ЖАҢЫРГАН, БААРЫН КУБАНТКАН КЫРГЫЗ ЦИРКИ

  • 20.06.2025
  • 0

Балдардын да, чондордун да көңүлү шат

…Түш ооп калса да күн ысык. Бир аз мурда цирк алды ээн эле. Эми карасаң – сүйкүмдүү, жаркыраган жүздөрүнө жарашкан түрлүү кооз кийимчен балдар-кыздар улам көбөйгөндүн ичинде. Кенже балдарды ата-энеси, чоң ата, чоң энелери жетелеп алышкан.

Аларды аралай басып, кээ бирин сөзгө тарттым.

— Атың ким?

— Алтынай.

— Канчадасың?

— Он бир жаштамын.

— Жаныңдагыларчы?

— Чоң энем, Чолпон эжем жана бөбөгүм Эрмек…

Аларга катарлаш тургандарга кайрылдым:

— Чогуу келипсиздер, кайдан болосуздар?

— Кара-Балта шаарында жашайбыз,-деди орто жаштагы адам.

— Окуу жылы аяктап калбадыбы… Балдарыбызды кубанталы дедик, жубайым экөөбүз да циркте көптөн бери болгон эмес элек, чогуу көрөлү дедик…

Жарашыктуу кийинген, кол кармаша жетелешкен, бири-бирине өтө ынак тогуз жаштагы Эстель менен Аэлин цирк оюнун көргөнү биринчи жолу келишкен экен.

Алар сыяктуу Бишкекте жана өлкөбүздүн ар жеринде жашагандар, дем алыш күндөрдү бекерге кетирбей, балдары менен циркти көргөнү келишиптир. Бат эле цирк ичи маанайы шат балдарга жана чоңдорго толуп чыкты…

Мейманда – Москва цирки

Баарынын көңүлү тегерек алкактагы цирк аянтчасында. Аңгыча шаңдуу музыка жаңырды. Алып баруучулар алгачкы номерди жарыялады. Жаш акробат Анна Ивачева тик тартылган тросто түркүн трюктарды аткарды. Анан цирк аренасына Дияна Рубцова ар башка түстөгү кооз, көзгө сүйкүмдүү иттерди ээрчите чыгып, биринен сала бирин ийкемге келтире ойнотуп, жарыштырып, бийлетип, музыканын коштоосунда ар кандай ыкмадагы оюн көрсөткөн кезде бүт дити аренага бурулган балдар кыйкыра, кызуу кол чаба кубатташты. Аренага клоун Алексей Халанский чыккандан эле балдар анын күлкүлүү тамаша оюнуна ыраазы боло кубанычка бөлөнүштү. Андан кийин аренага Дмитрий Маркин, Юлия жана Игорь Тычинскийлер, Дияна Рубцова, Маркиндин үй-бүлөсү, Юлия Безрукова – акробаттар, гимнасттар, жонглёрлор, эквилибристтер көрүүчүлөргө түркүн, укмуштуу, сыйкырдуу оюн-шоуларды тартуулашты. Ал эми дүйнөгө белгилүү чебер таптап-үйрөтүүчүлөр (дрессировщиктер) Карина жана Артур Багдасаровдор тартуулаган номер өзгөчө кызыгууну туудурду. Аларга эч моюн бербегидей көрүнгөн айбаттуу, күчтүү, коркунучтуу жаныбарлар – уссурий жолборстору так белги-көрсөтмөлөргө көнүп, бат эле ийкемге келип, бийлеп да, секире да нечен түрлүү оюндарды аткарышканы көрүүчүлөрдүн баарын таң калтырды. Оюндун жүрүшүндө аренада көрүнбөгөнү менен, бардык иштерди көзөмөлдөп-тескеген администратор Александр Спичёвдун программанын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон салымы чоң болду.

Москва цирки мындан 145 жыл мурда, 1880-жылы негизделген жана 1981-жылдан тарта цирктин жана кинонун атактуу артисти, ар качан балдар өнөрүнө суктанып келген аткаруучу-клоун Юрий Никулиндин ысымын алып жүрөт. Циркти 1997-жылдан бери анын уулу, таланттуу өнөр адамы – Максим Никулин жетектейт.

Юрий Никулин атындагы Москва цирки Бишкекте нечен ирет оюн көрсөткөн. Москва циркинин быйылкы, 2025-жылдагы «Акварель» программасы, өткөн оюндар – Бишкек шаарынын жашоочулары жана көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн эч унутулгус таасир калтырды.

ЖАҢЫРГАН, БААРЫН КУБАНТКАН КЫРГЫЗ ЦИРКИ

Президент Садыр Жапаровдун салым-колдоосуна баары ыраазы

Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз малекеттик циркинин мурдагы абалы менен азыркысын салыштырган кезде, ар кимде кубануу жана сыймыктануу сезими жараларында эч күмөн жок. Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айында циркте болуп, мындагы оор абалды көргөндө, буга бир эсе таңгалып, бир чети жаны ачып, цирк имаратын тезинен баштан аяк толук ремонттон өткөрүү тууралуу тапшырма берген. Буга чейин циркке эч көңүл буруп койбогон мурдагы президенттердей болбой, Садыр Нургожоевич өзү көзөмөлгө алып, бардык жумуштар кыска мөөнөттө эң жогорку сапатта бүткөрүлдү. 1976-жылы курулган цирк 48 жыл ичинде бир да жолу ремонттолбой, цирк артисттеринин иштөөсү үчүн жана жаныбарлардын багып-кармалышына эч шарт жок болгондуктан циркте оюн аз көрсөтүлүп, сырттан цирк жамааттарынын гостролго келүүсү абдан кыскарган эле. Эми гана биздин цирк эл аралык стандарттарга жооп берээрлик денгээлге жетти. 2024-жылдын 2-ноябрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңырган цирктин салтанаттуу ачылышы өткөрүлүп, өлкөнүн маданий турмушундагы чоң окуя болуп калды.

ЖАҢЫРГАН, БААРЫН КУБАНТКАН КЫРГЫЗ ЦИРКИ

Кыргыз цирки баскан жол

“Бизде да цирк болсо» деп кыялданышкан кыргызстандыктардын тилеги орундалып, 1962-жылы алгачкы ирет “Жаш Кыргызстан” цирк труппасы уюшулган. Жеңил типте курулган чакан цирк аренасында 1963-жылдын 20-октябрында биринчи ирет оюн көрсөтүлгөн. 1976-жылы цирктин азыркы имараты курулуп бүткөн жана ошондон тарта жаңы программаларды коюуга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Кыргыз цирки чет өлкөлөрдө да болуп, кызыктуу оюндарды көрсөтүшкөн. Мында мыкты-мыкты режиссёрлор, балетмейстрлер, дирижёрлор, цирк артисттери иштешип, көрүүчүлөргө кызыктуу программаларды тартуулашкан. Бир катар цирк топтору чет өлкөлөрдө үзүрлүү иштеп келишти жана азыр да жемиштүү эмгектенип жатышат.

Абал жакшырды, иш да алгалады

Жаңырган цирктин жаңы жетекчиси Светлана-Асланайым Аширова жаш кезинен спортко, циркке аралашып келген, бул чөйрөнүн майда-чүйдөсүнө чейин жакшы билген кадр болгондуктан, кыска мөөнөттө эле өзүн көрсөтө алды. Бардык ишке жаңы талаптарга ылайык мамиле жасоонун натыйжасында ийгиликтер жарала баштады.

ЖАҢЫРГАН, БААРЫН КУБАНТКАН КЫРГЫЗ ЦИРКИ

Азыр иштөөгө жакшы шарттар түзүлдү. Жаңы багыттар белгиленип, жамаатыбыз аны аткарууга белсене киришти. Биздин максат – кыргыз циркин жаңы деңгээлге көтөрүү, кадыр-баркын жогорулатуу. Ишенимди актоо үчүн зарыл аракеттер көрүлөт. Биз, цирк оюндарын сүйгөн балдардын жана бардык көрүүчүлөрдүн үмүтүн актоону башкы милдетибиз деп түшүнөбүз, — дейт цирк жетекчиси Светлана Адыловна.

Жаңы багыттарды белгилеп, аны ишке ашырууга белсене киришкен цирк жетекчисине анын орун басарлары Темиркул Мамбетов, Бактыгүл Мундузова жана башка артисттер менен адистер жакшы көмөк көрсөтүшүүдө.

Бул ирет жаш таланттарды даярдоочу цирк студиясында машыгуу кызыгуу жүрүп жатканына күбө болдук. 1965-жылы ачылган бул студияны көп жылдан бери цирктин мыкты чебери Анарбек Айталиев жетектейт. Ал жогорку категориядагы артист, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамынын ээси. Анын тарбия-көмөгү менен көптөгөн жаш цирк артисттери даярдалып, алардын айрымдары чет өлкөлөрдүн цирктеринде ийгиликтүү иштеп жатышат.

Кыргыз цирки мыкты оңдоп-жаңылоодон өткөрүлгөндөн бери иште жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Билет сатуу электрондук түрдө жүргүзүүгө толук өткөрүлдү. Аракетке жараша циркте ар кыл иш-чаралар арбын өткөрүлө баштады. Ушундан улам цирктин кирешеси абдан эле көбөйдү. Иштеги жылыштар чарбалык эсепке өтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

ЖАҢЫРГАН, БААРЫН КУБАНТКАН КЫРГЫЗ ЦИРКИ

Циркте иш арымы артып жатканы, өзүбүз күбө болгондой, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Москва циркинин эң мыкты оюндары, ал эми 28-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция жана Агартуу министрликтери, 29-майда Бишкек мэриясы уюштурган, балдарга арналган оюндар өтө шаңдуу өтүп, жаш көрүүчүлөр кубанычка бөлөнүштү. Ал эми 31-майда мында Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги белгилеген асыл-тукум мал өстүрүү боюнча көргөзмө жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча жакшы аракет-демилгелер көрүлүүдө.

Кымбаттуу жеткинчектер, ата-энелер, күлкү, кубаныч тартуулаган кыргыз циркин, бизге гастролго келген чет элдик цирк чеберлеринин оюнун көрүүнү эстен чыгарбагыла! Циркте болуу – чоң кубаныч жана мыкты эс алуу!

ЖАҢЫРГАН, БААРЫН КУБАНТКАН КЫРГЫЗ ЦИРКИ

Ош шаарында цирк куруу – бүгүнкү күндүн талабы

Москва циркинин администратору, жөнөкөй, балбан, келбеттүү, ар кимге жылуу мамиле жасаган Александр Николаевич Спичёвго, “эми кайсы жакка сапар тартасыңар?” деп кайрылдым эле, “мындан соң өз өлкөбүздүн облустарында оюн көрсөтөбүз” деди ал. Менде, “булардын “жайыты” арбын, барар жери көп турбайбы, эмнеге биздин облустардын биринде да цирк жок” деген ой пайда болду.

Эң алды көңүлгө келгени, азыр Ош шаары абдан кеңейди, өлкөбүздөгү экинчи борбор болуп калган кези. Кийинки жылдары чоң өзгөрүүлөрдүн жаралышына жетишкен азыркы өлкө президенти Садыр Жапаровдун, ага жардам-салымы зор жетекчи Камчыбек Ташиевдин тушунда мамлекетибиз ар тараптан өнүгүп жатат. Элдин, өзгөчө жаш муундардын зарыл талабы болгон бул маанилүү маселени чечүү, Ош шаарында цирк имаратын куруп-бүткөрүү шаардын жана облустун жетекчилеринин эң зарыл иштеринен болуп саналат. Бул күн да алыс эмес чыгаар…

Курманбек РАМАТОВ,
Журналисттер союзунун т
өрагасынын орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер