ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

  • 25.08.2025
  • 0

2025-2026-окуу жылы алдында жер-жерлерде август педагогикалык кеңешмелери өтүүдө. Жергиликтүү бийлик башчылары катышкан иш-чарада билим берүүнүн жаңы максат-милдеттери белгиленип, ар бир мугалим кесипкөйлүк менен окуучулардын сабаттуулугун жогорулатууга жана улуттук баалуулуктарды жаш муундун аң-сезимине сиңирүүгө чоң салым кошушу керектиги тууралуу айтылууда.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

Токтогул району

Токтогул районунда 2025-2026-жаңы окуу жылына карата мугалимдердин  август кеңешмеси өттү. Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары жана мугалимдер жамааты катышты.

Башчы-аким агартуу тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, педагогикалык конференция «Алтын-Казык – доор өзгөрткөн билим» аталышындагы ураан астында билим берүүнүн жаңы максат-милдеттерин белгилеп өттү.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

— Ар бир мугалим кесипкөйлүк менен окуучулардын сабаттуулугун жогорулатууга жана улуттук баалуулуктарды жаш муундун аң-сезимине сиңирүүгө чоң салым кошушу керек, — деди ал.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

Ошондой эле билим берүүнүн алдыга койгон максаттары, көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча Астра  Боржуева баяндама жасады. STEM багытындагы мугалимдерге заманбап ноутбуктар тапшырылып, билим берүү сапатын көтөрүүгө дагы бир кадам жасалды.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен салтанаттуу түрдө “Жылдын мыкты мектеби”, “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациясы боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

Бекназар атындагы мектептин жамааты билим берүү тармагындагы жогорку көрсөткүчтөрү менен айырмаланып, “Жылдын мыкты мектеби – 2025” наамын алышты. Ошондой эле  ушул эле мектептин информатика мугалими Сариева Динарага да ноутбук тапшырылды.

Кара-Кулжа району

22-август 2025-жылы Кара-Кулжа районунда мугалимдердин август педагогикалык кеңешмесине  райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыковдун  өтүнүчү менен белгилүү педагог Oрозали Сайдилканов катышты.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

— Мага Замирбек Сыдыковдун кеңешмеде «Райондо билим берүүнү өнүктүрүү жөнүндө» сүйлөгөн программалык сөзү жакты. Ал 2025-2026-окуу жылында мугалимдер, класс жетекчилер, мектеп директору, анын окутуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басары, балдардын класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучусу, соцпедагог, ата-энелер комитети, райондук билим берүү бөлүмү, айыл өкмөтү, райондук мамлекеттик администрациясы эмне иш кылат баарын слайд менен түшүндүрүп берди. Кеңешмеде мен дагы сөз сүйлөп, билим берүүнү өнүктүрүү, жаңылоо — улуу иш. Улуу иштер биримдикте, ынтымакта ишке ашарын, бул иште Рух баатырлары катары мугалимдер зор роль ойнорун белгилөө менен жаңыланууга түрткү, дем, шыктандыруучу күч болуучу гумандуу педагогиканын айрым принциптерин: таануу, ишенүү жана ишеним, сүйүү,түшүнүү, уялуу, максаттуулук, берилгендик, кызыгуу жана кызыктыруу, кызматташтык, үзгүлтүксүз өнүгүү, өрнөк, үлгү болуу, баалоо жана өзүн-өзү өнүктүрүү, аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүү, жеке өнүктүрүү тууралуу (мугалимди, окуучуну жана ата-энени) айтып бердим. Замирбек Бейшеновичтин мени узатып жатып: «Агай, азыр сын айтканды беш жашар бала да билет, кечээ сиз менен маек курганыбыздагы маселелерди кантип ишке ашырууну түңкү саат 2ге чейин ойлондум, ак жол агай!» — деп, коштошту, — дейт О.Сайдилканов.

Агайдын республикалык форумдан кийин айткан ой-пикирин дагы ФБ баракчасынан алып берүүнү туура көрдүм. Анткени агайдын ар бир сөзү жалпы мугалимдерге дем-күч берет.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

— Быйылкы педагогдордун август форуму мурдагы жылдардан формасы, мазмуну боюнча кескин айырмачылыкта өттү. Президентибиз Садыр Жапаровдун кайрылуусу менен башталып, мугалимдерге ноутбук тапшыруу аземи менен коштолду.  12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу боюнча төмөнкүдөй багытта окуулар өтүлдү:

  1. Мектепке чейинки билим берүү;
  2. Мектептик билим берүү;
  3. Башталгыч кесиптик билим берүү;
  4. Кошумча билим берүү.

Адамдын көзүнөн бүтүндөй жан дүйнөсүн окууга болот эмеспи. Педагогикалык форумга катышкандардын көпчүлүгүнүн көзүнөн жаңыланууга кызыгууну, шыктанууну көрүп абдан сүйүндүм. Ыраазы болдум.

Кыргызстанда билим берүүнүн өнүгүшүнө кыймылдаткыч күч болор, дем берер дараметтүү, чыгармачылыкка, жаратмандыкка умтулган, изденген жаштардын бар экендигине кубандым. Дагы бир сүйүнгөнүм, ынтымактык, биримдик бар жерде ийгилик болот эмеспи.  Улуу ишти ишке  ашырууга республикабыздын бардык булуң-бурчунан келип, баш бириктирип, кызматташып, акыл калчап, жети өлчөп, бир кесип жаткандары болду. Дөөлөтүбүз —  ынтымактык, биримдик өлкөбүздө салтанат кура берсин! Жаңы окуу жылы ийгиликтин жылы болсун! – дейт О.Сайдилканов.

Кочкор району

Кочкор районунун да мугалимдери “Алтын Казык” ноутбугун алышты. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мирзат Мамбетованын  “Алтын Казык- доор өзгөрткөн билим” педагогикалык форуму эки күн бою жылуу эмоция, жылмаюу жана тажрыйба алмашуу менен өткөнүн белгилейт.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

— Республикалык форумда 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары ачык көрсөтүлүп, мугалимдерибизге улуттук баалуулуктарды жана маданий мурастарды окуучулардын тарбиясында колдонуу мааниси белгиленди. Бул иш-чара билим берүү тармагын өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ болуп, мугалимдерге позитивдүү эмоция жана руханий байлык тартуулады. Биз бардык мугалимдерди чакырабыз: Өз тажрыйбаңызды бөлүшүңүз жана жаңыларга дем бериңиз; Улуттук баалуулуктарды окуучулардын жүрөгүнө жеткирүүнү улантыңыз; Жаңы идеяларды ишке ашырып, билим берүүнү сапаттуу кылууга салым кошуңуз; Ар бир күндү билимге жана руханий өсүүгө арналган кылыңыз! Ийгилик, чың ден соолук жана жаңы идеяларга бай кызматтарды каалайбыз! – дейт М.Мамбетова.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

Мыктынын иши да, жолу да мыкты

Окуу жылдын башталышы — жаңы үмүттөрдүн, жаңы максаттардын башталышы. Ушул күндө ар бир мугалимдин үзүрлүү эмгегине, ар бир кызматкердин ынтымактуу ишине, ар бир ата-эненин ишенимине терең ыраазычылык айтылат. Кочкор районундагы Ш.Рысмендеев атындагы мектептин директору  Бообек уулу Болот жаңы белеске көтөрүлүп, конкурстан кайрадан ийгиликтүү өтүп, жетекчилик кызматын улантып жатканын  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы баса белгиледи.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

— Бул жолу анын кадамы — жаңы мектептин астанасын аттоо менен башталууда. Бул жаңы барак — билим берүү тармагындагы дагы бир чоң жоопкерчилик, дагы бир жаңы мүмкүнчүлүк. Тарыхчы Болот агай — өз кесибин жүрөгү менен сүйгөн, ар бир кадамы улуттун руханий дүйнөсүн байытууга арнаган инсандардын бири. “Тарыхты билбегендин тамыры жок, тарбияны билбегендин канаты жок” дегендей, ал кыргыздын өткөнүн бүгүн менен байланыштырып, жаш муунга өрнөк болуп келет. Агайдын жетекчилик да, окутуучулук да жолу — көрөгөчтүк менен айкалышкан эмгектин жемиши. Ал этнопедагогиканын кенчине терең үңүлүп, кыргыздын салт-санаасын, нарк-насилин, улуттук баалуулуктарын билим берүүгө ширетип, жаштардын дүйнө таанымын кеңейтип келет. “Эл барда салт жашайт, салт барда эл жашайт” деген накылдын баркын ачып, өз колу менен музей түзүп, өткөндүн мурасын бүгүнкү күнгө жандуу көркөмдөп тартуулады. Бул музей — тарыхтын тереңдиги менен элдин наркынын көргөзмөсү. Ар бир буюм, ар бир сүрөт, ар бир эстеликтен кыргыздын көөнөрбөс дөөлөтү көрүнүп турат. Мектеп — элдин келечегинин очогу. Ошол очокту жандырып, жаңы мектептин эшигин ачалы деп жаткан учурда Болот агайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз. “Жакшы жамаат — ийгиликтин калыбы, ынтымак бар жерде өнүгүү бар” дегендей, мугалимдердин эмгеги менен бул мектеп билимдин чырагына айланат.  “Ынтымак бар жерде ырыс бар, ырыс бар жерде гүлдөп-өсүү бар”  демекчи, жакшы жамаат мамлекетибиздин салып берген билим уясына кубанып, дагы ийгиликтерди жаратабыз деп турушат. Болот агайдын эмгеги — “Жакшынын артынан сөз калат, даанышмандын артынан эл калат” дегендей, келечекке калган мурас. Ал тарыхты гана эмес, улуттук тарбияны, улуулардын акылын, элдик педагогиканын нарктуу жөрөлгөлөрүн жаш муундун жүрөгүнө жеткирүүдө. Элине, жерине кызмат кылган тарыхчынын жолу дайыма нурлуу, барагы дайыма ак болуп кала берет, — дейт бөлүмдүн башчысы.

Ушул күндөрү бул мектепти  20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр демөөрчүлүк кылып, мектепке баасы 200 миң сом турган интерактивдүү панель белек кылышты.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ – ЖАҢЫ ҮМҮТТӨРДҮН, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЫЛЫ

— Заманбап билим берүүдө интерактивдүү панелдин ролу абдан чоң. Ал мугалимдин ишин жеңилдетип, окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жардам берет. 12 жылдык билим берүүгѳ ѳтүүдѳ мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында жалпы билим берүү уюмдарынын англис тили, башталгыч класстардын жана 5-, 7-класстардын математика, табигый-илимий багыттагы предметтердин мугалимдерин Кембридж окуу программасы менен окутуу аяктады. Бул курс 30-июлдан 21-август күндѳрү ѳткѳрүлүп, башталгыч класстардан  110 мугалим, 76 англис тили мугалими,  74 математика мугалими, 114 табигый-илимий багыттагы предметтердин мугалимдери, жалпы 374 мугалим атайын даярдыктан ѳтүп, жаңы окуу программалары, мазмундук ѳзгѳчѳлүктѳр жана аларды ишке ашыруу технологиялары боюнча керектүү билимге жана кѳндүмдѳргѳ ээ болушуп, жаңы окуу китептери менен таанышып, окутуунун жаңы усулдары, сабакты пландаштыруунун жаңы модели, табигый-илимий предметтерде 3С+1Е моделин колдонуунун технологиясы   менен таанышып, практикалык тапшырмаларды аткаруу менен кѳндүмдѳргѳ ээ болушту, — дейт М.Мамбетова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер