ЖАТТООДОН ИЗИЛДӨӨГӨ: ЖАҢЫ МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ МАМИЛЕ КЕРЕК

  • 30.09.2026

12 жылдык билим берүү — бир жылда жыйынтык чыгара турган долбоор эмес. Анын чыныгы натыйжасы мугалимдин, окуучунун жана ата-эненин биргелешкен эмгеги аркылуу акырындык менен көрүнөт.

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жаткан учурда эң негизги өзгөрүү окуу жылдарынын санынын көбөйүшү менен эле чектелбейт. Негизги өзгөрүү — балага билим берүүнүн жолун өзгөртүүгө бурулууда.

Бүгүнкү мектепте окуучу маалыматты жаттап, кайра айтып берүү менен гана чектелбестен, аны түшүнүп, салыштырып, талдап, колдонуп, өз оюн далилдеп, турмуштук маселелерди чечүүгө үйрөнүшү зарыл.

Ошондуктан жаңы муундагы окуу-методикалык комплекс (ОМК) жөн гана жаңы окуу китеби эмес. Ал окуучунун билим алуусун, мугалимдин ишин жана ата-эненин баланын өнүгүүсүнө болгон мамилесин бириктирген бирдиктүү педагогикалык система болушу керек. ЖАТТООДОН ИЗИЛДӨӨГӨ: ЖАҢЫ МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ МАМИЛЕ КЕРЕК

«Оку — эсте — айтып берден» «суроо кой — изилде — колдонго»

Салттуу окутууда негизги схема көбүнчө: оку → эсте → айтып бер түрүндө болуп келген.

Жаңы мектепте бул логика: суроо кой → маалыматты тап → түшүн → салыштыр → колдон → талда → далилде → жыйынтык чыгар → өз ишиңе баа бер деген багытка өтүшү керек.

Бул билимдин мааниси азаят дегенди билдирбейт. Тескерисинче, окуучу математикадагы формуланы, физикадагы мыйзамды, химиядагы түшүнүктү, биологиядагы процессти, тарыхый фактыны же тилдин эрежесин билип гана тим болбостон, аны кайда жана кантип колдонуу керектигин үйрөнөт.

Мисалы, математикада пайызды жаттоо менен эле чектелбей, үй-бүлөлүк бюджетти эсептөө; физикада мыйзамды айтып берүү менен чектелбей, эксперимент жүргүзүү; биологияда даяр маалыматты окуп коюу менен чектелбей, өсүмдүктүн өсүшүнө таасир этүүчү шарттарды изилдөө; информатикада алгоритмдин аныктамасын жаттабастан, алгоритм түзүп, программаны сынап көрүү мүмкүн.

Демек, баланын негизги суроосу: «Муну кантип жаттайм?» эмес, «Муну кайда колдоно алам?» деген суроого акырындап өтүшү керек.

 

Параграфтан модулга

Жаңы ОМКнын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири — окуу материалын модулдук принципте уюштуруу. Модуль — бир нече параграфты жөн гана бириктирүү эмес. Ал белгилүү бир окуу максатына, проблемага же практикалык милдетке багытталган толук окуу бирдиги. Анда маалымат, суроо, практикалык иш, санариптик ресурс, изилдөө, долбоор, рефлексия жана баалоо өз ара байланышта берилет.

Жалпы логика: максат → суроо → маалымат → иш-аракет → талдоо → колдонуу → жыйынтык → рефлексия → баалоо.

Мында параграф жоголбойт. Ал керектүү маалыматты берүүчү бөлүк катары сакталат. Бирок параграф мазмундук бирдик болсо, модуль окуучунун иш-аракетин уюштуруучу бирдикке айланат. ЖАТТООДОН ИЗИЛДӨӨГӨ: ЖАҢЫ МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ МАМИЛЕ КЕРЕК

 

STEM, STEAM жана турмуштук маселелер

Чыныгы жашоодо көйгөйлөр предметтерге бөлүнбөйт. Мисалы, «Мектепте электр энергиясын кантип үнөмдөйбүз?» деген маселени чечүүдө физика, математика, информатика, технология, география, экономика жана экология боюнча билимдер колдонулушу мүмкүн. Окуучу электр энергиясынын сарпталышын өлчөйт, эсеп жүргүзөт, маалыматтарды салыштырат, график түзөт жана үнөмдөөнүн жолун сунуштайт. STEAM багытында буга дизайн жана чыгармачылык кошулат. Ошондуктан жаңы ОМКларда предметтик тапшырмалар менен бирге STEM/STEAM долбоорлоруна да орун берүү маанилүү.

 

12 жылдык мектепте окуучу акырындык менен өсөт

6-класста бала: көрөт → сурайт → түшүнөт → байланыш түзөт → колдонот.

7–9-класстарда: суроо берет → маалымат издейт → салыштырат → талдайт → аргумент келтирет → чечим чыгарат.

10–12-класстарда: проблеманы аныктайт → изилдөө суроосун коёт → маалымат чогултат → талдайт → чечим же продукт даярдайт → презентациялайт → өз ишине баа берет.

Бул өзгөрүү бир күндө болбойт. Билим берүүдөгү эң маанилүү нерсе — шашпоо. Бул жерде мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө маанилүү бир маселеге токтолуу керек. Билим берүүдө тез натыйжа күтүүгө болбойт. Жаңы окуу китебин чыгаруу, жаңы программа киргизүү же жаңы технологияны колдонуу менен эле эртеси окуучулардын натыйжасы кескин өзгөрүп кетпейт.

Себеби билим берүүдө өзгөрүү бир нече деңгээлден өтөт: жаңы программа → жаңы ОМК → мугалимдин жаңы ыкмага көнүшү → окуучунун жаңы окуу маданияты → ата-эненин жаңы түшүнүгү → жаңы көндүмдөр → жаңы муундун калыптанышы.

Ошондуктан айрым өзгөрүүлөрдү бир-эки жылда көрүүгө болот, бирок билим берүүнүн системалык натыйжасы көбүнчө 10–15 жылдык мезгилде ачык байкала баштайт. Ал эми коомдун билим деңгээлине, эмгек рыногуна, жарандык маданиятка жана өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири андан да узак убакытты талап кылат.

Муну дүйнөлүк тажрыйба да көрсөтөт. Мисалы, ЭКӨУ (OECD) Кореянын билим берүү системасынын кеңейишин жана өнүгүшүн акыркы 50 жылдагы узак процесс катары сүрөттөйт.

Сингапурдун тажрыйбасында да билим берүү системасын түзүү бир нече этап менен жүргөн: 1960-жылдардан баштап жалпы башталгыч билим берүүгө жетишүү, андан кийин орто билим берүүнү кеңейтүү жана кийинки этаптарда сапат маселесине өтүү сыяктуу узак процесс болгон.

Япониянын азыркы жогорку көрсөткүчтөрү да бир жолку реформа менен ишке ашып кеткен эмес. ЭКӨУ (OECD) Япониянын билим берүү системасын мугалимдердин сапаты, үй-бүлөнүн колдоосу, мектеп менен коомчулуктун байланышы жана узак мөөнөттүү билим берүү саясаты менен байланышта карайт. Ошол эле учурда Япония дагы эле реформаларды улантып жатканын белгилейт.

Кытайда да билим берүү системасын кайра куруу өзгөчө 1970-жылдардын аягы жана 1980-жылдардан кийин күчөп, андан кийинки ондогон жылдарда билимге жеткиликтүүлүк жана жогорку билим берүүнүн масштабы кескин кеңейген.

Демек, бул өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алынуучу негизги сабак — билим берүүнүн ийгилиги бир реформадан же бир окуу китебинен жаралбайт. Ал ырааттуу саясаттан, туруктуу каржылоодон, мугалимди колдоодон, сапаттуу окуу материалдарынан жана бир нече муундун эмгегинен түзүлөт.

Ошондуктан Кыргызстанда да «бир-эки жылда эле баары өзгөрүп кетиши керек» деген күтүүдөн сак болушубуз зарыл. ЖАТТООДОН ИЗИЛДӨӨГӨ: ЖАҢЫ МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ МАМИЛЕ КЕРЕК

 

Мугалимге — ишеним, ата-энеге — сабыр керек

Жаңы ОМК мугалимдин ишин жеңилдетүү үчүн гана эмес, анын кесиптик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн түзүлөт. Мугалим маалыматты айтып берүүчү гана эмес, окуучунун суроо беришине, изилдөөсүнө, талдоосуна жана жыйынтык чыгаруусуна шарт түзгөн педагог болот. Бирок бул үчүн мугалимдин өзүнө да убакыт керек. Жаңы методиканы түшүнүү, колдонуу, каталарды көрүү, тажрыйба топтоо — мунун баары бир нече жылды талап кылат.

Ата-эне да баладан дароо жогорку жыйынтык күтпөшү керек. «Бүгүн канча алдың?» деген суроого кошумча: «Бүгүн эмнени түшүндүң?», «Эмнени өзүң изилдедиң?», «Кандай жыйынтыкка келдиң?», «Бул билимиңди турмушта кайда колдоно аласың?» деген суроолорду берүү маанилүү. Бул баланын баага эмес, билимдин өзүнө кызыгуусун күчөтөт.

PISA — максат эмес, багыт

PISAнын талаптары да окуучунун билимди реалдуу кырдаалда колдоно алышына, маалыматты талдоосуна жана чечимин негиздей алышына басым жасайт. Ошондуктан PISAга бир нече атайын тапшырма менен даярдануу жетишсиз. Анын логикасы күнүмдүк сабактын өзүндө болушу керек: контекст → проблема → маалымат → аракет → талдоо → чечим → негиздөө. Мындай окуу маданияты бүгүн башталса, анын толук натыйжасын эртең эмес, кийинки жылдарда көрөбүз.

Жаңы ОМК — узак мөөнөттүү инвестиция

Жаңы муундагы ОМК: окуу китеби + жумушчу дептер + мугалим үчүн колдонмо + санариптик ресурстар + практикалык жана долбоордук тапшырмалар + баалоо системасы катары бирдиктүү иштеши керек. Анын максаты — окуучуга мүмкүн болушунча көп маалымат жаттатуу эмес.

Максаты: билимди түшүнгөн, аны колдоно алган, изилдей алган, далил келтирген, технологияны туура пайдаланган жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алган инсанды калыптандыруу. Бул — бир окуу жылында бүтө турган иш эмес.

Бүгүн 6-класста башталган өзгөрүү эртең 7–9-класста уланып, кийин 10–12-класста тереңдеп, андан соң жогорку билимде жана кесип алып, турмушта колдонгондо өз натыйжасын берет. Ошондуктан билим берүү реформасына спринт катары эмес, марафон катары мамиле кылуу керек. Бизге тез көрүнгөн натыйжадан да маанилүүсү — туруктуу натыйжа.

Жаңы ОМКнын башкы суроосу: «Окуучу бул теманы жаттадыбы?» эмес, «Окуучу бул билим менен эмне кыла алат?» деген суроо болушу керек.

Ал эми билим берүү реформасынын башкы принциби: бүгүн сапаттуу негиз түзүү → эртең туруктуу системаны калыптандыруу → 10–15 жылда натыйжасын көрүү → кийинки муундарда аны бекемдөө.

Ошентип, 12 жылдык билим берүүгө өтүү жөн гана окуу мөөнөтүн өзгөртүү эмес, Кыргызстандын билим берүү маданиятынын узак мөөнөттүү жаңылануусун камсыз кылуу болуп саналат.

 

Иманкулов М.К.

Бөлүшүү