ЖАҢЫ ДООРГО ЖАҢЫ БИЛИМ ЖАНА ЖАРАТМАН МУГАЛИМ МЕНЕН
- 21.08.2026
- 0
Бүгүнкү “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө” мугалимдердин улуттук форумунун панелдик угууларында 12 жылдык билим берүү моделинин алгачкы жыйынтыктары, санариптештирүү жана билим сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жолдору ар тараптуу талкууланып, билим берүү тармагын башкарган, анын мазмунун жараткан жана тейлеген жетекчилер негизги багыттар боюнча кеңири маалымат беришти.

Мектеп билим берүүсүнүн жаңы мазмуну жана методикалык пайдубал
Билим берүүнүн мазмунун жаратуучу катары Кыргыз билим берүү академиясынын (КБА) президенти Назира Дүйшеева 12 жылдык мектептик моделге өтүү алкагында аткарылган масштабдуу иштерге токтолду. Ал жаңы окуу жылында мугалимдерди сапаттуу методикалык аспаптар менен камсыз кылуу — башкы милдеттердин бири экендигин белгиледи.
Учурда беш предметтик стандартка тиешелүү толуктоолор киргизилип, кыргыз тили, адабият, география, математика жана Ата мекен тарыхы боюнча жаңы программалар даярдалды. Өзгөчө басым 8-класстын окуучуларын профилдештирүүгө жана кесиптик багыт берүүгө жасалууда.Бул максатта аптасына 2 сааттан, 34 жумага эсептелген 15 предметтик программа иштелип чыкты.
Мугалимдердин күнүмдүк ишин жеңилдетүү максатында 40 методикалык сунуштама (3- жана 8-класстар үчүн) даярдалып, атайын басылма түрүндө жарык көрүүдө. 125 календардык-тематикалык план түзүлдү. Социалдык тармактарга жана онлайн платформаларга жайгаштыруу үчүн 40 видеосабак жана 15 кыска видеоролик тартылды.
Ошондой эле, окуу процесси менен тарбиялоо ишин бириктирген жаңы “Тарбия” программасы кабыл алынып, педагогдор үчүн аймактарда практикалык тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.
Окуу китептери: Билимдин казынасы, санариптештирүү жана ачык атаандаштык
“Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Акматов полиграфиялык базанын чыңдалышы, китеп менен камсыздоо жана санариптик чечимдер тууралуу баяндама жасады. Эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу окуу китептерин басып чыгаруу мамлекеттик басма үйүнүн базасында толук ишке ашырылып жатканын сыймыктануу менен белгилеп өттү.
Цифраларга кайрылсак, 2017-2024-жылдары өлкө боюнча 3,7 миллиондон ашык окуу-методикалык комплекс чыккан болсо, 2025-жылдын өзүндө эле 4,7 миллиондон ашык (75 наамдагы) комплекс даярдалды. Ал эми 2026-жылга карата 1 миллиондон ашык китеп чыгаруу пландалууда. Англис тили (3–9-класстар) боюнча комплекстер толук жеткирилсе, Россиянын «Просвещение» басма үйү менен биргеликте орус тили боюнча 670 миңден ашык нуска таратылууда.
Интерактивдүүлүгү боюнча kitеp.edu.kg сайтында 243 электрондук окуу китеби жайгаштырылып, сайтты 30 миллионго чукул колдонуучу көргөн. Китептердеги QR-коддор аркылуу аудио жана мультимедиа ресурстарга түз өтүүгө болот.
Директордун айтымында “Китеп кура”: kitepkura.edu.kg платформасы аркылуу жаңы автордук курамдар ачык тандоодон өтүүдө. Учурда гуманитардык предметтер боюнча автордук топтор түзүлүп, башка сабактар боюнча арыздар кабыл алынууда.
Логистика жана контролдоо: мектептердеги китеп тартыштыгын же ашыкчалыгын көзөмөлдөөчү онлайн сервердик система жана китепканачылар үчүн Google Play Store’дон жүктөлүүчү атайын мобилдик тиркеме ишке кирүүдө.
Мугалимди үзгүлтүксүз өнүктүрүүнүн бирдиктүү системасы
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов кадрлардын даярдыгын жогорулатуудагы концептуалдык өзгөрүүлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө “Билим берүүдө биринчи орунда бала, экинчи орунда мугалим турат. Билим мугалимге туура жетсе гана балага жетет”, — деп баса белгиледи.
Учурда өлкөдөгү 93 500 мугалимдин 75%ы атайын окутуулардан өттү. Эң башкы жаңылык — текшерүү же инспекциялоо механизминен арылып, толугу менен методикалык жардам көрсөтүү форматына өттү.
Сапатты баалоо, бюрократияны азайтуу жана PISA-2025
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинова билим сапатын баалоодогу санариптик трансформациялар жана эл аралык изилдөөлөр боюнча маалымат берди. Анын айтымында адегенде эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана администрациялардын кагаз түрүндөгү отчётторунун 85% автоматташтырылып, кашаңдаткан инспектордук текшерүүлөр жоюлду. Негизги басым — мектеп директорунун жана мугалимдин билим сапатын жогорулатууга кошкон реалдуу салымына жасалууда.
Сапатты баалоонун жана инфраструктуранын негизги көрсөткүчтөрү:
Улуттук жана STEM тестирлөө: 2025-жылы сыноо этабында 27 000 аккаунт катталып, негизги тестирлөөдөн 24 914 мугалим өткөн. Бардык мугалимдер тестти мамлекет тарабынан берилген ноутбуктар аркылуу тапшырып, толук IT-инфраструктура сыноодон өттү. Ошондой эле 12 жылдык билим берүү боюнча онлайн-сурамжылоого 31 122 педагог катышты.
Арадан 15 жыл өткөндөн кийин Кыргызстан PISA изилдөөсүнө кайрадан жигердүү катышты. Изилдөөгө өлкө боюнча репрезентативдүү тандоо менен 195 мектеп жана 6 600 окуучу (15 жаштагылар) тартылды. 14 IT-адистен турган мобилдик топтор бир ай бою мектептерде толук техникалык коопсуздукту жана эл аралык стандарттарды камсыз кылышты.
PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн расмий жыйынтыктары 2026-жылдын 8-сентябрында Братислава шаарында жарыяланат. Бул изилдөө өлкө үчүн куру рейтингди гана көрсөтпөстөн, акыркы 15 жылдагы билим сапатынын динамикасын, айыл менен шаар мектептеринин, ошондой эле ар кайсы тилде окуткан мектептердин ортосундагы ажырымдын канчалык кыскарганын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Санариптик инновациялар жана аймактардагы тажрыйба
Өлкөнүн билим берүү системасы заманбап чакырыктарга жооп берүү менен бирге, инклюзивдик чөйрөнү кеңейтүү жана аймактардагы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү багытында чечкиндүү кадамдарды таштоодо. Бул багытта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде уюштурулган “Тунгуч” онлайн мектебинин ролун өзгөчө белгилеп, анын жетекчиси санариптик системада мол тажрыйбасы бар жаш адис Айсулуу Жамангулова менен тааныштырды. Бул долбоордун башкы философиясы — бала өлкөнүн кайсы гана бурчунда же кандай шартта болбосун, ага сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү болуп саналат.
“Тунгуч” онлайн мектеби: Формалдуулуктан сапаттуу билим берүүгө кадам
Онлайн мектептин директору Айсулуу Жамангулова өз баяндамасында заманбап билим берүүдөгү жаңы көз караштар, инклюзивдик муктаждыктар жана окуу жайдын ички трансформациясы тууралуу кеңири токтолду.
Бүгүнкү күндө маалыматтык доордо ата-энелер менен балдарга жаңыча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү — мезгил талабы экени талашсыз. Өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (майыптыгы бар) балдарыбыз жана билим берүүдө өзгөчө муктаждыктары бар окуучулар үчүн мамлекет дал ушул онлайн мектепти ачканы маалым.
— 2025–2026-окуу жылынын башында мектепте 2 500 окуучу катталып, 51 мугалим эмгектенип жаткан. Бирок онлайн мектепти жөн гана “формалдуу түрдө документ алып алуучу жер” катары көргөн үстүртөн стереотиптерди жоюуну башкы орунга койдук. Биз 2 500 баланын баарын кийинки класска автоматтык түрдө көчүрүп койгон жокпуз. Натыйжада, биз үчүн башкы көрсөткүч катталган сан эмес, чейректен чейреке чындап билими, аракети жана сапаттуу көрсөткүчү менен кийинки жылга өткөн 681 окуучу болду. Биздин башкы милдетибиз – “Тунгуч” онлайн мектебинин кадыр-баркын жогорулатуу жана билим сапатын камсыз кылуу” – дейт жаш жетекчи.
Бул багытта төмөнкү конкреттүү реформалар ишке ашырылды:
Дизайнерлерди жана методисттерди тартуу: Кадимки усулчулардан сырткары, онлайн форматына адистешкен методисттер менен профессионал дизайнерлер тартылып, ар бир сабактын бирдиктүү визуализациясы жана структурасы иштелип чыкты.
Сабактын стандарттарын жаңылоо: 2025-жылдын декабрына чейинки «жөн гана сүрөт, текст жана 10 суроодон турган тест киргизип коюу» практикасына чекит коюлду. Чыныгы онлайн сабактын педагогикалык стандарттуу структурасы киргизилип, ар бир мугалимден ошол талап кылынууда.
Маршруттук баракчалар жана КТП: Календарлык-тематикалык пландар (КТП) негизинде Google Таблица платформасында бирдиктүү санариптик документ түзүлдү. Ар бир предмет боюнча усулдук бирикмелер материалдарды толтуруп, видеоконтенттин теманын мазмунуна канчалык жооп берери тыкыр текшерилет.
Сырттан, ошол эле YouTube өңдүү платформалардан даяр видеолорду алуу тажрыйбасынан бара-бара арылып, толугу менен өздөрүнүн сапаттуу улуттук контентти түзүүгө өтүшкөн.
Жети-Өгүз районунда бала бакча менен 87 пайыз камсыздалды
Аймактарда билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана мектепке чейинки мекемелердин камтуусун жогорулатуу боюнча Жети-Өгүз районунун администрация башчысынын орун басары Жыпаргүл Бектемирова өзүнүн ийгиликтүү практикасы менен бөлүштү. Учурда райондо балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 87 пайызга жетти.
Ар тараптуу демилгелер жана инфраструктуралык чечимдер:Үй тибиндеги бала бакчалар: Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында 2 үй тибиндеги бала бакча ачылды. Жеке ишкерликти колдоо менен бирге район боюнча 181 бала мектепке чейинки билим берүүгө тартылды.
Эрте өнүктүрүү борборлору: Эли аз, алыскы айылдардагы китепканалардын алдында эрте өнүктүрүү борборлорунун тармагы ачылды. Бул долбоор айыл өкмөттөрүнүн жардамы менен керектүү эмеректер жана бөлмөлөр менен камсыздалып, жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
КР Министрлер Кабинетинин №229 тескемесин ишке ашыруу максатында жергиликтүү бюджеттен 6 900 000 сом бөлүнүп, 7 бала бакчанын базасында 13 кошумча тайпа ачылды. Натыйжада кошумча 335 бала бакчага тартылды.
Япония тажрыйбасы жана орундарды оптимизациялоо:
Жети-Өгүз районунун администрация башчысынын жеке демилгеси жана каржылыгы менен курамына билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мектеп жана бала бакча директорлору, айылдык кеңештин депутаттары, санэпидемиология өкүлү жана айыл өкмөт башчылары кирген 12 делегат Япония мамлекетине барып, алардын мамлекеттик бала бакчаларынын иши менен жеринен таанышып келишкен.
Күн чыгыш өлкөсүнүн тажрыйбасын колдонуу менен бала бакчалардагы мурдагы уктоочу бөлмөлөр оптимизацияланып, заманбап оюн бөлмөлөрүнө айландырылды. Балдар уктаганга ыңгайлуу жыйналма керебеттер жана атайын матрастар сатып алынып, бул иштер толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Жыпаргүл Бектемирова ваучердик каржылоо, т.а. бир балага багытталган каржылоо системасы кандайча ишке ашырылып жатканына да кеңири токтолду. Ваучердик механизм боюнча районго бөлүнгөн квотага ылайык 20 бала камтылган. Каржылоо эки булактан параллелдүү жүргүзүлдү:
Агартуу министрлиги тарабынан: Билим берүү компоненти үчүн ар бир балага айына 3 100 сомдон (жалпы 522 000 сом);
Жергиликтүү бюджеттен: Баланын тамак-ашы үчүн айына бир балага 3 000 сомдон (жалпы 486 000 сом) бөлүнүп берилди.
Жыйынтыктап айтканда, улуттук форумда сунушталган презентациялар өлкөнүн билим берүү тармагы куру убадалардан конкреттүү санариптик жана мазмундук аракеттерге өткөнүн айгинеледи. Жаңы окуу программалары, санариптик окуу китептери, мугалимди ар тараптуу колдоо жана эл аралык стандарттарга негизделген сапатты баалоо системасы — мунун баары “жаратман мугалим аркылуу өнүккөн өлкөгө” жетүүнүн реалдуу кадамдары.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер