ЖАТАК МЕКТЕП БАЛДАРЫ ЖАБЫКПАЙБЫ?

  • 11.06.2021
  • 0

Ошентип, окуучулар эле эмес, биз да чыдамсыздык менен күткөн жайкы эс алуу учуру да кызуу башталды. Жай дегенде, албетте, көгүлтүр көлүбүздүн жээги, жаратылыш койнундагы кооз-кооз жерлер көз алдыбызга тартылат. Үч айга созулган балдардын каникулу кандай өтөөрү биринчи кезекте баланын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу болот эмеспи. Биз бул жолу тагдырдын буйругу менен ата-энесинен алыс, жатак мектептерде окуп, тарбияланып жаткан балдардын жайкы каникулу кандай өтүп жаткандыгы тууралуу кеп кылмакчыбыз.

ЖАТАК МЕКТЕП БАЛДАРЫ ЖАБЫКПАЙБЫ?

Эс алууну эл аралык уюмдар уюштурат

Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева, аймактагы билим берүү мекемелери, анын ичинде, жатак-мектеп жетекчилери балдардын жайкы эс алуу мезгилин уюшкандыкта өткөрүү камын көрүп жатышканын кабарлады. Анын айтымында, жатак мектептин балдарынын эс алуусу негизинен, спонсорлордун, ошондой эле агартуу тармагынын профсоюздар федерациясынын жардамы менен уюштурулуп келет. Быйыл балдардын эс алуусуна каралган каражат колдоруна тийсе, балдар этап-этабы менен көгүлтүр көлдүн жээгиндеги лагерлерде жана Чүй облусунун боорундагы эс алуу жайларына барышат. Келерки окуу жылы башталганга дейре балдар жатак мектеп жетекчилиги тарабынан атайын түзүлгөн эс алуу программаларынын алкагында ары пайдалуу, ары кызыктуу күндөрдү өткөрүшмөкчү.

Республикадагы балдар үйүнүн экөө Чүй облусунда жайгашкан. Алардын бири Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы ата-энеси жок, ата-энесинин бирөө гана бар жана кароосуз калган балдар жатак мектеби болуп эсептелет. Учурда ал жерде жалпысынан 241 тарбиялануучу бар.

ЖАТАК МЕКТЕП БАЛДАРЫ ЖАБЫКПАЙБЫ?

Жатак-мектептин деректиринин окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Рахат Назарбекованын айтымында, балдардын жайкы каникулун көңүлдүү өткөрүүгө кам көрүлүп жатат. Айрыкча аларга эл аралык уюмдар жакшы жардам беришүүдө.

— Бизде ата-энеси жок балдар менен катар эле социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн (ата-энеси бага албай калган балдар) балдары, атап айтканда, көп балалуу үй-бүлөдөгү балдар, атасы же апасы жок балдар жана Тажикстандан келген балдар тарбияланышат.

Мектепте түзүлгөн “Адамгер” кайрымдуулук фондунда балдарга ар дайым жакындан жардам берип келаткан 37 туруктуу демөөрчү бар. Андан тышкары, акыркы жылдары Кувейт мамлекетинин “Ас-Саа борбору” кайрымдуулук фонду менен тыгыз кызматташып келатабыз. Бул кызматташууну түзүүдө жатак-мектептин деректири
Райымбек Усупбаевдин демилгеси жана аракети зор болгондугун белгилеп коюу керек.

Шейх Мухаммад Абдурахман Аль Шайи өзү ар бейшембиде балдар менен байланышып, кем-карчынан кабар алып турат, балдар ага кайрылып өздөрүнүн ой-пикирлери, каалоо-тилектерин ачык айта алышат, алардын бири да аткарылбай калбайт. Шейх жатак-мектептин балдарына кийим-кече алып берип, керектүү китептер жана кичинекейлерди оюнчуктар менен толук камсыздап турат.

ЖАТАК МЕКТЕП БАЛДАРЫ ЖАБЫКПАЙБЫ?

Азыр окуу жылы аяктап, бүтүрүүчүлөр мындан аркы турмуш жолун аныктоо алдында тургандыктан, быйылкы бүтүрүүчүлөрүбүз тууралуу да учкай айта кетпесем болбос. Кувейт мамлекетинин шейхтери жана мамлекеттик ишкерлери ар жылы жогорку окуу жайга өткөн биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн контракт акчасын төлөшөт. Андан тышкары, аларга атайын стипендия да төлөп беришет. Азыркы учурда Кыргызстандагы ар кайсы жогорку окуу жайда окуган 70 баланы “Ас-Сафа” борбору каржылап келет.

Аталган фонддун колдоосу менен жылдагыдай эле Ысык-Көл жээгине узак мөөнөттүү эс алуулар уюштурулмакчы. Эс алууну июнь айынын экинчи декадасында баштоону пландап жатабыз. Жайкы каникулдун алгачкы күндөрүндө эле “Адамгер” КФнын колдоосу менен балдардын баары Жайыл районундагы “Орленок” жайкы лагерине бир жумага барып келишти, — дейт Р.Назарбекова.

Эмгекке тарбияланган баланын эртеңи жарык

Сары-Өзөн-Чүйдүн аймагындагы дагы бир балдар жатак мектеби Чүй районунда жайгашкан. Азыр бул жерде 150 бала тарбияланууда. Мектептин ичинде ачылган “Радуга” эс алуу лагеринде балдардын шык-жөндөмүнө жараша иш-чаралар уюштурулуп, тарбиячылар алардын чыгармачыл потенциалын ачуу, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы ж.б. темаларды камтыган кызыктуу кечелерди өткөрүшөт.

Жатак-мектептин деректири Назгүл Мусаева балдардын ден соолугун бекемдөөчү спорттук мелдештерге жана эмгекке тарбиялоо багытына басым жасап жатышканын билдирди.

ЖАТАК МЕКТЕП БАЛДАРЫ ЖАБЫКПАЙБЫ?

— Азыр биз окуу жылын жыйынтыктап, дароо эле балдардын эс алуусун уюштурууга кириштик. “Радуга” эс алуу лагеринин тарбиячылары иш планына ылайык, күнүгө волейбол, футбол сыяктуу спорттук оюндарды, шахмат, шашки, теннис турнирлерин активдүү өткөрө башташты. Ал мелдештер кызыктуу өтүшү үчүн атайын “таттуу” сыйлыктарды даярдап, жеңүүчүлөрдү сыйлайбыз. Биздин балдар айрыкча, кикбоксингге кызыкса, кыздарыбызга кол өнөрчүлүк ийрими жагат. Кикбоксинг ийримине катышкан балдар-кыздар Бишкекте өтүлүүчү турнирлерде алдыңкы орундарды ээлеп келишкени биз үчүн өтө сыймыктуу.

Лагердин дагы бир өзгөчөлүгү – балдарды эмгекке жана тазалыкка үйрөтүү, тарбиялоо. Балдар лагердин айланасын тазалоо, көрктөндүрүү, бак-дарактарды, гүлзарларды сугаруу сыяктуу иштерге активдүү тартылышат. Ал эми мектептин бакчасындагы жашылча-жемиштерди балдар топ-топторго бөлүнүп, багышат. Жатак-мектептин карамагындагы огороддо өскөн помидор, бадыраң, калемпир, кызыл кызылча, капуста ж.б. жашылча жемиштерден өздөрүнө даамдуу тамак-аштар жасалат. Негизги максаты – балдарды эмгекке үйрөтүү жана аларды экологиялык таза жашылча жемиштер менен камсыздоо, туура тамактанууга көңүл буруу, — дейт Назгүл Мукашевна.

Жалпысынан алганда, жатак мектептин тарбиялануучулары үчүн ушундай кызыктуу жана пайдалуу иш-чаралар камтылган программалар алдын-ала түзүлгөнүнө күбө болдук. Аргасыздан үй-бүлө жылуулугунан, ата-эне мээриминен алыс калган балдардын көкүрөктөгү бөксө жерин толтурууга умтулган ушундай камкор, боорукер демөөрчүлөр жана жетекчилер көп болсун дегибиз келет.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер