ЖАРАТМАН УСТАТ, ТААСЫН ПЕДАГОГ
- 16.04.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Асангүл Абдыгулова 20-апрелде 85 жашка толот.
Кыргыз кыйырына ысымы белгилүү таалимчи-устат узак мезгилден бери педагогдук кесиби менен чыгармачылык өнөрүн тыгыз айкалыштырып, калктын калыӊ катмарына белдүү акын, таасын драматург.
Ал өз эмгек жолун алыскы Ат-Башы аймагында баштап, кийин көп жылдары Балыкчы шаарында мектептин директору болуп иштеген. Ал жөн гана катардагы мугалим эмес, мектеп программасына 8-9-класстар үчүн «Дүйнөлүк көркөм адабият» сабагын киргизген, 5-10-класстар үчүн «Манас таануу» сабагы боюнча автордук программасын иштеп чыккан, «Сахна сабактары» аттуу усулдук окуу китебин жазган чыныгы усулчу-педагогдордун бири болуп саналат. Айрыкча, «Дилбаян”, “Ой толгоо», «Эркетай», «Гүл өмүр» сындуу ырлар жыйнактары ушул кезге чейин окурман колунан түшпөй келет. “Бурулча”, «Калк энеси Каныкей» баштаган бир катар драмалык чыгармалары сахна ышкыбоздорунун эсинде. Ал көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга арзыган, бир катар ардактуу наамдар ыйгарылган. Ал эми бул кишинин эӊ башкы сыйлыгы – жамы журтунун ыраазычылык батасы болду десек жаӊылбайбыз.
Айтылуу Асангүл Абдыгулова апабыз кыргыз педагогдорунун арасынан көп жылдык кынтыксыз кызматы менен катар адабий чыгармачылык тизгинин кошо кармап, ар дайым көркөм изденүүдө жүргөндүгү жана өзүнүн коомдук күжүрмөн позициясы менен өзгөчөлөнүп турат.
Ат-Башы районундагы чокусун ак көк муз баскан тоолордун койнундагы алыскы Ак-Моюн айылында туулуп өскөн чыйрак кыз мектепте окуп жүргөндө эле педагог болуу максатын алдыга бекем койду. Мектепти бүтөрү менен Нарындагы педагогикалык окуу жайына кирди. Элүүнчү жылдардын аягында Нарын шаарындагы мектеп-интернатта башталгыч класстардын мугалими катары эмгек жолун баштаган.
Андан кийин эмгек жолу Балыкчы шаарындагы №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде уланды. Ошол убакта Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде да билимин улантты. Асангүл апанын кийин чыгармачылыкка жакын болуп калганынын себеби бар. Ал кезде журналистика бөлүмүнө көбүнесе чыгармачылык чымыны бар балдарды тандап алыша турган. Бирок, баары бир педагогдук изденүү алдынкы орунда турду. Ошондуктан 1964-68-жылдары Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтуна которулуп, окуусун андан ары улантты.
Андан кийинки кырк жылдан ашык мезгилге созулган педагогикалык ишмердиги негизинен Ысык-Көл менен Нарын областындагы мектептерде өттү. Балыкчыдагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл районундагы Тамчы орто мектебинин директору, Ат-Башы районундагы “Жаңы-Күч” жана “Кызыл Дыйкан” орто мектептеринин директору, анан кайрадан Балыкчыдагы №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору болуп иштеди.
Совет доорунда талап да күчтүү, мугалимдердин кесиптик деңгээли да жогору болгон. Жогорку деңгээлдеги комиссиялар мектептердеги окуу-тарбиянын деңгээлин кайра-кайра текшерип, тыным берчү эмес. Элеттик мугалимдердин түйшүгү белгилүү го, бир жагынан үй оокатын караш керек, балдар али жаш. Эженин бактысына, баш кошкон жары абдан күйүмдүү болду, эгер анын жакындан колдоосу болбосо, жетекчи кызматты аткаруу аял киши үчүн оңойго турбайт эмеспи.
Кыргыз адабиятын сахналаштыруу аркылуу окутуу жүрүмүн жаңы деңгээлге көтөрүп, маанилүү тажрыйба катары жайылткан бирден бир көрүнүктүү мисал ушул Асангүл апанын сабагы болду десек жаңылбайбыз. Жогорку класстын окуучуларынын арасында “Эргүү” драмалык ийримин түзүп, Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры”, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” жана башка адабий чыгармаларды мектеп сахнасына алып чыкты. Ошондон улам адабий чыгараларды сахналаштырып окутуу боюнча жыйнаган бай тажрыйбасынын негизинде 1996-жылы “Сахна сабактары” деп аталган усулдук эмгеги жарык көрдү.
Андан сон башка өлкөлөрдүн маданиятын салыштырып окутуу боюнча өзүнүн автордук программасын иштеп чыкты. Анын негизинде 8-9-класстар үчүн “Дүйнөлүк көркөм маданият” сабагын киргизди. 1999-2000-жылдарда “Манас таануу” боюнча автордук программасы экинчи жолу 5-6-класстарда окутулду.
Баш-аягы агартуу майданында 44 жыл бою каруусун казык, акылын казык кылып иштеген Асангүл эже бардык учурда эмгектин алдыңкысы болду, аты чыкты, сый-урмат көрдү, кадыр-барк күттү. “Элге билим берүүнүн отличниги” төш белгиси, “Энелик даңк” экинчи даражадагы медалынан баштап, “Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына татыктуу болду, “Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сиңирген эмгеги үчүн” пенсия алган алдыңкы ардагерлердин тизмесине кирди. “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” катары кадыр тапты.
Педагогикалык өнөр менен катар жеке адабий чыгармачылыгына да көңүл бурууга убакыт тапты. Айрыкча, ардактуу эс алууга чыккан 2004-жылдан кийинки чыгармачылыгы ийгиликтүү болду десек жарашат. Бир топ драмалары өзүнчө жарыяланып, көпчүлүгү жергиликтүү эле эмес, борбордук театрлардын сахнасына чейин коюлду.
Асангүл апанын чыгармалары менен китептерин эле тизмектөө өзүнчө бир узун сабак тизме болуп кетери бышык. Ал эми ар кандай деңгээлде коомдук уюмдардан, чыгармачыл уюмдардан алган сыйлыктары менен наамдарынын бирин билсек, анын көбү унутта калышы ажеп эмес. Бирок ар сыйлыктын артында чыныгы чыгармачылык зор түйшүк, талыкпаган изденүү, интеллектуалдык мээнет турганы түшүнүктүү.
Буюрса, Асангүл апа менен Сапарбек ата жакшы тарбия берген экен, балдарынын баары мыкты чыкты. Ошондон улам, 2017-жылы “Ала-Тоо айымдары” коомдук уюмунун “Үлгүлүү үй-бүлө” медалы менен сыйланды. Ушу тапта тун уулу Сүйүнбек Касмамбетов – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп турат. Эл аралык Би-Би-Си маалымат каражатынын алкагында кыргыз кызматын негиздеп, башынан бери иштеп келаткан кыздары Гүлнара менен Акчолпонду бүт кыргыз журту тааныйт чыгар. Башка кыздары Айнара, Динара, Чынара – баары өзүнчө очор-бачар үй-бүлө жашап жатат.
Кубатбек Чекиров,
“Кут Билим” медиа борборунун директору
Комментарийлер