ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК: ОШ ШААРЫНДА 256 ТРЕНЕР ОКУТУУДАН ӨТҮҮДӨ
- 04.08.2026
- 0
Бүгүн, 4-августта Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында жаңы 2026-2027-окуу жылына карата даярдыктан өтүү боюнча төрт күндүк методикалык семинар башталды. Түштүк аймагы боюнча өтүп жаткан бул окутууга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан жалпы 256 тренер катышууда.
Иш-чарага катышып жаткан тренерлер — Агартуу министрлигине караштуу Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин методист-адистери.
7-августка чейин улана турган семинардын алкагында методисттер жер-жерлердеги мектеп мугалимдери менен иш алып барып, жаңы окуу жылына карата методикалык сунуштарды, билим берүүдөгү жаңыланууларды талкуулап, кесиптик жактан даярдыктан өтүшөт.
А.К., «КБ»






Комментарийлер