ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИ

  • 14.08.2026
  • 0

Билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдүн ийгилиги, эң оболу, класста окуучу менен түз иштешкен педагогдун даярдыгына көз каранды. Анткени, сапаттуу билим кесипкөй жана өз ишин сүйгөн мугалимден башталат. Ушул багытта аткарылып жаткан иштер келечекте окуучуларга дүйнөлүк талаптарга жооп берген билим берүүгө бекем пайдубал болуп берери шексиз.

Мына ушундай демилгелердин  бири – “Заманбап мугалим” долбоору. Бул программа демилгелүү адистерди тартып, аларды даярдыктан өткөргөн соң айылдык жана аймактык мектептерге жөнөтүшөт. Долбоордун катышуучулары өздөрүн Жаратман деп аташат. Өткөн окуу жылында Ысык-Ата районундагы Усеин Адиков атындагы жалпы билим берүү орто мектебине келген Именова Райхон, Маматова Айгерим, Бекишова Элиза, Рубцова Елена  аттуу жаратман мугалимдер жыл бою окуучулар, мектеп жамааты жана ата-энелер менен иш алып барышты. Алардын окуу жылы ичинде аткарган иштеринин айрымдарына токтоло кетели.ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИ

Окуучулар өз мектебин өздөрү өзгөртүштү

Мектеп – билим алган жай гана эмес, окуучулардын өзүн эркин сезип, чыгармачылыгын өнүктүргөн, турмушка даярдаган мейкиндик да болушу керек. Бул багытта «Create4 Design» долбоору окуучуларга өз мектебин өз колу менен жаңыртууга мүмкүнчүлүк түздү.

«Create4» жумалыгы жыл сайын өткөрүлүп, кино, дизайн жана чыгармачылыкка байланышкан ар кандай иш-чараларды камтыйт. Быйыл жумалыктын негизги темасы дизайн болуп, анын алкагында мектептер арасында конкурс уюштурулду.

Буденовка мектебинин Жаратман мугалимдери долбоордун жүрүшүндө окуучулары менен биргеликте мектептин үчүнчү кабатындагы эскилиги жеткен бөлүктү толугу менен өзгөртүштү. Эң кызыгы – колдонулбай калган буюмдарды кайра иштетүүгө басым жасалган.

Мисалы, эски дөңгөлөктөрдөн ыңгайлуу отургучтар жасалып, мектептин складында жаткан жараксыз болуп калган парталар жаңы столдорго айланды. Ал эми жыгач жашиктерден дубалга илинген текчелер даярдалды. Кабаттын дубалдары окуучулардын чыгармачыл сүрөттөрү менен кооздолуп, мурдагы эски көрүнүш таптакыр башкача, жандуу, шаңдуу кейипке келип, окуучулар дем алуу учурунда убакыт өткөрө турган жайлуу аянтчага айланган. Мурда коңгуроо болгон соң мектеп коридоруна чуу түшүрүп чуркап жүрчү окуучулар эми бул аянтчада шахмат ойноп, текчедеги китептерди барактап, кийинки сабакты күтүшөт.ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИБул ишке 5-, 6-, 8- жана 9-класстын окуучулары мугалимдер менен бирге активдүү катышты. Алар оңдоп-түзөө иштеринде мугалимдин көрсөтмөлөрүн аткарып эмес, тескерисинче, идеяларды сунуштап, аларды ишке ашырууну колго алышкан.

Мындай долбоор окуучуларга дизайн боюнча практикалык көндүмдөрдү үйрөтүп, команда менен иштөөнүн маанисин түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле эски буюмдарды кайра пайдалануу аркылуу айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууну, жоопкерчиликтүү керектөөнүн маанисин да көрсөтөт.

«Create4 Design» долбоорунун алкагында иш алып барган Жаратмандардын максаты мектептин көрүнүшүн өзгөртүү эмес, окуучуларга өздөрү билим алган чөйрөнү жакшыртууга ар биринин салымы маанилүү экенин далилдеп, өз айланасын чыгармачылык менен  уюштурууга болорун үйрөтүү эле. Бул жагынан алганда коюлган максат ишке ашты дешке толук негиз бар.

Үчүнчү кабатты жаңыртуу жөн гана оңдоп-түзөө иши болгон жок. Долбоордун дагы бир негизги максаты – мектепте билим алган ар түрдүү улуттун өкүлдөрүнүн маданиятын, тарыхын жана баалуулуктарын окуучулардын чыгармачылыгы аркылуу жеткирүү болгон.

Бул үчүн мектептеги ар этностун окуучулары улуттук каада-салтын жана өзгөчөлүктөрүн өз алдынча изилдеп чыгышкан. Чогулткан маалыматтарынын негизинде алар дубалдарга сүрөттөрдү тартып, ар бир элдин өзүнө таандык өзгөчөлүгүн чагылдырышкан. ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИ

Мындай иш окуучулардын сүрөт тартуу жөндөмүн өнүктүрүү менен катар алардын изденүүсүн арттырып, башка улуттардын маданиятына болгон кызыгуусун жана урмат-сыйын күчөттү. Долбоордун жүрүшүндө балдар ар бир элдин өзүнө таандык тарыхы, салты жана баалуулуктары бар экенин дагы бир жолу терең түшүнүштү.

Эң негизгиси, бул демилге аркылуу Жаратман мугалимдер окуучуларга «Ар түрдүүбүз, бирок бир өлкөдө жашайбыз» деген маанини чыгармачылык аркылуу жеткирди. Натыйжада дубалдардагы сүрөттөр мектепти кооздогон эмгек гана эмес, көп улуттуу окуучулар окуган мектептеги достуктун, өз ара сый-урматтын жана биримдиктин символуна айланып калды. ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИ

Эски буюмдардан жаңы идея: Окуучулар креативдүү скамейка жасап, грант утушту

Эски буюмдардан пайдалуу нерсе жасоого болобу? Муну окуучулар өз эмгеги менен далилдешти. Алар колдонулбай калган материалдарды кайра иштетип, креативдүү скамейка жасап, республикалык сынакта жеңүүчүлөрдүн катарына киришти. Тарых менен келечек жанаша жүргөн жерде ийгилик жараларын Буденовка мектебинин окуучулары өз иши менен көргөзүштү.

Долбоор « Create4 Design» жумалыгынын алкагында өттү. Аны «Teach For Kyrgyzstan» командасынын «Заманбап мугалим» программасы уюштуруп, «Креативдүү скамейкалар» аттуу конкурс жарыялаган. Сынактын негизги максаты – мектеп чөйрөсүн жакшыртуу, окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү жана эски буюмдарды кайра пайдалануу маданиятын жайылтуу болчу.

Конкурска катышуу үчүн мектепте «Эски буюмга – экинчи өмүр» аттуу акция уюштурулган. Анын алкагында окуучулар мектептин социалдык тармактары аркылуу окуучуларга, ата-энелерге кайрылуу жасап, колдонулбай калган буюмдарды чогултушкан. Натыйжада эски бөтөлкөлөр, пластик капкактар, тактайлар, поддондор, жыгач жашиктер, унаанын дөңгөлөктөрү жана башка материалдар топтолгон.

Кийин ушул материалдардын баары креативдүү скамейка жасоого пайдаланылган. Окуучулар бир жуманын ичинде идеяны ишке ашырып, бардык этаптарды видеого тартып, уюштуруучуларга жөнөтүшкөн.

Жыйынтыгында мектеп жеңүүчүлөрдүн катарына кирип, грантка ээ болгон. Бул каражат кайрадан эле мектепте экологиялык жана чыгармачылык багыттагы жаңы демилгелерди ишке ашырууга жумшалат.

Мындай  долбоорлор окуучулар үчүн жөн гана сынак болбостон аларга эски буюмдарды таштанды катары эмес, кайра колдонууга боло турган баалуу материал катары көрүүнү үйрөтөт. Ошону менен катар команда болуп иштөөнүн, жаңы идея ойлоп табуунун жана аны иш жүзүнө ашыруунун маанисин көрсөтөт. Долбоор экологиялык маданиятты жайылтууга да жакшы үлгү боло алат. ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИ

Жаратмандардан сабак алып, коомдук иштерге аралашкан окуучулар

Мектепте Жаратмандар тарабынан ишке ашырылган кызыктуу долбоорлордун бири – «Жандуу китепкана» болду. Бул жолу окуучулар китептен гана маалымат албастан, чыгармачыл тармакта эмгектенген адамдар менен бетме-бет жолугушуп, алардын тажрыйбасын угууга мүмкүнчүлүк алышты.

Долбоордун жүрүшүндө мектепке Креативдүү индустриялар ассоциациясынын өкүлдөрү келип, окуучулар менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Алар өздөрүнүн кесиби, чыгармачылык жолу жана жетишкендиктери тууралуу айтып берип, окуучулардын суроолоруна жооп беришкен. Мындай ачык баарлашуу балдардын жаңы кесиптер тууралуу түшүнүгүн кеңейтип, өз кызыгуусун аныктоого жардам берген.

 

Аталган иш-чаранын алкагында мектептин “Жаркылдактар” медиа клубунун мүчөлөрү маалымат даярдоону, интервью алууну, видеоматериалдарды тартууну жана социалдык тармактарга сапаттуу контент чыгарууну үйрөнүштү.

Бул иштердин башкы максаты – окуучуларга теориялык билим берүү менен гана чектелбестен, аларды ойлонууга, жаңы идея жаратууга жана аны турмушта колдонууга үйрөтүү болду. Натыйжада мектепте чыгармачылыкка кызыккан окуучулардын чөйрөсү кеңейип, алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн жаңы багытын ачышкан. ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИ

“Жаркылдактар” медиа клубу коомдук демилгелерге да активдүү катышууда

Медиа клубдун ишмердиги мектеп ичиндеги жаңылыктар менен эле чектелбейт. Алар коомдук мааниге ээ болгон иш-чараларга да активдүү катышып келишет.

Мындай демилгелердин бири – «Таза Кыргызстан» акциясы болду. Медиа клубдун окуучулары Будёновкадан Кант шаарына чейинки аймакты тазалоо акциясына катышып, айлана-чөйрөнү тазалоого өз салымдарын кошушту.

Бул акцияга катышуу кызыктуу жол менен башталган. «Таза Кыргызстан» демилгесин колдогон блогер мектептин медиа клубуна байланышып, акция тууралуу маалыматты социалдык тармактар аркылуу жайылтууну сунуштаган. Бирок окуучулар маалымат таратуу менен эле чектелбестен, өздөрү да акцияга катышууну чечишкен.ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИНатыйжада алар тазалык иштерине түздөн-түз катышып, коомдук демилгеге өз салымын кошушту. Бул окуя медиа клубдун мүчөлөрүнө маалымат таратуучу гана эмес, коомго пайда алып келген активдүү жаран боло аларын дагы бир жолу көрсөттү.

Мындай долбоорлор окуучуларды жоопкерчиликтүү болууга, айлана-чөйрөгө кайдыгер карабоого жана коомдук иштерге активдүү катышууга үндөйт. Эң башкысы, алар жаштарга өз идеяларын ишке ашырууга жана өзгөрүүнү өздөрүнөн баштоого мүмкүнчүлүк берет.

ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ЖАҢЫ ДЕМИ

Окуучулар эмне дейт?

Аиша, 9-класстын окуучусу: “Жаратман мугалимдерден көп нерсени үйрөндүм. Алардын сабак өтүүдөгү кызыктуу  ыкмалары, окуучулар менен иштөө мамилеси жана жаңы идеялары мага жакшы таасир берди. Сабактарда активдүү катышууга, өз оюмду айтууга жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыга баштадым”

Рабия, 9-класстын окуучусу: “Жаратман мугалимдердин өткөн сабактары мен үчүн кадимки сабактардан бир аз айырмаланат. Алар сабак учурунда жылмайып, окуучулар менен эркин сүйлөшүп, күлүп, кызыктуу суроолорду беришет. Ошондуктан сабак кызыктуу өтүп, өзүң да активдүү катышкың келет. Алар теманы жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып айтып беришет. Мурунку эжейлер да жакшы сабак өтүшөт, аларды да сыйлайм. Бирок мен үчүн Жаратман мугалимдердин сабак өтүү ыкмасы көбүрөөк жакты. Алар менен сабак окуганда өзүңдү эркин сезесиң жана түшүнбөгөн нерсеңди суроодон тартынбайсың. Ошондой эле алардын жылмаюусу жана жакшы мамилеси сабакка болгон кызыгууну арттырат”

Асема, 7-класстын окуучусу: “Жаратмандардын сабактары эмне үчүн кызыктуу? Анткени алар ар бир теманы жана ар бир көнүгүүнү шашпай түшүндүрүп беришет. Жадагалса ар бир окуучуга ар бир сөздү түшүндүрүүдөн тажабайт”

Жогорудагы окуучулардын сөздөрүнөн соң, “Заманбап мугалим” долбоорунун Жаратмандары жаңы доордун окуучуларына шайкеш келген педагогдордон болоруна ынанасың. Мындай Жаратмандар өлкөбүздүн ар бир мектебинде, ар бир классында сабак берсе дейсиң. Мугалимин сүйгөн, сабакка шашып келген окуучулар, аларга шык берген мугалимдер көп болсун!

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер