ЖОЛБОРС ЖЫЛЫ ЖОЛДУУ БОЛСУН!

  • 14.01.2022
  • 0

Чыгыш календары боюнча жолборс жылы 2022-жылдын 1-февралында башталат жана көптөгөн өзгөрүүлөрдү, жаңыланууну алып келет. Жылдын символу максатка умтулган адамдарды колдойт жана бардык нерседе кылдаттыкты жактырат. Гороскоп боюнча ар бир жылга мүнөздөмө жана пайдалуу кеңештерди алууда астролог Елена Егорованын айткандарына көңүл буралы.

Жылдын кожоюну болгон жолборс жылында төрөлгөндөрдү популярдуулук күтөт, жашоодо жаңы цикл башталат, турмушка көз караш өзгөрөт жана чечкиндүүлүктү талап кылат. Сизге суктанган адамдар көбөйөт, ошондуктан жаныңызга тумар алып жүрүңүз. Мисалы, торопойдун куурчакчасы жарайт. Эмне менен алектенбеңиз, бардык нерсе колуңуздан келет, бирок атаандаштардан сак болуңуз. Тилектериңиздин аткарылышына толук шарт бар, бирок ал үчүн активдүү болуп жана башка адамдардын жардамынан баш тартпаңыз. Ой-максаттарды ананкыга калтырбай, бышып турганында ишке ашырыңыз.

Чычкан жылында төрөлгөндөр үчүн 2022-жыл тилектерди ишке ашыруу менен жаңы максаттарды коюу жылы. Жаңы долбоорлор сөзсүз түрдө ийгилик алып келет. Ошондой эле жеке жашоону да жакшыртууга мүмкүнчүлүк болот. Мамилелерди мыйзамдаштырууну жылдыздар колдойт жана көп жылдан бери бала жытын эңсеп келгендер балалуу боло алышат. Долбоорлорду иштетүүдө жалгыз эмес, командада болсоңуз, көп ийгиликтер жаралат. Жылдын кожоюну жолборс жең ичиндеги оюндарды жактырбайт, ошондуктан өзүңүзгө бекем жана чынчыл болгонуңуз оң.

Уй жылында төрөлгөндөрдү жагымдуу өзгөрүштөр күтөт, жаңы эмерек сатып аласыз же көптөн күткөн жаңы үйгө ээ болосуз, башкача айтканда турак жай маселелери менен алектенесиз. Жалгыз бойлор турмуш курушат, ошондой эле бул жылы баш кошкондордун союзу бекем болмокчу. Финансы жагын карасак, кандай гана долбоордун үстүндө иштебеңиз, ийгилик жаралат. Жолборс сизге бардык жаатта стабилдүүлүктү алып келет жана жемиштүү жылдардан болот.

Коен жылында төрөлгөндөр үчүн жаңылануунун жылы. Эгер достордун, туугандардын жана бир көз караштагы адамдардын жардамын кабыл алсаңыз, жыл жагымдуу өтөт, күчтүү да болосуз. Жолборс жылы жашооңузга чоң таасирин тийгизе турган жаңылык алып келет. Эгер көптөн бери бир ой тынчыңызды алып жүрсө, бул жылы туура чечим кабыл алып, жашооңузду өзгөрткөнгө кадам таштайсыз. Жалгыз таруу ботко болбойт демекчи, кыйынчылыктарга дуушар болушуңуз мүмкүн, ошондуктан командада иштегениңиз оң. Бул жылы үйүңүзгө кандайдыр бир иш-чара менен бардык туугандарды чогултасыз.

Балык жылында төрөлгөндөрдү көптөгөн сюрприздер жана өзгөрүүлөр күтөт. Күчүңүздү жыйнап, ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Медициналык текшерүүдөн жана денени чыңдоо курстарынан өтүп коюшуңуз керек. Ийне терапиясын, стоматолог, косметологдун жардамын алсаңыз жакшы. Кызыктуу долбоорлордун үстүндө иштеп, кыймылсыз мүлккө инвестиция кылсаңыз болот жана менчик унааңызды алмаштырганга, жок болсо сатып алганга жакшы мезгил. Кыйынчылыктардан коркпоңуз, акыр аягы баары жакшы бүтөт.

Жылан жылында төрөлгөндөр жалгыздыкты сүйүп, көп убакытты талап кылчу, келечекти көздөгөн пландарды аткарышат. Ошону менен эмгекчил жыландар жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушат. Эгер китеп жазам деп жүрсөңүз чамдаңыз жана диссертация жактаганга да мезгил жетти. Мүмкүн болсо диетага отуруп, ден соолугуңузду караңыз, спорт менен да машыксаңыз болот. Командада иш алып барсаңыз, ийгиликке жана популярдуулукка жетесиз. Сизди маанилүү топтогу адамдар тааный баштайт. Бардык ойлоруңуз ишке ашсын десеңиз, өзүңүзгө күн, жума, ай жана жылдык график түзүп алганыңыз оң. Жашооңузду өтө эле өзгөртөм деген ойдон алыс болуңуз жана ички сезимиңизге көңүл бөлүңүз.

Жылкы жылында төрөлгөндөргө жолборс кызыктуу өзгөрүштөрдү тартуулайт. Жумуш ордуңузду алмаштырасыз же жаңы кызматка көтөрүлөсүз, болбосо жеке долбоор иштеп чыгасыз. Жеке жашоодо турмуш куруу жана балалуу болуу күтүлөт, теңи барлардын мамилелери жаңы деңгээлге өтөт. Бул жыл сиз үчүн бакыттын, кубанычтын, үй-бүлөдө жетишкендиктин жылы. Социалдык чөйрөдө да жагымдуу нерселер күтүлөт. Жылдын кеңеши – активдүү болуңуз. Ар дайым иштин үстүндө болуп, эч нерседен тайманбаңыз.

Кой жылында жарыкка келгендер максаттарын белгилеп, артыкчылыктуу маселелерди алдыга коюшат. Айымдар интернет булактары аркылуу өмүрлүк жолдош таап, мырзалар кыйышпас дос күтөт, башка улуттагы адамдар менен да таанышуулар болот. Көптөн бери чечилбеген маселелер жыйынтык алып келет. Жаңы кызмат, пенсияга чыгуу, турмуш куруу, жаңы ишмердик күтүлөт жана мурда барбаган жерлерге саякатка чыгасыз. Башкача айтканда, 2022- жыл мүмкүнчүлүктөрдүн жылы. Өзүңүздүн блогуңузду Ютуб, Тик-ток булактарында ачып, интернет аркылуу билим аласыз же башкаларды окутасыз жана жагымсыз долбоорлордон баш тартасыз. Жаңы таанышуулар жеке турмушка гана пайдасын тийгизбестен, интернационалдык өнөктөштүккө жеткирет. Чет өлкөлүктөр менен байланыш жакшы жыйынтык берет.

Маймыл жылында төрөлгөндөр үчүн активдүү жана кызыктуу жыл. Социалдык жашоодогу өзгөрүштөр кирешени көбөйтөт, бирок байлыкка умтулууда туура жолду тандооңуз керек. Финансылык маселелерди чеберчилик менен чече аласыз. Чөйрөңүз алмашат. Тааныштардан жана достордон этият болуңуз. Карьерада айрым өзгөрүүлөр, жаңы кызмат, жаңы ишмердик күтүлөт. Бирок иштеген тиштейт демекчи, бош отурбаңыз, ошондо акчадан кыйналбай, бардыгына жетиштиресиз. Сиз үчүн тагдыр чечээр мезгил, андыктан оңой эмес тандоого дуушар болосуз. Көп адамдар топтолчу коомдук иштерге аралашпай, митинг, массалык чогулуштарга катышпаңыз. Жыйынтыгында жеке өзүңүзгө ыңгайлуу туура чечимдерди кабыл аласыз.

Тоок жылында төрөлгөндөр денесине кам көрүп, менталдык ден соолукка көңүл бурушу керек. Пайдалуу процедураларды, капельница алып жана тишиңизди дарылатып, витаминдерди ичип, организмди толук текшерүүдөн өткөрсөңүз болот. Тегерегиңиздеги адамдар менен болгон мамилелерди карап чыгып, сизди капаланткан, жагымсыз адамдардан баш тартыңыз. Жашоодо кандай гана маселе болбосун, туура чечим кабыл аласыз. Каталар кетпеш үчүн документтерди кылдат караңыз. Жан дүйнөңүздү тазартыш үчүн телефондогу жагымсыз маалыматтардан бери тазалап салыңыз. Эскилиги жетип калган кийимдерден арылыңыз, бул жыл сизге жаңылануунун жылы.

Ит жылында төрөлгөндөр ден соолугуңузга кабатыр болбоңуздар, анткени бекем болот. Карьера менен алектенип, бизнесиңизди өркүндөтүңүз жана жеке долбоорлорду алдыга жылдырыңыз. Алдыда чоң буюмдарды сатып аласыз жана финансылык маселелерди жакшы чечесиз. Үйлүү же менчик машиналуу болосуз. Пайдалуу инвестицияга жана кирешеңизди көбөйтүүгө шарт түзүлөт. Сиз үчүн активдүүлүктүн, ошону менен бирге стабилдүүлүктүн жылы. Алыс жерге саякатка чыгышыңыз мүмкүн. Балдарыңыздын кеңештерине да кулак сала жүрүңүз. Жашооңузда көп өзгөрүүлөр болот, эгер анча-мынча нерселерге көңүл бурбасаңыз, жаңы жыл ийгилик гана алып келет.

Чочко жылында төрөлгөндөрдү карьералык бийиктик күтөт. Бирок ошого жетиш үчүн сизден чечкиндүүлүктү талап кылат. Врач, психолог, астрологдорду ийгилик коштоп, анын жыйынтыгы менен капчыктар толот. Жаңы нерсе баштайм деп жүрсөңүз чамдаңыз, жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жаңы сферада иш баштасаңыз жылдын кожоюну колдойт жана жашооңуз жаңы ачылыштарга бай болот. Билим жана тажрыйбаңызды колдоно билиңиз. Бул жыл сиз үчүн мистика, ден соолук маселелери, астрология менен байланыштуу. Ушул илимдерди өздөштүрүп алсаңыз, акча табууга жакшы жагдай түзүлөт. Жаныңызда апаңыз же тажрыйбасы жетиштүү, кеңеш берчү адам болушу зарыл. Айрыкча үй сатып алам десеңиз, жардамдан баш тартпаңыз.

Рита ТЫНАЕВА

 

Бөлүшүү

Комментарийлер