«ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕП ЖҮРҮП, ТАБИГЫЙ ИНТЕЛЛЕКТИБИЗДИ ЖОГОТУП АЛБАЙЛЫ!»

  • 17.06.2026
  • 0

Билимдүү коом гана мамлекеттин келечегин бекемдеп, өлкөнү өнүгүүгө жетелей турганы талашсыз чындык. Өмүрүн агартуу тармагына арнап, мугалимдик кесиптен тайбай эмгектенип келе жаткан белгилүү педагог Гапыр Мадаминовду бүгүн улуу-кичүү жакшы тааныйт. Көпчүлүк аны заманыбыздын Дүйшөнү деп аташат. Ал билим менен катар тарбия маселесине өзгөчө көңүл буруп, «Энелер мектеби» аркылуу ата-энелердин бала тарбиясындагы жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган өзгөчө тажрыйбаны ишке ашырып келет.

Гапыр агайдын көп жылдык педагогикалык изденүүлөрүнүн жыйынтыгы болгон «Акыл эмгегинин маданияты» аттуу эмгеги бүгүнкү күндө окуучулардын, студенттердин жана мугалимдердин үстөл китебине айланып баратат.

Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров да өз пикирин билдирип:

«Мындай үзүрлүү эмгек сөзсүз бааланышы керек», – деп белгилеген.

Педагог Гапыр Мадаминов менен акыл эмгегинин маданияты тууралуу маекти сунуштайбыз.

«ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕП ЖҮРҮП, ТАБИГЫЙ ИНТЕЛЛЕКТИБИЗДИ ЖОГОТУП АЛБАЙЛЫ!»

– Урматтуу Гапыр агай, «Акыл эмгегинин маданияты» эмгегин жазууга эмне себеп болду?

– Бул китепти жазууга окуучулардын билим алууда, китеп окуп түшүнүүдө жана өз алдынча үйрөнүүдө кыйналып жатканы негизги себеп болду. 1996-жылы гимназия ачып иштей баштаганда көпчүлүк балдардын окуунун жана билим алуунун жолдорун жетиштүү билбей турганын байкадым. Ошондон улам окуучулардын акыл эмгегинин маданиятын калыптандырууга жардам бере турган эмгек жазуу зарылдыгы жаралган.

– Сиздин түшүнүгүңүздө акыл эмгегинин маданияты деген эмне?

– Акыл эмгегинин маданияты – бул окуу, түшүнүү, негизги ойлорду ажырата билүү, ой жүгүртүү, жазуу, эсептөө, талдоо жүргүзүү жана өз алдынча билим алуу жөндөмдөрүнүн жыйындысы. Бул ар бир окуучу менен студент үчүн өтө зарыл сапат.

Бүгүн дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде дагы окуганды түшүнүү жана аналитикалык ой жүгүртүү өзүнчө окутулат. Жасалма интеллект өнүккөн доордо дагы китеп окуу жана жазуу көндүмдөрү өзүнүн маанисин жоготкон жок.

«ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕП ЖҮРҮП, ТАБИГЫЙ ИНТЕЛЛЕКТИБИЗДИ ЖОГОТУП АЛБАЙЛЫ!»

– Окуучуларда акыл эмгегинин маданиятын өнүктүрүү эмне үчүн бүгүн өзгөчө маанилүү болуп жатат?

– Азыр маалымат өтө көп. Бүгүн алынган маалымат эртең эле эскирип калышы мүмкүн. Ошондуктан окуучулар маалыматтын арасынан эң керектүүсүн тандап алып, аны тез өздөштүрүүгө үйрөнүшү керек.

Мындан тышкары азыркы заманда адам өмүр бою билим алууга муктаж. Бир гана кесип менен чектелип калуу мүмкүн эмес. Ошондуктан өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өнүктүрүү – учурдун эң маанилүү талаптарынын бири.

– Бул багытта мугалимдин ролу кандай болушу керек?

– Мугалимдин ролу абдан чоң. Алгач мугалим өзү акыл эмгегинин маданиятын жакшы өздөштүргөн болушу зарыл. Окуп түшүнүү, талдоо жүргүзүү, изилдөө жүргүзүү жана билимди турмушта пайдалануу жолдорун билген мугалим гана аны окуучуларга үйрөтө алат.

Биз ушул максатта «Устаттык өнөрү» аттуу китепти жазып, жаш мугалимдер менен көп жылдан бери иштеп келебиз.

«ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕП ЖҮРҮП, ТАБИГЫЙ ИНТЕЛЛЕКТИБИЗДИ ЖОГОТУП АЛБАЙЛЫ!»

– Окуучуларды өз алдынча ойлонууга жана билим алууга үйрөтүүнүн эң натыйжалуу жолу кайсы?

– Эң негизги жол – суроо берүү маданиятын калыптандыруу. Суроо – билим алуунун ачкычы. Окуучу суроо берип, жооп издеп, маалыматтарды талдап, туура жыйынтык чыгарууга үйрөнүшү керек.

Ошондой эле окуп түшүнүүгө үйрөтүү өтө маанилүү. Жогорку класстын окуучусу мүнөтүнө орточо 250–300 сөз окуй алышы зарыл. Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөдө дагы окуганды түшүнүү өзүнчө текшерилет.

Биздин окуучулардын олимпиадалардагы жана ЖРТдагы ийгиликтеринде акыл эмгегинин маданиятынын орду чоң деп эсептейм.

«ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕП ЖҮРҮП, ТАБИГЫЙ ИНТЕЛЛЕКТИБИЗДИ ЖОГОТУП АЛБАЙЛЫ!»

– Убакытты туура пайдалануу маселеси эмгегиңизде кандай орунду ээлейт?

– Бул темага китепте өзүнчө бөлүм арналган. Биз окуучуларга убакытты пландоону, хронометраж жүргүзүүнү жана акыл эмгегин туура уюштурууну үйрөтөбүз. Убакытты туура пайдалануу – ийгиликтин негизги шарттарынын бири.

– Санариптик технологиялар менен жасалма интеллект окуучуларга кандай таасир берип жатат?

– Анын жакшы жактары да, терс жактары да бар. Жасалма интеллект туура пайдаланылса билим алууга чоң жардам берет. Бирок ага толук көз каранды болуп калуу окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн чектеп коюшу мүмкүн.

Ошондуктан мен дайыма:

«Жасалма интеллект деп жүрүп, табигый интеллектибизди жоготуп албайлы!»

– деп айтып келем. Өзүнүн билим базасы бекем болгон окуучу гана санариптик технологияларды туура пайдалана алат.

«ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕП ЖҮРҮП, ТАБИГЫЙ ИНТЕЛЛЕКТИБИЗДИ ЖОГОТУП АЛБАЙЛЫ!»

– Акыл эмгегинин маданиятын калыптандырууда ата-энелер кандай жардам бере алышат?

– Ата-энелердин ролу абдан чоң. Биз 27 жылдан бери «Энелер мектеби» аркылуу ата-энелер менен иштеп келебиз. Баланын акыл-эс тарбиясы үй-бүлөдөн башталат.

Ар бир үйдө үй-бүлөлүк китепкана болушу керек. Китепке жакын өскөн бала билимге да жакын болот.

– Мугалимдер үчүн эң маанилүү сунушуңуз кандай?

– Мугалимдер «Акыл эмгегинин маданияты» жана «Устаттык өнөрү» китептериндеги окуу, түшүнүү, ой жүгүртүү жана суроо аркылуу үйрөтүү усулдарын сабактарында колдонушса жакшы натыйжа берет.

Биздин гимназиянын ийгиликтеринин негизинде да ушул усулдар жатат. Олимпиадалардагы жеңиштер, ЖРТдагы жогорку көрсөткүчтөр жана бүтүрүүчүлөрдүн дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алышы буга далил.

Мисалы, 250 окуучусу бар мектебибизден бүгүнкү күндө 85–90 бүтүрүүчү медициналык академияларда бюджеттик негизде билим алууда. 75 бүтүрүүчү Манас университетинде окуп жатса, 70тен ашык бүтүрүүчүбүз Америка, Германия жана Японияда окуп, эмгектенип жүрүшөт.

Быйыл гимназиябыздын ачылганына 30 жыл толот. Ушул мааракеге карата «Айылдан ааламга жол ачкан билим уясы» аттуу китеп жарык көрдү. Анда гимназиянын түптөлүшүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, кыйынчылыктары, тажрыйбалары, ийгиликтери жана келечек максаттары кеңири баяндалган.

«ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕП ЖҮРҮП, ТАБИГЫЙ ИНТЕЛЛЕКТИБИЗДИ ЖОГОТУП АЛБАЙЛЫ!»

– Жаш мугалимдерге жана окуучуларга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Биз 15–17 жылдан бери мектепте «Жаш мугалимдер мектебин» уюштуруп келебиз. Анын өзүнүн жобосу, программасы жана иш тажрыйбасы бар. Бул мектепте жаш педагогдорду акыл эмгегинин маданиятына, устаттык өнөргө, олимпиадага жана ЖРТга даярдоо усулдарына, тарбиялык иштерди жүргүзүүгө үйрөтөбүз.

Бул мектептен тарбияланып чыккан бир топ мугалимдер бүгүн чоң ийгиликтерге жетишти. Алардын арасында окуучулары республикалык олимпиадаларда бир нече жолу жеңишке жетишкен Чынара Токтоназарова, Нарбүбү Анаркулова, республикалык «Мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүсү, педагогика илимдеринин доктору Батма Абдихамидова жана башка көптөгөн ийгиликтүү педагогдор бар.

Азыр ааламдашуу жана технологиянын заманы. Жаштар тил үйрөнүп, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти өздөштүрүшү керек. Бирок ошол эле учурда акыл эмгегинин маданиятын өнүктүрүүгө дагы өзгөчө көңүл буруусу зарыл.

Анткени жаңы технологияларды туура пайдалануу үчүн дагы терең ой жүгүртүү, окуу жана талдоо маданияты керек. Ошондо гана жаштар келечекте чоң ийгиликтерге жетишип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошо алышат.

Даярдаган: Бүүрайма Худайбердиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер