ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

  • 05.06.2024
  • 0

Ош шаарында педагогдор үчүн методикалык жардам көрсөтүү, тажрыйба алмашуу семинарлары уюштурулду жана 2023-жылдын “Мыкты жайлоо өнүктүрүү борбору” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНДЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

2024-жылдын 3-июнунда Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган 2023-жылдык сынакта “Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борборлорун” сыйлоо аземи жана педагогдору үчүн методикалык жардам көрсөтүү семинарлары уюштурулду.

ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНДЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн пресс-катчысы Салтанат Адылбек кызынын берген маалыматы боюнча, иш-чараны педагогика илимдеринин доктору, Ош МПУнун ректору Бекмурза Зулуев ачып, дүйнө лидерлеринин бири Роза Исаковна Отунбаева Жайлоо өнүгүү борборлорун демилгелеп, тузүп бергени үчүн ыраазычылыгын билдирүүдөн баштады. Кыргыздар табиятынан жаратылышка жакын эл, жайлоо шартында билим алган балдардын келечеги үчүн жакшы фундамент түзүлүүдө. Анткени бала бакчага барган бала менен барбаган баланын айырмасы абдан чоң, бул демилгени улай ОшМПУнин базасында бала 450 орундук кыргыз тилдүү бала бакча ачуунун алдында турабыз деп билдирди ректор.

— Фонд учурда ат көтөргүс иштерди аткарууда, бул ишмердүүлүккө жаштардын аралашып жатканы да абдан кубандырат, алардан жаңы нерселерди үйрөнүп, көп идеялары алабыз. Урматтуу педагогдор, бүгүнкү семинардан кошумча билим алып, жаңы идеяларды алып кетесиңер деп ишенем, балдарыбыз жакшы билим алып, өнүксө Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы болот, — деп кошумчалады Бекмурза Зулуев.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова сынактан 3-орунду алган Алай районунун Сары-Могол айылынын “Бооке” Жайлоо өнүктүрүү борборун куттуктап, алардын ишмердүүлүгү балдарды кенже курактан өнүктүрүүдө чоң салым кошуп жатканын жана бул демилге Фонддун негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНДЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

— 2012-жылы өнүгүү борборлору негизделгенде 35 борбор гана ачылган, ал эми 2023-жылдын жыйынтыгында борборлордун саны 100гө жетти. Балдардын саны 500дөн 2500кө чейин, ата-энелердин саны 1000ге чейин көбөйгөн. Бул көрсөткүчтөр мындай борборлорго карата муктаждыкты көрсөтүп турат. Биз бүгүн сиздерге жаңы усулдук практикаларды колдонуп, жаңы маалымат берели дедик. Алган жаңы маалыматтарды практика жүзүндө колдонуп, балдардын көндүмдөрүн, жөндөмдүүлүгүн арттырып, балдардын келечеги үчүн кызмат кылууну уланта берели, — деди Роза Кайыкова.

ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНДЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүүдө, дайымкы кызматташтык көрсөтүү үчүн Роза Кайыкова Ош МПУнун ректору Бекмурза Зулуевге жана жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирип, жакынкы арада ачыла турчу бала бакчанын китепканасына фонд тарабынан басылып чыгарылган китептердин топтомун белек кылды.

Семинарда алгачкылардан болуп Хельветас уюмунун эксперти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ташболот Жороев “Ата-энелерди балдарды өнүктүрүү процессине тартуунун мааниси, балдар менен ата-энелердин бири-бирин түшүнүүсүндөгү көйгөйлөр, аларды чечүү ыкмалары” деген темада презентация жасады. Ал  ата-эненин балага кийим жана тамак-аштан мурун көңүл буруусу көбүрөөк зарыл экендигин айтты.

— Тарбия десе эле көп ата-энелер жеке менчик бала бакча, мектепке берүү керек дешет. Бирок тарбиянын өзөгү ата-эненин үлгү болуусу, балдарга, өзгөчө өспүрүмдөргө күнүнө жок деген алар менен 20 мүнөт баарлашуу, мээрим төгүү, кучактоосу керек. Бир ишти чогуу жасоо, ал учурда бала менен кобурашуу ортодогу мамилени бекемдеп, бири-бирине болгон ишенимди арттырат, — деп кошумчалады Ташболот Жороев.

Иш-чарада “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” 2024-жылкы сезонун баштоого даярдык көрүү максатында педагогдор үчүн “Монтессори педагогикасын Жайлоо өнүгүү борборлорунун шартында колдонулушу” темасында  Кыргызстандагы биринчилерден болгон Монтессори педагогикасы боюнча мугалим, балдар психологу Чынара Термечикова маалыматтык сессия өттү. Сессияда жайлоо шартында Монтессори педагогикасына ылайык “Күнүмдүк турмуштагы көнүгүүлөр”, “Сенсорикалык чөйрө”, “Тил чөйрөсү” тууралуу кенен айтып, практикада колдонулушун көрсөтүп берди.

ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНДЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

Мындан сырткары ОшМПУ мугалимдери педагогика жана психология кафедрасынын жетекчиси, п.и.к, доцент Даминова Инабат, биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын улук окутуучу Сагынбаева Гүлзада, биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын б.и.к., доценти Долонова Гулмира, информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын окутуучусу Ырысбаева Айсырга, педагогика жана психология кафедрасынын окутуучусу Маткасымова Миновар, Шербаева Жыпаргүл, Мамашерип кызы Нуриза, Абдыразак кызы Айзат «Балдарга экологиялык тарбия берүүдө ата-бабалардын тажрыйбаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү”, экология, климаттык өзгөрүү жана ага ылайыкташуу, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү, ботаника жана технология тууралуу презентация, интерактивдүү көнүгүүлөрдү жасашып, жаңы маалыматтар жана тажрыйбалар менен бөлүшүштү.

ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНДЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

Ошондой эле катышуучулар үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун балдарды кенже курактан өнүктүрүү демилгелеринин ресурстары: “Үчтөн кийин кеч” демилгеси, “Бешке чейин үлгүр” долбоору, онлайн китептер, бешик ырлары менен бөлүштү. Андан сырткары мобилдик фото жана видео тартуу  жана СММ боюнча мастер-класс уюштурулду.

ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНДЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

Музыкалык тыныгуу катары семинардын катышуучуларына ОшМПУнун ага окутуучусу Таалай Эркебаев акын, обончу Шекербек Шеркуловдун «Арзыкан» жана композитор, комузчу Атай Огонбаевдин «Жаштарга» аттуу ырларын аткарып берди.

ЖАЙЛОО ШАРТЫНДА БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФУНДАМЕНТ ТҮЗГӨН ФОНД

Маалымат:

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду 2012-жылы негизделгенден бери билим берүүгө өзгөчө көнүл буруп келет. Бул жылдар аралыгында, билим берүү тармагында көптөгөн программалар, долбоорлор жана массалык иш-чаралар ишке ашып келди. Балдарды кенже курактан өнүктүрүү фонддун иш-аракеттеринин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. 2014-жылдан тартып фонд, үй-бүлөлөрү жай мезгилинде жайлоолорго көчүп барган кенже курактагы балдарды өнүктүрүү максатында, «Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору» демилгеси ишке ашырылып келет.

— «Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору» жыл сайын өлкөнүн алыскы бийик тоолуу региондорундагы 3000дөн ашуун балага, жай айларынын ичинде, ар кыл билим берүү жана тарбия иш-чараларын, анын ичинде сабаттуулук программаларын жана жашоо көндүмдөрүнө окутуу уюштурулууда. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду негизделгенден бери билим берүүгө өзгөчө көнүл буруп келет. 2012-жылдан тарта Роза Исаковна Отунбаеванын демилгеси менен “Жайлоо өнүктүрүү борборлорун” уюштурулган. Бул жылдар аралыгында республика боюнча 20 000 бала, 7000 ата-эне жана 1500 педагог катышкан Жайлоо өнүктүрүү борборлору ишмердүүлүгүн улантып келет. Жыл сайын тематикалык сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталып, шыктандыруучу сыйлыктар ыйгарылып келүүдө. Былтыркы 2023-жылы “Климаттын өзгөрүшүнө, адаптацияга жана этно педагогикага байланышкан “Мыкты ЖӨБ” жана балдар арасында сүрөт тартуу боюнча сынагы уюштурулган. Анын жыйынтыгында Нарын жана Ош облустарындагы жайлоо бала бакчалары байгелүү орундарга ээ болушту, — дейт Салтанат Адылбек кызы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер