ЖАҢЫ СТАНДАРТКА ЫЛАЙЫК 671 МИҢ ОКУУ КИТЕБИ

  • 14.08.2026
  • 0

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн Россия Федерациясынан «Орус тили жана окуу» предмети боюнча 671 миң нускадагы адаптацияланган окуу китеби келип түштү. Бул окуу куралдары 1-, 2- жана 5-класстын окуучуларына арналган , жаңы окуу жылында мектептердин китепке болгон муктаждыгын толук камсыздоого багытталган.

Аталган окуу китептери Кыргызстандын жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарынын, ошондой эле билим берүү программаларынын негизинде эки өлкөнүн адистеринин биргелешкен эмгеги менен даярдалды. Китептерди мазмундук жактан ылайыкташтырууда өлкөбүздүн билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, окуучулардын жаш курагы жана заманбап окуу талаптары эске алынган.

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, жаңы окуу китептери 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу жаңыртылган стандарттарга ылайык иштелип чыгууда. Аларды даярдоо процесси бир нече этаптан туруп, педагогикалык, илимий жана гендердик экспертизалардан өткөрүлөт. Андан соң китептер апробацияланып, эксперттердин сунуштары толук эске алынгандан кийин гана басып чыгарууга жөнөтүлөт.

ЖАҢЫ СТАНДАРТКА ЫЛАЙЫК 671 МИҢ ОКУУ КИТЕБИ

Бул тууралуу «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Биз бул китептерди тиешелүү министрликтер менен биргеликте иштеп чыгып, адаптация кылдык. Китептер бир нече экспертизадан, анын ичинде педагогикалык, илимий жана гендердик кароодон өтөт. Андан соң апробация жүргүзүлүп, бардык этаптар ийгиликтүү аяктагандан кийин гана окуу китептери басылып чыгат».

Анын айтымында, окуу китептерин даярдоо бир жолку иш эмес, билим берүү стандарттарынын өзгөрүшүнө жараша системалуу түрдө улантылып турат. Бул процессте жаңы талаптар китептердин мазмунуна жана түзүлүшүнө туруктуу түрдө киргизилет.

Акыркы жылдары бул багытта олуттуу иштер аткарылды. Маселен, 2025-жылдын өзүндө эле 4 миллион 700 миңден ашык нускадагы окуу китеби басылып чыгарылып, математика, англис тили жана башка предметтер боюнча төртүнчү класска чейинки окуучуларга жеткирилген. Мындан тышкары, 3 миллионго жакын окуу-методикалык комплект даярдалган.

ЖАҢЫ СТАНДАРТКА ЫЛАЙЫК 671 МИҢ ОКУУ КИТЕБИ

Окуу китептерин жана методикалык куралдарды чыгаруу иштери Россия Федерациясынын колдоосу менен эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жана басма уюмдарынын тыгыз кызматташтыгынын негизинде ишке ашууда. Долбоор «Моя история» гуманитардык илимдерди колдоо фонду тарабынан «Просвещение» басмасы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Агартуу министрликтеринин колдоосу алдында жүргүзүлүүдө.

«Моя история» фондунун Эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчисинин орун басары Павел Гнигиндин айтымында, фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү китеп жеткирүү менен гана чектелбейт. Билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүгө багытталган бир катар агартуу долбоорлору да ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алардын катарына педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, мектеп окуучулары үчүн олимпиадаларды уюштуруу жана балдар үчүн атайын билим берүү сменаларын өткөрүү багыттары кирет.

Мындай системалуу кызматташтык окуу китептери менен гана камсыз кылбастан, мугалимдердин кесиптик потенциалын жогорулатууга, окуучулардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түзөт.

ЖАҢЫ СТАНДАРТКА ЫЛАЙЫК 671 МИҢ ОКУУ КИТЕБИ

671 миң нускадагы «Орус тили жана окуу» китептеринин келиши ушул жемиштүү кызматташтыктын кезектеги кадамы болуп саналат. Китептер жакынкы күндөрү республиканын бардык региондорундагы мектептерге толук жеткирилет.

Долбоордун негизги максаты — окуучуларды заманбап, сапаттуу жана жаңы билим берүү стандарттарына жооп берген окуу материалдары менен камсыз кылуу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер