ЖАПОН МЕКТЕБИНДЕГИ ЖАҢЫЛАНУУ ЖЕЛАРГЫСЫ

  • 04.04.2025
  • 0

Жапондор өз балдарын мындан ары обочо кармабастан, «дүйнө жарандары» катары тарбиялоого өтүштү.

ЖАПОН МЕКТЕБИНДЕГИ ЖАҢЫЛАНУУ ЖЕЛАРГЫСЫ

Күн чыгыш өлкөсүндө узак жылдар иштеп, жашап калган Константин Преобреженский өзүнүн «Как стать японцем?» китебинде жапон болуш үчүн жапон болуп төрөлүш керек деген ойду айткан болчу.  Жапон мектептеринде учурда жүрүп жаткан олуттуу өзгөрүүлөр менин бир топ жыл илгери окуганыма таптакыр карама-каршы келди. Бирок ишенбеске арга жок! Билим берүү тармагындагы мындай күтүлбөгөн өзгөрүүлөр азыркы тапта жапондордун өздөрүн гана эмес, чет элдиктерди да таң калтырууда.

Тарбия-таалим жаатындагы бул жаңылануу желаргасы «Brave change» (Futoji no henko) пилоттук планы деп аталып, ал Erasmus, Grundtvig, Monnet, Ashoka и Comenius билим берүү программаларынын алкагында ишке ашууда.

Бул баарынан мурда түшүнүү, кабыл алуу программасы деп аталат. Программа аркылуу жапон балдары түркүн маданияттарды түшүнүүгө үйрөнүп, алардын кабыл алуу горизонттору улуттук ченемден ааламдык денгээлге өсүп жетет.

Билим берүү мекемесинде бала тарбиялоонун бул 12 жылдык программмасы: билимди зордоп бербөө жана үй тапшырмасынын жоктугу концепциясына негизделет. Аталган новатордук программадан 5 приоритеттүү багыттарды бөлүп көрсөтүүгө болот:

1. Ишкерлик арифметикасы. Өз ичине негизги операцияларды жүргүзүүдөн тартып,  каржылык калкуляторлорду  колдонууга чейинки иштерди камтыйт.

2. Текст окуу. Бул иш бир бетти окуудан башталып, жума ичинде бир китепти окуп бүтүү менен аяктайт.

3. Цивилдүүлүк. Бул иш коомдо кабыл алынган бардык мыйзамдарды, жарандык баалуулуктарды, жанаша жашоо эрежелерин  толук урматтоодон башталып, өз ичине сабардуулукту, альтруизмди экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоону камтыйт.

4. Компьютер өнөрү. Жумуш бөлмөсүн жабдуудан башталып, интернетти билим алууда колдоно билүүнү, социалдык тармактарда активдүү болууну жана онлайн бизнес кылууну камтыйт.

5. Тил үйрөнүү.
Кеминде 4 же 5 тилди; мунун ичинде жапон, латын, англис, немис, кытай жана араб тилдерин, маданиятын, башка диндерди билүү талап кылынат. Тил үйрөнүүдө жайында чет жерге барып, үй-бүлөдө жашоо жагы каралган.

Учурда күн чыгыш өлкөсүндө жайылтылган бул программа жакынкы келечекте кандай натыйжаларга алып келет? Жаштар 18 жашка чыкканда 4 тилдин алфавитин, 4 элдин маданиятын билип, 4 тилде сүйлөп калышат.
Мындан тышкары:
— алар жумушчу аспаптар катары компьютерлерди жана мобилдик телефондорду колдонууда эксперт болуп калышат;
— алар жылына 52 китеп окушат;
— алар мыйзамды, экологияны жана жанаша жашоону урматташат;
— алар ишкерликти жүргүзүп, аны баштоодо каржылык арифметиканы башкара алышат.

Эң башкысы, алар өз өлкөсүнүн гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн атуулдары болууга даяр болушат.

Жапон билим берүү системасы жөнүндө 10 уникалдуу факты

Биринчи адеп, кийин билим

Жапон окуучулары 4-класска чейин экзамен тапшырышпайт. Жаш балдар билимге караганда башка адамдарды, жаныбарларды сыйлоого, айкөлдүккө, боорукердикке, чындыкты издөөгө, өзүн-өзү кармай билүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбияланат.

Окуу жылы 1-апрелде башталат

Көпчүлүк өлкөлөрдө балдар мектептеги окуу жылын аяктай баштаганда, жапондор өзүнүн 1-сентябрын майрамдайт. Жыл башы Жапонияда эң кооз кубулуштардын бири – сакуранын гүлдөшүнө туш келет. Мындан алар бир жылга жетерлик дем-күч алышат. Окуу жылы үч чейректен турат: 1-апрелден 20-июлга чейин, 1-сентябрдан 26-декабрга чейин жана 7-январдан 25-мартка чейин. Ошентип, жапон окуучулары жайкы каникулда алты жумадан, кышында жана жазында эки жумадан эс алышат.

Жапон мектептеринде бөлмөлөрдү балдар өздөрү тазалашат

Ар бир класс кезектешип класстарды, коридорлорду, жада калса ажатканаларды тазалашат. Мына ушинтип балдар кичинесинен командада иштөөгө, бири-бирине жардам берүүгө үйрөнүшөт. Анын үстүнө мектеп окуучулары тазалоого ушунча убакыт жана күч-аракет жумшагандан кийин, алар таштанды салгысы келбейт. Бул аларды башкалардын эмгеги сыяктуу эле өзүнүн да эмгегин урматтоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үйрөтөт.

Мектептер стандартташтырылган түшкү тамактарды гана даярдашат

Башталгыч жана орто мектептерде балдар үчүн атайын түшкү тамактар даярдалат, анын менюсун ашпозчулар гана эмес, медицина кызматкерлери да иштеп чыгышат, тамак-аш мүмкүн болушунча пайдалуу жана аш болумдуу болушу керек. Бардык класстар класста түшкү тамакты мугалим менен бирге тамактанышат. Мындай бейформал шартта алар көбүрөөк баарлашып, достук мамилелерди түзүшөт.

Кошумча билим берүү абдан популярдуу болуп саналат

Башталгыч мектепте балдар жакшы орто мектепке, андан кийин орто мектепке кирүү үчүн жеке жана даярдоо мектептерине бара башташат. Андай жерлерде сабактар кечинде өтөт жана кечки саат 21:00дө кошумча сабактан кийин үйгө шашылган балдар коомдук транспортто толуп кеткени Жапонияда кеңири таралган. Алар жекшемби жана каникул убагында да окуунун орточо убактысы алты сааттан сегиз саатка чейин созулгандыгын эске алып окушат. Статистика боюнча Жапонияда экинчи жылга калтырылгандар дээрлик жок экендиги таң калыштуу эмес.

Кадимки сабактардан тышкары студенттерге жапон каллиграфиясы жана поэзиясы үйрөтүлөт

Жапон каллиграфиясы же шодо принциби абдан жөнөкөй: бамбук щеткасын сыяга малып, күрүч кагазына жылмакай штрихтер менен иероглифтер тартылат. Жапонияда шодо кадимки живопистен кем эмес бааланат. Ал эми хайку – табият менен адамды бир бүтүн катары так, кыска көрсөткөн поэзиянын улуттук түрү. Эки буюм тең чыгыш эстетикасынын принциптеринин бири – жөнөкөйлүк менен көрктүүлүктүн катышын чагылдырат. Сабактар балдарды жапондордун кылымдардан берки салттары менен маданиятын баалап, урматтоого үйрөтөт.

Бардык мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийиш керек

Орто мектептен баштап ар бир окуучу бирдиктүү форма кийүүгө милдеттүү. Көптөгөн мектептерде өздөрүнүн формасы бар, бирок салт боюнча балдар аскердик стилдеги кийимдерди, кыздар матростук костюмдарды кийишет. Эреже окуучуларды тартипке салууга багытталган, анткени кийим өзү жумушчу маанайды жаратат. Ошондой эле, бирдей форма классташтарды бириктирүүгө жардам берет.

Сабакка катышуу 99,99%

Өмүрүндө бир да жолу мектептеги сабакты калтырбаган адамды табыш кыйын, жапондор — мына ушундай эл. Жапон  окуучулары дээрлик эч качан сабакка кечигишпейт. Ал эми мектеп окуучуларынын 91% мугалимди дайыма угат. Мындай статистика менен дагы кайсы мамлекет мактана алат?

Бир жыйынтыктоочу экзамендин жыйынтыгы баарын чечет

Орто мектепти аяктаганда жапон окуучулары ЖОЖго киреби же кирбестигин аныктаган бир сынактан өтүшөт. Бүтүрүүчү бир гана окуу жайды тандай алат жана ал кандай болоору анын келечектеги айлыгынын өлчөмүн жана жалпы жашоо деңгээлин аныктайт. Ошол эле учурда атаандаштык абдан жогору: бүтүрүүчүлөрдүн 76% мектептен кийин окуусун улантат. Ошондуктан Жапонияда «экзамен тозогу» деген сөз айкашы популярдуу.

Университет жылдары жашоодогу эң сонун майрамга окшош

Кабыл алууга жана «экзамен тозогуна» көп жылдар бою тынымсыз даярдангандан кийин, жапондор кыска тыныгууну каалашканы таң калыштуу эмес. Ар бир жапон үчүн адамдын жашоосундагы эң оңой жана бейкапар доор делип университеттик жылдар эсептелет. Жаштар университеттеги билим алууга жумуш алдындагы эң сонун эс алуу катары карашат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер