ЖАҢЫ ЗАМАНДЫН МУГАЛИМИ: ИЙГИЛИКТИН ЖОЛУНДА
- 26.06.2026
- 0
Заман талабына жараша билим берүү системасы тынымсыз өзгөрүүдө жана жаңыланууда. Азыркы учурда мектеп мугалимдеринин алдында жаңы стандарттарга, атап айтканда, 12 жылдык билим берүү программасына өтүү сыяктуу чоң жоопкерчилик турат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өстүрүүдө жана аларга методикалык жардам көрсөтүүдө негизги окуу жай болуп келе жатат.
Өтүп жаткан 2025-2026-окуу жылы институт үчүн абдан дымактуу, масштабдуу иш-чараларга жана жетишкендиктерге бай жыл болду. Төмөндө аткарылган иштердин негизги багыттарына кененирээк токтолобуз.

Педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу
Мугалимдерди жаңы шарттарга даярдоо эки негизги багытта жүргүзүлдү:
- 12 жылдык программа жана жаңы окуу китептери: Мектептерде жаңы программанын киргизилишине байланыштуу, биринчи кезекте 1-2-класстардын жана 5, 7-класстардын мугалимдерин окутуу процесси уюштурулду. Алар жаңы программа жана окуу китептеринин мазмунун, методикасын үйрөнүп, сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары менен таанышышты.
- Жалпы предметтик курстар: «Алтын Казык» программасын ишке ашыруу максатында бардык предметтер боюнча 105 курс толугу менен жаңыртылды. Муну менен чектелбестен, мугалимдердин суроо-талабын эске алуу менен 20дан ашык жаңы курстар иштелип чыгып, окуу процессине киргизилди.
12 жылдык окууга өтүүдө Мастер-тренерлерди даярдоо
Мындай масштабдуу реформаны кыска мөөнөттө ишке ашыруу үчүн күчтүү кадрдык потенциал талап кылынары анык. Бул багытта эл аралык эксперттерди тартуу менен 241 мастер-тренер даярдалды. Окутуулар төмөнкү 4 маанилүү багыт боюнча жүргүзүлдү:
- Башталгыч мектеп (1-2-класс) – Математика жана «Мен жана дүйнө» сабактары;
- Математика – 5, 7-класстар;
- Табигый илимдер – 5, 7-класстар;
- Англис тили – 3-9-класстар үчүн.
Тартылган 241 мастер-тренер жайкысын (2025-жылдын 30-июлунан 30-августуна чейин) мугалимдерди оффлайн форматта толук камтууга жетишсиз болгондуктан, кадрдык ресурсту күчөтүү максатында кошумча 280 тренер даярдалды. Институт тарабынан мастер-тренерлерге үзгүлтүксүз методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүлүп турду.
Мастер-тренерлерге эл аралык эксперттер тарабынан үзгүлтүксүз онлайн-семинарлар уюштурулуп турду. Атап айтканда, 2025-жылдын октябрь айынан 2026-жылдын февраль ай аралыгында жалпы 36 онлайн сабактар өтүлдү.
Мамлекеттик стандарттагы негизги өзгөрүүлөр
жана жаңы компетенттүүлүктөр
Билим берүү тармагындагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтомунун негизинде иштелип чыккан «Кыргыз Республикасында 12 жылдык жалпы орто билим берүүгө өтүү концепциясы» болду. Анын негизинде 2025-жылдын 14-мартындагы №131 токтом менен жаңы «Мамлекеттик билим берүү стандарты» бекитилди.

Жаңы стандарттын башкы өзгөчөлүгү – окуучуну «баалуулукка негиздеп окутуу» болуп саналат. Ошондой эле окуучулардын инсандык сапаттарын өнүктүрүү үчүн эки жаңы негизги компетенттүүлүк кошулду:
- Эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк (окуучунун өз сезимдерин башкара билүүсү, айлана-чөйрө менен болгон мамилеси);
- Таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүк компетенттүүлүгү (билимди өз алдынча изденүү, анализдөө жөндөмү).
Институт бул стандартка ылайык мугалимдерди даярдоо үчүн Эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган атайын курстарды иштеп чыкты.
Санариптешүү жана «АИС Мугалим» электрондук порталы
Институттун базасында студия ишке киргизилди.
Өлкөнүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатында “Жыл мугалими” конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн жеңиш алып келген сабактары тартылды. Атап айтканда, «Жыл мугалими – 2024” конкурсунун жеңүүчүсү Назгүл
Каныбекова жана “Жыл мугалими – 2025” конкурсунун жеңүүчүсү Элзат Асанованын сабактары тартылды.
Студияда бир катар подкастар жана Башталгыч мектептин мугалимдери үчүн 20дан ашык видеосабактар тартылды. Тартылган видеосабактар институттун атайын ютуб каналына https://youtube.com/@ripk2023?si=7ZTa63tU253wxFLv жүктөлүп, мугалимдер үчүн методикалык жардам боло алды.
12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында аймактагы мугалимдер тарабынан 20 миңден ашуун видеофрагменттер тартылып телеграм каналга (https://t.me/+FNpEVBl9d_41NDg6) жүктөлдү.
Институттун “Методикалык куржун” бөлүмүнө 12 жылдык программа боюнча 20 миңге жакын сабактын иштелмелери жүктөлдү.
Мындан тышкары, «АИС Мугалим» системасына мугалимдердин 13 миңден ашуун сертификаты киргизилди. Бул иш азыр да уланууда. Мугалимдердин 2023-2024, 2024-2025 жана 2025-2026-окуу жылдары алган сертификаттарынын базага кириши алардын категориясына, аттестациясына жана сыйлык алуусуна түздөн-түз таасирин тийгизип, кошумча балл берет.
План-график жана билим берүү көрсөткүчтөрү
Институттун 2025-жылдын 16-сентябрындагы №1106/1 буйругу менен бекитилген план-графигине ылайык, төмөнкүдөй курстарды өткөрүү пландалган болчу:
- Предметтик курстар – 168;
- Тематикалык курстар – 78;
- Көчмө курстар – 142;
- Жалпы курстардын саны – 385;
- Жалпы угуучулардын саны – 7345 мугалим.
Жыл жыйынтыгы менен бул план-график 147% ашыгы менен аткарылды:
- Үзгүлтүксүз билим берүү борбору аркылуу – 7 675 мугалим билим алды.
- Инновациялык технологиялар жана өнүктүрүү борбору – 1160 мугалимди окутууну пландаса, учурда 1 364 мугалим сертификацияланды.
- Тандоо курсу – 390 мугалим пландалып, 480 мугалим өттү.
- ЕС (Европа Биримдиги) индикаторлору боюнча – 542 мугалим камтылды.
- KGTESOL уюму менен биргелешкен келишимдин негизинде – 721 мугалим сертификацияланды.
- «Климаттык кутуча» аталыштагы долбоор-курс жүрүүдө. Анда учурда Нарын облусунан 32, Ош облусунан 56 жана Бишкек шаарынан 31 мугалим билим алууда.
Окутуу форматтары: Мугалимдердин шартына жана каалоосуна жараша окутуулар үч форматта жүргүзүлдү:
- Оффлайн – 5400 мугалим;
- Онлайн – 3038 мугалим;
- Аралаш формат – 2344 мугалим.
Жыйынтыгында, РПККЖ жана КДИ боюнча жалпысынан 10 782 мугалим өз квалификациясын жогорулатып кайтты.
Аймактарды жана алыскы райондорду камтуу
Институт борбор калаа Бишкек жана Чүй облусу менен гана чектелбейт. Билим берүүнү өлкөнүн бардык булуң-бурчуна жеткирүү максатында аймактарга көчмө курстар үзгүлтүксүз уюштурулууда. Бул окуу жылында эле Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын эң алыскы, тоолуу райондорунун мугалимдери үчүн 185 көчмө курс уюштурулуп, 5047 мугалим жер-жерлерде окутулду.
Өнөктөштөр менен иш алып баруу
жана Эл аралык кызматташтык
Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мамлекеттик эмес секторлор жана коңшу өлкөлөр менен болгон байланыш да өз жемишин берүүдө.
- Жеке уюмдар менен өнөктөштүк: «Инсан скул», «Урмат скул», «Алиппе про», «Багыт кж» сыяктуу жеке курстарды уюштурган борборлор менен меморандумдар түзүлүп, анын негизинде 12 263 мугалим окутулду.
- Эл аралык тажрыйба алмашуу: Мугалимдердин жана институттун кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында Казакстан, Өзбекстан, Азербайджан сыяктуу коңшу мамлекеттерге кызматкерлер барып, тажрыйба алмашып, сертификаттарга ээ болуп келишти.
- Коңшу өлкөлөргө методикалык жардам: Тажикстан Республикасынын мугалимдеринин педагогикалык квалификациясын жогорулатуу боюнча да атайын иштер жүргүзүлүп, 24 мугалим окуудан өттү. Аларды биздин тажрыйбалуу адистерибиз – Ибраимова Рахат Уметбековна жана Азимова Матлюба Латыповна окутуп, жогорку деңгээлде билим берип кайтышты.
Жыйынтык ордуна
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун 2025-2026-окуу жылындагы жасаган эмгектери өлкөбүздөгү билим берүү реформаларынын ийгиликтүү жүрүп жатканынан кабар берет. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү – мугалимдин колунда, ал эми мугалимдерге багыт берип, колдоп турган биздин институт ар дайым жаңылануунун жана бийик максаттардын үстүндө иштей бермекчи.
Укеева Ж.С., Асанова Г.Ж.
Комментарийлер