ЖОЛДОГУ АЖАЛ: БАЛДАРЫБЫЗДЫ КАНТИП САКТАЙБЫЗ?

  • 17.06.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) акыркы расмий маалыматтары көрсөткөндөй, өлкө жолдорундагы балдардын өлүмү жана жаракат алуусу эң олуттуу, улуттук деңгээлдеги көйгөй бойдон калууда.

Адистер акыркы убактагы көрсөткүчтөрдү талдап, абалдын кооптуулугун коңгуроо катары кагышууда.

2026-жылдын алгачкы чейреги (Январь-Март)

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы улуттук масштабда жол кырсыктарынын жалпы саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,9% азайганын көрсөттү. Бул албетте, үмүт берүүчү тенденция. Бирок, эң өкүнүчтүүсү – өлүмдүн көрсөткүчү дагы эле жогору.

  • Жол кырсыктарынын кесепетинен 18 бала өмүрүнөн айрылды.
  • Дагы 293 жаш өспүрүм ар кандай деңгээлдеги дене жаракаттарын алып, ооруканага түштү.

2025-жылдын жалпы картинасы

Өткөн жыл жолдогу кырсыктардын өсүү динамикасы менен эсте калды. Жыл ичинде өлкө боюнча 8 456 жол кырсыгы катталып, андан 900 адам көз жумган. Ал эми балдарга тиешелүү бир гана биринчи жарым жылдыктын (январь-июнь) расмий эсеби төмөнкүдөй болгон:

  • Балдар катышкан кырсыктардын саны: 1 012 учур (бул 2024-жылдын ушул мезгилине караганда 29,9% көп).
  • 42 бала жарык дүйнө менен эрте коштошкон.
  • 1 117 бала түрдүү деңгээлдеги жаракаттарды алган.

Статистикага таянсак, жол кырсыктарынын эң көп үлүшү шаар жерлерине жана эл аралык маанидеги трассаларга туура келет. Ири аймактар боюнча алсак, жалпы автокырсыктардын дээрлик 44% Бишкек шаарына таандык. Андан кийинки орундарда Чүй облусу (19,7%) жана Ош облусу (11,5%) турат.

Адистер трагедияга алып келген негизги факторлорду төмөнкүдөй топтоштурууда:

  • Айдоочулардын ылдамдыкты чектен ашырып айдоосу;
  • Калктуу конуштарда жана мектеп айланасындагы «зебрадан» балдарды өткөрбөй, сүзүп кетүү фактылары;
  • Жол инфраструктурасынын (жарыктандыруу, жол белгилери, тротуарлар) талапка жооп бербегендиги;
  • Ата-энелердин балдарды унаа ичинде атайын автокреслосуз же коопсуздук курларын тагындырбай ташуусу.

Учурда ИИМ тарабынан мектептерде «Жаш инспектор» сыяктуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол коопсуздугун көзөмөлдөө максатында санариптик тутумдарды өлкө аймагына жайылтуу аракеттери улантылууда. Бирок бул чаралар азырынча маселени толук чече албай жаткандай.

Расмий статистикадан тышкары, коомчулук өзү байкап, бирок маани бербеген дагы бир маанилүү фактор бар. Бул – чоңдордун жолдо өзүн алып жүрүү маданияты жана анын балдарга тийгизген терс таасири.

Көпчүлүк ата-энелер балдарын жетелеп алып, жолдун атайын өткөөлүнөн эмес, өздөрүнө ыңгайлуу, кыска жерден чуркап өтүүнү адат кылышкан. Бул баланын аң-сезимине «ушинтип өтө берсе болот турбайбы» деген кооптуу түшүнүктү калыптандырат. Натыйжада, бала жалгыз калганда да ошол эле катаны кайталап, унаа алдында калууда.

Маселен, Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Венгриянын тажрыйбасына кайрылсак, ал жакта ата-энелер бала менен баратканда, атүгүл ээн жолдо да атайын өткөөлгө чейин барып, жашыл күйгөндө гана өтүшөт. Бул – балага жаштайынан берилген эң чоң сабак. Ал эми жалгыз бараткан жөө жүргүнчүлөр унаа көрүнбөсө да, алгач өздөрүнүн коопсуздугуна 100% көзү жеткенден кийин гана жолду кесип өтүшөт.

