ЖАҢЫ ДООРДУН МЕКТЕБИ: “ОЙ-ТЕРСКЕН МЕКТЕБИ” АЙМАКТАГЫ РЕФОРМАЛАРДЫН ФЛАГМАНЫНА АЙЛАНДЫ
- 04.08.2026
- 0
Ат-Башы районунун Ой-Терскен инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 2025-2026-окуу жылындагы жетишкендиктери жана 2026-2027-окуу жылына карата стратегиялык өнүгүү багыттары тууралуу мектептин директору Мирбек МУТАЛИПОВ айтып берди.

Идеология жана трансформация
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен мектеби 2025-2026-окуу жылында сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлүп, расмий түрдө «Инновациялык мектеп» статусуна ээ болду. Бул — Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) «Билим берүү секторун реформалоо» долбоорунун алкагында билим берүүнүн мазмунун, инфраструктурасын жана педагогикалык потенциалды комплекстүү трансформациялоонун жыйынтыгы десек ашыкча болбостур.

Учурда 972 окуучу жана 72 мугалим эмгектенген билим берүү мекемеси аймактагы алдыңкы кластердик борборго айлануу, 12 жылдык окутуу системасына өтүү, STEM багытын өнүктүрүү жана билим берүү кванториумдарынын моделин киргизүү боюнча реформалардын сап башында турат. Мектептин педагогикалык курамы АИС тиркемеси аркылуу РИППКнын атайын курстарынан өтүп, тийиштүү сертификаттарга ээ болушту.
Инфраструктуралык жана инвестициялык секирүү
АӨБдүн каржылоосу менен мектепте заманбап профилдик предметтик кабинеттер (химия, биология, физика, 2 математика, 2 информатика, география, 2 технология), спорт зал жана фойе толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Жаңы окуу жылына карата кошумча ички ажаткана корпусунун курулушу да аяктап калды.
Белгилей кетсек, республика боюнча 53 мектепке гана инновациялык макам берилген. Мындай мекемелер окутуунун заманбап усулдарын, жаңы технологияларды жана STEM-билим берүүнү жайылтууда, ошондой эле окуучулардын изилдөөчүлүк көндүмдөрүн калыптандырууда алдыңкы үлгү болуп саналат.
Мамлекеттик стандарт жана 12 жылдык окутууга даярдык
2025-2026-окуу жылында педагогикалык жамаат үчүн Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын максаттары, баалуулуктары жана баалоо системасы боюнча методикалык сааттар уюштурулуп, жыйынтыгында мугалимдер онлайн тест тапшырышты.

12 жылдык билим берүү программасынын алкагында мектептин директорунун орун басары Дүйшөбүбү Албанова «Мастер-тренер» статусун алып, район боюнча башталгыч класстардын 60 мугалимине тренинг өтүп, сертификациядан өткөрдү. Ошондой эле, Д. Албанова 2026-жылдын июнь-июль айларында КР Агартуу министрлигинин «Окуу китеби» мекемесинде эксперт-адаптер катары жаңы окуу китептери менен методикаларын даярдоого катышты.

Сабактарда прогрессивдүү усулдарды колдонуп, функционалдык сабаттуулукту өстүргөндүгү үчүн Бакаева Бурул, Идирисова Таалайкүл, Мамбетакунова Айгүл сыяктуу тажрыйбалуу мугалимдердин иши айрыкча белгилеп кетүү абзел. Педагогдордун илимий-методикалык макалалары жана сабак иштелмелери республикалык «Кут Билим» гезитине жана «Мугалим» түстүү журналына басылып чыкты.
Изилдөө долбоорлору жана санариптик инструменттер
Окуу жылы ичинде мугалимдер үчүн WordWall, Gemini, Google Classroom, I BILIM, Canva сыяктуу санариптик куралдарды сабакта эффективдүү колдонуу боюнча семинарлар өттү. Ал эми супервайзердик баалоонун жыйынтыгында Г. Турганбаева, Ж. Албанова, А. Үркүнбаева, С. Акунова, А. Токтогонова, А. Мааткеримова, Г. Мамбетакунова, Ч. Садырова, Б. Бакаева, Ж. Айбашова, К. Саадабаев жана Г. Семетеева сыяктуу мугалимдердин сабактары «устаттык деңгээлде» деп бааланды.

Окуучулардын практикалык сабаттуулугун жогорулатуу максатында ар бир класска STEM-предметтери боюнча изилдөө темалары бөлүнүп берилген. Алсак, 5-класстар — «Суу» (Суу чарба ишканаларында изилдөө жүргүзүшкөн); 6-класстар — «Топурак» (Күнөскана шартында текшеришкен); 7-класстар — «Энергиянын берилиши»; 8-класстар — «Сүт»; 9-класстар — «Аба»; 10-класстар — «Тамак-аштын адам энергиясына таасири» ж.б.у.с.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында окуучулар өз колдору менен карусель, кичи-генераторлорду, күн жана суу энергиясынан электр алуучу моделдерди куруп чыгышкан.
Жогорку академиялык жана чыгармачылык ийгиликтер
ЖРТ жыйынтыгы боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрү Б. Турсунбеков (227 упай) жана Д. Кадырова (205 упай) жогорку көрсөткүчтөрдү камсыз кылышса, кесиптик чеберчилиги боюнча башталгыч класстын мугалими Г. Турганбаева «Жыл мугалими – 2026» конкурсунун райондук жана облустук турларында 1-орунду ээлеп, республикалык этапка жолдомо алды. Ошондой эле «Кыргыз киносуна 80 жыл» кароо-сынагында мектеп жамааты «Гран-при» байгесин утуп алды.


Жаңы окуу жылына карата стратегиялык максаттар
12 жылдык билим берүүнү толук ишке ашырууда башталгыч мектептер үчүн каскаддык семинар-тренингдерди улантуу каралган.
— Функционалдык сабаттуулукту өстүрүүдө окуу-жазуу, математикалык жана баалоо (PISA стандарттарына шайкеш) компетенттүүлүктөрүн чыңдоо; билим берүү кванториумдарынын моделин киргизүү: мектепти жогорку технологиялык илимий-практикалык чөйрөгө айландыруу; жогорку класстарды кесиптик жана жогорку окуу жайларга багытталган атайын профилдер боюнча окутуу; Ч. Асеков, К. Акматаалы, Ж. Абдырахман, К. Мамбеталиев атындагы өнөктөш мектептер менен тажрыйба алмашууну тармактык системага салуу иштери жакшы жүрүп жатат, — дейт мектептин директору М.Муталипов.

Сөз соңу
Ой-Терскен мектеби Нарын облусу боюнча билим берүү реформаларынын флагманы катары өзүн көрсөтө алды. Келечектеги ийгиликти бекемдөө үчүн буга чейин ички талдоодо аныкталган кемчиликтерди оңдоо максатында Блумдун таксономиясы (жогорку деңгээлдеги суроолорду түзүү) жана формативдик баалоо куралдары боюнча микро-тренингдерди өткөрүү керек экенин жетекчи баса белгиледи. Ошондой эле STEM-фестиваль уюштурушса, окуучулардын изилдөө долбоорлорун (күн энергиясы, топурак ж.б.) райондук же облустук масштабдагы инновациялык жарманке катары коомчулукка тартуулашмак. Мындан сырткары өнөктөш мектептер үчүн мыкты мугалимдердин сабактарын жана мастер-класстарын онлайн форматта ачык жайгаштыруу да зарыл. Ал эми ЖРТдагы 227 упайлык жыйынтыкты сактап калуу үчүн 8-9-класстардан баштап математикалык логика жана функционалдык сабаттуулук боюнча профилдик ийримдерди көбөйтүү зарылдыгы турат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер