ЖАҢЫЛАНГАН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТ ЖАНА УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МОДЕЛИ

  • 29.01.2025
  • 0

Жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты азыркы мектеп реформасынын өзөгү болуп эсептелет.

Алгач, Мамлекеттик билим берүү стандарты деген эмне? Ушуга жооп берип алсак. Мамлекеттик билим берүү стандарты деген бул мамлекет өзүнүн бардык атуулдарына милдеттүү түрдө камсыз кылуучу билим берүүнүн минималдуу, алгачкы, түпкү деңгээли болуп эсептелет.

Бул деңгээлден төмөн түшүүгө болбойт, ошол деңгээл гана адамга өз алдынча билимин улантууга, өзүнүн турмуш жолун туура аныктап алууга мүмкүндүк берет. Демек, стандарт – коом тарабынан ар бир атуулга кепилдене турган билимдүүлүктүн мамлекеттик нормасы. Мындай норма окуучулардын билим деңгээлин өлкөнүн ичинде жана андан тышкары жерде салыштырып баалоого мүмкүндүк берет.

Эсиңиздерде бардыр, жабык коомго ылайыкташкан мурунку советтик билим берүү системасы окуучулардын реалдуу билимдерин башкалар менен салыштырып кароого жол берчү эмес. Мектептердин ийгилиги, мугалимдердин эмгегиндеги жетишкендиктер отличник, ударниктердин саны менен бааланчу. Бул системанын туура эместигин бизге, агартуучуларга, биринчи ирет эгемендүүлүк жылдарындагы ЖРТ жыйынтыктары ачыктаса, кийин барып, 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн билим сапатын баалаган эки жолку эл аралык PISA иликтөөсү көрсөттү. Биринчи жолу катышканда (PISA-2006) Кыргызстан 57 өлкөнүн ичинен эң акыркы, экинчи жолкусунда (PISA-2009) да 65 мамлекеттин арасынан акыркы орунда калды.

ЖАҢЫЛАНГАН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТ ЖАНА УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МОДЕЛИ

Аянты жана калкынын саны жагынан Кыргызстанга чамалаш Финляндия бул эки иликтөөдө тең эң алдыңкы көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, билим сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде лидер аталды. Ушуга чейин ал өлкөнүн жетишкен ийгилигин өзүбүз менен салыштыруудан тажабайбыз. Эмне үчүн? Анткени ал өзүбүздүн кемчиликтерди көрүүгө, өнүгүү үчүн өзүбүздө болгон мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө жардам берет.

Мисалы, Финляндияда окуучуларга билимдер таңууланбагандай эле, мугалимдерге да тигил же бул усул-ыкманы сабакта колдонуу таңууланбайт экен. Мугалимге окутуу усулун тандоодо чексиз эркиндик берилгени кызык. Окуучулар болсо үй тапшырмасы дегенди билишпейт. Бизде окуу жүктөмү 1000 сааттан ашса, аларда 800гө жетип-жетпейт. Билим берүүдөгү Финляндия өрнөгү бизге билимдүүлүктүн деңгээлин сандык көрсөткүчтөр менен баалоого болбостугун, ал милдеттүү окуу жылдарынын саны менен да, окуу предметтеринин тизмеси менен да, окуу программаларынын сапаттары менен да, окуу материалынын көлөмү менен да, аттестаттагы баалар менен да ченелбестигин түшүнүүгө жардам берди. Билимдүүлүктүн деңгээлин мындай көрсөткүчтөр менен баалоо стандарттык-бюрократтык структураларда гана орун алат. Чындыгында билимдүүлүктүн деңгээли — адамдын практикада активдүү ойлоно билгичтиги жана ишмердүүлүк жөндөмү, б. а. анын эмнени иштей ала тургандыгы жана татаал проблемалык кырдаалдарда эмнеге жөндөмү бар экендиги.

Буга өзүм күбө болгон эки турмуштук мисалды келтирип кетсем дейм. Биринчисинде, мындан туптуура он беш жыл илгери жаңы конуштардын окуучулары үчүн билим берүү демилгесин баштадык. Борборубуздагы жогорку окуу жайлардын биринин доценти жаштарга компьютер менен иштөөнү үйрөтүшү керек болчу. Биринчи эле сабакта агайдын колу калтырайт. Сурасам, «Мен компьютерди билбейм, бирок лекция окуйм» дейт. Анан ошол сабакты жогорку билими жок, бир күн ЖОЖдо иштебеген, бирок көзүн жумуп текст тере билген жаш кыз ийгиликтүү окутту.

Экинчисинде, окуя таптакыр башкача өңүттө болду. Тогузду бүтөрүндө мектептен кетиребиз деген 11-классты аяктап жаткан уулум, баарыбызды таң калтырып,  ЖРТдан 172 балл, математикадан 79 балл алды! Таң калычтуусу, ал өзү 11 жыл кыргыз мектебинде билим алганына карабастан, тестти орус тилинде тапшырды! Ал мага: «Тестке чындап үч ай даярдандым, эгер бир жыл даярдансам, Алтын сертификат алмакмын» дейт.

Бул эки мисал билимдүүлүктүн деңгээли чындыгында эле журналдагы же аттестаттагы баалар, доцент, профессор сыяктуу илимий даражалар менен эмес, билимди тигил же бул турмуштук кырдаалдарда колдоно билгенибиз менен өлчөнөрүн көрсөтүп турат.

ЖАҢЫЛАНГАН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТ ЖАНА УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МОДЕЛИ

Тилекке каршы, бизде дагы деле сабактын башынан аягына чейин өзү сүйлөп, жаңы теманы баяндап бергендер же сабактын аягында «Жаңы сөздөрдү, ырды, текстти көчүрүп жазып, жаттап келгиле!» деп тапшырма берген агай-эжейлер жок эмес. Айтаарым, мындай эски, салтка айланган окутуу жолу менен биз санарип замандагы окуучуларды ЖРТга же предметтик олимпиадаларга, бейтарап PISA иликтөөсүнө, же жок дегенде эртеңки турмуштун өзүнө даярдай албайбыз.

Ушундан улам учурда Билим берүү министрлиги окутуунун мазмунун жаңыртууну көздөп жатат. Аны аныктаган эң негизги документ Мамлекеттик билим берүү стандарты болуп саналат. Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Чынар Аттокурованын пикиринде жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарты баарынан мурда компетенттүүлүккө багытталган б.а. бүгүн окуучу келечекте кайсыл кесипти өздөштүрбөсүн, мектеп партасынан маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чече билүү компетенттүүлүктөрүн жана ушулардын негизинде предметтик компетенттүүлүккө толук өлчөмдө ээ болуп чыгышы керек.

— Азыркы сунушталып жаткан Мамлекеттик стандартта башталгыч класстардын, негизги мектептин жана орто мектептин бүтүрүүчүсү кандай компетенттүүлүктөргө ээ болуп чыгышы так көрсөтүлгөн, — дейт Чынар Аттокурова.

ЖАҢЫЛАНГАН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТ ЖАНА УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МОДЕЛИ

Айта кетсек, Мамлекеттик билим берүү стандарты бул багыт берүүчү документ. Буга ылайык ар бир предмет боюнча предметтик станддарттар иштелип чыгат.

Предметтик стандарт өз кезегинде Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын мектептик билим берүүнүн баскычтарына ылайык ишке ашырат жана конкреттештирет. Мамлекеттик стандарт окутуу тилине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу планынын бирдиктүү моделин калыптандыруунун негизи болуп саналат. Мамлекеттик билим берүү стандарты окуучулардын класстар боюнча окуу жүктөмүнүн чегин, алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн коюлган талаптарды жана иштин түрлөрүн эске алуу менен класстар боюнча бир жумадагы окуу күндөрүнүн санын аныктайт.  Предметтик стандарттар иштелип чыккандан кийин окуу программасы, анан жаңы муундагы окуу китептери иштелип чыгат.

—  Бул иштерди аткарууда мурдагы бардык кемчиликтер: окуу китебиндеги кайталанма темалар, тектеш предметтер, STEM билим берүүсү сөзсүз эске алынат, — деп айтты бул тууралуу КББА адиси.

Жакында 12 жылдык мектептин талабына жараша  Билим берүү жана илим министрлигинин атайын чечими менен Билим берүүнүн мектепке чейинки жана Билим берүүнүн мектептик мамлекеттик стандартын  иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтор түзүлүп, ал топтор өз-өзүнчө да иштеп, акырында чогуу жыйын өткөрдү. Эки долбоордун мурунку Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынан кандай айырмасы же артыкчылыгы бар экенин билүү үчүн семинардын катышуучусу, жумушчу топтун мүчөсү, Республикалык мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Алмаз Токтомаметовго кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрргө токтолду:

ЖАҢЫЛАНГАН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТ ЖАНА УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МОДЕЛИ— Буга чейин бул мамлекеттик билим берүү стандарттарынын ортосунда байланыш дээрлик жок болсо, бул жолу бир буйрук менен эки жумушчу топ түзүлүп, ал эки топ тыгыз байланышта иштеди. Ар бир топтун иштеп чыккан материалдары чогуу талкууланып турду. Бул биринчи жолу эки мамлекеттик стандарттын ортосундагы ырааттуулукту камсыз кылды. Экинчи негизги өзгөчөлүк катары мамлекеттик стандарттардын негизин баалуулуктар түздү, алардын негизинде балдар ээ боло турган компетенттүүлүктөр жана сабаттуулуктар иштелип чыгып, бүтүрүүчүлөрдүн моделдери даярдалды. Б.а. бала инсан катары каралып, анын жеке кызыкчылыктары, мүмкүнчүлүктөрү, мүнөзүнүн калыптануусу, эмоциясын башкара алуусу ж.б. эске алынды. Кийинки өзгөчөлүк катары бул долбоорлордун кыска жана түшүнүктүү тил менен жазылганын белгилөөгө болот.

Алмаз Даткабековичтин сөзүнө караганда, азыркы жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарттарында учурда ПИЗА иликтөөлөрүндө окурмандык, математикалык жана илимий-табигый сабаттуулук боюнча биринчиликти башкаларга бербей келген Сингапурдун табылгаларына көбүрөөк орун берилди.

— Сингапурдун стандарттарын карап чыктык. Бизге алардын баланы инсан катары караганы, баалуулуктарга астейдил маани беришкени, баланы жаштайынан өз мекенин сүйүүгө тарбиялаганы, баланы мектеп үйрөнгөнүн турмушта колдоно билүүгө багыттаганы жакты, ошондой эле аз окутуп, көптү  үйрөтөлү дегени жакты, — дейт жумушчу топтун мүчөсү.

P.S. Жумушчу топтор өздөрүнүн бүгүнкү, 29-январдагы биргелешкен жыйынында Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын акыркы долбоорун министрликтин коллегиясынын кароосуна коймокчу.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер