ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

  • 18.06.2021
  • 0

Совет бийлиги орногондон кийинки машакаттуу жылдарда карапайым элди кат таанытуу, маданиятын жогорулатуу, билим берүү аркылуу сабатсыздыгын жоюу кечиктирилгис чаралардын бири болгон.

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Абдирайим Шарипов

Бул маанилүү ишти жүзөгө ашырууга мурдагы эски түзүлүштөн айрылгысы келбеген күчтөр катуу каршылык көрсөткөнүн тарыхтан билебиз. Агартуу иши Тажикстандын Кара-Тегин өрөөнүндөгү кыргыздар байырлаган Жерге-Тал районунда да көп тоскоолдуктарга кабылган.

Кара-Тегин өрөөнүндө түзүлгөн Гарым облусунун курамындагы Жерге-Тал туманынын алгачкы бийлик башчысы Абдирайим Шарипов (1898-1987) кыргыздардын Гулама кыштагынан чыккан.

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Акхом Шамуратов

Курамы жети кишиден турган облустук башкармалыктын бир мүчөсү катары ал 1924-жылы Бүткүл тажиктердин биринчи уюштуруу курултайында сөзгө чыгып, Жерге-Талда мектеп ачуу тууралуу маселе койгон. Совет бийлигинин жеңиштерин сактап калуу үчүн өткүр, иш билги, ишенимдүү кадрлар даярдалышы керектигин, алар революциянын маани-маңызын кат-сабаты жок карапайым элге түшүндүрүшү зарыл болуп жатканын айткан.

Ошондон көп өтпөй облустун борборунда ачылган педагогикалык окуу жайга эл арасынан татыктуу адамдар тандала баштаган. Кыргыздар жыш отурукташкан Лакшы аймагынын Сары-Кенже кыштагындагы кедей үй-бүлөнүн зирек уулу Турду Мурат тандалып, педагогикалык окуу жайга алгачкылардан болуп жөнөтүлгөн. Курсту бүтүрүп келгенден кийин, элдин сабатсыздыгын жоюуга чоң салым кошкон. Өзүнүн үйүндө мектеп ачып, эл арасында абройлуу мугалим болгону азырга дейре айтылып жүрөт. Эл-жерине тарыхый кызмат кылган Турду Мурат 1982-жылы 70 жашында Сары-Кенже кыштагында дүйнөдөн кайткан.

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Касым Жамакеев

Совет бийлигине каршы чыккан Азам басмачынын кол астындагы канкорлор аймактын жер-жерлеринде жаңы ачылып жаткан сабатсыздыкты жоюу мектептериндеги саналуу мугалимдерди жана активисттерди аёосуз жазалай баштаган.

Мисалы, алар Кашка-Терек кыштагында ачылган мектептин биринчи мугалими теги коштегирмендик Ихия Ысаковду көчөдө улак тартып, жырткычтык менен өлтүрүшкөн. Жергиликтүү эл бул мыкаачылыкты ушу кезге чейин унутпай келишет.

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Иген Асаналиев

Ушундай кыйын мезгилде Кыргызстандын ошол кездеги жетекчилиги тарыхый мекенинен алыс жерде жашап калган кандаштарынын камын жеп, аларга мугалим кадрларды жөнөтө баштаганы тууралуу тарыхый маалыматтар бар.

Кыргызстандан 1932-жылы жөнөтүлгөн ошол алгачкы жетимиш мугалимдин бири Курмушу уулу Асанаалы болуп саналат. 1944-жылы Жерге-Талдын Чоң-Кыргыз кыштагында төрөлүп, 7-класска чейин окуган кыргыз милициясынын генерал-майору Тилек Асаналиев атасы жөнүндө мындай маалымат берген эле:

– Атамдын кантип барып калганын сураганымда ал: «1932-жылы Тажикстандагы эки райондун кыргыздарына мугалимдерди жөнөтүү зарылчылыгы күчөп, сабаттуу адамдар керек болуп жаткан. Ошондо мен өз ыктыярым менен демилгелүү топко кошулуп, Тажикстанга аттанган жетимиш мугалимдин катарына киргенмин. Дүйшөмбү калаасындагы бөлүштүрүүдө Жерге-Тал районуна бөлүнүп, көптөгөн жылдар бою ошол жердеги кыргыздарга билим бергенмин», — деп айткан болчу.

Жергеталдык кыргыздардын терең урмат-сыйына арзыган абройлуу мугалим Курмушу уулу Асанаалы улутташтарына чейрек кылымдан ашуун кызмат өтөп, Кыргызстанга 1958-жылы көчүп келген экен. 1979-жылы 86 жашында каза болгон.

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Тилек Асаналиев

Сабатсыздыкты жоюуга зор салым кошкон мугалимдердин дагы бири – Касым Жамакеев (1928-2019) Чүйдөн жигит курагында барып, каратегиндик кыргыздардын балдарын окутууга өмүрүн арнады. Ак эмгегинин үзүрүн көрүп, Тажикстандын «Элге билим берүүсүнүн мыктысы» болду, жеңил машине менен да сыйланды.

Теги чүйлүк Чоко Сасыкулов агай Жерге-Талга 1940-жылы келиптир. Кыргыз айылдарындагы көптөгөн мектептерде иштеп, тажрыйбалуу адис катары окуу-тарбия иштерин жандандырган.

Кашат айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте көп жылдар бою деректир болуп эмгектенген. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин деле Кыргызстанга көчүп кеткен эмес. Ошол жерде дүйнөдөн кайтып, сөөгү Жайылгандагы бейитке коюлуптур.

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

А.Кадыркулов устаты Ж.Мукамбаев менен

Каратегиндик кыргыздардын сабатсыздыгын жоюу, мугалимдерди даярдоо жаатында сөз кылганда Памир, Алай, Жерге-Тал, Алтай, Тувага чейин барып, 32 миң сөздү камтыган 224 басма табак көлөмүндөгү «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» деп аталган өлбөс-өчпөс эмгегин жараткан көрүнүктүү түрколог, педагог, публицист, профессор Жээнбай Мукамбаевди (1929-1989) эстебей коюу эч мүмкүн эмес. Анткени, ал убагында Каратегиндик кыргыздардын сабатсыздыгын жоюуга өзгөчө салым кошкон тарыхый инсандардын бири болуп саналат.

Ал 1951-жылы Жерге-Талдан жүз чакырымдай аралыктагы облус борбору Гарымда ачылган алгачкы педагогикалык окуу жайга Кыргызстандан барып, кыргыз мектептерине мугалимдерди даярдоо бөлүмүндө сабак берген. Каратегиндик кыргыздардын келечегине чын жүрөгүнөн кызмат кылган бул айкөл инсан милдетин аткарып болгон соң Кыргызстанга кайтып келгенден кийин деле аларга күйүп жүргөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин деканы болуп иштеп жүргөн жылдар аралыгында тажикстандык кыргыздардын ондогон улан-кыздарынын жогорку билимге ээ болушуна аталык камкордук кылган.

Жээнбай агай университетте окуп жаткан студенттердин жатакана, стипендия ж.б. муктаждыктарына ар дайым көңүл бурган. Окуудан артта калгандарына колдон келишинче жардам бергенин тажикстандык шакирттери айтып жүрүшөт. Ал Бадахшанда, Жерге-Талда, Шаартузда, Исфарада жашаган кыргыздардын мектептери жогорку билимдүү мугалимдерге муктаж экенин жакшы билгени үчүн ушундай камкордук кылган. Ал жактагы кандаштарынын көйгөйлүү маселелери аны дайыма тынчсыздандырган.

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Тажик Республикасынын «Эл агартуусунун мыктысы» наамына үзүрлүү эмгеги менен арзыган химия мугалими Эмил Сарыбаев өмүр шериги Каусар Сарыбаева менен 1957-жылы келишкен. Эмил агай өмүрүнүн аягына чейин райборбордогу орто мектепте иштеген. Бул инсан деле Кыргызстанга кайтып келген эмес. Жерге-Талда көз жумуп, сөөгү ошол жерге коюлуптур.

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Турду Муратов үй-бүлөсү менен

Жерге-Талдагы кыргыздардын улуттук баалуулуктарынын, эне тилинин, маданиятынын сакталышына жана өркүндөшүнө баалуу салым кошкон чыгармачыл педагогдор – Кыргызстандын Ак-Суу районунан 60-жылдары келген Иген Асаналиев (1938-2019) менен КМУнун филология факультетин ийгиликтүү бүтүргөн жергиликтүү мугалим, котормочу Ахком Шамуратовдун (1945-2017) эмгектери да өзгөчө орунду ээлейт. Аймакта жогорку билимдүү кадрлар дале болсо жетишсиз болуп турган мезгилде бул инсандар мектептерде кыргыз тили жана адабиятынан сабак да берип, райондук гезитте да үзүрлүү эмгектенишкен. Бул таланттуу калемгерлердин чыгармачылык дараметтеринин шарапаты менен кыргыздардын көзгө сүрткөн жергиликтүү газетасы 60-жылдардан кийинки мезгилде мазмуну жагынан да, тилинин нукуралыгы жагынан да өйдөлөп, окурмандардын сабатын арттырган сүйүктүү гезитке айланганын баса белгилеп айтууга негиз бар.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

 

Бөлүшүү

Комментарийлер