Калкынын саны (9,6 миллионго жакын) жана унааларынын саны Кыргызстандан бир нече эсе көп болгонуна карабастан, Венгрияда балдардын өлүмү кескин төмөн. Европалык CARE жана алардын Улуттук статистикалык маалыматтары муну ачык тастыктайт.

Эки өлкөнүн көрсөткүчтөрүн салыштыруу (Таблица)

КөрсөткүчтөрКыргызстанВенгрия
Жыл ичиндеги жалпы өлүм (жолдо)~900 адам каза болот~450–540 адам каза болот
Жыл ичиндеги балдардын өлүмү~80-90 бала (6 айда эле 42 бала)~10–15 бала (14 жашка чейинкилер)
Кырсыкка кабылган негизги категорияКөбүнчө жөө жүргөн балдар (мектеп жашындагылар)Көбүнчө унаа ичиндеги бала-жүрүнчүлөр (45-50%)
Ичимдикке болгон чектөө (BAC)0.0 г/л (Мыйзам жүзүндө)0.0 г/л (Катуу көзөмөл жана нөлдүк толеранттуулук)
Инфраструктуранын деңгээлиӨнүгүү жолунда, мектеп айланасында коопсуздук начарЕвропалык стандарт («Vision Zero» концепциясы колдонулат)

Венгрия өкмөтү жана коому төмөнкү конкреттүү кадамдар аркылуу балдардын өмиүрүн сактап калууга жетишкен.

1. Мектеп айланасындагы коопсуз чөйрө

Венгрияда мектептердин жана бала бакчалардын айланасында жөө жүргүнчүлөр зонасы унаа жолдорунан толук бөлүнөт. Бул аймактарда унаалардын ылдамдыгы автоматтык түрдө саатына 30 кмге чейин түшүрүлөт жана атайын «акылдуу» светофорлор орнотулган. Кыргызстанда болсо, өзгөчө аймактарда, тротуар жоктугунан балдар унаалар менен бир тилкеде басууга мажбур.

2. Электрондук көзөмөл жана айып пулдарды төлөөнүн милдеттүүлүгү

Венгрияда ылдамдыкты орточо эсептеген секциялык радарлар абдан өнүккөн. Айдоочу кокустан ылдамдыкты ашырса, айып пулдан качып кутула албайт. Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору айрым борбордук гана аймактарда иштебесе, ички көчөлөрдө жана аймактарда ылдамдык тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөнбөйт.

3. Автокресло (CRS) колдонуу маданияты

Европа Биримдигинин мыйзамы боюнча Венгрияда бою 150 смге чейинки балдарды атайын автокреслосуз ташууга катуу тыюу салынган. Бул эреже полиция тарабынан өтө катуу текшерилет. Ошондуктан ал жактагы кырсыктардын 45-50% унаа ичинде болгону менен, коргоочу каражаттар баланын өмүрүн сактап калат. Ал эми Кыргызстанда ата-энелер балдарын алдыңкы орундукка отургузуп же кучактап алып жүргөн учурлар дагы эле кадимки көрүнүш.

4. «Vision Zero» стратегиясы

Венгрия жолдордо өлүмдү нөлгө түшүрүүнү көздөгөн европалык «Vision Zero» программасынын алкагында иш алып барат. Бул тутум унаа жолун курууда эле «айдоочу ката кетирсе дагы, ал ката адам өлүмүнө алып келбегидей» коопсуздук тосмолорун жана айланма жолдорду долбоорлоону талап кылат. Инфраструктура адамдын коопсуздугу үчүн кызмат кылат.

Кыргызстандагы статистика жол коопсуздугу маселесине комплекстүү мамиле жасоо керектигин айгинелейт. Бул бир гана ЖКККББнын же мектептеги инспектордун иши эмес. Бул – сапаттуу жол салган куруучунун, ылдамдыкты ашырбаган айдоочунун, баласына туура үлгү көрсөткөн ата-эненин жана мыйзамдагы талаптардын катуу сакталышын камсыз кылган мамлекеттин биргелешкен жоопкерчилиги. Бир гана ушундай кадамдар менен биз жолдогу кичинекей жарандарыбыздын өмүрүн сактап кала алабыз.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер