ЖОЖДОРГО ЭРКИНДИК ЖЕТИШПЕЙТ

  • 13.01.2022
  • 0

Өткөн жылдын этегинде студенттерге, жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтордогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү, билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында Президент Садыр Жапаров атайын Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, кесиптик окуу жайлар кыргызстандык студенттердин окуу төлөмүн кийинки үч окуу жылында өзгөртпөй, он айга ай сайын бирдей бөлүк менен төлөөгө мүмкүндүк берип, андан сырткары каржылык тейлөө кызматын мамлекеттик үлүш катышкан банктарга өткөрүшү керек болчу. Учурда бардык окуу жайларда Жарлыкта көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу боюнча иштер жүргүзүлүп, тийиштүү чаралар көрүлүүдө. 

ЖОЖДОРГО ЭРКИНДИК ЖЕТИШПЕЙТ

ҮЧ ЖЫЛДАН БЕРИ ОКУУ АКЫСЫН КӨБӨЙТПӨГӨН ОКУУ ЖАЙЛАР БАР

Студенттердин окууга болгон төлөмүн азайтуу жана төлөө мөөнөтүн узартуу талабы COVID-19 пандемиясы жайылып баштагандан жана республиканын аймагында өзгөчө кырдаал (абал) режими киргизилгенден бери коюлуп келген. Окуу жайлар дагы үч жылдан бери өлкөдөгү кырдаалга жараша студенттерге контрагын төлөө боюнча түрдүү жеңилдиктерди берип келет. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети окуу акысын төлөй албаган студенттерди эки жыл бою күтүп, окуудан чыгарган эмес. Ал тургай пандемия башталгандан бери студенттердин окуу акысын көбөйтүүнү токтоткон.

—        Бул практиканы биз үч жыл мурда эле киргизгенбиз. Биздин студенттер 1-курска кирип жатканда канча сомго келишим түзүлсө, окууну бүтүп кеткенче ошол сумманы гана төлөйт. Башкача айтканда, окууга болгон төлөмү өзгөрбөйт, — дейт университеттин ректору Мирлан Чыныбаев.

Үч жылдан бери студенттердин окуу акысын жогорулатпай келе жаткан окуу жайлардын катарын Ош мамлекеттик педагогикалык университети дагы толуктайт.

—        Биздин окуу жай педагогикалык болгондуктан студенттер чоң суммадагы контракт төлөшпөйт. Бизде окуу акысы 17 миңден 25 миң сомго чейин эле. Жыл сайын миң сомдон ашык деле акча кошулчу эмес, — дейт ректору Бекмурза Зулуев.

Республикада жалпы 73 жогорку окуу жайы бар, анын 33 мамлекеттик болсо, 40 жеке менчик. Ал жакта эки жүз жыйырма миңге жакын студент билим алат. Мамлекеттик ЖОЖдордо окутуунун орточо наркы Кыргызстандын жарандары үчүн – жылына 32 391, чет элдик жарандар үчүн 48 876 сомду түзөт. Жеке окуу жайларда окутуунун орточо наркы Кыргызстандын жарандары үчүн – жылына 55 100 сом, чет элдик жарандар үчүн 96 396 сомду түзөт. Эң төмөнкү чеги 17 миң сом. Бул каражатты он айга бөлө келгенде 1700 сомдон 5500 сомго чейинки гана сумма чыгат. Билинбегени менен балдарын жеке бала бакчага, жеке мектепке берген ата-энелер мындан көп каражат коротушат. Мисалы, Бишкек шаарынын тургуну Молдокулов Нурадил мамлекеттик эле мектепке барган баласы үчүн айына төрт миң сомдон ашык каражат сарптайт.

—        Менин балама он айда короткон акчам кырк миң сомдон ашат экен. Бул билинбегени менен бир студенттин контрагы. Болгону студенттер бир жылда бир же эки бөлүп төккөн үчүн көп сыяктуу сезилип жатат. Эгерде айга бөлө келгенде арзыбаган эле сумма болуп калат дагы, билинбей эле төлөнүп бүтүп калат, — дейт Нурадил.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев пандемия башталгандан бери студенттерге окуу акысын каалагандай бөлүп төлөөгө уруксат берилгендигин,  он айга  бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү ай сайын эмгек акы алып иштеген ата-энелер үчүн ыңгайлуу экендигин айтат.

ЖОЖДОРГО ЭРКИНДИК ЖЕТИШПЕЙТ

ТЫШКЫ РЕСУРСТАР – ЧОҢ ЖАРДАМЧЫ

Президенттин Жарлыгы чыккандан кийин бул демилге  студенттердин шартын жакшыртканы менен окуу жайлардын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет деген пикирлер да айтылды. Себеби мамлекеттик деп эсептелген окуу жайлар дагы студенттердин контрагынан түшкөн каражат менен күн көрөт. Анын бир тобу окутуучулардын эмгек акысына кетсе, дагы бир бөлүгү материалдык-техникалык базаны чыңдоого, коммуналдык төлөмдөргө, майда чыгымдарга сарпталат.

  • Биздин университеттин бюджетинин 84% студенттердин контрагынан толукталат. Бирок техникалык университеттин өзгөчөлүгү бар. Биз жалаң эле доска, бор менен окута албайбыз. Түрдүү жабдыктар, реактивдер, идиштер керек болот. Башкача айтканда, бизге каражат көбүрөк талап кылынат. Бирок ушунун баарын студенттердин контрагынан түшкөн каражат менен кармабайбыз. Ар кандай ресурстарды таап, колдогу мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга аракет кылабыз, — дейт КМТУнун ректору Мирлан Койчубекович.

Окуу жай материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн башка булактарды таап, алар менен тыгыз иштешип келет. Бир катар эл аралык борборлор, фонддор, долбоорлор аркылуу базасын чыңдап, окуу борборлорун ачып алды.  Жакында эле жеңил өнөр жайы боюнча борбор ачса, учурда БУУнун бир программасы аркылуу ашпозчуларды окутуу боюнча дагы бир борбор ачып жатышат. Ал жакта республикадагы мектептердин ашпозчуларын окутуп, кесиптик чеберчилигин жогорулатып беришет. Андан кийин мейманкалардын ашпозчуларын окутууну пландашууда. Себеби азыркы мейманкаларда иштеп жаткан ашпозчулардын көбүнүн билими жок, үйрөнчүктөр.

  • Эч болбоду дегенде кофени кантип кайнатыш керектигин үйрөтүп койсок, бул туризмдин өнүгүшүнө чоң салымын кошот. Эгерде бир турист келип, жайгашкан мейманканасынан жакшы кофе ичип кетсе, ал кийин кайра сөзсүз ошол мейманканага кайтат, — дейт жетекчи.

ЖОЖДОРГО ЭРКИНДИК ЖЕТИШПЕЙТ

ЖОЖДОРГО КАРЖЫЛЫК ЭРКИНДИК ЖЕТИШПЕЙТ

Жогорку окуу жайлардын колун байлаган дагы бир маселе – каржылык эркиндик. Керек болсо өзүнүн имаратында ижарага берилип жаткан аянтчалардын акчасы окуу жайдын казынасына түшпөйт. Ошондуктан азыр айрым окуу жайлар ижарага берүүдөн баш тартып, ал аянтчаларды максаттуу пайдаланууга өтүүдө. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ижарага берилип келген аянттарды өзүнө кайтарып, ал жакка лаборатория, окутуучулар үчүн тренажердук залдарды, студенттерге пайдалуу аянтчаларды түзүп берүүнү пландоодо.

  • Негизи отуз жылдан бери биздин окуу жайда бир да имарат курулбагандыктан өзүбүзгө аянтча жетишпейт. Ошондуктан ашканаларды да өзүбүзгө алып, коомдук тамак-аш технологиясы кафедрасына берелик деген планыбыз бар. Ал студенттер үчүн практика өтүүчү аянтча болот. Кыскасы, бир эле учурда ашпозчуларды даярдап, илим изилдеп, ачылыштарды жасап, студенттерибиздин дагы курсагын тойгузабыз., — дейт Мирлан Чыныбаев.

Каржылык эркиндик жаатындагы дагы бир орчундуу маселе — биздин университеттердин чет мамлекеттердин окуу жайларындай өзүнүн колунда турган мүмкүнчүлүктү пайдаланып акча таба албаганында. Ага мыйзам жол бербейт. Мисалы, коңшу Казакстандын жогорку окуу жайлары акционердик коом болуп эсептелет. Бир бөлүгү мамлекеттик болсо, бир бөлүгү жеке. Жүз пайыз мамлекеттик окуу жайларына да эркиндик берилип, рыноктук механизмдер киргизилген. Мисалы, Политехникалык университетинин өзүнүн кен чыгара турган жери бар. Биздин окуу жайларга дагы ушундай эркиндик берилгенде бир топ ийгиликтерге жетишмек.

  • Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын статусу ар кандай. Мисалы, биздин окуу жайдыкы — мекеме. Бизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси дегенди бекитип койгон. Анан университет билим гана бере алат деп жазылып калган. Эгерде бизге эркиндик берилгенде окуу борборлорубуздан эле жок дегенде сүт, нан өндүрүп, керек болсо экспортко чыгара алмакпыз. Тигүүчүлөрдү даярдаган борбордо ар кандай заказдарды аткарса, лабораториялар ишканалар менен келишимдерди түзүп иштесе болот. Кыскасы, ар кандай жол менен акча таап, университеттин казынасын толтуруп алуу толук мүмкүн. Бирок бизде буга  мыйзам жол бербейт. Өзүбүзгө өзүбүз рамка коюп алганбыз. Эми ушул жагын чет өлкөнүн тажрыйбасын колдонуу менен акырындап өткөрүп алсак деген жакшы ниет бар. Европада колдонулган моделдер бар. Мисалы, бир облуста бир университет. Ишканалары да ошонун тегерегинде ачылган. Ал жакта бир жагынан окутуп, тигил жагынан практикадан өткөрүп, дагы бир жеринен илим изилдөө иштерин жүргүзүшөт, — дейт Мирлан Койчубекович.

 

АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК – ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

Жетекчилердин айтымында, азыр жогорку окуу жайлардын толук кандуу өнүгүшүнө каржылык боштондук  сыяктуу эле академиялык эркиндик дагы жетишпейт. Чет мамлекеттерде окуу жайлардын баардыгы ишмердигин эркин жүргүзөт. Мисалы,  Улуу Британиянын окуу жайлары жүз пайыз эркин болсо,  айрым мамлекеттерде 50%-90% өткөн. Алар каалаган өнөктөштөрү, жергиликтүү компаниялар менен биргеликте окуу пландарын түзүп, адистерди суроо-талапка жараша даярдашат.

  • Азыр бизде дагы бул жаатта муз ордунан жылып, жакшы иштер аткарыла баштады. Жаңы муундагы окуу стандарттары  боюнча университеттерге бир аз болсо да эркиндик берилди. Ар бир кафедра кайсы предметти окута турганын өзү чечип жатат. Мисалы, көмөктөш ишканалар менен чогуу талкуулап, заман талабына жооп берген адистерди даярдоо үчүн кайсы сабактарды окутуш керектигин өздөрү тандап калды.  Дагы бир жакшы жаңылык, азыр жогорку окуу жайларга академиялык, финансылык, башкаруучулук автономия берүү боюнча Евросоюздун эксперттери менен биргеликте чоң долбоор даярдалууда. Эгерде долбоор өтүп кетсе, кийинки окуу жылынан  баштап ишке кирип баштайт. Азыр бизге эң башкысы эскирген адистиктерди жаап, заман талап кылып жаткан жаңыларын ачуу зарыл. Жакшы жери акыркы жылдары иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты күчөтүп, өндүрүш талап кылган адистерди даярдоого өтө баштадык. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өтүнүчү боюнча Медициналык академия менен биргеликте медициналык техник адистерин даярдап жатабыз. Бул багыттагы адистерди союз кулагандан бери бир да окуу жай даярдабай калыптыр. Саламаттыкты сактоо министрлигинде 60% жабдык тейлеген киши жок жөн эле туруп калыптыр. Андан сырткары саламаттыкты сактоодогу информатика, логистика,  биотехнология деген багыттарды ачтык. Евросоюздун ар кандай программалары бар. Мисалы, информатика менен байланыштуу “big data” (большие данные) боюнча жаңы окуу программасын ачып, студенттерди кабыл алып, окута баштадык, — дейт Мирлан Чыныбаев.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер