СТУДЕНТТЕРДИН ТАРТИП МАСЕЛЕСИ КАРАЛДЫ

  • 29.10.2026

2026-жылдын 29-октябрда Ош технологиялык университетинде социалдык тармактарда тараган окуяга байланыштуу кезексиз жыйын өткөрүлдү.

Жыйын окуу иштери боюнча проректор Эрнисбек Алайчиевдин жетекчилиги алдында

өтүп, ага институттардын жана колледждин директорлору, кафедра башчылары катышты.

Жыйында ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин биринчи курсунда

окуган, окуяга катыштыгы бар деп шектелген студенттерге карата укук коргоо

органдарынын сунуштарынын негизинде тиешелүү чараларды көрүү, анын ичинде

окуудан четтетүү маселеси каралды.

ОшТУ студенттер арасында тартипти чыңдоо жана мындай окуялардын алдын алуу

боюнча иштерди күчөтөт.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү