ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ — ЖАҢЫ КАДАМ
- 23.06.2025
- 0
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына Мирзат Мамбетованын дайындалганына бир-эки айдын жүзү болду. Ушул аралыкта жаңы жетекчи райондук билим берүү уюмдарынын агартуу тармагын модернизациялоого даярдык көрүүсүн көзөмөлгө алып, бир топ пландалган иштерди ишке ашырууда. Ал электрондук күндөлүккө өтүү, PISA-2025, окуучулардын жайкы эс алуусу ж.б.у.с. мектепке тиешелүү иш-аракеттер тууралуу айтып берди.
— Мирзат айым, жаңы окуу жылынан баштап 12 жылдык билим берүүгө өтөбүз. Кочкор районундагы мектептер, бала бакчалар жаңыланууга карата кандай иш-аракеттерди көрүп жатат?
— Агартуу министрлигинин “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу жѳнүндѳ” буйругунун негизинде Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн иш планы түзүлүп, бекитилген. Аткарылган иш-аракеттерге токтолсок, маселен, “Кыргызстандагы билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” программасын ишке ашыруу максатында педагогикалык кызматкерлердин январь секциялык иштеринде кеңири маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суроолорго жооптор берилди. Ошондой эле мектеп жана бала бакчалар менен таанышууда жер-жеринде ата-энелерге жана мугалимдерге агартуу министри Д.Кендирбаеванын жүргүзүп жаткан реформаны алдыга жылдыруу боюнча туура маалымат жеткирүүнү ишке ашырып жатам десем ашыкча болбостур. Бѳлүмдүн адистери жана методисттери мектептерге барганда, райондук семинарларды ѳткѳрүүдѳ “Алтын Казык” программасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Концепция менен тааныштыруу, максаттарын жана милдеттерин талдоо, 12 жылдык мектептик билим берүүнүн моделин жана ѳтүү этаптарын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдѳ.
— Жаңы окуу жылына 1-, 2-класска канча бала барат? Кабинеттер, лабораториялар даярбы?
— 2025-2026-окуу жылында мектепке кабыл алына турган балдардын санын жашаган жеринин чегинде эсепке алуу жана анализ жүргүзүү иштери жүргүзүлдү. 1-класска 1197, 2-класска 1197 бала келүү күтүлүүдѳ.
Алты жаштагы балдардын жаш ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша мектептик эмеректер, парта, отургучтар жана класстык доскалары, дидактикалык оюн материалдары 480 сааттык программанын алкагында камсыз болгон.
STEM билим берүү (математика, физика, химия, биология, география) боюнча кабинеттер жана лабораториялар бар, бирок жабдуулар жетишсиз, мугалимдер виртуалдуу лабораториялар менен иштѳѳ кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүп жатышат.
Бардык мектептер интернетке туташтырылган, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында “Электрондук китепкана” платформасы 19 мектепте иштейт.
Электрондук билим берүү “Санарип кампа”, “Серебри” платформалары жана материалдарды колдонууга практикалык жардамдар берилүүдѳ. Ошондой эле STEM билим берүү мугалимдерин (математика, физика, химия, биология, география) ноутбук менен камсыз кылуу боюнча мугалимдердин тизмеси түзүлүп, министрликке өтүнмө (заявка) берилген.
Мектеп жана бала бакча директорлору “Алтын Казык” программасы боюнча педагогикалык жамаатка жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүүдѳ. Телеграмм каналда “Жалпы ата-энелер Кочкор району” аттуу социалдык баракча аркылуу билим берүү тармагындагы жаңылыктар, ѳзгѳрүүлѳр, “Алтын Казык” программасы, 2025-2026-окуу жылына карата мектепке каттоо боюнча маалыматтар берилип турат. Райондук билим берүү бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан балдарды мектепке каттоо боюнча кайрылып келген ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, практикалык жардамдар берилүүдѳ.
— Мугалимдерди ашыкча кагаз иштеринен арылтуу, мектеп ремонтуна тартпоо боюнча министр байма-бай айтып, жолугушууларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келатат. Сиздерде абал кандай?
— Биз мугалимдерден жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин милдеттүү түрдѳ аткаруучу иш кагаздарынын тизмесинде белгиленген гана иш кагаздарын талап кылабыз. Алар, класстык журнал, календардык-тематикалык план жана сабактын план-конспектиси. Эгер мугалим класс жетекчи болсо кошумча класстык журнал, окуучулардын ѳздүк делосу жана класстын социалдык паспорту боюнча иш алып барчубуз. Эми министрлик бардык иштерди электрондук форматка өткөрүп жатат. Буюрса, мугалимдердин класстык журналды толтуруу дагы электрондукка өтөт. Ал эми мектептин кезектеги ремонт иштери боюнча мугалимдердин негизги милдети – сабак өтүү жана билим берүү болгондуктан, ремонт иштери бюджетке кирген кызматтар аркылуу жүргүзүлө тургандыгын айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдѳбүз. Мисалы, Телегей Сагымбаева атындагы орто мектебинин кенже техникалык кызматкерлери менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.
— Быйыл район боюнча канча бала мектепти аяктады, канчасы ЖРТга катышты, канчасы мамлекеттик тил боюнча тесттен өттү? Канча окуучу PISA эл аралык изилдөөгө катышты?
— Быйылкы окуу жылында 11-классты 924, 9-классты 1426 бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат. 770 бүтүрүүчү ЖРТ тапшырып, аны менен катар эле мамлекеттик тил боюнча тесттен ѳтүштү. ЖРТдан Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Азаматова Акмарал 232 балл алып, алтын сертификатка ээ болду. Ал эми ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү Болотбеков Мырза 217 баллга татыктуу болду. PISA эл аралык изилдөөгө Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектебинен — 23, Ишеналы Арабаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептен — 42 окуучу катышты. Бул изилдѳѳгѳ катышкан окуучулар “тапшырмалар ойлонууга, логиканы колдонууга жана турмуштук кырдаалдарды анализдѳѳгѳ багытталгандыгын, бул унутулгус жана баалуу тажрыйжа болгондугун, ѳз алдынча изденүүгѳ, адам үчүн маанилүү кѳндүмдѳрдү – ѳз алдынчалыкты, туруктуулукту жана билимге болгон умтулууну калыптандырууга ѳбѳлгѳ болгондугун белгилешип, мындан ары дагы алдыга умтулуу үчүн билим алууга жана алган билимди турмушта колдоно билүү кѳндүмдүн үстүнѳн иштѳѳгѳ шыктануу жаралганын” айтышты. Ошондой эле министрликтин алдындагы “Окуу китеби” басма үйүнѳн чыккан 4-3-класстын окуучулары үчүн жаңы муундагы англис тили окуу-методикалык комплектти (окуу китеби, жумушчу дептер, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо) алып, сүйүнүп турабыз.
— Балдардын ден соолугун чыңдоодо уюштуруу иштери кандай жүрүүдө?
— Жай мезгилинде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана бош убактысын уюштуруу максатында иш пландар түзүлүп, иш жүрүүдѳ. Алсак,
К.Мырзабеков, О.Айбашов, Т.Усубалиев, А.Жалпетеков, Т.Сагымбаева, С.Исмаилов, Ү.Бейшеев, А.Мааткеримов, К.Акназаров атындагы орто мектептеринде жайкы лагерлер уюштурулуп, иштеп жатат.
Лагердин негизги максаты — окуучулардын жайкы эс алуусун коопсуз, мазмундуу жана пайдалуу ѳткѳрүү, алардын ден соолугун чыңдоо, чыгармачыл жѳндѳмдѳрүн ѳнүктүрүү жана коомдук кѳндүмдѳрүн калыптандыруу болуп саналат. Бул багытта окуучулар кыргыздын улуттук оюндарын ойноп, китеп окуп, сүрѳт тартып, логикалык суроолор жана табышмактар, спорттук оюндар аркылуу кѳңүлдүү эс алышууда. Лагерлерди уюштурууда санитардык-гигиеналык эрежелерге, ѳрт коопсуздугуна жана башка кырсыктардан сактануу чараларына кѳңүл бурулуп, тиешелүү жооптуу кызматкерлер бекитилген.
Калган мектептер жайкы лагерлерди июль-август айларында уюштуруу боюнча иш пландарын түзүп, тиешелүү кызматкерлерди бекитти. Жайлоо ѳнүгүү борборлору Ормон хан, Чолпон, Кум-Дѳбѳ айыл аймактык айыл ѳкмѳттѳрүнѳ караштуу бала бакчаларда уюштурулуп, күнүнѳ үч сааттан улуттук баалуулуктарды чагылдырган оюндар, кол ѳнѳрчүлүк, окуу жана түшүнүү кѳндүмдѳрүн калыптандырууга багытталган иштер жүргүзүлүүдѳ. Тарбиячыларга усулдук жардам көрсөтүүнү күчөтүү максатында Сакин Апа бала бакчасында борбордоштурулган методикалык кабинет ачылып, тарбиячылар жана жаш бөбөктөр үчүн өз кызматын көрсөтүп жатат. Кочкор районундагы К.Кыдыралиев атындагы мектептин ашканасында Ден соолукту бекемдоо борбору тарабынан уюштурулган балдар жана ата-энелер үчүн мастер-класс өтүп жатат. Ага ата-энелер жана окуучулар катышып, пайдалуу конфет, жашылча-жемиштерди балдардын сүйүктүү тамагына кантип айландыруу керек экени үйрөтүлдү. Абдан кызыктуу жана пайдалуу иш-чара болду. Мыкты мектеп ашпозчусу ашпозчулардын конкурсунда У.Малтабаров атындагы орто мектебинин ашпозчусу А.Эгимбаева облуста биринчи орунду алды.
— Балдардын укуктарын коргоо, мектептерде коопсуздугун сактоо боюнча эмне иштер жүргүзүлөт?
— Ш.Рысмендеев, Ш.Абдылдаева, Н.Жүндүбаева жана К.Акназаров мектептердин окуучулары мугалимдери менен Москва шаарындагы “Мир Восток”институту уюштурган Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата конкурсуна барып, 10 күнгө саякаттап келишти.
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча комиссарынын катчылыгы Кыргызстан профсоюздар федерациясы менен биргеликте Ф.Эберт атындагы фонддун колдоосу менен уюштурган “Балдардын эмгек укуктарын коргоо” темасына арналган республикалык сынакка бардык аймактардан 2400дөн ашык мектеп окуучулары катышты. Биздин райондон катышкан И.Арабаев атындагы орто мектебинин окуучусу Изатбекова Саера 1-орунга ээ болду. Сыйлык катары ноутбук алды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ардак грамотасы» менен сыйланды. Сынакка даярдануу учурунда Саэранын куратору, тарых мугалими – Чанбо Венера Закировна болуп, окуучусун колдоо үчүн көп күч-аракетин, билимин жумшаган. Сынакка эң мыкты эмгектер атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталып, жеңүүчүлөрдү Адылбек Касымалиев өзү куттуктап, Президенттин атынан баалуу белектерди: ноутбук, планшет, телефон жана электрондук китептерди тапшырды. Биз Саерабыз менен сыймыктанабыз жана ага келечекте дагы да көп жеңиштерди, ийгиликтерди каалайбыз!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер