ЖАРЫМ КЫЛЫМДАН АШКАН АГАРТУУЧУЛУК: ИЗДЕНҮҮ ЖАНА ИЛИМДЕГИ ЖЕҢИШ
- 28.08.2026
- 0
Өмүрдүн ар бир этабы — бул жөн гана өткөн күндөрдүн тизмеги эмес, коомго, билим берүүгө жана илимге арналган из калтыруу мүмкүнчүлүгү. Бүгүнкү күндө 70 жаш мааракесин белгилеп жаткан белгилүү педагог, илимпоз, филология илимдеринин кандидаты, профессор Абдурашит Абдулатовдун өмүр жолу — талыкпаган эмгектин, илимий изденүүнүн жана бийик адамгерчиликтин айкын үлгүсү. Элибиздин руханий казынасын изилдеп, жаштарга билим берүү тармагында 51 жылдан ашык үзүрлүү эмгектенип келе жаткан каарманыбыздын басып өткөн жолуна көз чаптыруу ар бир муун үчүн чоң сабак. 
БАЛАЛЫК ДООР ЖАНА ЭМГЕКТИН МЕКТЕБИ
Абдурашит агайдын балалыгы совет доорунун социалдык жана чарбалык күчтүү өнүгүү жылдарына туш келди. Ата-энеси Ала-Тоонун кооз бурчтары болгон Шамырат, Ак-Башат, Саз, Чаарташ, Тегерек жайлоолорунда табият менен эриш-аркаш жашап, мамлекеттик планды аткаруу үчүн күнү-түнү талыкпай эмгектенишкен. Жайлоодогу нарк-насилди сактаган, ынтымакты туу туткан айылдык чөйрө жаш Абдурашиттин калыптанышына, эмгекке болгон жоопкерчилигине жана нарктуулукка болгон мамилесине бекем пайдубал түптөгөн.
Коомдук түзүлүш алмашып, 90-жылдардагы өткөөл мезгилдин кыйынчылыктары карапайым калктын жан дүйнөсүн сыноого алганда да, каарманыбыз адамдык бийик касиетин, кесипке болгон берилгендигин жоготкон жок. Совет доорунун акысыз, бардыгына жеткиликтүү билим берүү системасы миңдеген жаштарга жол ачкандай эле, Абдурашит агай да ушул мүмкүнчүлүктү толук пайдаланды. 
МУГАЛИМДИК ЖОЛ ЖАНА ИЛИМГЕ КАДАМ
1971-жылы 9-классты бүткөндөн кийин Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1975-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Анын мугалимдик ишмердиги Кара-Кулжа районундагы «Эркин-Тоо» сегиз жылдык мектебинде башталган. Өз билимин андан ары өркүндөтүү максатында Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика факультетин аяктап, жогорку билимге ээ болгон.
1985-жылы Кара-Дыйкан айылындагы сырттан окуу мектебинин бөлүмүн жетектеп турганда, «Яссы» совхозунда иштеген 59 жаранды окууга тартып, алардын жетилүү аттестатын алуусуна себепчи болгон. Ал мезгилде Жамшит Сатыбалдиев, Жунус Токсобаев, Айчүрөк Абжапарова сыяктуу мыкты педагогдор менен иштешип, чоң тажрыйба топтоду.
Андан соң мектеп директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалады. Бирок анын жан дүйнөсү илимге умтулуп турду. ОшТУнун Өзгөндөгү филиалы ачылганда, ал жетекчилик кызматын өз ыктыяры менен өткөрүп берип, катардагы окутуучу катары жаңы илимий жолго кадам таштаган.
ИЛИМИЙ ИЗДЕНҮҮ ЖАНА ПАРЕМИОЛОГИЯ ТАРМАГЫНДАГЫ ИЙГИЛИК
Илимге болгон жоопкерчиликти ага устаты, белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаров үйрөттү. Устатынын берген сыноо иретиндеги тапшырмаларын (К. Жантөшевдин «Каныбек» романындагы макал-лакаптарды жыйноо, 1980-1991-жылдардагы ураан-чакырыктардын динамикасын диаграмма түрүндө түзүү) талыкпаган эмгек менен аткарып, илимий мектептин чыныгы изденүүчүсү экенин далилдеди.
2008-жылы «Кыргыз паремияларынын когнитивдик-лингвистикалык өңүттө сыпаттоонун айрым проблемалары» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, филология илимдеринин кандидаты даражасын алды. 2012-жылы доценттик наамга ээ болду.
Абдурашит агай — кыргыз фольклорунун кичи жанрлары болгон макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар, баталар, каалоо-тилектер, ураан-чакырыктарды камтыган паремиология илимин изилдөөгө зор салымын кошкон инсан. Ал эки монографиянын, үч окуу-усулдук колдонмонун жана 50дөн ашык илимий макалалардын автору. 
АЗЫРКЫ КООМ, ТАРБИЯ ЖАНА УЛУТТУК КЕЛЕЧЕК
Окутуучулук жана изилдөөчүлүк ишмердигинде
А.Абдулатов коомдогу социалдык, тарбиялык маселелерге кайдыгер карабайт. Жыл сайын өткөрүлгөн «Сабаттуу бол» акцияларынын алкагында студенттердин сабаттуулугун жана кол жазмасын талдап, мектептеги китеп окуу маданиятынын начарлашына, сөздүк жумуштарынын жетишсиздигине тынчсыздануусун билдирип келет.
Ааламдашуу доорунда балдардын уюлдук телефонго көз карандылыгын тыюу жолу менен эмес, ийримдер, спорт, кол өнөрчүлүк, көркөм адабиятка кызыктыруу аркылуу чечүү керектигин демилгелейт. Италия, Германия, Франция, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал келтирип, улуттук каада-салтты, тилди жана маданиятты сактап калуунун бирден-бир жолу — терең билим жана китеп окуу экенин баса белгилейт.
ҮЙ-БҮЛӨ — БАКЫТТЫН ЖАНА ИЙГИЛИКТИН БУЛАГЫ
Каарманыбыздын турмуштагы жана илимдеги ийгиликтеринин артында анын жубайы Урпухан Мамышева турат. Педагогикалык окуу жайда таанышкан жубайлар 50 жылдан ашык убакыттан бери сый-урматта өмүр сүрүп келишет.
Урпухан эже — «Баатыр эне», «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы», айылдык кеңештин депутаты, аялдар кеңешинин активдүү мүчөсү. Бүгүнкү күндө алар сегиз баласына жогорку билим берип, тарбиялап өстүрүп, 20 небере, бир чөбөрөнүн сүйүктүү таята-таянеси, чоң ата-чоң энеси болуп олтурушат.
КААЛОО-ТИЛЕК
Сексендин ашуусун көздөй ишенимдүү багыт алып, 70 жаштын салмактуу туу чокусуна заңкайган профессор Абдурашит Абдулатович өзүнүн бай турмуштук тажрыйбасы, нарктуу акыл-насааты жана кыргыз филологиясына кошкон олуттуу илимий эмгектери менен кийинки муунга гана эмес, бүтүндөй агартуу журтчулугуна бийик өрнөк болуп келет.
Мааракеңиз кут болсун, урматтуу профессор! Жарым кылымдан ашык өмүрүңүздү агартуу тармагына арнап, илимдин татаал да, ардактуу да жолунда калтырган өчпөс изиңиз биз сыяктуу кесиптештериңиз жана шакирттериңиз үчүн ар дайым бийик үлгү.
Мекенибизде дайыма тынчтык болуп, коломтоңуздун оту өчпөй, үй-бүлөңүздө аманчылык менен кут-береке өкүм сүрсүн! Илимдин даңгыр жолундагы, педагогикалык майдандагы изденүүлөрүңүздү дагы далай жаңы жеңиштер коштой беришине тилектешпиз. Чейрек кылым бирге иштеп, Сизден алган терең таалим-тарбия жана акылман насааттар биздин өмүр жолубузда дайыма жол чырак болуп кала берет!
Гүлбарчын Муратбаева,
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы
Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун директору, доцент
Комментарийлер