ЖАРКЫНАЙ ДЕРКЕМБАЕВА, ИШКЕР: “АЯЛДАР ӨЖӨР – КӨЗДӨГӨНҮНӨН КАЙТПАЙТ”

  • 21.12.2021
  • 0

Көлдүктөрдүн “сары кыздын тою”, “сары кыз” дегенин кулагыңыз чалган чыгар. Алар кадимки өрүктү ушинтип эркелетип коюшат. Дал ушул сары кыздан как жасап, үч жылдан бери ишкерлик менен алектенген Жаркынай Деркембаеваны сөзгө тарттык.

ЖАРКЫНАЙ ДЕРКЕМБАЕВА, ИШКЕР: “АЯЛДАР ӨЖӨР – КӨЗДӨГӨНҮНӨН КАЙТПАЙТ”

Мээнет жерде калбасын

Ысык-Көлдүн эли негизинен жыл бою өрүктөн тапкан акчага жашап, күн көрүп келишет. Өлкөбүздө өрүктү кайра иштетип, нукура как жасоо багытын өнөр жай деӊгээлине алып чыккан биринчи ишкер айым Жаркынай Деркембаева дагы ушундай үй-бүлөлөрдүн биринде чоңойгон.

— Көлдүн кызы болгондуктан балалыгым өрүкзарда өттү. Анткени башкалар сыяктуу эле биздин үй-бүлөнүн дагы негизги кирешеси өрүктөн алынчу. Бирок жыл сайын баарыбыз өрүк сатуудан кыйналчубуз. Жыл айлана жасалган мээнет текке кетип, тонналаган мөмөнүн жерге төгүлүп калганын көп көрдүм. Мындан улам өзүбүзгө дагы, элге дагы пайдасы тие турган бир иш кылуунун жолдорун издей баштадым. Алгач компот же баткен өрүгүнө окшоштуруп жасасамбы дегем. Ойлонуп, акылдашып отуруп как жасап көрүүнү туура көрдүм. Көп ойлонбой эл ичинде кеңири тараган “Сары кыз” аты менен ишкерлигимди баштадым. Айылда өзүбүздүн эки гектарга жакын жерде өрүгүбүз бар болгондуктан, иш оӊунан чыкпай калса эмне кылам деп анча деле корккон жокмун, — дейт ишкер айым.

ЖАРКЫНАЙ ДЕРКЕМБАЕВА, ИШКЕР: “АЯЛДАР ӨЖӨР – КӨЗДӨГӨНҮНӨН КАЙТПАЙТ”

­­­­Иштин көзүн тапкан ишкер айым өрүктөн сырткары малина, кулпунай, кара өрүк, чычырканактан как жасайт. Ал иштин масштабы канчалык чоңойгон сайын көйгөйлөр дагы чоң боло берет экен дейт:

ЖАРКЫНАЙ ДЕРКЕМБАЕВА, ИШКЕР: “АЯЛДАР ӨЖӨР – КӨЗДӨГӨНҮНӨН КАЙТПАЙТ”

— Биринчи жылы миӊ даана, экинчи жылы 10 миң даана, үчүнчү жылы 100 миң даана как чыгара баштадым. Бир жолу жылдагыдай эле укмуш сатып жиберем деген ой менен 100 миң даана как жасадым. Өлкөбүздөгү эң чоң соода дүкөндөргө какты сунуштасам, какты кантип сатабыз деп чочулап туруп алышты. Күн сайын алардын эшигин каккылап, жок эле дегенде беш жолу чалам. Кээде атайылап эле менин чалгандарыма жооп бербей коюшат. Аларга буга чейинки дүкөндөрдө жакшы сатылгандыгын, бир жолу жеген киши кайра сөзсүз туруктуу кардар болорун айттым. Акыры көздөгөн максатыма жетип, ортодо келишим түздүк. Бирок үч айдай соода жүрбөй койду. Колумда 100 миң даана как турат, бирок сатуу жок. Ошентип ноябрдын аягында биринчи сатуулар боло баштады. Алгачкы түшкөн каражатты жумушчуларымдын эмгек акысына бергем.

Ийгилик сырларын изденген табат

— Акыркы жылдары ишкерликке аралашкан айымдардын катары калыңдоодо. Мисалы, кээ бир айымдар аз-аздан компот, татымал, кыям даярдап, чакан ишкерлик кылышат. Мындай жаңыдан баштаган айымдарга тажрыйба, билим жетишсиз болот. Аларга кесиптик окутууларды, завод-фабрикаларга саякаттоолорду уюштуруп, өндүрүштүн жүрүшү менен жакындан тааныштыруу зарыл. Мындай жол ишкерликке жаңыдан аралашып жаткандардын көзүн ачат. Өз көзүм менен көргөнгө чейин мен дагы өндүрүштү такыр башкача элестетчүмүн, — дейт Ж. Деркембаева.

ЖАРКЫНАЙ ДЕРКЕМБАЕВА, ИШКЕР: “АЯЛДАР ӨЖӨР – КӨЗДӨГӨНҮНӨН КАЙТПАЙТ”

— Агросектордогу эң чоң көйгөйлөрдүн бири — өндүрүштүн аздыгы. Мисалы, бир ишкер айым чоң соода дүкөнүнө өзүнүн товарын сунуштайт, бирок ал соода дүкөндүн талабын канааттандырбайт. Алар жумасына 1000 даана буйрутма беребиз дейт, ал эми ишкердин жылдык өндүрүмү 1000 даана. Ошондуктан региондогу ишкер айымдар биригип, бир кооператив болгону жакшы. Же болбосо ошол ишкер айым өздүк өндүрүмүн көбөйтүшү керек. Азыркы учурда айымдардын ишкерлигин колдогон долбоорлор аябай көп. Ар түрдүү окутууларга катышып, майда гранттарды, инвестицияларды утуп алуу мүмкүнчүлүгү толтура. Изденем, өнүгөм, өсөм деген ишкер сөзсүз бир жолун таап кетет.

Аялды аял түшүнөт

 — Цивилизациянын өнүгүшү аялдардын бир топ ишин жеңилдетип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Аялзаты бала төрөп, идиш жууп үйдө отурган заман артта калды деп ойлойм. Аялдардын күчтүүлүгү да күч, алсыздыгы да күч. Мисалы, бир аял ишкана ачса, мен аялмын өндүрүштү, техниканы түшүнбөйм, өрүктү тонналап кайдан жүктөп келем деген ойлор келиши мүмкүн. Айыл чарба тармагы оор тармак болгондуктан, айымдардын аз экени талашсыз. Мында жетекчи айымдын лидер, кыраакы жана амалкөйлүгү биринчи орунда турат. Анткени ал кандай адамдар менен иштешүүнү, кимге кандай мамиле жасоону, жоопкерчиликти  кимге жүктөөнү жана бөлүштүрүүнү билет. Эгерде бир айым жумуш орундарын түзүп жатса, демек бул күчтүү айым. Аялдар ишкерликте өжөр келип, көздөгөн максатынан артка кайтпайт.

ЖАРКЫНАЙ ДЕРКЕМБАЕВА, ИШКЕР: “АЯЛДАР ӨЖӨР – КӨЗДӨГӨНҮНӨН КАЙТПАЙТ”

Республиканын көп кыдырып, ишкер айымдар менен бат-бат жолугуп тургандыктан, алардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Негизи аялзатын аялзат гана түшүнөт. Биздин коомдо аялдын портрети такыр башкача калыптанып калган. Биринчи категорияда күчтүүмүн деген аялдар, экинчиде күнүмдүк тиричилик менен күн өткөрүп, зордук-зомбулук көрүп, тагдырга моюн сунган айымдар. Коомдун кыймылдаткыч күчү азыр – аялдар. Кайсы тармакта караба тырбалаңдап аялзаты жүрөт.

Эл аралык уюмдар агротармакты өнүктүрүүнү колдойт

— Жеке өзүм салык төлөп, жумуш орундарын түзүп жатканым мамлекеттин экономикасына кылган кичинекей жардамым деп билем. Дыйкандардын жемиштерин сатып алып, аларга колдоо кылып жатам. Жемиштерди кайра иштетип, өндүрүш жүргүзүп жаткан кызматкерлериме эмгек акы төлөйм. Ишкерликке аралашкандан бери мамлекет тарабынан эч кандай  колдоо, сунуш боло элек, — дейт ишкер Жаркынай Деркембаева.

— Бир-эки жолу Айыл чарба министрлиги чакырып, тегерек столго баргам. Ал жерде көптөгөн сүйлөшүүлөр болгон, бирок ал сөздөр ошол эле жерде калгандай. Айыл чарбадагы ишкерликти колдогон ар кандай чет элдик уюмдар бар. Жеке өзүм ушундай уюмдардын колдоосун көп көрөм жана эффективдүү деп билем. Алар мени агродолбоорлорго бизнес-тренер катары көп чакырышат. Бул айымдар бири-бирибизди колдоп, жеке тажрыйбалардан бөлүшүүгө шарт түзөт.

ЖАРКЫНАЙ ДЕРКЕМБАЕВА, ИШКЕР: “АЯЛДАР ӨЖӨР – КӨЗДӨГӨНҮНӨН КАЙТПАЙТ”

“Сары кыз” Кыргызстанды дүйнөгө таанытат

— Көлдүн түштүк тарабынан өрүк какты алгачкылардан болуп жасап баштадым. Адегенде кызыгып келип кылчайып карап кеткендер бар болчу. Азыр бара-бара менин катарыма кошулгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Арасында чет өлкөгө экспорт кылгандары дагы бар, бирок арзан сатышат. Өрүк как кадимки өрүккө караганда узак сакталат жана кирешеси арбын. Анткени кайра иштетилип чыккан продукт чийки затка караганда кымбатыраак кетет.  Келечекте коңшу өлкөлөр арасында Кыргызстандын “өрүк кагы” эң даамдуу деген бааны дайым ырастап турууга жетишербиз, балким…

Нурзат КАЗЫБЕКОВА,

«Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер