МЕТОДИСТТЕР ДАЯРДЫКТАН ӨТҮШӨТ

  • 04.08.2026
  • 0

4-7-августта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусу боюнча 256 методист 2026-2027-окуу жылына карата методикалык даярдыктан өтүшөт.

МЕТОДИСТТЕР ДАЯРДЫКТАН ӨТҮШӨТ

Тренингдер Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институту, Кыргыз билим берүү академиясы жана Окуу китебинин методист-адистери тарабынан өткөрүлөт.

Алар өз кезегинде ар бир мектептин мугалимдери менен жер-жерлерде иш алып барышат. 2026-2027-окуу жылы ийгиликтер менен коштолсун.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер