ЖАМААТТЫН БИРИМДИГИ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

  • 03.02.2022
  • 0

Республика боюнча  «Акылдуу мектеп» долбооруна камтылган 10 мектептин катарында Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясы да бар.

ЖАМААТТЫН БИРИМДИГИ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

“Көп иштин ийгилиги көрөгөч жетекчиде” демекчи, бул долбоорго кошулууда шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиеванын салымы чоң.
Бул долбоорго кошулгандан кийин мектептеги мугалимдерди жана кенже тейлөөчү кызматкерлерди, окуучуларды билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына киргизүү иштери жүргүзүлүп, мектептин китепкана фонддорун инвентаризациялоо (1-11-класстардын окуу китептерин QR код менен маркерлөө) иштери аткарылды. Мектептеги бардык мугалимдер кесиптик чеберчилигин жогорулатуу  үчүн толук курстан өтүштү. 2022-жылдын февраль-мартында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МТК) колдонуу боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарынан окутуу күтүлүүдө. Бул окуу ишине да биздин мугалимдер катышат.

ЖАМААТТЫН БИРИМДИГИ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

2021-жылдын октябрь-декабрь айларында мектеп “Акылдуу мектеп” долбоорунун алкагында 38 видеопроектор экрандары менен, бир смарт телевизор , 20 өрт өчүргүч, 75 планшет WiFi роутер сеттик коммутатору менен, 89 видеокөзөмөл, химия, биология, физика кабинеттерине үч интерактивдүү  панель, стол, отургучтар, шкафтар, демонстрациялык стол, үч магниттик доска, реагенттер үчүн шкафтар, лаборатория үчүн столдор,  информатика кабинеттерине 42 стол, мугалимдер үчүн эки тумбалуу 42 стол, отургучтары менен камсыз болду.

ЖАМААТТЫН БИРИМДИГИ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Азыркы мезгилде бардык мугалимдер үчүн заманбап сабак өтүүгө шарт түзүлдү. Мугалимдерден өз предметин терең билип, чыгармачылык менен сабак өтүүдө. Мектептин  инфраструктурасын калыбына келтирүү максатында   шаардык мэриянын, социалдык өнүгүү  башкармалыгынын Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына сунуштаган долбоордун негизинде мектепте  800 кв.м  жерге таш тамандар коюлду. Эки эс алуучу аянтча уюштуруу менен окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге сабактан бош танапис  мезгилинде эс алууга шарт түзүлдү жана аярлуу калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, окуучуларга  эстетикалык тарбия алууга шарт түзүп берүү долбоору ишке ашырылды.

ЖАМААТТЫН БИРИМДИГИ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылууда Мерсиkо эл аралык  уюму менен бирге иш алып барып, мектеп ашканасын керектүү жабдыктар менен камсыздадык. Жергиликтүү администрация бизге  отургучтар менен камсыз  кылды. Азыркы мезгилде ата-энелердин салымы менен ысык тамак берүү колго алынды.

ЖАМААТТЫН БИРИМДИГИ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Мектеп шаардык мэрия, жергиликтүү кеңеш, мекеме-ишканалар өткөргөн иш-чараларга активдүү катышууда.
2020-2021-окуу жылынын март-май айларында шаардык билим берүү бөлүмүнүн жылдык планынын негизинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинен беш жылда бир болуучу аккредитациядан өтүп, мектеп-гимназиясынынын статусун тастыктады.    Ошондой эле мектептин 2-окуу корпусунда 2020-жылы башталып, пандемия мезгилинде токтоп, азыр кайрадан  капиталдык ремонт иштери жүрүүдө.
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясы 2020-2021- окуу жылында көптөгөн ийгиликтерди жаратып, “Жылдын мыкты мектеби-2021” номинациясына жетишти. Эки окуучубуз  — Кадырова Алина жана Саргулов Кубаныч “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушса,  ЖРТда Кадырова Алина  эң жогорку 195 баллды камсыз кылды.  Азыр бул окуучулар  Медициналык академияда  бюджеттик формада билим алууда.  Ал эми  быйылкы окуу жылында 14 бүтүрүүчүбүз бюджеттик, 26 бүтүрүүчү контрактык негизде билим алууга кабыл алынды.
ЖРТга катышкан 43 окуучунун 86%ы  110 баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болду.
Жамааттын талыкпаган эмгеги, ынтымагы, биримдиги аркылуу жогорудагы көрсөткүчтөргө жетишүүдөбүз.

КОКОЕВА Г.С,
Кара-Көл шаарындагы
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын директору  

  

Бөлүшүү

Комментарийлер