ЖАҢЫ КОНУШ МЕКТЕБИНДЕГИ ЖАРАТМАН ИШТЕР

  • 06.09.2022
  • 0

Аида Дооталиева Ак-Өргөдөгү  №77 жалпы билим берүү мектебине директор болуп келгени көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү жаратып, жаңы конуштагы ата-энелердин, коомчулуктун ишенимине,  окуучулардын сүйүүсүнө, кесиптештеринин сый-урматына ээ болду.

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы  №77 орто мектеп өзүнүн тарыхы, калыптанып калган салттары бар ЖАҢЫ КОНУШ МЕКТЕБИНДЕГИ ЖАРАТМАН ИШТЕРбилим ордосу десек жаңылышпайбыз.

Бул билим берүү мекемесинин тарыхы — Кыргызстанда биринчи жаңы конуш катары таанылган Ак-Өргө менен түздөн-түз байланышта. Бишкектин айланасындагы элүүдөй жаңы конуш өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин пайда болсо, Ак-Өргө кайра куруунун тушунда үй-жайсыз кыргыз жаштарынын талабы аркылуу түптөлгөн. Ошолордун таасири конушта дале бар.

Кыргызстандагы эң белгилүү «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси ушул конушта түзүлүп, ушул күнгө дейре мындагы билим берүү мекемелеринин кошумча билим берүү аракеттерине зор салым кошуп келүүдө. Мисалы, №77 орто мектептеги «Бүчүр» окуу борбору  жыл сайын 100 окуучуга англис тилинен жана информатикадан акысыз билим берет. Ал эми мектептин мурунку бүтүрүүчүлөрүнөн куралган «Ак-Өргө сити» командасын жалпы элибиз жакшы билет.ЖАҢЫ КОНУШ МЕКТЕБИНДЕГИ ЖАРАТМАН ИШТЕР

Аида Дооталиева  демократиялык баалуулуктарга сугарылган, ушундай түптүү мектепке окуучулардын билим сапаты көз көрүнө төмөндөп, тартип маселеси начарлагандан начарлап, балдар-кыздар арасындагы рэкет күндөн-күнгө күчөп  бараткан учурда, 2014-2015-окуу жылында,  жетекчи болуп дайындалды. Ошондо мектептин имараты да оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турган.

Азырчы?…

Беш жыл аралыгында  билим очогунун   материалдык- техникалык базасы толук чыңдалып, ар бир класстык каана проекторлор, керектүү техникалык каражаттар менен жабдылып, парта-стулдар, эшик-терезелер толук алмаштырылды. Былтыркы  окуу жылында жамгыр жааса эле, суу тамып турган чатыры  кайра жабылды. Аткарылган иштерге ата-энелер, коомчулук бирдей  кубанды.ЖАҢЫ КОНУШ МЕКТЕБИНДЕГИ ЖАРАТМАН ИШТЕР

Кесиптештери болсо  мектепке  Аида Арыпбековна  жетекчи болгондон бери окуучулардын билим сапаты өскөнүн, мисалы, 2014-2015-окуу жылга чейин 33-34% болсо, учурда билим сапаты 42-43%ке өсүп жеткенин айтышат.

2014-2021-окуу жылдарында 4 окуучу Алтын тамга тестинен өтүп, артыкчылык аттестат алышса,  9-классты аяктаган 25тен ашык окуучулар өзгөчөлөнгөн күбөлүккө ээ болушкан.

Бул  жылдар аралыгында билим ордосу үч жолу  Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” конкурсунда “Мыкты мектеп” номинациясына катышып, 2016, 2019-жылдары 3-орунга ээ болгон.  2018-2019-окуу жылында химия каанасы  2-орунду, “Мыкты мугалим” жана “Мыкты класс жетекчи” сынагында  мугалимдер Разыкова Гүлнар жана Оморова Аида 1-2-орундарды ээлешкен.

Ошондой эле мектептин командасы  “Акча апталыгы-2018”, “Акча апталыгы-2019”, “Акча апталыгы-2020”, “ Климаттык кутуча долбоору” жана башка бир топ таймаштарда байгелүү орундарды багындырып келсе, 2020-2021-окуу  жылында кыргыз тили, адабияты мугалими Өжөрбаева Сабиранын 5-класстан бери окуткан окуучусу Султангазиева Айдай 11-класстар арасында кыргыз тили, адабияты боюнча республикалык  предметтик олимпиадада 1-орунга татыктуу болду.

Жакында эле Президенттин Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамына татыктуу болгон Сабира Өжөрбаева  мына ушундай зор ийгиликтердин башатында мектеп жетекчиси Аида Дооталиева турарын айтат.ЖАҢЫ КОНУШ МЕКТЕБИНДЕГИ ЖАРАТМАН ИШТЕР

— Аида Арыпбековна билим берүү жаатындагы зарыл болгон иш-тажрыйбалары мол, эл менен иштей билген, мугалимдерге  окуу-тарбия процессинде методикалык жол көрсөтө билген мыкты жетекчи, — дейт устат мугалим.

Мектепте мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттырууга өзгөчө маани берилерин белгилеп кетели. Мындай туура багыт  пандемия учурунда бүткүл өлкөдө окуу  онлайн түрүндө  жүргүзүлүп  жатканда билинди. Башталгыч класстарынын мугалимдери Разыкова Г.Т., Калназарова Э.К. Тоялиева Ч.А. Ашымова М., Махмутова С.Ж. жана тарых мугалимдери  Акматова Ж.Д., Токоева Р.М., бүткүл республикага онлайн сабак өтүп, эмгеги бааланып, Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каттарын алышты. Ал эми Махмутова Саида менен Акматова Жылдыз министрликтин Ардак грамотасына татыктуу болушту.

Махмутова Саида жетектеген кесиптик бирлик 2019-жылы “Кесиптик бирлик сергек жашоо үчүн” конкурсунда жеңүүчү аталып,  массаж креслосун белекке алды. Азыркы тапта мугалимдер 2022-2023-окуу жылында “Эмгекти коргоонун шарттары жана коопсуздукту сактоо” боюнча конкурска жигердүү даярданып жатат.

2022-2023-окуу жылында  9-класстарга “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети киргизилип жатканына байланыштуу  тарых мугалимдери Акматова Ж.Д. жана Токоева Р.М. курстан ийгиликтүү өтүп, талап кылынган документтерин өткөрүшүп, сабакты өтүш үчүн мүмкүнчүлүк алды. Математика  мугалимдери  Молдокеримова  А.Ж. ,  Абдыкайырова В.Т.   жана  башталгыч класстын  мугалимдери  Разыкова  Г.Т,  Тоялиева  Ч. “Мектептер — 2030” долбооруна катышып, көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Кыздардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган “Мектептер-2030” программасынын алкагында мугалимдер  окуучулар  үчүн  инсанга багытталган дизайн ой-жүгүртүү боюнча семинар-тренингдерди уюштурду.

— ”Лидер” темасындагы иш-чарага атактуу спортчу   Мээрим Жуманазарова катышып, окуучуларга жакшы кеңештерин айтып, келечекке багыт  берди. Ага хан коомдук фонду долбоордун алкагында мектепке  2000$ эсебиндеги техникалык каражаттарды тартуу кылды, — деп айтат  кесиптик бирликтин төрайымы  Саида Махмутова.

Мектептин дагы бир өзгөчөлүгү —  ички миграция аркылуу келген окуучулар арбын. Соцпедагог Назгүл Кожакунованын айтуусунда,   500 окуучу батирде жашаган үй-бүлөлөрдөн,  110 окуучу көп балалуу, 30 окуучу аз камсыз болгон үй-бүлөдөн болушат. Мектепке алты мүмкүнчүлүгү чектелген окуучу катталса, анын ичинен экөөсү учурда үйүндө билим алууда.

Конуш мектеби балдардын жашоо-тиричилигиндеги орчундуу маселелерди чечүүдө жеке ишкерлер, фонддор менен тыгыз иш алып барат. Мында демөөрчүлөрдүн  социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын окуу куралдары, тамак-аш, кийим-кечек менен камсыздоосу жакшы жолго коюлган.

— Жаңы окуу жылына карата Ага хан фонду социалдык жактан аз камсыз болгон 50 үй-бүлөнүн балдарына окуу баштыгын тартуу кылса, “Көйкөл” фонду 40 окуучуга кызыктуу белек,  “Адеп-ахлак” фонду 32 окуучуга акчалай жардам берди, —   деп айтат Аида Арыпбековна.

Балдардын ден соолугун чындоодо Корея Республикасынын “GRNF КОIКА” окуу борбору окуучулардын тиштерине туура кам көрүүгө окуу тренингдерин өтүп, кеп-кеңештерин берип турат.

Жаңы 2022-2023-окуу жылында да аткарылып жаткан иштер эсепсиз экен.  Аида Дооталиева  жетектеген жаңы конуш мектеби быйыл «Коопсуз мектеп» долбоорун ийгиликтүү жыйынтыктап, 2022-жылдын апрелинен тартып «Акылдуу  мектеп» долбооруна катыша баштады.

— Учурда башталгыч класстар окуган имараттын чатырын алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Буга Бишкек мэриясы 3 млн. 300 миң сом бөлүп берди. Ушул эле жылы мурдатан кышкысын көйгөй жаратып келген жылытуу системасын жаңылап алдык. Бул ишке мэрия 1 млн. сом бөлдү, — дейт Аида Арыпбековна.

Ооба, иштемчил адамга иш арбын…

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер