ЖАН ДҮЙНӨ КЕСИБИНИН ЖАРАТМАНДАРЫ
- 05.10.2023
- 0
Салт катары ар жылда уюштурулуп келаткан “Жылдын мыкты мугалими-2023”, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” жана “Жылдын мектептен тышкаркы кошумча билим берүүсүнүн мыкты мугалими-2023” конкурстары жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
“Жан дүйнөмдүн кесиби” аталыштагы салтанатта КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди. “Мугалим деген ыйык наамды адамгерчилик менен акылмандыкты айкалыштыра билген, боорукердик сезимдерге бөлөнүп, мээримин чача билген инсандар гана көтөрө алат. Мына ошондуктан кайсы гана коом болбосун, жогорку адеп-ахлакты, маданияттуулукту жана терең билимди алып жүрүүчү катары мугалимге өзгөчө сый-урмат көрсөтүп келишет. Анткени алар бардык күч дараметин, бүт өмүрүн жаштарга таалим-тарбия, терең билим берүүгө арнаган адамдар. Ары сыймыктуу, ары түйшүктүү кесип ээлерин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм” — деп айтылат ал куттуктоодо.
Өлкө башчы андан аркы сөзүндө билим берүү потенциалы өсүүнүн үстүндө келатканын, эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын саны көбөйгөн сайын, дүйнөдөгү билим берүү процессинин алдыңкы тажрыйбаларын, жогорку технологияларды колдонууга ачык болушубуз зарыл экендигине токтолуп, мугалимдер заман талап кылып жаткан технологиялык жетишкендиктерден ар дайым кабардар болуп, өзүн-өзү өстүрүүгө умтулушу керектигин баса белгилеген.
Э.Байсалов мугалимдер үчүн эң кубанычтуу күндө дагы бир кубанычтуу жаңылык айтып, мугалимдерди сүйүндүрдү. Президенттин чечими менен бир жылдын ичинде бардык мугалимдер ноутбук менен камсыз болмокчу. Ал ноутбуктар тек гана таратылбастан, ичинде мугалимдер үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар, план-отчеттор, стандарттык методикалар толугу менен жүктөлөт. Президент мугалим өзүнүн эң жооптуу милдетин – балдарга билим берүү вазийпасын аткарууда башка иштер менен алагды болбоого тийиш деп эсептейт.
Салтанаттын эң жооптуу, эң толкунданткан учуру келип жетип, баш байгеге ээ болгон мугалимдердин ысымдары аталды. Быйыл баш байгени Бишкек алды. “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” конкурсунда биринчи байгелүү орунду ээлегендиги үчүн диплом жана 100 миң сом менен Бишкек шаарындагы №11 “Ак-кеме” бала бакчасынын даярдоо тайпасынын тарбиячысы Татыбүбү Мамбеткулова сыйланды. Экинчи орунга чыккан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №3 “Ай-Данек” бала бакчасынын орто тайпасынын тарбиячысы Любовь Беловага жана үчүнчү байгелүү орунга жетишкен Ош шаарындагы “Асан-Үсөн” бала бакчасынын жогорку тайпасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбековага жеңүүчүнүн диплому жана ноутбук ыйгарылды.
Бир жылдык эле эмес, бир нече жылдап жумшаган эмгегинин акыбети кайтып, мыктынын мыктысы аталган жеңүүчүлөрдү кепке тарттык. Бишкек шаарындагы №11 “Ак-Кеме” бала бакчасынын жаш тарбиячысы, баш байге ээси Татыбүбү Мамбеткулова бул тармакта тогуз жылдан бери иштейт.
— Мен конкурстун бардык катышуучуларын бүгүнкү ийгиликтери менен куттуктайм. Баары тең эң мыкты даярдыктар менен келишиптир. Конкурстардын бир жакшы жери – өзүңдү көрсөтүү менен бирге эле, башкалардан да көптөгөн тажрыйбаларды үйрөнө аласың. Мен да башка кесиптештеримден көп жаңы нерселерди үйрөндүм десем болот. Анткени мугалим, тарбиячы көптү билиши керек. Педагогдун негизги милдети – балдар сүйүү, мээрим төгүү. Өз кесибиңди сүйүп иштегенде гана ийгиликке жол алып барчу ачкычты таба аласың. Азыркы заман талабына ылайык, жаңыча ыкма менен балдарды оюн аркылуу кызыктырып, багбан дыйкандай балдарды бапестеп багып өстүрүү милдетин аркалаган кесиптештеримди кесиптик майрамыбыз менен куттуктайм, — дейт кулачы гүлгө, көкүрөгү кубанычка бөлөнгөн Татыбүбү Мамбеткулова.
“Сынакка катышуунун өзү эле жеңиш” деп, кесиптештерине, сыйлык ээлерине куттуктоо арнаган Мээрим Тыныбекова ордолуу Ош шаарынан келген. Конкурстун жүрүшүндө ал өзүн кесибин ардактап сүйгөн, келечегинен көптү үмүттөндүргөн адис катары көрсөтө алды.
— Сынакка катышуу мен үчүн аябай чоң сыймык. Албетте, ар бир эле катышуучу биринчиликти алсам экен деп умтулат эмеспи, бирок үчүнчү орунга жеткеним да чоң ийгилик, тажрыйба болду. Балдарга билим-тарбия берген мугалим, тарбиячыларды саяпкер десек жарашат. Алар балдарга билим берүү процессинде ичиндеги шык-жөндөмүн кошо ойготуп сыртка чыгарат, таптайт. Биз тарбиялап, окуткан балдарыбыз келечекте эл керегине жараган билимдүү, ыймандуу балдардан болуп өсүп-чоңойсо деген тилегимди билдиргим келет. Мен кесиптештеримди, бизди окуткан агай-эжейлеримди кесиптик майрамдары менен куттуктап, аларга бардык жакшылыктарды каалайм, — деди Мээрим.
Жалпысынан алганда жер-жерлерде өткөн конкурстун биринчи жана экинчи турларында жеңүүчү деп табылып, республикалык турга катышуу укугуна төмөнкү тогуз катышуучу ээ болгон: Бишкек шаарынан №11 “Ак-кеме” бала бакчасынын тарбиячысы Татыбүбү Мамбеткулова, Баткен облусундагы № 1 “Алтын-Бешик” бала бакчасынын тарбиячысы Гүлмира Исакова, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы № 3 “Ай-Данек” бала бакчасынын тарбиячысы Любовь Белова, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Жаңыл мырза” бала бакчасынын тарбиячысы Кубанычбек кызы Наргиза, Нарын шаарындагы “Чебурашка” бала бакчасынын тарбиячысы Кадыралы кызы Рахат, Ош облусунун Ноокат районундагы “Өрнөк үмүттөрү” бала бакчасынын тарбиячысы Назира Козубаева, Талас шаарындагы Д.Молдоярова атындагы бала бакчасынын тарбиячысы Мээрим Орункулова, Чүй облусундагы №20 “Улыбка” бала бакчасынын тарбиячысы Мээрим Ибрагимова жана Ош шаарындагы “Асан-Үсөн” бала бакчасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова.
Ал эми конкурста экинчи орунга ээ болгон Любовь Белова — Чолпон-Ата шаарындагы №3 “Ай-Данек” бала бакчасынын тарбиячысы. 28 жаштагы Любовь Владимировна, кээ бир кесиптештери үчүн али жаңылык болгон виммельбух китептерин, Дьенештин логикалык блокторун, кюизенер таякчаларын пайдаланып сабак өтөрүн айтып, кесиптик сырлары менен бөлүштү.
— Мен колдонгон Виммельбух китептери айрыкча балдардын ой жүгүртүүсүн, сүйлөө речин өстүрүүгө, эстөө тутумун, фантазиясын өөрчүтүүгө жакшы жардамчы. Аны жылдын төрт мезгилин үйрөтүүдө колдонсо болот. Ал китептерде сөздөр дээрлик жок болгондуктан, балдар андагы сүрөттөр аркылуу толук текст түзүп, кадимкидей аңгеме жаратат. Ал сүрөттөр балдарга багыт берип, жомоктордун каармандарын, кайсы мезгил экенин китептеги сүрөттөрдүн жардамы менен сүрөттөп берип, алар менен бирге саякатташат” – дейт ал.
Ошентип, “той да болор, тойдун эртеси да болор” демекчи, конкурс да аяктап, иш-чаранын соңунда бардык катышуучулардын эмгеги бааланып, баалуу белектер ыйгарылды.
Конкурстун катышуучуларынан сырткары, мугалимдердин кесиптик майрамынын урматында бир топ агартуучулар “КР Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлангандардын катарында Бишкек №138 бала бакчасынын тарбиячысы Махабат Жумалиева да бар.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер