖРТга каттоо учурунда көрсөтүлгөн телефон номерине жеке кабинетине кирүү үчүн логин жана пароль жөнөтүлөт. Ал логин жана пароль менен бүтүрүүчү автоматташтырылган системага катталып, окуу жайын жана адистикти тандайт. Автоматташтырылган маалыматтык системага паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом жана ЖРТнын сертификатынын алдыңкы бети тиркелиши керек. Ал эми аталган документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында беришет. Келишимдик негизде окутуу үчүн сынакта абитуриенттердин категориялары эске алынбайт. Бул учурда ЖРТнын упайы гана маанилүү. Ал эми гранттык (бюджет) негизде окугандарга жеңилдиктер каралган. Алсак, 1-2-топтогу майыптар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, 2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда курман болгон жарандардын балдары, 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында курман болгон жарандардын балдары жана кайрылман статусуна ээ болгон жарандарга жеңилдиктер (быйыл 288 адамга жеңилдик берилет) каралган. Бул абитуриенттер катталуу учурунда тастыктоочу документтерин электрондук форматта тиркеши керек. ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоонун биринчи туру июлдун ортосунда (16-июлдан кийин) башталат. Жалпысынан кабыл алуу өнөктүгү үч тур менен өтөт. Тандоо турларынын так убактысы жакында маалымат системасына чыгарылат», — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова.

Автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу бүтүрүүчүлөр 78 окуу жайга (33 мамлекеттик, 45 мамлекеттик эмес) тапшыра алат. Онлайн порталда университеттер, адистиктер, бюджеттик орундар жана келишимдик (контракт) негизде окуунун баасы тууралуу маалыматтар камтылган, андан тышкары, абитуриенттерди кызыктырган суроолорго жооп алып, маалыматтык видеороликтерди көрсө болот.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер