ЖОМОКЧУЛАРДЫН БӨБӨКТӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

  • 27.05.2022
  • 0

Республикабыздагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде “Чоң ата, чоң эненин жомогу” аталышында жомок айтуу өнөктүгү жүрүп жатат. Ал жаш бөбөктөрдүн сөз байлыгын байытуу, сөз өнөрүн өркүндөтүү жана ой логикасын өстүрүүдө маанилүү орунду ээлеген жомокчулук өнөрдү жандандыруу максатын көздөйт. 

Чоң эненин жомогун айтпай койсок болобу? 

Жыл башында Бишкек калаабыздагы бала бакчаларда башталган бул өнөктүк жыл аягына чейин бардык аймактарды аралап, бөбөктөрдү жомоктун сыйкырдуу дүйнөсү менен тереңирээк тааныштырып чыкмакчы.

Улуттук маданий борбордун сектор башчысы Нуркан Молдобаеванын айтымында, бөбөктөргө жомок айтуу үчүн кыргыз элинин көрүнүктүү өнөр адамдары тартылган.

— Аты айтып тургандай эле, балдарга жомок айтып берүү, аларды жомок айтуу аркылуу тарбиялоо — байыртадан бери үзүлбөй уланып келаткан улуттук каада-салттарыбыздын бири. Жомоктор бөбөктөргө жугумдуу да болот эмеспи, биз ошондой жомокторду балдарга канчалык көп айтып берсек, улуттук баалуулуктарды ошончолук оңой сиңире алабыз деп ишенем. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган бул жомок айтуу жөрөлгөсү үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек калаабыздагы бала бакчаларда башталып, жыл аягына чейин бардык аймактарда улантылмакчы. Президентибиз Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык атайын демилгеленип уюштурулганын баса белгилегим келет.

ЖОМОКЧУЛАРДЫН БӨБӨКТӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

Жомоктор балдарга таасирдүү болушу үчүн ага элибиздин көрүнүктүү өнөр адамдары тартылган. Алсак, Кыргыз Республикасынын эл артисти Турусбек Жумалиев, эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева, Б.Кыдыкеева атындагы театрдын артисти Өмүрзак Токтомуратов, манасчы, төкмө акын Мамбеттокто Өмүр уулу, Улуттук маданий борбордун кызматкерлери Абдрасул Эшалиев, Сакчы Маматисаев, Нуркан Молдобаева, Нурзат Бактыбек кызы, кыргыз улуттук драма театрынын актеру Камчы Сарыбаев, акын, драматург, ырчы Марсгүл Абылова, “Манас” театрынын төкмөлөрү Акматбек Султан уулу, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасов ж.б. көптөгөн жаш актерлор, жаш манасчылар бөбөктөргө кызыктуу жомокторду тартуулашты. Жомок жүрүшүн уюштурууда улуттук маданий борбордун директору Жумакадыр Курмангалиевдин, анын орун басары Марс Бердигуловдун жана ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикованын эмгеги чоң, — дейт ал.

ЖОМОКЧУЛАРДЫН БӨБӨКТӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

Бишкек шаарынын 1-Май райондук №11 “Ак-кеме” бала бакчасынын башчысы Карлыгач Бостонова, кичинекей бөбөктөр жомокчуларды кубануу менен тосуп алып, алардын айткандарына таасирленип угуп жатышканын айтат.

— Биздин бала бакчанын тарбиялануучулары жомокторду абдан кызыгуу менен гана укпастан, аябай таасирленип калышканын байкадык. Алар кеткенден кийин кээ бир балдарыбыз өздөрү чоң ата, чоң эненин ролун аткарып, олтура калып жомок айта кетсе, кээ бири манасчымын деп “Манас” эпосунан үзүндү айтып, келген манасчыларды туурап жатышты, кай бирлери колуна тийген буюмду комуз кылып чертип, айтор, кадимкидей жанданып, кызыгуусу артууда. Биз буга дейре 2018-жылы “Айкөл Куту – Умай Нуру” коомдук бирикмеси менен “Жеткинчекке салттуу билим” долбоорунун алкагында иш жүргүзгөнбүз. Ушундай иш-чараларды бала бакчаларда жана мектептерде көбүрөөк уюштуруу керек деп ойлойм, — дейт жаш жетекчилердин бири Карлыгач Бостонова.

Уккан сайын уккуң келген жомок сыры

Жомок жүрүшү Бишкек шаарынан кийин Түштүк жергесинде уланды. Ош, Баткен облустарындагы “Алтын бешик”, “Өрүкзар”, “Нур Периште” балдар бакчасында жаш тарбиялануучулар А.Жайнаков атындагы драма театрынын таланттуу артисттери Райымкул Мураталиев, Зымрат Мусратова ж.б. айтып берген жомокторго күбө болушту. Бул иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурууга Баткен райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Бусурманова, Баткен райондук маданият бөлүмүнүн башкы адиси Гүлжан Гапиева, Баткен шаардык Билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Ч.Кимсанова, Улуттук маданий борбордун Ош облусу боюнча өкүлү Топчубай Жороев ж.б. өз салымдарын кошту.

ЖОМОКЧУЛАРДЫН БӨБӨКТӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

Баткен районунун Бужум айылындагы “Нур Периште” балдар бакчасынын жетекчиси Угулхан Хужаева ушундай саамалык дагы уланышын кааларын билдирди.

— Бизге көңүл буруп, борбор калаабыздан атайын келип, ушул иш-чараны баштап берип эле тим болбой, өздөрү да жомок аткарышканы биздин балдарды бир чети таң калтырса, бир эсе аябай жакты жана чексиз кубандырды. Ушундай жакшы саамалыкты бизге алып келген Улуттук маданий борборунун жалпы кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Кубангандан эмне деп айтаарга сөз жетпей, аябай толкундандык. Бөбөктөр үчүн айтылган жомоктор биздин ата-энелерди да кайдигер калтырган жок. Районубуздагы “Ынтымак”, “Ак жолтой”, “Дилгир” ж.б. бала бакча жетекчилери дагы улантууну суранышууда. Демек, демилге өз максатына жетти, — деди.

Уюштуруучулар балдарга айрыкча “Бугу эне”, “Чыпалак бала”, “Акылдуу дыйкан”, “Ырыс алды ынтымак”, “Кемпир-чалдын көмөчү” ж.б. жомоктор жагып жатканын байкашууда.

Учурда республика боюнча үч миңден ашык бала ары кызыктуу, ары сыйкырдуу жомок дүйнөсүнө чабыттап, жомок сыры менен таанышты.

Жомок айтуу уланууда.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер