ЖАШ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ УСУЛДУК КОЛДОО — САПАТТУУ БИЛИМГЕ ӨБӨЛГӨ

  • 30.10.2026

Сокулук райондук билим берүү бөлүмү билим берүү уюмдарындагы жаш жетекчилерге жана мугалимдерге усулдук-методикалык жардам көрсөтүү багытында үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп келет. Бул багыттагы иштердин алкагында Күнтуу айыл аймагына караштуу Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаш директоруна жана педагогикалык жамаатына колдоо көрсөтүү максатында сабактарга катышуу жана усулдук жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат, жетектөөчү адистер жана усулчулар катышышты. Алар сабактарга байкоо жүргүзүп, мугалимдерге усулдук-методикалык сунуштарын беришти. Ошондой эле окутуунун сапатын жогорулатуу, билим берүү тармагындагы жаңыланууларды ишке ашыруу жана мектептеги окуу-тарбия иштерин натыйжалуу уюштуруу боюнча пикир алышуу болду.

ЖАШ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ УСУЛДУК КОЛДОО — САПАТТУУ БИЛИМГЕ ӨБӨЛГӨ

Мектептин ишмердүүлүгүнө  мониторинг

Жолугушуунун алкагында мектептин ишмердүүлүгүнө комплекстүү мониторинг жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө мектептин окуу планынын аткарылышы, ашкананын иштеши жана иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, ошондой эле окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу маселелери каралды.

Айрыкча, учурдагы 11 жылдык билим берүү системасынын алкагында колдонулуп жаткан окуу китептеринин жетиштүүлүгүнө жана «Алтын Казык» программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүгө даярдык көрүү үчүн зарыл болгон окуу китептери менен камсыз болуу маселесине көңүл бурулду.

Мониторингдин жыйынтыгында тиешелүү багыттар боюнча сунуштар берилип, окуу процессин талаптарга ылайык уюштуруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча пикирлер айтылды.

ЖАШ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ УСУЛДУК КОЛДОО — САПАТТУУ БИЛИМГЕ ӨБӨЛГӨ

Жолугушуунун маанилүү темаларынын бири — «Алтын Казык» программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө ырааттуу өтүү маселеси болду.

Бул багытта мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана билим берүү процессин жаңы талаптарга ылайык уюштуруу маанилүү болууда.

Мындай усулдук жардам жана тажрыйба алмашуу биздин жамаат үчүн чоң колдоо болуп саналат.

Мектептин жаш мугалими Кожобеков Бектур Асылкеримович усулдук жолугушуу кесиптик өнүгүүгө жана билим берүү системасындагы жаңыланууларды өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

«Сабактарга катышуу жана адистердин сунуштарын угуу бизге сабак өтүүнүн натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүүгө, тажрыйбабызды өркүндөтүүгө жардам берет. Айрыкча, 11 жылдык билим берүү шартында окуучулардын билим сапатын камсыз кылуу жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча жаңы талаптарды түшүнүү биз үчүн маанилүү. Ошондой эле окуу китептери менен камсыз болуу жана окуу процессин туура уюштуруу маселелери боюнча берилген сунуштар практикалык жактан пайдалуу».

ЖАШ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ УСУЛДУК КОЛДОО — САПАТТУУ БИЛИМГЕ ӨБӨЛГӨ

Мындай иш-чаралар билим берүү кызматкерлеринин өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө, жаш жетекчилердин башкаруучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууга жана билим берүү тармагындагы реформаларды сапаттуу ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жамааты көрсөтүлгөн колдоо, кесиптик кызматташтык жана баалуу сунуштар үчүн Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат Джолдошбековичке жана жетектөөчү адистерине, усулчуларына терең ыраазычылык билдирет.

Билим сапаты — тажрыйбанын, жаңылануунун жана биргелешкен аракеттин натыйасы!

 

Айдай Джолчубекова, Гульсина Капарова атындагы ЖББ мектебинин директору,

Сайкал Азатбек кызы, тарбия бөлүм башчысы

Бөлүшүү