“ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ” ДОЛБООРУНУН ЖЕКЕ БАЛА БАКЧАГА ЖАРДАМЫ

  • 15.07.2026
  • 0

“Бай балакай” жеке менчик бала бакчасы КР Агартуу министрлигинин “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү” долбоорунун алкагында Бишкек шаарында иштеп жаткан жеке менчик бала бакчанын бири. Учурда анда 100дөн ашык мектепке чейинки курактагы балдар тарбияланат. Бөбөктөргө ар улуттун өкүлдөрүнөн турган жыйырмага жакын өз кесибинин устаттары билим-тарбия берет.  

“ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ” ДОЛБООРУНУН ЖЕКЕ БАЛА БАКЧАГА ЖАРДАМЫ

“Бай балакайдын” директору Акылбек Назиров 28 жыл РФда жашап, жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн. 2018-жылы келинчеги Анастасия экөө Кыргызстанга көчүп келип, “Бай-Балакай” деген жеке менчик бала бакча ачкан эле. Бала бакчанын башчысы Анастасия  Сергеевна экөө кандай иш болсо да ата-энелер менен кеңешип, балдарга ыңгайлуу жана пайдалуу чечимдерди кабыл алганга аракеттенишет. Акылбек мырза убагында аябай эле кыйналгандарын жашырбайт. Оңдой берди болуп Өкмөт тарабынан жеңилдетилген насыя алган соң, имараттарын кеңейтишти. Ошого жараша балдардын саны да көбөйдү. Мурда каалоочулар көп болгону менен имараттын тардыгынан балдарды каалагандай кабыл ала алышчу эмес.

— “Жеңилдетилген насыя” долбоорунун алкагында ачылган “Бай Балакай” жеке менчик бала бакчасынын негизги максаты – жеке секторду өнүктүрүү аркылуу ар бир баланы мектепке чейинки сапаттуу билим берүү менен камсыз кылуу. Биз ушундай каржылык колдоо алып, бала бакчабызды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз пайда болгонуна абдан кубанып турабыз. Анткени жеке менчик бала бакча ачуу келинчегим экөөбүздүн көптөн берки кыялыбыз эле. Биз колубуздан келишинче балдарга жана ата-энелерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттенип жатабыз. Алсак, эң биринчи эле балдарды транспорт менен ташуу маселесин чечтик. Балдарды ташуу үчүн атайын эки автобус каралган. Автобустар эртең менен балдарды үйлөрүнөн алып келип, кечинде кайра үйлөрүнө жеткирип берет. Мында ата-энелер жана балдар үчүн ыңгайлуулук жаралууда. Биринчи кезекте алар коомдук транспорттордо тыгылышпай, кенен, таза транспортто үйлөрүнө жеткирилет. Экинчиден, балдардын коопсуздугун сактоо да эң маанилүү маселе экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ата-энелер убактыларын ашыкча коротпойт жана балдарыбыз жолдо кантет деп кабатырланбайт. Биз азык-түлүктү да тандап-тандап, эң сапаттууларын алабыз. Балдар күнү кечке эмне менен алектенгени, кандай тамак-аш жегенинен бери видеого тартып, ата-энелерге отчет жиберип турабыз — дейт директор.

“ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ” ДОЛБООРУНУН ЖЕКЕ БАЛА БАКЧАГА ЖАРДАМЫ

Ал бала бакчада балдар үчүн ар түрдүү кошумча ийримдер иштерин, балдар табитине жана каалоосуна жараша ийримдерге катыша аларын кошумчалады. Бакчадагы көркөм гимнастика, шахмат, бий жана таэквондо — балдар өзгөчө сүйүп катышкан ийримдер. Акылбек Назиров “Бай Балакайдын” кичинекей бийчилери үч жолу Гран-При сыйлыгына ээ болууга да жетишкенин сыймыктануу менен белгилеп өттү. Бардык талаптарга жооп берген спорт залында балдар спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдоого да кам көрүшөт.

— Биздин бала бакчада улуттук каада-салттарды даңазалоого, аларды балдарга үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. “Нооруз” майрамы айрыкча шаңдуу белгиленип, боз үй тигилип, балдар кыргыздын улуттук каада-салттары, үрп-адаттары менен жакындан таанышат. Балдарга айрыкча чүкө сыяктуу улуттук оюндар өзгөчө кызыктуу.

Бала бакчада балдар туш тараптан камкордукка бөлөнүп, өзү курдуу балдар менен таанышып достошуп, кызыктуу чөйрөдө маанайлары шат, түрдүү оюндар менен ойноп, айрыкча, жаратылыш койнуна чыкканды, китеп окуганды, жазганды, ырдап-бийлегенди жана сүрөт тартканды үйрөнгөнгө дилгирленип жатышканы тарбиячыларга да, ата-энелерге да жагымдуу.

Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Доранбекова Нураиданын айтымында, 2024-жылы “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү” долбоорунун алкагында бала бакча имараттарын куруу жана оңдоо багытында “Айыл банк” жана “Элдик банк” ААКсынан беш адамга жалпы суммасы 17,0 миллион сомдук 10% жеңилдетилген насыялар берилип, республика боюнча Баткен облусунда — 1, Чүй облусунда — 1 жана Бишкек шаарында эки бала бакча ачылган.

“ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ” ДОЛБООРУНУН ЖЕКЕ БАЛА БАКЧАГА ЖАРДАМЫ

Жыл сайын жаңы бала бакчаларды куруу жана бош имараттарды балдар бакчасына өзгөртүп түзүү, жеке секторду колдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, кыска мөөнөттүү жана альтернативдүү мектепке чейинки билим берүү программаларын кеңейтүү, учурдагы балдар бакчаларынын имараттарын эффективдүү колдонуу, үй тибиндеги балдар бакчаларын ачуу шарттарын түзүү иштери ыкчам темпте жүргүзүлүп жатканынан коомчулук да кеңири кабардар болуп жатса керек.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча учурда 560 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү боюнча иштер аяктады. Ага 32 миңден ашык бала тартылды.

Республика боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 271 жеке үй тибиндеги мектепке чейинки билим берүү уюмунда 6228 бала тарбияланып, ал мекемелерде 813 айым иштеп жатат. Союз учурунда курулган типтүү бала бакчалардын уктоочу жайларын да максаттуу пайдалануу жагы жакшы жолго коюлду. Алсак, 570 бала бакчанын уктоочу жайларын натыйжалуу пайдалануу максатында 518 кошумча топтор ачылып, 13447 бала кабыл алынды. Ошондой эле 550дөн ашык тарбиячы, 400дөн ашык тарбиячынын жардамчысы жана 130дан ашык башка кошумча кызматкерлер (музыкалык жетекчи, методист, кир жуугуч, кароолчу, техникалык кызматчылар) жумуш менен камсыздалды.

“ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ” ДОЛБООРУНУН ЖЕКЕ БАЛА БАКЧАГА ЖАРДАМЫ

Мектепке чейинки билим берүүнүн мазмуну бүгүнкү күндө заманбап талаптарга ылайык жаңыланып, баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган моделге өтүүдө. 2025-жылы кабыл алынган мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандарты мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунун жаңылап, компетенцияга негизделген мамилени киргизүүгө басым жасады. Анын алкагында 1–6 жаштагы балдарды өнүктүрүү программалары жаңыланып, оюн аркылуу окутуу, баланын социалдык, эмоционалдык жана таанып-билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле балдардын өнүгүүсүн системалуу баалоо механизмдери киргизилди. Бул өзгөрүүлөр балдарды ар тараптуу өнүктүрүп, мектепке сапаттуу даярдоону камсыз кылууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана жеке секторду колдоо боюнча иштерди мындан ары да улантып, өлкө боюнча жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышына көмөктөшүүнү уланта бермекчи.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер