Ж.СААДАНБЕКОВ: БИЗГЕ ИДЕОЛОГИЯ КЕРЕКПИ?

  • 24.05.2021
  • 0
Ж.СААДАНБЕКОВ: БИЗГЕ ИДЕОЛОГИЯ КЕРЕКПИ?

«Кереги жок» деп 6 миллион кыргыз жабыла кыйкырса да, аларды белгилүү бир идеологиялар тегеректеп жүрөт. Эшикти бекитип койсоң, терезеңден кирет.

Идеологиянын пайдубалы – идея. Залкар философ К.Маркс: «Идея массаларга терең сиңгенде гана ал материалдык күчкө айланат» деп пайгамбардай сөз айткан эмеспи. Чынында эле, социалисттик идеяны жан дили менен түп көтөрө кабыл алган совет эли, Советтер Союзун дүйнөнү 70 жылы солкулдаткан эбегейсиз зор материалдык күчкө айландырбады беле. Жер жүзүндөгү элдердин азыр да жарымынан көбүн өзүнө магниттей тартып турган бул социалисттик идеянын маңызы эмнеде? Анын социалдык адилеттүүлүктү, калыстыкты туу тутканында. Ф.Достоевскийдин Алеша Карамазов деген каарманы: «Мага теңдиктин кереги жок, мага адилеттүүлүк керек, антпесе мен, өзүмдү өзүм жок кыламын» — дейт. Демек, эч качан зымга тарткандай теңчилик болбойт, кыскасы, беш кол тең эмес, бирок, адилеттүү коомду түзсө болот. СССРдин убагында жашагандар билебиз да: миллиондогон караламан калкты социалдык камсыздоо жагынан ал кезде азыркыга караганда асман менен жердей айырма бар эле го. Куудул Е.Петросян айткандай: «Мы тогда проскочили коммунизм».

Өткөн 20-чы кылымда дагы бир шумдуктуу идея материалдык күчкө айланып, бүткүл дүйнөнү чөгөлөттү, миллиондогон адамдардын канын суудай агызды. Адамзат тозоктун отуна өрттөнүп, кайра тирилгендей эле болду. Бул идея – нацизм, расалык артыкчылык, биологиялык аристократизм идеясы. Бүгүнкү күндөргө чейин жалпы адамзатты айраң-таң калдырганы: кандайча, ошол кездеги Батыш Евпропадагы эң билимдүү, илим технология жагынан астына эч ким чыга албаган 50 миллион немис эли ушул киши жегич идеяны бир кишидей жапа тырмак кабыл алды? Көрсө, Германияда ошо кезде идеологиялык иштер, массалык пропаганда өтө күчтүү болгон экен. Геббельстин пропагандасы, азыр да легенда катары айтылып жүргөнү бекеринен эмес. Мамлекеттик саясатты канчалык жүзү кара болсо да, актап – жактап, кооздоп, элге жагымдуу кыла билген бийликтин эч нерсеге алмашкыс куралы идеология турбайбы. «Калп канчалык бетпак, кара өзгөй болгон сайын, ошончолук ага эл терең ишенет» — деп Гоббельс «жемогуз» айткан да.

Улуттук мамлекет бар жерде, албетте, улутттук идеология бар, анын негизинде да улуттук идея жатат.  Өткөндөгү тарыхый тажрыйбаларды карасак, улуттук идеология көп учурда мамлекеттик идеологиянын куугунтугуна, же басмырлоосуна дуушар болуп келет.  Мисалы, советтик доордогу үстөмдүк кылган мамлекеттик идеоголия интернационализм эле. Ушул идеологиянын айынан, «улутчул» деген кара тамга басылган ондогон, жүздөгөн жол башчыларыбыздан, интеллигенциябыздан ажыраганбыз. Мечиттер талкаланып, улуттук салттар, улуттук ар-намыс кордолгон. Бирок, Улуу Ата мекендик согушта Совет мамлекети өлүм же өмүрдүн кыл көпүрөсүндө турганда, интернационализм эмес, улуттук идеологияга таянууга аргасыз болуп, Сталин элге төмөнкүдөй жүрөк сыздаткан сөздөр менен кайрылган: «бир туугандар, эже-карындаштар…. Силерди ата-бабалардын арбагы колдосун» деп, улуттук идеяга, улуттук баатырларга сыйынат эмеспи. Бирок, согуштан кийин кайра бат эле улуттук идеологияга болгон интернационалистик зомбулук кайра ордуна келген. Биздин муундардын бир тобу ушуга каршы күрөшүп жүрүп такшалдык.

Улуттук идея айсберг болсо, улуттук идеология анын чокусу гана. Айсбергдин тулку бою көбүн эсе океандын түбүндө жаткандай, улуттук идея дагы улуттук аң-сезимдин, эс тутумдун түпкүрүндө, ата-бабадан калган салт-санааны, адеп-ахлакты, турмуш эрежелерин, жоокерлик духту, Манас эпосунан баштап, азыркы маданияттын, искусствонун баалулактарын камтыган ыйык уютку болуп саналат. Күнүмдүк турмушта дем алып аткан абаны сезбегендей эле улуттук идеянын бары жогун да эч кимибиз эске албайбыз. Бирок, улуттун башына коркунуч түшкөндө, улуттук идея өөдө калкып чыгат, мекенчилдиктин, улутмандыктын асыл дөөлөттөрү элди ойготот, таштай чыңалтат, бириктирет. Кечээки Баткендеги тажиктердин агрессиясы так ушул процессти таасын көрсөттү го.

Азыркы Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы – 90-жылдарда орногон либералдык – демократиялык идеология, анын пайдубалы либерализм идеясы. Бул идея жеке адамдын укуктарын, эркиндигин баарынан, жада калса, кудайдан да бийик коёт. Либерализмдин атасы Ницше: «Кудай өлдү» — деп айткандардын биринчиси. Азыр Батышта чынында эле кудай өлгөн, христиан дининен баш тартышкан. Ошондуктан, эркек эркекке, аял аялга үйлөнгөнү, кыз текелердин коомдогу укуктук зомбулугу көнүмүш көрүнүштөр.

Либерализм идеясынын туу чокусу — адамдын экономикалык эркиндиги. Анын чакырыгы: «Байыгыла (обогощайтесь), материалдык талаптарыңды чексиз канагаттандыра бер» — дейт. Ушул эркиндиктин туундусу – капитализм деген коомдук – саясий формация. Баарыбыз азыр өз көзүбүз менен көрүп тургандай, мындай коом байлар жана кедейлерден турган эки тапка бөлүнөт. Булардын ортосунда «Орто тап» деген чоң социалдык группа бар. Аларга мамлекеттик кызматкерлер, аздыр-көптүр оокаты бар интеллигенция, майда жана орто бизнестегилер кирет.

Бийлик жана ири менчик  байлардын колунда. В.И. Ленин мындай коомдо «эки башка улут, эки башка маданият чогуу жашайт» — деп айткан да. Карап көргүлөчү: байлардын акчасы кайда, балдары кайда окуйт, хан сарайлары кайда курулуп жатат? Ушулар ош базарында тачка ташыгандар менен бир улут, бир маданиятта боло алабы? Улуттук идеология чын эле улуттук болсо, ушуга макул боло алабы? Эзелтен кыргыз сүткорлукту, алып сатаарлыкты, оокатка ач ачкөздүктү, өзүмчүлдүктү жек көргөн. Кыргызды кыргыз кылган баалулуктар – ар намыс, уяттуулук, ата-бабанын арбагын, калтырган салттарын ыйык тутуу болгон.

Ушул жерде баса айта кетели, бай деселе баарын дүңүнөн «желмогуз» көрүш туура эмес. Кыргызстанда экономикага жагынан арка бел болуп турган ондогон, жүздөгөн ишкерлерибизге сыймыктанабыз. Ошол эле учурда, «Кумтор процесси» ачыктагандай, элибизди кор кылып, тоногондор чыныгы мекенчил бизнесмендер эмес, президенттер өздөрү баш болгон башкаруучу бюрократия болуп чыкпадыбы. Ошондуктан, капиталист десе эле баарын дүң жаман көрбөй, жакшысын жакшы, жаманын жаман дейли да. Ошондой эле бийликти биржактуу карабайлы. Ататүркттүн бийиги бир бөлөк. Биздин ууру президенттер баштаган бийлик бир бөлөк.

Кризистер улам тереңдеп, элди ар кандай кыйынчылыктар эзип турганда, бийликти да, улутту да бириктирип турган улуттук идеология башкы багыты – бул улуттук партриотизм, (мекенчилдик). Аны улутчулдукка байланыштырууга эч бир негиз жок. Мекенчилдик жалаң гана түпкүлүктүү (титульный) улутка, кыргыздарга таандык баалулук эмес. Кечээ Баткенде үч баласы, аялы артында калып, баатырларча курман болгон өзбек жигит Бекзодовдун мекенчилдиги кыргыздардан кемби? Жүрөктү ооруткан да, жылыткан да  ушул факт, биздин көп улуттуу коом экенбизди, бирок бир эл, бир атуулдук (граждандык) улут экенибизди ачык-айкын көрсөтүп турат.

Кыргыз эли түпкүлүктү (титулдук) улут экени талашсыз. Ошондуктан, анын улуу миссиясы – тутумдаш, бирге жашаган этносторду бириктирүү, атуулдук бир үй-бүлөгө уютуу. Ал эми улуттук идеология болсо, бул мамлекеттин улуттук кызыкчылыктар үчүн күнү-түнү пайдалана турган куралы. Немистин белгилүү саясат таанучусу Карл Дойч айткандай: «Өзүнүн мамлекети болуп, аны өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргой турган куралга айланта алган эл гана улут деп аталат».

Кыргыздар өзүнүн мамлекетин мындан 22 кылымдан ашык мезгилдерде Орхон, Енисей тараптарда жоготкон экен. Андан бери кайран кыргыз миң жолу өлүп, миң жолу тирилбедиби.

«Өз жеринин кырк өзгөндү түзүндө,

Өзөн барбы кыргыз сөөгү жатпаган.

Кыр-кырдагы кырк кайыңдын ичинде,

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган» — деп муңданып ырдаган байыркы кыргыздар.

Лениндин, Улуу Октябрьдын аркасы менен 70  жыл СССРдин курамында, формалдуу болсо да, өз мамлекетибиз бар республикада өнүп өстүк, эл катарына кошулдук. Улам кийинки муундарга бул тарыхый ыйык фактыны айтып, кайра кайра түшүндүрүп туруш биздин милдетибиз.

Мындан 30 жыл мурда көз карандысыз, өз алдынча улуттук мамлекет болуп, БУУнун мүчөсү катары түтүн булатып келе жатабыз. Жүз жылга татыган бул мезгил көп азаптуу, трагедияга толтура жылдар болду. Ошентсе да, кудайга шүгүр, биз улуттук ар -намысыбызды, элдигибизди, анан эң негизгиси, улуттук мамлекеттүүлүгүбздү жоготкон жокпуз. Кыйынчылыктар канчалык көп болсо да, рынок экономикасын өздөштүрдүк, демократиянын татаал сабактарын алдык. Ушул багытта улам алга өнүгөөрүбүзгө шек жок. Алдыдагы улуттук идеологиянын бирден бир багыты-улуттук мамлекетибизди көздүн карегендей сактоо. Мамлекетиң бар болсо, улут бар, рынок жана демократия бар, мамлекет жок болсо, эчтеке жок, элиң да жок, жериң да жок.

Миңдеген жылдардан кийин колубузга тийген улуттук мамлекетибизди көздүн карегиндей сактайлы!

Ж.Сааданбеков

Коомдук жана мамлекеттик ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер