ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ? ГИМНАЗИЯНЫН ИЙГИЛИГИНИН ӨЗӨГҮ

  • 25.08.2026
  • 0

 

№3 гимназиянын ийгилигинин өзөгү — 30 жылдык педагогикалык тажрыйба жана окуу маданияты

Билим берүүдөгү ийгиликти бир гана тесттин жыйынтыгы же жогорку балл менен өлчөө мүмкүн эмес. Ар бир ийгиликтин артында жылдар бою калыптанган система, мугалимдин мээнети, окуучунун аракети, ата-эненин колдоосу жана эң башкысы — билимге болгон туура мамиле турат.

Быйыл №3 эксперименталдык гимназиянын негизделгенине 30 жыл толот. Гимназия 1996-жылы педагогика илимдеринин кандидаты, агартуучу Гапыр Мадаминов тарабынан негизделген. Отуз жылдын ичинде бул билим уясы өзүнүн өзгөчө педагогикалык багыты, автордук программалары жана окуучуларынын жогорку көрсөткүчтөрү менен айырмаланып келди.

Бүгүн гимназияда 260 окуучу билим алып, 18 мугалим эмгектенет. Бирок бул сандар анын тарыхын толук ачып бере албайт. Анткени №3 гимназиянын өзгөчөлүгү анын санында эмес, билим берүүдө калыптандырган системасында.

Гимназиянын бөлүм башчысы: «Биздин жетишкендиктин артында система турат»

Гимназиянын окуу бөлүмүнүн башчысы Анаркулова Нарбүбүнүн айтымында, бул жерде окуучуга сабак гана берилбейт. Окуучунун окууга болгон мамилесин, ой жүгүртүүсүн, өз алдынча иштөө жөндөмүн калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ? ГИМНАЗИЯНЫН ИЙГИЛИГИНИН ӨЗӨГҮ

“№3 эксперименталдык гимназияны Гапыр Мадаминов 1996-жылы ачкан. Гимназия эксперименталдык борбор катары иштеп, проблемалуу окуучу менен да, проблемалуу ата-эне менен да өзүнчө иш алып барган. Бизде Гапыр агайдын автордук китеби болгон АЭМ — акыл эмгегинин маданияты сабагы өтүлөт. Ошондой эле ата-энелер мектеби окутулат. Кошумча сабактар да киргизилген”, — дейт Анаркулова Нарбүбү.

Бул жерде бир маанилүү жагдай бар: гимназиянын ийгилиги экзамен жакындаганда гана башталган даярдыктын натыйжасы эмес. Окуучунун окуу маданиятын калыптандыруу иши мектепке келген күндөн тартып системалуу жүргүзүлөт.

АЭМ сабагынын да негизги мааниси ушунда. Окуучуга  “эмнени окуу керек?”  деген суроо менен гана чектелбестен,  “кантип окуу керек?”,  “кантип түшүнүү керек?”, “маалыматты кантип талдоо керек?”  деген суроолорго жооп берүүгө үйрөтөт.

30 жылдык жыйынтык сандарда көрүнөт

Системалуу иштин натыйжасы гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн көрсөткүчтөрүнөн даана байкалат.

Анаркулова Нарбүбүнүн маалыматына караганда, гимназиянын окуучулары 30 жылдан бери босого баллдан 100%  өтүп келе жатышат. Орточо көрсөткүчтөр да жылдан жылга жогорулап, 168, 171, 174 балл деңгээлинде болуп келген. Ал эми быйыл гимназиянын орточо көрсөткүчү 175 баллды түздү.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ? ГИМНАЗИЯНЫН ИЙГИЛИГИНИН ӨЗӨГҮ

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ? ГИМНАЗИЯНЫН ИЙГИЛИГИНИН ӨЗӨГҮ

Бул көрсөткүчтөрдүн арасында өзгөчө белгиленген жыйынтык да бар. 2023-жылы гимназиянын бүтүрүүчүсү Бекбоев Азамат жалпы республикалык тестирлөөдөн 223 балл алып, алтын сертификатка ээ болгон.

Бирок бир окуучунун жогорку көрсөткүчү — жеке ийгилик. Ал эми 30 жыл бою кайталанып келе жаткан туруктуу жыйынтык — бул системанын көрсөткүчү.

Гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн бүгүнкү тагдыры да ушуну далилдеп турат. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде билим алышууда. Алардын арасында Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, “Ала-Тоо” эл аралык университети, АУЦА сыяктуу окуу жайларда билим алып жаткандар бар. Гимназиянын бүтүрүүчүлөрү Японияда, АКШда, Германияда жана башка өлкөлөрдө да билим алышууда.

Демек, гимназиянын максаты жөн гана тесттен жогорку балл алуу эмес. Тест — ошол даярдыктын натыйжасын өлчөгөн көрсөткүчтөрдүн бири гана.

«АЭМ бизде жөн гана китеп эмес,окуу маданияты»

Гимназиянын тарых мугалими Кочкор Батыровдун пикиринде, №3 гимназияны башка билим берүү мекемелеринен айырмалап турган нерселердин бири — окуу техникасына жана окуучунун өз алдынча билим алуусуна басым жасалганы.

“Азыр гимназиялар жоюлгандан кийин бизди мектеп деп айтып калышты. Бирок бул гимназиянын Кыргызстанда өзүнчө орду бар. Бул жерде бир топ өзгөчө сапаттар, касиеттер калыптанган. Атайын кружоктор бар. Асистенттер да бар, алар мугалимдерге жардам беришет”, — дейт Кочкор Батыров.

Анын айтымында, окуу техникасы боюнча Гапыр Мадаминовдун автордук программасы бар. Ошондой эле “АЭМ” аттуу китеп жарык көрүп, Кыргызстан боюнча тараган.

Бул жерде дагы бир өзгөчөлүк көрүнөт: мугалим окуучуга даяр билимди гана берип койбостон, билимди өз алдынча өздөштүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүүгө аракет кылат.

Азыр билим берүү системасында “функционалдык сабаттуулук”, “критикалык ой жүгүртүү”, “түшүнүп окуу” сыяктуу түшүнүктөр көп айтылат. Ал эми №3 гимназияда бул багыттагы иштер мындан бир топ жыл мурда эле АЭМ сабагы аркылуу практикага киргизилип келген.

Окуучуну тестке эмес билимге даярдоо

Гимназиядагы дагы бир өзгөчөлүк — тестке даярдык ишинин системалуу уюштурулушу.

Кээде даярдык жай бою уланып, айрым учурда бир жылга чейин созулат. Мындан да кызыгы — айрым окуучулар өз каалоосу менен ишемби, жекшемби күндөрү да мектепке келип, даярданышат.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ? ГИМНАЗИЯНЫН ИЙГИЛИГИНИН ӨЗӨГҮ

“Бизде тестке даярдык бар. Жай бою, кээде бир жылга чейин тестке карата даярдык жүрөт. Окуучулар өз каалоосу менен ишемби, жекшемби күндөрү да келип даярданышат. Мугалимдер ушул жерде аларды тестке даярдайт”, — дейт Кочкор Батыров.

Бул көрүнүштү жөн гана “тестке көп даярданышат” деп түшүндүрүү жетишсиз. Анткени окуучунун дем алыш күнү өз каалоосу менен келип окушу — анын ичинде окууга болгон ички мотивация пайда болгонун көрсөтөт.

«Окуу — түшүнү» — ийгиликтин негизги баскычтарынын бири

Гимназияда тесттик даярдык менен катар окуп-түшүнүү, аналогия сыяктуу сабактарга да өзгөчө көңүл бурулат.

Мунун себеби түшүнүктүү. Окуучу текстти тез окуп, бирок анын маанисин түшүнбөсө, алган билимин практикада колдоно албайт. Ал эми түшүнүп окуган окуучу маалыматты талдап, салыштырып, жыйынтык чыгара алат.

Ошондуктан гимназияда окуу техникасы өзүнчө көндүм катары каралат. АЭМ сабагы да ушул багытта окуучунун акыл эмгегин туура уюштурууга багытталган.

Мындай мамиле тесттик суроолорду жаттап калууга эмес, суроонун маңызын түшүнүүгө шарт түзөт.

Ата — эне —  системанын сыртындагы адам эмес

№3 гимназиянын тажрыйбасындагы маанилүү багыттардын дагы бири — ата-энелер мектеби.

Көп учурда окуучунун жетишкендиги мугалим менен баланын ортосундагы мамиле аркылуу гана түшүндүрүлөт. Бирок баланын окууга болгон мамилесине үй-бүлөнүн таасири чоң. Ошондуктан гимназияда ата-эне менен өзүнчө иш алып баруу системанын бир бөлүгүнө айланган.

Бул жерде ата-эне жөн гана баланын баасын сураган адам эмес, анын билим алуу процессинин катышуучусу катары каралат.

Мындан тышкары, проблемалуу окуучулар менен өзүнчө иш алып баруу да гимназиянын педагогикалык принциптеринин бири болуп келген. Башкача айтканда, көйгөй жаралган учурда окуучуну четке какпастан, анын көйгөйүнүн себебин түшүнүүгө жана аны менен өзүнчө иштөөгө басым жасалат.

Ийгиликтин өзөгү эмнеде?

№3 гимназиянын 30 жылдык тажрыйбасы көрсөткөндөй, ийгиликтин артында бир эле фактор эмес, мугалимдин кесипкөйлүгү, окуучунун аракети, ата-эненин колдоосу жана системалуу билим берүү турат. АЭМ сабагы, окуп-түшүнүү, аналитикалык ой жүгүртүү, тестке даярдык жана окуучуга жекече мамиле — ушул системанын негизги бөлүктөрү.

Гимназиянын жетишкендиги бир жолку жогорку көрсөткүчтө эмес, анын 30 жылдан бери туруктуу кайталанып келе жаткан натыйжасында. Бүгүнкү күндө анын бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө билим алып жатышы да ушул системанын жемиши.

Мадина КУРБАНОВА , «Кут Билим»

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер