ЖАҢЫ МУУНГА ЖАҢЫ КИТЕП
- 05.08.2026
- 0
Ар бир окуу жылы жакындаганда өлкөдөгү миңдеген ата-энелер менен мугалимдерди тынчсыздандырган жалгыз суроо: мектептер быйыл китеп менен толук камсыздалабы? Быйылкы кырдаал өзгөчө – билим берүү тармагы 12 жылдык моделге өтүү жана заманбап стандарттарга шайкеш келүү аракеттеринин ортосунда кайнап жаткан кербези. Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” мамлекеттик ишканасынын директору Төлөгөн Аматов менен өлкөдөгү китеп тартыштыгын жоюу, миллиондогон нускалардын басылышы жана чет элдик методиканы улуттук кыртышка адаптациялоонун көшөгө артындагы сырлары тууралуу ачык айтып берди.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда жалпысынан 2 миллион 945 миң 58 нускадагы окуу-усулдук комплекстер жарык көрдү. Бул сан масштабдын канчалык чоң экенин айгинелейт. Анын ичинде эң чоң үлүш 3-класс үчүн математика китептерине туура келет – 696 миң нуска. Ал эми табигый илимдер багытында 3-класстын “Мен жана дүйнө” китеби 714 миң 480 нускада чыкса, 5, 6 жана 7-класстар үчүн жалпысынан 1,2 миллиондон ашык окуу китеби жана иш дептерлери басылды. Сапаттуу билим берүүнүн пайдубалы катары 1-класс үчүн да “Наристе Алиппе”, “Жазуу жана боёо” жана “Алиппеге даярдык” топтомдорунун ар бири 90 миң 380 нускадан даярдалган.
Бирок бул гиганттык сандар иш жүзүндө кандай натыйжа берип жатат? “Бизге бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин жана донордук каражаттардын негизги бөлүгү 3, 6, 8-класстарга, ошондой эле 1, 2, 5, 7-класстардын табигый илимдер менен математика сабактарына, тактап айтканда, окуу китептерине жана иш дептерлерине жумшалууда,” — дейт Төлөгөн Аматов. Анын айтымында, 3-класстын китептери толугу менен басылып чыгып, аймактарга жеткирилди. 6-класстын китептери да басмадан чыгып бүтүүдө. Ал эми 6 жана 8-класстардын математикасы тиражга берилип, 8-класстын табигый илимдери жакынкы күндөрү даяр болот. Бул топтомдорду 15-сентябрга чейин мектептерге толук жеткирүү пландалууда.
Анткен менен, коомчулукта “эмне үчүн китептердин баары мамлекеттик «Учкун» ачык акционердик коомунда гана басылат, бул монополия эмеспи?” деген мыйзамдуу суроо туулат. Төлөгөн мырза муну Президенттин атайын жарлыгы жана мамлекеттик коопсуздук, сапат маселеси менен түшүндүрөт. Китептин кагазынын калыңдыгы, “белизнасы” (агаруу деңгээли), сыясы жана көлөмү ГОСТ стандартка катуу байланган. Балдар күн сайын кармагандыктан, боёктордун уулуулугу болбошу үчүн атайын сертификаттар талап кылынат. Каражатты үнөмдөө максатында ар бир китептин баасы барак санына жана салмагына карата Монополияга каршы агенттик тарабынан бекитилет. Ал эми жеке басма үйлөрүнө эч кандай чектөө жок: эгер алардын китептери Монополияга каршы агенттик жана төрт этаптуу экспертизадан өтсө, өз каражаттарына басып, жеке менчик мектептерге сатууга укуктуу. Маселен, орус тили боюнча Россиянын “Просвещение” басмасы, ошондой эле ата мекендик “Аркус” сыяктуу басма үйлөрү даярдаган айрым орус тилдүү жана башка окуулуктар да колдонулуп келет.
Сингапурдун атактуу Marshall Cavendish басма үйүнөн STEM жана табигый илимдер боюнча автордук укуктарды сатып алуу кыргыз билим берүүсүндөгү чоң бурулуш болду. “Эгерде биз мындай сапаттагы линейканы өз күчүбүз менен нөлдөн жазсак, эң эле аз дегенде 5 жыл убакыт кетирмекпиз,” — дейт маектешибиз. Бирок чет элдик программаны сокур кабыл алуу мүмкүн эмес. Мисалга алсак математика жаатында 30дан ашык жергиликтүү окутуучулар, профессорлор, методисттер жана сүрөтчүлөр китептерди кыргыз кыртышына адаптациялашты. Физика менен математиканын фундаменталдуу формулалары өзгөрбөгөнү менен, биология сыяктуу сабактарда Кыргызстанда өспөгөн тропикалык өсүмдүктөр жергиликтүү флора жана фаунага алмаштырылды. Адаптациялоо — бул жөн гана котормо эмес, улуттук менталитетке жана маданий контекстке шайкеш келтирүү иш-аракети.
Ар бир окуу куралы мектеп партасына жеткенче төрт катуу чыпкадан өтөт: илимий-педагогикалык, педагогикалык, антидискриминациялык жана гендердик экспертиза. Буга кошумча, апробация процесси жүрөт. Апробациянын эки жолу бар: 2 айлык тездетилген форматта практик мугалимдерди чогултуп изилдөө, же болбосо сентябрдан майга чейинки 1 жылдык мектептеги пилоттук окутуу. Окутуучулардын сын-пикирлери жыйналгандан кийин гана китеп массалык басылмага сунушталат.
Аймактарга жеткирүү логистикасы да өзүнчө схема менен иштейт. Каражатты үнөмдөө үчүн «Учкун» басмаканасы китептерди ар бир айылга жекече ташыбастан, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө чейин жеткирип берет. Ал жерден мектеп өкүлдөрү өздөрү тосуп алышат. Быйылкы окуу жылында 3, 6, 8-класстардын математика жана табигый илимдер предметтери, ошондой эле мурда чыккан англис жана орус тилдери боюнча муктаждык 100 пайыз жабылат. Ал эми башка сабактар боюнча тартыштык убактылуу сакталып, окуучулар мурдагы китептерди колдонуп турушат – алар жаңы басылмалар даяр болгон сайын баскыч-баскычы менен алмаштырылат.
Заманбап дагы бир маанилүү кадам – санариптештирүү. Агартуу министрлигинин бирдиктүү kitep.edu.gov.kg электрондук платформасы иштеп жатканына туура бир жыл болду. Бул убакыт ичинде сайтка 30 миллиондон ашык колдонуучу кирип, электрондук китептерди жүктөгөн. Мамлекеттик автору катары бардык жаңы чыккан окуулуктар сайтка акысыз жайгаштырылууда. Алыскы айылдарда интернеттин ылдамдыгы төмөн экенин эске алып, адистер көлөмдүү PDF файлдарды бөлүмдөргө (главаларга) бөлүп жүктөө мүмкүнчүлүгүн түзүп беришти. Бул – кагаз түрүндөгү китеп жетпеген учурда да, ар бир окуучу үчүн билимге жол ачуунун эң натыйжалуу альтернативасы.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык 2025-жылы жарык көргөн китептер
Бул жылга жалпысынан 5 040 790 даана тираж менен 951 320 150 сомдук окуу-методикалык топтомдор киргизилген.
- Математика (1, 2, 5, 7-класстар):
- 1-класс: Китеп жана иш дептерлер (кыргыз/орус тилдеринде) — 295 880 даана / 60 286 800 сом.
- 2-класс: Китеп жана иш дептерлер — 344 660 даана / 86 543 650 сом.
- 5-класс: Китеп жана иш дептерлер — 306 360 даана / 94 338 000 сом.
- 7-класс: Китеп жана иш дептерлер — 289 930 даана / 111 651 475 сом.
- Табигый илимдер / Мен жана дүйнө (1, 2, 5, 7-класстар):
- 1-класс: Китеп жана иш дептерлер — 295 880 даана / 40 718 900 сом.
- 2-класс: Китеп жана иш дептерлер — 344 660 даана / 48 090 050 сом.
- 5-класс: Китеп жана иш дептерлер — 306 360 даана / 53 847 000 сом.
- 7-класс: Китеп жана иш дептерлер — 289 930 даана / 91 205 725 сом.
- Англис тили (3-9-класстар):
- Окуу китептери, иш дептерлери жана мугалимдер үчүн колдонмолор — Жалпы 1 916 130 даана / 297 319 300 сом. (Эскертүү: 3-класс боюнча айрым иш дептерлер тендер аягына чыга элек катары көрсөтүлгөн).
- Орус тили жана адабияты («Просвещение» келишими):
- 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн «Русский язык и чтение Азбука», «Русский язык» окуу китептери — жалпы 651 000 даана тираж бекитилген, каржылоо суммасы такталууда.
2026-жылы басылып чыккан жана күтүлүп жаткан китептер
Бул мезгилге 3 690 768 даана тираж менен 360 015 741 сомдук басылмалар пландаштырылган.
- Алиппе тобу (1-класс):
- Алиппе-наристе, жазуу-боёо жана алиппеге даярдык топтомдору — 271 140 даана / 25 035 260 сом.
- Математика (3-класс, эки бөлүк менен):
- 1-жана 2-бөлүктөр боюнча орус жана кыргыз тилиндеги китептер менен иш дептерлери — 696 000 даана / 129 953 130 сом.
- Табигый илимдер / Мен жана дүйнө (3 жана 6-класстар, эки бөлүк менен):
- 3-класс (1-2-бөлүк): Китептер жана иш дептерлер — 714 048 даана / 107 748 991 сом.
- 6-класс (1-2-бөлүк): Китептер жана иш дептерлер — 667 580 даана / 97 278 360 сом.
- Орус тили жана адабияты («Просвещение» – жакынкы арада келип түшүүсү күтүлүүдө):
- 1-класс (кыргыз класстар үчүн): Азбука — 100 000 даана.
- 2-класс (орус класстар үчүн): Русский язык и чтение — 335 000 даана.
- 5-класс (кыргыз класстар үчүн): Русский язык и чтение — 236 000 даана.
- (Бул катардагы келишим боюнча күтүлүп жаткан жалпы тираж — 671 000 даана).
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер