ЖОЖ &МЕКТЕП: БАЙЛАНЫШТЫ КАНТИП ЖАКШЫРТУУ КЕРЕК?

  • 24.10.2023
  • 0

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Заманбап педагогдордун ишин уюштуруудагы жогорку окуу жай менен мектептин байланышы» аталышында өткөн кереге кеңеште учурдагы орто мектептердеги мугалимдер таңкыстыгын жоюунун жол-жоболору талкууланып, бир катар сунуштар берилди.

ЖОЖ &МЕКТЕП: БАЙЛАНЫШТЫ КАНТИП ЖАКШЫРТУУ КЕРЕК?

Кереге кеңеште билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов азыркы тапта өлкө боюнча орто мектептерде 800гө жакын мугалим жетишсиз экенине токтолду.

ЖОЖ &МЕКТЕП: БАЙЛАНЫШТЫ КАНТИП ЖАКШЫРТУУ КЕРЕК?

— Мындай таңкысты жоюу үчүн ЖОЖдордон бүткөн бүтүрүүчүлөрдү ошол мектептерге тартуу зарыл. Ага утурлай бүтүрүүчүлөргө санариптик сабаттуулукту колго алып, учурда окутулуп жаткан предметтердин мазмунун жакшыртуу боюнча сунуш киргизүү учурдун талабы, — деди ал.

Андан соң Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева  ЖОЖдор менен орто мектептердин байланышын жакшыртуу үчүн, университеттин окутуучуларын орто мектептердин ишмердүүлүгү менен жакшылап таанышып, саресеп салуу керектигин айтты. Анткени окутуучулар мектептин ички ашканасы менен толук таанышмайынча талапка ылайык кесипкөй педагог чыгаруу болбой турганына токтолду.  Ошондой эле, 4-курстар үчүн практикага бөлүнгөн убакытты узартуу менен студенттердин мектептин талабына көнүп, өз кесиби аркылуу иштеп кетүүсүнө шарт түзүү зарылдыгын билдирди.

ЖОЖ &МЕКТЕП: БАЙЛАНЫШТЫ КАНТИП ЖАКШЫРТУУ КЕРЕК?

КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талант Курманбек уулу кереге кеңештин жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинен жумушчу топ түзүүнү суранышарын билдирди. Эгер суранычы кабыл алынса, келечекте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик стандартка өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалады.

ЖОЖ &МЕКТЕП: БАЙЛАНЫШТЫ КАНТИП ЖАКШЫРТУУ КЕРЕК?

Кереге кеңеште Айгүл Абдраева, Гульзат Казиева, Назгүл Абдраева, Гүлнара Шаршеналиевалар «Билим берүүнүн абалын жакшыртуу бардык баскычтардын жоопкерчилиги», “Билим берүү процессин долбоорлоого STEM ыкмаларын колдонуу”, “Мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик билим берүү стандартына ѳзгѳртүү киргизүү”, «Кыргызстандын гуманитардык-педагогикалык университеттери: фактылар жана негизги тенденциялар» деген темаларда докладдарды окушту.

ЖОЖ &МЕКТЕП: БАЙЛАНЫШТЫ КАНТИП ЖАКШЫРТУУ КЕРЕК?

Бул иш-чарага борбор калаадагы  жыйырмадан ашуун мектептин директорлору жана онлайн түрдө өлкөдөгү бардык райондордун өкүлдөрү, окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректор Талантбек Курманбек уулу катышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

                                   Кереге кеңештин алкагындагы сунуштардын

                                                               РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Педагогикалык билим берүү программаларынын бекитилген  мамлекеттик  стандартын мектеп менен жогорку окуу жайдын  ортосундагы байланышын күчөтүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жалпысынан айтылып каралды.

  • Окуу планда базалык предметтерди мектепке калыптандырууга ылайыкташкан кесипке багытталган предметтер менен алмаштыруу;
  • Жогорку окуу жай менен мектеп ортосундагы байланышты чыңдоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү университеттин окумуштуулар кеңешинин мүчөлүгүнө  жалпы орто  билим  мекемелеринин  өкүлдөрүн кошуу менен  санын көбөйтүү;
  • Жалпы орто мектептин мугалим- методистери бүтүрүүчү курстардын студенттерине  мектеп  жашоосун тааныштыруу максатында атайын  практикалык   сабак өтүү, ал үчүн окуу плдпландагы практикага бөлүнгөн кредиттик-саатты көбөйтүү;
  • Жогорку окуу жайдын билим берүү программаларынын окутулуп жаткан китептеринин мазмунун жалпы орто билим берүү мекемелеринин стандартындагы окуу китебине шайкеш келтирүү;
  • Жогорку окуу жай менен мектеп ортосундагы профилдик шайкештикти жолго салуу;
  • Жалпы орто билим берүү мекемелеринин окуу китептерин жогорку окуу жайдын студенттери таанып билүүсү зарыл;
  • Мамлекеттик стандарттагы кесиптик предметтик бөлүккө берилген сабактарды карап чыгуу менен мектепте окутулган предметтик стандартындагы сабактарды  улап кетүү мүмкүнчүлүгүнө жеткирүү;
  • Педагогикалдык багытта били алып жаткан студенттердин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга шарт түзүп берүү;
  • Мектеп жашындагы балдардын психологиясын терең таанып билүү үчүн окуу планындагы  Психология, педагогика, конфликтология  предметтери боюнча кредиттик сааттын көлөмүн  көбөйтүү;
  • Педагогикалык практиканын барпдлык түрлөрүнүн жыйынтыктоочу конференцияларына жалпы орто билим берүү мекемелеринин өкүлдөрун үзгүлтүксуз катыштыруу;
  • Республиканын жалпы орто билим берүү мекемелеринде методикалык келасстарды ачуу менен аны база катары пайдалануу;
  • Кош тилдүү адистерди даярдоо менен мектептеги кадр таңсыздыгын жоюу;
  • Жогорку окуу жай менен мектеп ортосундагы байланышты чыңдоо максатында кесипкөйлүк боюнча жумушчу топту түзүү.
Бөлүшүү

Комментарийлер