ЖЕТИ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН АТАЙ
- 25.08.2025
- 0
Кыргыз жаштарынын арасында көп тил билгенге умтулуп, дүйнөлүк мыкты окуу жайлардан билим алып жаткандардын катары көбөйүп баратат. Буга окуучулардын эл аралык сынактарды алдыңкы орундарды багындырып келгени күбө. Ошондой жаштарыбыздын бири учурда Германиянын Халле шаарындагы жогорку окуу жайында билим алып жаткан кези. Биз ошол карапайым кыргыз жигити Атай Токоевди маекке тарттык. Полиглот Атай тил үйрөнүүдө өзгөчө ыкмалары жана тажрыйбалары менен бөлүштү.

— Аты-жөнүм Атай Токоев, 23 жаштамын. Карапайым кыргыз үй бүлөсүнүн уулумун. Учурда Германиянын Халле шаарында лингвистика факультетинде окуйм. Мындан сырткары жарым жыл Санкт-Петербургда жана Польшанын Ополе шаарында университеттик алмашуу программасы менен окуп келгем. Бала кезден бери тил үйрөнүүгө көп кызыгам. Окуучу кезде орус тилинен райондук олимпиадада утуп, шаардык деңгээлге чыккам жана немис тилден олимпиадаларга катышып шаардык деңгээлде экинчи орунду алгам. Башка тилди үйрөнүү мага ары кызыктуу, ары оңой десем жаңылбайм.
-Учурда Германияда билим алып жаткан учуруңуз экен. Ал жакка кантип окуп калдыңыз?
— Өзүм немис тилдүү Герман Гмайнер атындагы мектепти бүтүргөм. Аталган мектепте 11-класстын аягында милдеттүү түрдө немис тили боюнча экзамен тапшырыш керек. Ал экзамендин жыйынтыгы боюнча Германияга окуганга жеткиликтүү тил сертификатын ала алдым (DSD 2).
Эгер студентте немис тилинен сертификаты бар болсо, Германияда окуу акысыз болот. Бул жакта мектептер биздикиндей 11 жылдык эмес, 12 жылдык окутуу системасы менен окушат. Быйыл Кыргызстан да 12 жылдык окутуу системасына өтүп жатканын угуп кубандым. Сыртта окуган көптөгөн студенттер үчүн жеңилдик болот экен. Себеби, Германияга окууга тапшыргандар бир жыл милдеттүү түрдө даярдануу колледжинде окушат (Studienkolleg). Ал колледжге тапшыруу үчүн эреже боюнча, Германияга келип экзамен тапшырышат. Мага ушул жагынан мекенимде жеңилдик болду. Элчиликтеги адамдар экзаменди Германияга учпай, Бишкекте тапшыруу мүмкүнчүлүгүн беришти. Ал экзамендин жыйынтыгы боюнча Бишкектен Германияга эки адам жолдомо алдык, анын бирөө мен болгом.

— Беш тилде эркин сүйлөйт экенсиз. Канча убакытта өздөштүрүп бүттүңүз?
— Беш эмес, азыркы учурда жети: кыргыз, орус, англис, немис, поляк, украин жана түрк тилин билем. Биринчи төрт тилди окуучу кезде өздөштүрүп баштагам. Үй- бүлөдө көпчүлүк учурда эне тилде сүйлөшөбүз. Ата-энемдин талабы жана аракети менен мектеп босогосун аттаганга чейин эне тилимди жана орус тилин эркин сүйлөөнү үйрөндүк. Мектепте англис тили жок болгондуктан, ар кандай англис тили курстарга барчумун.
Немис тилин биринчи класстан баштап, мектеп программасынын негизинде окудум. Жакшы жери – немис улутундагы мугалимдер сабак берчү. Ошондуктан тил үйрөнүү бат жана оңой болду. Алардын сабак берүү методикасы биздин кыргыз мугалимдерден айырмаланып тураар эле. Окутуу методикасы акцентти тууралап жана сүйлөшө алууну, андан кийин гана грамматикага көңүл бурдуруу болгон. Ал эми кыргыз мугалимдерде тескерисинче — биринчи грамматика, андан кийин сүйлөшүү. Мындай методиканын жаман жагы, грамматика оор болгондуктан, окуучулар грамматика этабында токтоп, сүйлөө этабына жетпей калышат.
Кийин Германияга келгенде биринчи поляк, түрк жана андан кийин украин тилин үйрөндүм. Поляк, украин тилдери орус тилине окшош болгондуктан 1-2 жылдын ичинде эле үйрөнүп калдым. Эң башында айтып кеткендей, жарым жыл Польшада окугам, жана бул тажрыйба поляк тилин үйрөнүүгө абдан чоң салым кошкон. Жалпысынан эле тил үйрөнүүнүн бат, оңой жолу, ушул тилде сүйлөгөн коомго кирүү.
-Тил үйрөнүүдө кайсы программа же ыкманы колдоносуз?
— Эң башкысы үйрөнүп жаткан тилди көп угуу. Эмне болбосун музыкабы, ютубта видеобу, же кандайдыр бир фильмби, башкысы көп угуу, жана түшүнбөгөн нерселерди ушул замат которуу (мен көбүнчө deepl сөздүгүн колдоном). Көп укканда тыбыштарды кантип туура айтууну жана тил конструкцияларын бат үйрөнсө болот.
Андан тышкары албетте практика керек. Практикасыз эркин сүйлөп кетүү мүмкүн эмес. Эң жакшы вариант, сиз үйрөнгөн тилди эне тили катары билген (носитель) адам менен баарлашуу. Ал сиздин бардык каталарыңызды оңдой алат. Бул тараптан менин колдонгон негизги ыкмам мектептеги немис мугалимдердин методикасына окшош. Биринчи сүйлөшүү, андан кийин грамматика.
Дагы бир айта кетчү сөз, жогоруда айткан методика универсалдуу эмес, балким кээ бирөөлөргө грамматикадан баштоо оңоюраак болот. Мунун баары жеке адамдын кабыл алуусуна байланыштуу эгер сиз тил үйрөнүп жатсаңыз өзүңүз байкаңыз. Кайсы ыкма сизге оңой, жана кайсыл жактары оор болуп жатат. Менин кеңешим — дайыма оңойдон баштаңыз.
— 6-класста эле “Макал-лакаптардын орусча-кыргызча сөздүгүн” түзгөн экенсиз. Кандай таасирленүү менен мындай чоң адамдар жасай албай жүргөн эмгекти жасагансыз?
— Мектепте окуган кезде кыргыз жана орус тилден дайыма жакшы бааларды алчумун. Себебин жогоруда айтып өттүм, ата-энемдин талабы жана колдоосу болчу. Алар кыргыз, орус тилин абдан жакшы деңгээлде билишет жана анда-санда тексттерди ушул эки тилге которушат.
Андан тышкары, ушул сөздүктү түзүүгө биздин орус тилден берген мугалимибиз жардам берген. Ал үчүн дагы чоң рахмат айткым келет. Мындай сөздүктү түзүү абдан оор иш. Окуучу кезимде орус жана кыргыз тилин жакшы билгенимди байкаган мугалимим проект катары мындай сөздүктү түзүүгө сунуш кылды. Биздин мектептен мени жана дагы башка класстан окуучуну тандап, аталган ишти баштадык. Проекттин эң акыркы этабы бул- презентациялоо болгон. Презентациянын өзү КРСУнун башкы корпусунда өттү. Ушул проект өзүмдүн тил үйрөнүү жагынан артыкчылыктарымды көрүүгө жардам берди жана профессионалдуу (адистик) тил үйрөнүүнүн биринчи баскычы болду десем жаңылышпайм.

-Жашоодогу ийгилигиңиздин пайдубалын түзүүдө өзгөчө таасир калтырган адамдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Биринчи ата-энемди айтам. Алар мендей полиглот эмес, бирок тил үйрөнүүгө баардык шарттарды туура түзүштү. Мектепке бара электе эле, орус жана кыргыз тилин эң жакшы деңгээлде ата-энемден үйрөндүм. Мектепте окуган кезде, англис тилден курстарга алып барышчу жана университетте мен тандаган кесипти-лингвистиканы колдошту.
Ал эми мугалимдерден айта турган болсом, 6-7 класста бизге немис тилин берген мугалимим чоң таасир калтырган. Ал бир нече тил үйрөнүүгө байланыштуу шаблондорун бузду. Ага чейин мен ойлогон, тоскоолдуктарды оңойлоштурду. Анын немис тилди үйрөтүү методикасы менин ой-пикиримди өзгөрттү. Тил үйрөнүү биринчиден адамга ырахат алып келиш керек. Эгерде адамда мотивация болбосо, көңүл кош мамиле кылса, андан жыйынтык чыкпайт. Баары адамдын көз-карашына байланыштуу.
-Билим алып жаткан жаштарга кандай кеп-кеңеш айтаар элеңиз?
— Кандай тармакта эмне иш кылбасын адамга өзү жасап жаткан иши жагыш керек. Ошондо гана адам эң бийик максаттарга жете алат.
Билим бул — келечекке болгон инвестиция. Азыркы эмгек кийин сөзсүз жемишин берет. Сабырдуу болуп, максатка дайыма аракет кылыш керек жана ар бир күндү пайдалуу өткөрүү зарыл. Элде айтат эмеспи ар бир жаңы күн жаңы мүмкүнчүлүк.
Ката кылгандан коркпогула. Каталар аркылуу адам үйрөнөт, өсөт. Өзүңөрдү башкалар менен салыштырып капа болбогула, эч ким идеалдуу эмес.
Кыргызстандын келечегин курган — дал силерсиңер, биздин мамлекетибиздин үмүтү, келечеги жалгыз силердин колуңарда!
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА,
“Кут Билим”