ЖОЖ ЖЕТЕКЧИЛИГИ: ДАЙЫНДОО ЖОЛУ ТАНДАЛДЫ

  • 25.08.2022
  • 0

Мындан ары улуттук макамы бар жогорку окуу жайлардын ректорлору Президент тарабынан, мамлекеттик макамдагы окуу жайлардын жетекчилери Билим берүү жана илим министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.   

 

ЖЕТЕКЧИ КАЙСЫ УЧУРДА КЫЗМАТТАН АЛЫНАТ

Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир адам бир окуу жайды он жылдан ашык жетектей албайт. Окуу жайлардын жетекчилери кызматынан бошотулган учурда ордуна үч айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу окуу жайдын жетекчисинин орун басарларынын бири дайындалат.

Мамлекеттик жождун жетекчиси Кыргыз Республикасынын окуу, илимий, финансылык-чарбалык иштери жана кадрлар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы белгиленген тартипте аныкталса, жетекчи мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Андан сырткары ал жетектеген окуу жай аккредитациядан өтпөсө же анын статусу төмөндөсө да кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.  Ректор менен бирге иштин тиешелүү участогу үчүн түздөн-түз жооп берген орун басарлары да иштен кетет.

 

БИР КАНЧА ЭТАП МЕНЕН ТАНДАЛАТ 

Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу  жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна тандоо бир канча этап менен  Билим берүү  жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Алгач жетекчилик орун бошогон күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен өтө турган сынак жөнүндө кулактандыруу гезитке, же министрликтин ве6-сайтына, же башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.  Андан кийин белгиленген мөөнөттө тийиштүү документтер кабыл aлынып, КР Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга шайкештиги каралат. Жетекчиликке талапкерлерди тандоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлөт. Ал комиссия  талапкердин ЖОЖду өнүктүрүүнүн жакынкы беш жылдык перспективдүү планын карап, талапкерлер менен аңгемелешет.

Комиссиянын курамына Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жогорку кесиптик билим берүү, адам ресурстарын башкаруу, укуктук камсыздоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү), коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ошондой эле жарандык коомдун, билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү кирет.

 

АҢГЕМЕЛЕШҮҮ КАНДАЙ ӨТӨТ?

Талапкер менен аңгемелешүү комиссия тарабынан талапкерлердин документтери каралган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде өткөрүлөт.  Аңгемелешүү министрлик бекиткен критерийлерге ылайык 10 баллдык шкала боюнча бааланат. Жыйынтыктары боюнча комиссиянын чечими талапкер жок болгон учурда кабыл алынат. Жыйынтыгы дароо жарыяланат жана дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, үч жумуш күндүн ичинде министрликтин веб-сайтына илинет.

Аңгемелешүүдө эң жогорку балл алган талапкер комиссия тарабынан министрге кызматка дайындоо үчүн сунушталат.

Талапкерлер бирдей балл алып калган учурда комиссия жыйналыштын протоколун министрге талапкерлердин ичинен бирөөнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жиберет. Ал үч күндүн ичинде кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.

Эгерде талапкер тандоонун жыйынтыгына макул болбосо, комиссиянын төрагасына видеожазуунун жана жыйналыштын протоколу менен таанышуу суранычы менен кайрылууга укуктуу.

 

ЖЕТЕКЧИЛЕР АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТКӨРҮЛӨТ

ЖОЖдордун жетекчилери, адистештирилген окуу жайларын кошпогондо  үч жылда бир аттестациялоодон өтөт. Аны аттестациялык комиссия өткөрөт. Аттестациялык комиссиянын курамы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Ал министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен (өкүлдөрүнөн) жана министрликтин Коомдук кеңешинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн тогуз адамдан турат. Аттестациялык комиссиянын ишинин регламенти министрлик тарабынан бекитилет. “Улуттук” макамы бар окуу жайлардын жетекчилерин аттестациялоо комиссиясынын курамына КР Президентинин Администрациясынын билим берүү жана илим маселелерин тейлеген өкүлдөрү кирет.

Аттестацияда окуу жайдын жетекчилеринин өткөн мезгилдеги ишинин жыйынтыктары жана жогорку окуу жайынын келечектеги ишинин программасы жөнүндө кыскача отчету угулат. Ага чейин жетекчинин отчету комиссия курамына таркатылып берилет. Комиссия жетекчинин отчетун уккандан кийин ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, же ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт, же алты айдан кийин кайра аттестациялоодон өтүүгө тийиш деген үч чечимдин бирин кабыл алууга тийиш.

“Улуттук” статусу бар окуу жайдын жетекчисинин иши канааттандырарлык болуп табылбай,  ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген чечим кабыл алынса, анда жетекчини кызмат ордунан бошотуу боюнча Президентке сунуш киргизилет.  Эгерде ушундай эле чечим мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисине кабыл алынса, анда ал  ээлеген кызматынан бошотууга негиз болуп саналат. Кайра аттестациялоо чечими чыгарылса, жетекчи алты айдан кийин кайрадан аттестациялоодон өтүүгө тийиш. Эгерде жетекчи анда дагы тийиштүү баа ала албаса, жумуштан четтетилет.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер