ЖЕМКОРЛОРГО БӨГӨТ КОЙГОН ЖРТ
- 10.02.2025
- 0
Мындан 24 жыл мурда Билим берүү жана илим министрлиги демилге көтөрүп, жождордо окуу үчүн мамлекеттик гранттарды алууга талаптанган мектеп окуучуларын объективдүү, ачык тесттен өткөрүү колго алынган болчу. Андан бери далай суу акты. ЖРТнын эң маанилүү пайдасы – абитуриенттердин материалдык, социалдык абалына же республиканын кайсы жерлеринде жашагандыгына карабастан, аларга окуу жайларга өз күчү менен өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берип келатат. Анда эмесе, долбоордун тарыхына көз чаптырып көрөлү.
Долбоордун тарыхы
Мындан туптуура 24 жыл мурда жемкорлорго бөгөт салуу үчүн Кыргыз Республикасында Жалпы республикалык тест (ЖРТ) өткөрүү демилгеси билим берүү чөйрөсүндөгү реформалардын планын иштеп чыккан Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2002-жылы сунуш кылынган. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракееванын айтымында, реформалоонун маанилүү маселелеринин бири болуп билим берүү чөйрөсүндө кесипкөйлүк деңгээлде баалоо жүргүзө алган көз карандысыз тест уюмун (КТУ) түзүү эсептелген. КТУнун маанилүү максаты — жождордо окуу үчүн мамлекеттик гранттарды алууга талаптанган мектеп окуучуларын объективдүү, ачык тесттен өткөрүү колго алынган болчу.
— Мындай уюм расмий түрдө негизделип, катталган. Бул жеке, коммерциялык эмес уюм – Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ). Ал эми ЖРТ болсо окууга өтүү өнөктүгүн коштогон терс көрүнүштөрдү жоюуга жардам берген жана республиканын жогорку окуу жайларына чыныгы таланттуу жаштар өтө алгандай ачык-айкын, адилеттүү кабыл алуу жараянын камсыз кылган курал болуп калды. ЖРТнын максаты – өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуусун ийгиликтүү улантып кете ала турган эң жөндөмдүү абитуриенттерди аныктоо. Быйылкы жылы Жалпы республикалык тест жыйырма төртүнчү жолу өткөрүлөт, — дейт борбордун директору Чынара Батракеева.
Сандар сүйлөйт
Акыркы 23 жыл аралыгындагы фактыларга көз чаптырсак, 2002-2024-жылдардын аралыгында Жалпы республикалык тестти өлкөнүн жогорку окуу жайларына окууга өтүүнү каалаган 975 181 адам тапшырыптыр. Алардын ичинен жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына 108 346 адам кабыл алынган. Ал эми 2024-жылы жождордун гранттык орундарына кабыл алынгандардын жалпы катарынан 49,6%ын айылдык, 18,1%ын бийик тоолуу аймактардагы мектептерди бүтүргөндөр, 16,2%ын Бишкек шаарынын жана 15,9%ын чакан шаарлар менен облус борборлорунун абитуриенттери түзгөн. Ошондой эле ошол жылы контракттык негизде окууга тапшыргандардын 43,1%ын айылдык, 11,5%ын бийик тоолуу аймактардагы мектептерди бүтүргөндөр, 27,0%ын Бишкек шаарынын жана 18,0%ын чакан шаарлар менен облус борборлорунун абитуриенттери болуптур.
2024-жылы тестке катышкан кыздар менен уландардын санын көрсөткөн маалыматтар болжол менен мурдагы жылдардагы маалыматтардан көп айырмаланбайт: тестке 29 466 кыз жана 22 480 улан катышкан. ЖОЖдордун гранттык орундарына 4 056 кыз жана 2 965 улан кабыл алынган. Кыздардын негизги тестте көрсөткөн орточо упайы (132,0), уландардыкы (123,7). Окууга алынган кыздардын орточо упайы уландардыкынан сегиз упайга көбүрөөк.
Гранттык жана контракттык окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча 110 упайды, предметтик тест боюнча 60 упайды түзгөн. Педагогикалык адистиктерге гранттык окуу формаларына негизги тест 120 упай, ал эми контракттык окуу формаларына – 115 упай, предметтик тесттин упайы 60 болуп бекитилген.
Ал эми медициналык адистиктерге гранттык окуу формаларына негизги тест боюнча – 120 упай жана контракттык окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча 110 упай, биология боюнча – 60 упай; химия боюнча – 60 упай. I, II топтогу ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттер ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыгы 105 упай болгон учурда гранттык орундарга (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары), 100 упай менен контракттык орундарга тапшырышкан.
Бирдей мүмкүнчүлүк
Кыргызстанда ЖРТ киргизилген алгачкы жылы үч бөлүктөн турган негизги тест иштелип чыккан: «Математика» бөлүмү, ал 40 тест тапшырмасын камтыса, «Текстти окуу жана түшүнүү» бөлүмү — 30 тапшырманы жана «Кыргыз/орус тилинин практикалык грамматикасы» бөлүмү, ал дагы 30 тапшырманы камтыган экен. Кийинки жылы, т.а. 2003-жылы негизги тесттин курамына 30 тест тапшырмасынан турган «Аналогиялар (окшоштуктар) жана сүйлөмдөрдү толуктоо» бөлүмү кошулган. Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын керектөөлөрүн эске алып, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу боюнча, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан химия, биология, англис жана немис тилдери боюнча предметтик тесттер да иштелип чыккан. Ошондой эле ЖРТга катталган ар бир абитуриент үчүн кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде «Жалпы республикалык тестке даярданабыз» аттуу акысыз брошюралар иштелип, басылып чыгып, ар бир абитуриентке таратып берүү салтка айланган.
— ЖРТ долбоору тарабынан Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ар бир абитуриентке ЖРТ катышуучусунун сертификатын берүү системасы колдонулду. Сертификаттын жана айрып алма талондордун жардамы аркылуу өлкөнүн жождоруна өтүү жол-жобосун жакшыртуу мүмкүн болду. Абитуриенттер ЖРТга даярдануу үчүн негизги тест боюнча кыргыз жана орус тилдеринде колдонмолор иштелип чыккан. Белгилей кетчү жагдай, өлкөдөгү абитуриенттердин жашаган жана билим алган шарттары бирдей болбогондугун эске алып, министрлик квоталоо системасын киргизген болчу. Ага ылайык, мектептердин баары төрт категорияга бөлүнгөн. Тигил же бул категорияга караштуу болгондугуна жараша тесттин катышуучуларынын сертификаттары өңү менен айырмалана баштап, жождордун гранттык орундарына жарыяланган конкурс ар бир категориянын ичинде өткөрүлө баштады, — дейт Чынара Батракеева.
Ошентип, ар жылы борбор тарабынан тестти жакшыртуу максатында өзгөртүүлөр киргизилип, тестке даярдануу үчүн кошумча предметтик колдонмолор үч тилде иштелип чыккан. Ошол 2004-жылы, баса, интернет сайты да ишке киргизилген. Ушул эле жылы бир эле гранттык орундарга эмес, контракттык орундарга да кабыл алуу системасы сынактан өткөн. Ошентип, Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесин толугу менен аткаруу кадамдарын жасаганга бел байлайт. Аталган беренеде белгиленгендей, “өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы бюджеттик гана эмес, контракттык орундарга да кабыл алуудагы коррупция менен күрөшүү жана бардыгы билим алууда бирдей мүмкүнчүлүк менен камсыз болуу жаатында дагы бир кадам шилтенди”.
Азыркы учурда, 2021-жылдан бери, ЖРТга каттоо системасы абитуриенттерге ыңгайлуу болуш үчүн онлайн түрүндө жүргүзүлөт. Өлкөнүн ар тарабындагы абитуриенттер жашаган жеринен, окуган мектебинен тестке телефону аркылуу эле катталып, катышуу укугуна ээ болуп келишет. Каттоодон өткөн ар бир абитуриентке тест өтө турган орду жана убактысы менен бирге, ЖРТнын эрежелери, ийгиликтүү тапшыруу үчүн кеңештер, тапшырмалардын мисалдары камтылган “Жалпы республикалык тестке даярданабыз” аттуу акысыз китепчелер таратылып берилет.
— Жалпы республикалык тест көп варианттагы жооптору бар, алардын бири гана туура болгон тапшырмалар форматында жасалган. Тесттин мындай форматы кокусунан тандалып алынган эмес. Ал тесттин жыйынтыктарын эсептөөдө адамдын кийлигишүүсүн азайтат. Жараяндардын баары автоматташтырылып, бул тесттин жыйынтыгына адамдык субъективдүү фактордун таасир берүүсүн жокко чыгарат. Тест үч бөлүмдөн турат: математика бөлүмү (90 мүнөт); сөздүк-логикалык бөлүм (90 мүнөт) жана кыргыз же орус тилинин практикалык грамматикасы (35 мүнөт). Математика бөлүмү эки бөлүктөн турат: салыштырууга берилген тапшырмалар (30 мүнөт) жана туура жообун тандоого сунушталган тапшырмалар (60 мүнөт). Сөздүк-логикалык бөлүм да эки бөлүктөн турат: окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо (30 мүнөт) жана текстти окуу жана түшүнүү (60 мүнөт). Тесттер абитуриенттердин тандоосуна, тесттен өтүп жаткан адам өзүнүн билим-жөндөмдөрүн кайсы тилде жакшыраак көрсөтө аларына жараша эки тилде: кыргызча жана орусча сунуш кылынат. Жооп барагын толтурууга жана нускамаларды угууга кеткен убакытты эсепке албаганда, тесттин узактыгы 3 саат 35 мүнөттү түзөт, — дейт Чынара Батракеева.
Предметтик тесттердин максаты башка
Жалпы республикалык тесттин алкагында химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тили боюнча предметтик тесттер өткөрүлүп келген. 2020-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы боюнча филологиялык адистиктер үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча предметтик тесттер киргизилген.
Предметтик тесттерди тигил же бул предметтик тестти тапшырууну талап кылган адистиктерге окууга өтүүнү каалаган абитуриенттер тапшырышат. Предметтик тесттердин максаты негизги тесттин максатынан башкача. Предметтик тест жетишкендиктерди баалайт. Бул учурда окуучулардын тигил же бул предметтеги окуу жетишкендиктерине баа коюлат. Бирок бул жерден да басым алардын эске тутуусун текшерүүгө эмес, окуп үйрөнгөндөрүн түшүүнүүсүн жана алган билимдерин колдоно билүүсүн текшерүүгө жасалат.
Өткөн жылы болсо «Мамлекеттик тил жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 13-беренесин ишке ашыруу максатында мамлекеттик тил боюнча тест милдеттүү түрдө киргизилген.
— Аталган тест өлкөнүн жождорунда окууну каалаган бардык абитуриенттер үчүн милдеттүү болуп саналат жана алардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт (1 – ортодон төмөн, 2 – орто, 3 – ортодон жогору, 4 – жогорку). Мамлекеттик тил боюнча тест 50 суроону камтыган эки бөлүмдөн турат: мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын жана мектеп программасын эске алуу менен түзүлгөн лексика-грамматикалык мүнөздөгү суроолор жана ар кандай стилдеги, жанрдагы жана тематикадагы эки текстти окуп, аларга карата берилген бештен суроого жооп берүү. Тексттерди тандоодо тестке катышкандардын жаш өзгөчөлүгү жана окутуу кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектеп окуучуларынын мектеп программасындагы лексикалык минимумдары эске алынат. Тест жооп барагын толтурууну жана тесттин администратору окуган нускамаларды эске албаганда 80 мүнөткө созулат. Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыктары жогорку окуу жайларга тапшырууда таасир этпейт. Бирок негизги жана предметтик тесттердин (ЖРТ сертификаты) жыйынтыктары, мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылмайынча, берилбейт, — дейт борбордун директору.
2024-жылы гранттык окуу формасына тапшырган абитуриенттердин жалпы санынын 52%ын мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билген абитуриенттер түзсө, 38%ын ортодон жогору, 9%ын орто, 1%ын ортодон төмөн билген абитуриенттер экен. Ал эми контракттык окуу формасына тапшырган абитуриенттердин жалпы санынын 38%ын мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билген абитуриенттер түзсө, 46%ын ортодон жогору, 14%ын орто, 2%ын ортодон төмөн билген абитуриенттер түзгөн.
Жалпы республикалык тест Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
ЖРТнын эң маанилүү пайдасы – абитуриенттердин материалдык, социалдык абалына же республиканын кайсы жерлеринде жашагандыгына карабастан, аларга окуу жайларга өз күчү менен өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берип келатат. Мындан тышкары, ЖРТнын натыйжасында: мугалимдер окутуу үчүн, окуучулар окуу үчүн мотивация алышты, анткени мектеп директорлорун сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, акысыз жогорку билим алуунун анык мүмкүнчүлүгү мугалимдерди да, окучууларды да күч күрөөгө эң жакшы шыктандырды; бүтүрүүчүлөрү жождорго өткөн мектептердин саны көбөйдү; алыскы аймактардан келген студенттердин саны өстү; коомчулуктун ишеними күчөп, жашоодо оң өзгөрүүлөр мүмкүн деген үмүт пайда болду; билим алуунун негизги куралы катары тексттерди окуунун маанилүүлүгүнө басым жасалды, анткени тестте окуучулардын окуган текстин канчалык түшүнгөндүгүн текшерүүнү көздөгөн атайын бөлүм бар; математика, окуу, химия, биология, физика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили сабактарында алынган билимдерди колдонуунун маанилүүлүгү баса белгиленди, анткени тестте басым фактыларды эстегенге эмес, алган билимди колдонууга жасалат; окуу жана жазуу менен катар, азыркы замандагы билимдүү адамдын негизги куралдарынын бири математикалык билим экендигине өзгөчө басым жасалды ж.б.у.с.
Тесттин көз карандысыздыгы
Жалпы республикалык тестти өткөрүүдө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тесттин жана тест өткөрүү процессинин негизги мүнөздөмөлөрүн регламенттеген нормативдик документтерге таянат. Ошондой эле жождорго өтүү конкурсун өткөрүү жараяны жана абитуриенттерди гранттык жана контракттык орундарга кабыл алуу тартиби да регламентке салынган. Тесттин максатын жүзөгө ашыруу үчүн ББОУБ Билим берүү жана илим министрлиги менен, жергиликтүү деңгээлдеги билим берүү бөлүмдөрү, мектептер жана жождор менен тыгыз алакада иштейт. Борбордун ишмердүүлүгүнө тике көзөмөл жүргүзгөн орган – Камкорчулар Кеңеши, анын алдында борбор өз ишмердүүлүгүнүн эң маанилүү багыттары боюнча эсеп-жооп берип, эң маанилүү чечимдерди аны менен бирге кабыл алат.
Кыргызстандын мектептеринин бүтүрүүчүлөрүн жождорго өтүү үчүн тесттен өткөрүүнү мамлекеттин буйрутмасы боюнча көз карандысыз, жеке, коммерциялык эмес уюм жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө болуп эсептелет.
Тест сатылган эмес жана сатылбайт
— Тест мазмунунун купуялуулугун сактоо жана тесттин жыйынтыктарына таасир берүү мүмкүн болбой тургандыгын кепилдикке алуу – ар бир абитуриенттин тагдырына да, Кыргызстандын жождорундагы бюджеттик орундардын бөлүнүшүнө да чоң тааасир тийгизүүчү маанилүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген зарыл шарттар. Жөнөкөй тил менен айтканда, тест тапшырмалары сатылбагандыгын, белгилүү бир төлөмдүн аркасы менен абитуриент чындыгында топтогондон жогорураак упай жазылган сертификатты алуу мүмкүн болбогондугун кепилдикке алуу зарыл. Тажрыйба көрсөткөндөй, абитуриенттердин өздөрүн да, алардын ата-энелерин да, баарыдан мурда, тынчсыздандырган суроолор мына ушулар. Бардык зарыл талаптар сакталгандыгын толук ынанып айтууга мүмкүндүк берген эң биринчи маанилүү далил – бул уюмдун ар бир мүчөсү ББОУБдун аброюнун колдоого аябагандай кызыкдар болгондугу, анткени бул уюмдун туруктуулугун жана андагы кызматкерлердин жумушу бар болгондугун камсыз кылат. Ошентип, ички жана тышкы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөш уюмдун ар бир кызматкерине пайда гана алып келет. Андан тышкары, ББОУБдун кызматкерлери бир катар документтерге кол коюп, ошол документтерде кызматтык тартип бузулган учурда олуттуу жазага тартуу каралган. Жогоруда айтылып кеткендей, уюмдун ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу ББОУБдун Камкорчулар Кеңеши тарабынан ишке ашырылат. ББОУБда купуялуулуктун бир катар жол-жобосу иштелип чыккан жана такай өркүндөтүлүп келет, — дейт Чынара айым.
Тест атайын даярдыктан өткөн жана бүгүнкү күнү тест тапшырмаларын түзүүдө жетиштүү тажрыйбасы бар Кыргызстандын мектептеринин мугалимдери жана жождордун окутуучулары тарабынан ББОУБдун кеңсесинде иштелип чыгат. Тапшырмаларды жазып бүткөндөн кийин иштеп чыккан адам аны рецензиялоого берет. ББОУБда көп баскычтуу рецензиялоо колдонулуп, бир эле тапшырма эң кеминде беш рецензиядан өткөндөн кийин гана тест тапшырмалардын банкына түшөт.
— Рецензиялоодон өткөн тапшырмалар кыйла оңдоолорго, кошумча иштеп чыгууларга жана өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн. Ошон үчүн тапшырманын акыркы варианты баштапкысынан бир топ айырмаланат. Тапшырмаларды иштеп чыккан адамдын өзү кабыл алынган тапшырмалар андан кийин эмне болорун билбейт. Ал тапшырма кандай өзгөргөндүгү, кайсы тестте (ББОУБда азыркы учурда тесттердин бир нече түрү иштелип чыгат) жана качан колдонула тургандыгы, дегеле колдонулуп-колдонулбаганы туурасында маалымат албайт. Бул тапшырма тапшырмалардын электрондук банкына жайгаштырылып, сыноодон өтүп, татаалдыгы, бөлүштүрүү жөндөмдүүлүгү ж.б.у.с. так статистикалык мүнөздөмөлөргө ээ болгондон кийин гана колдонулат. Сыноодон тесттер эмес, тапшырмалар банкындагы суроолор өтөт. Сыноого чейин алардын болжолдуу гана мүнөздөмөлөрү болуп, алар эксперимент аркылуу текшерилиши керек. Бир дагы тапшырма эксперимент аркылуу сыноодон өтмөйүнчө, тестке киргизилбейт. Ошол эле мезгилде сыналган тапшырмалардын баары эле иштелип чыккан жылы тигил же бул тесттин тутумуна кире бербейт. Тесттин акыркы варианты алдын ала белгиленген мүнөздөмөлөр, иштелип чыккан матрица боюнча тесттин алдында түзүлөт. Купуя маалыматтарды камтыган компьютерлер жергиликтүү тармакка да, интернетке да байланышпайт жана белгилүү бир так кармалуучу жол-жоболор боюнча гана ачылат. ББОУБдагы бир дагы адам тестке байланыштуу толук маалыматка ээ боло албайт. Анын өз алдынча бөлүктөрүнө ээ болгон адамдардын алкагы да өтө чектелген. Борбордун көпчүлүк кызматкерлери Тест материалдарынын купуялуулугу – ченөө тактыгынын зарыл шарты. купуя маалыматты ача алышпайт. Тест нускалары ББОУБдун коопсуздук кызматынын көзүнчө көбөйтүлөт. Нускалоо жасалып жаткан жайга видеокамералар орнотулуп, видеобайкоо жана видеожазуу жүргүзүлөт. Мындан тышкары, басып чыгаруучу уюм жана тесттерди чыгарууга байланыштуу ар бир кызматкер купуялуулукту сактоо жөнүндө жеке макулдашууга кол коёт. Түзүлгөн тесттин даяр ачкычтары (ачкыч – тапшырманын туура жообу) бүт өлкөдө тест бүтмөйүнчө жана бардык жооп баракчалары сканерге түшүрүлүп бүтмөйүнчө түзүлбөйт. Тест сынак тапшырып жаткандардын колуна тиймейинче, эч ким толук тестти көрбөөгө тийиш жана тапшырма аткарылып жаткан мезгилде же тесттин башка бир баскычтарында эч ким абитуриентке жардам бере албайт, — деди борбордун директору.
150 суроодон жана ар башка 5 бөлүктөн туруп, көптөгөн варианттары бар тесттин даяр ачкычтары жок болгондугу (өзүнчө көптөгөн варианттары бар предметтик тесттерди эсепке албаганда да), тестти өткөргөн администраторлордун бири тест аткарууда жардам бергиси келген күндө да, анда мындай мүмкүнчүлүк жок болоруна кепилдик болот. Тестти өткөрүүдө да катуу карманган жол-жоболор иштелип чыгып, администраторлорго тест материалдары менен жалгыз калууга тыюу салынган. Тест материалдарын санап чыгуудан баштап, аларды таратып берүү, чогултуу жана таңгактоо сыяктуу тест материалдары менен жүргүзүлүүчү операциялардын баары тестти өткөрүү тайпасынын бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен аткарылат. Жооп баракчаларынын баарын сканерге түшүрүп, маалыматтарды электрондук базага киргизгенден кийин, суроолордун ачкычтары түзүлө электе жана жыйынтыктар эсептеле электе, Билим берүү жана илим министрлигинин, массалык маалымат каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин, Акыйкатчы аппаратынын жана коомдук фонддун өкүлдөрүнүн көзүнчө абитуриенттердин жооптору компьютердик дискке жазылат. Ошол диск банктын (демейде эл аралык банктын) сейфине салынат. Банк чөнөгүнүн (ячейка) ачкычы ББОУБдун кызматкерлери болбогон эки адамда сакталат. Демейде алардын бири Билим берүү министрлигинин, бири эл аралык уюмдун өкүлү болот. Ошол чөнөктү ачуу үчүн бир эле мезгилде ошол жерде аталган эки кишинин, ББОУБ өкүлүнүн жана банк кызматкеринин болушу талап кылынат. Чөнөк ачылган сайын бул туурасында банктын журналына жазылат. Диск Кыргызстандын бардык жождорунда бардык абитуриенттерди кабыл алуу жараяны бүтмөйүнчө, банкта сакталып турат. Абитуриенттердин жоопторунун бул электрондук базасы өзгөртүүгө мүмкүн болбогон жана берилген жыйынтыктар менен качан болсо да текшерүү мүмкүн болгон үлгү болуп эсептелет. Ошентип, маалымат базасындагы упайларды өзгөртүү жана жасалма упайлар жазылган сертификатты берүү мүмкүнчүлүгү толук жоюлат.
ББОУБ республиканын жождоруна кабыл алуу конкурсун өткөрбөйт жана ал үчүн жооп бербейт. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана 2020-жылдан бери иштеп жаткан ЖРТнын жыйынтыгы боюнча КРнын жождоруна кабыл алуу системасы абитуриенттерге университетке келбестен, телефон же компьютер аркылуу онлайн катталуу аркылуу сынакка катышууга жана жождун студенти болууга мүмкүнчүлүк берет. Онлайн конкурс өткөндөн кийин, кабыл алар алдында ар бир жож кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин топтогон упайларын ырастоо үчүн алардын тизмелерин ББОУБга жөнөтөт. ББОУБ кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелеринде көрсөтүлгөн упайлар менен борбордогу электрондук базага киргизилген упайларды салыштырып, бардыгы туура болуп чыккан учурда тизмелердин ар бир бетине ББОУБдун директорунун колу жана уюмдун мөөрү коюлат. Андан кийин кабыл алууга сунушталган абитуриенттин жеке кабинетине окуу жайга кабыл алынгандыгы туурасында билдирүү келет. Муну абитуриент ырастап, же четке кага алат. Ырастагандан кийин жождо гранттык жана контракттык орундарга кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси түзүлөт. Мындай процедуралар жожго тапшыруудагы коррупциялык коркунучтардын алдын алат.
Быйылкы сынак качан өтөт?
Каттоо акысы 2025-жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду, 2024-жылы киргизилген мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 200 сомду түзөт.
Тест болжол менен 2025-жылдын 15-майынан 21-майына чейин өткөрүлөт.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору ЖРТга даярдануу үчүн www.testing.kg сайтындагы компьютердик жана бланк түрүндөгү сынамык тесттерди, акысыз китепчелерди, ошондой эле www.testing.kg сайтындагы жана YouTube каналындагы ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактарды сунуштайт.
2025-жылы Жалпы республикалык тестке каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында 3-февралдан 4-апрелге чейин жүргүзүлөт. Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн алар окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнөн катталышат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер