ЖҮРӨГҮН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ АРНАГАН ИНСАН

  • 25.05.2022
  • 0

Белгилүү окумуштуу, Ж.Баласагын атындагы КУУнун экс-ректору Исамидинов Искендер агай 70 жашка чыкты. Ал эми Асанова Бактыгүл эже менен  баш кошконуна быйыл туптуура 50 жыл толду.

ЖҮРӨГҮН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ АРНАГАН ИНСАН

АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ

«Аккан арыктан суу агат», — деп бекеринен айтылбаса керек. Искендер агайдын сөзмөрлүгү, чечендиги, шайырлыгы, эмгекчилдиги, сарамжалдуулугу, кичи пейилдиги, чыдамкайлыгы, көтөрүмдүүлүгү, ыр жандуулугу, чоң адамгерчилиги ата-энесинен алган руханий табериги. Анын атасы Исамүдүн кыргыз тарыхындагы кадимки Атаке баатырдын урпагы. Андыктан бул адамда тектүүлүктүн сапаттары сакталгандыгын айта кетүүбүз керек. Ал эми апасы Аманат карт тарыхтын өзөгү Кемин өрөөнүнөн чыккан Шабдан баатырдын тилмечи Мамбетаалынын бир тууган иниси Муса болуштун кызы экен. Аманат апабыз да тек жайынан тетик өсүп, төркүн-төсү Чүй өрөөнүндө аттын кашкасындай таанымал үй-бүлөдө чоңойгон. Тектүү жердин кызы бир гана өзүнүн уул-кызын тарбиялабастан, бүтүндөй айылды өзүнүн жүрүш-турушу, эмгекчилдиги, жакшы кеп-кеңеши менен тарбиялап, көпчүлүк айылдык тургундардын кеңешчиси, сырдашына айланган. Бүтүндөй айылдын эл сыйлаган ардактуу, эстүү энеси болгон…

Искендер агай АТАЛЫК МЕКТЕБИНЕН калыстыкты, тууралыкты туу тутуп, сабырдуулуктун аракетчилдиктин, тырышчаактыктын ээси болууга, убакытты бекер өткөрбөөгө, акыйкатчыл болуп, токтоолукту сактаганга, көтөрүмдүүлүккө, ар дайым намыстуу, адептүү, тарбиялуу болууга, аалымдар менен билимдүүлөрдөн өрнөк алууга үйрөнүп, кең пейил болуп, текеберсинип кетпестен, кайраттуулукту курал кылып, жумшактыкты туу туткан, ачууланган чагында өзүн кармай билүүгө калыптанган. ЭНЕЛИК МЕКТЕБИНЕН “абийирдүү, кайрымдуу, мээримдүү, боорукер болуп, калайыкка кызмат кылып, жамаатка пайда келтирип, жалпы журттун сүймөнчүлүгүнө айланып, алкышын алууга татыктуу бол” деп тарбия алган.

ЭЛ УУЛУ

Эне уулуна “өзүңө жана башкаларга пайдасы тийбей турган сөздөрдү сүйлөбөгүн, үнөмдүү болгун, ысырапкерчиликтен сактангын, кичи пейил, элпек болгун” деп дайыма айтып келген. Билим-тарбияны көптү көргөн, көптү билген, өмүрү өрнөк адамдардан алууну айтып, адам тааны, инсан тааны, эл тааны, жер тааны, сени да эл таанысын деп кулагына куюп келген.

ЖҮРӨГҮН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ АРНАГАН ИНСАН

Ата-эненин төгүлгөн мээримин, тарбиянын маани-маңызын эрте түшүнгөн жаш улан окуусун ийгиликтүү аяктап, турмуштун кенен даңгыр жолуна түштү. Айлана-чөйрөнү баамдай билди. Керектүүсүн өздөштүрдү, өзүн ар тараптуу сындан өткөрдү. Убакытты текке кетирбей билимдин сересине умтулду. Ар бир көздөгөн максаттарынын натыйжасын күттү, изденди. Өзүнүн алган билимин жалаң окутууга, агартуунун айдыңына арнады.

ЖҮРӨГҮН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ АРНАГАН ИНСАН

Келечек муундарга таалим-тарбия берүүдө жогорку окуу жайды жетектеп, илимдин доктору, профессор болду. Мындай ийгиликтерге ар бир эле адамга бериле бербеген жөнөкөйлүк сапаты менен айылдан келген карапайым боз улан улам өрдү көздөй, ийгиликтин төрүн көздөй бет алып баратты. Ак ниет, адал эмгеги менен айылына алынды. Жалпы элдин сый-урматына татыктуу болду. Өмүрлүк жолдошу, үйдүн куту, агайдын өйдө болсо өбөгү, ылдый болсо жөлөгү, балдардын мээримдүү, камкор энеси, аялзаттын асылы Бактыгүл эже менен үй-бүлөлүү, эки уул, төрт кыздуу болуп, аларды эң мыкты тарбиялап, турмуштан туура орун табууга түрткү болду. Ата салтына ылайык жоро-жолдош, куда-сөөк күтүп, капкалуу шаарга айланып, атпай журтка таанылып, ЭЛ УУЛУ аталды.

 

ТУБАСА ЖЕТЕКЧИ

«Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, Искендер агай бүткүл өмүрүн, эмгек жолун, илимий ишмердүүлүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүп келет. Аталган университетке студент болуп келип, комсомол комитетинин секретарынын орун басары, окутуучу, ага окутуучу, доцент, он эки жыл декандын орун басары, 18 жыл проректор, анын ичинде 8 жылы биринчи проректор, ал эми 2011-2014-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп эм- гектенди.

ЖҮРӨГҮН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ АРНАГАН ИНСАН

И.Исамидиновдун жогоруда белгиленген административдик-башкаруучулук ишмердүүлүгү аны жогорку билим берүү системасын башкарууда, окуу процессин уюштурууда, илимий-педагогикалык коллективди жетектөөдө зор тажрыйбасы бар азыркы типтеги жетекчи катары калыптандырды.

Жетекчилик кылууда авторитардык жол менен эмес, кесипкөйлүк менен адамгерчиликти айкалыштыра билип, башкарууда алдыңкы тажрыйбаларды пайдаланып, убакытты, кадрларды, мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдаланып, кемчилик, катачылыктардын себептерин, ийгилик, жетишкендиктердин сырларын эң мыкты өздөштүргөн.

Тажрыйбалуу жетекчи утурумдук, күндөлүк иштерди эле ийгиликтүү аткарып калбастан, өлкөнүн билим берүү тармагынын келечектеги өнүгүүсүн камсыз кылуучу улуу максат, пландарды алдыга коюп, чечкиндүүлүк менен ишке ашырып келди. 90 жылдык тарыхы бар Улуттук университетте не деген залкар окумуштуу-педагогдордун, мыкты ректорлорунун арасында жетекчилик милдетти татыктуу аткара алды. Ал жетекчилик кылган жылдар аралыгында университетте бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Алардын айрымдарына гана токтолсок, окуу жайдын эл аралык байланыштары күч алып, Япония, Корея, Түркия, Индонезия, Россия, Франция, ошондой эле Европанын башка дагы бир катар окуу жайлары менен мамиле жакшыртылып, кыска убакыт аралыгында университеттин 700дөн ашык окутуучулары жана студенттери илимий жана билим алуу стажировкаларынан өтүп келишкен. Айрыкча Кытай мамлекети менен тыгыз алака-байланыш түзүлүп, ага терезе ачууда Искендер Исамидиновдун эмгеги зор.

ЖҮРӨГҮН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ АРНАГАН ИНСАН

Ошону менен катар Болон процессин, жогорку билим берүү системасын эки деңгээлдүү окутууга өткөрүү мезгили да агайдын Улуттук университетке жетекчилик кылган учуруна туш келди. Бул боюнча И.Исамидинов алгач Италиянын Болонья университетине Кыргызстандын 11 университетинин ректорлорунун катарында барып, университеттердин хартиясына кол коюшкан. Анын натыйжасында окуу жайда кредиттик технология менен окутуунун системасы киргизилген.

Ректорлук кызматты аркалоодо окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өтө чоң салым кошуп, өз демилгеси менен бир катар маанилүү инвестицияларды алып келген. Далай жылдары оңдоого муктаж болуп келген башкы окуу имараты, лабораториялык жана №5 окуу имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңы техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жагын ишке ашырган. Түркиялыктар менен болгон сүйлөшүүдөн соң, алардын каржылоосу менен башкы окуу имаратынын азем залы (№248) жасатылса, ал эми Иран элчилиги менен жылуу кызматташтык кылуунун натыйжасында, 5000 евро инвестиция тартуу менен №5 окуу имаратындагы 218-конференция залын бүтүндөй ремонттон өткөрүп, эмерек, оргтехника менен камсыз кылып, жасалгалоого жетишкен. Окуу жайды жакшыртууга болгон бул сыяктуу алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө карата Искендер Исамидиновдун жеке салымы өтө чоң жана ага жалпы жамаат күбө. Ал эми Искендер агайдын университеттин алдындагы орнотулган улуу ойчул Жусуп Баласагындын, залкар окумуштуулар Константин Юдахин менен Касым Тыныстановдун эстеликтерин коюуда, окуу жайга көрк берип турган фонтандын иштөөсүндө бир топ эмгеги бар экендигин ошол кездеги ректор, кыргыз билим берүүсүндөгү, илиминдеги залкар инсан, академик, ыраматылык А.Какеев да көпчүлүк жерде эскерип айтканы бар.

Агайдын демилгеси менен эки институт түзүлгөн. Бири — Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту.  Кыргызстандагы педагогдорду даярдоочу бирден бир окуу түзүмү болгон. Аталган институтту ачуу аркылуу канчалаган мугалимди жумушчу орун менен камсыз кылып, миңдеген студенттердин билим-тарбия алуусуна шарт түзүп бере алды. Аны менен гана тим болбостон, жалпы Кыргызстандын агартуу журтчулугу тууралуу ойлонуп, 2011-жылы «Мугалим» илимий-педагогикалык журналын негиздеп, ал журнал 2014-жылдын март айынан баштап жарык көрүп келатат.

Исамидинов улуу инсан Исхак Раззаковдун “Жетекчилик принциптери жана методдору” китебиндеги жетекчинин төрт түрдүү жоопкерчилигин дайыма сактап келет.

  1. Өзү жетектеген тармак үчүн учурдагы жоопкерчилик.
  2. Айыл, өлкө, эл алдындагы жоопкерчилик.
  3. Келечектеги тарыхый жоопкерчилик.
  4. Кудай алдындагы жоопкерчилик.

Сөз соңу

Атанын, ата-журттун ак батасын алып чоңойгон, эненин ак сүтүн, аруу тилегин актап, ата-эне мектебинен элдик таалим-тарбияга сугарылган уул – Искендер Исамидинов Ата Мекендин да сыймыктуу уулу. Жалпы калайык калың журт да дал ушул ойдо. Анын кылган ар бир иш-аракетинен жалпы элге, өлкөгө, билим берүү тармагына, университетке, андагы студенттерге болгон сүйүү сезиминин ашып-ташып тургандыгы баамдалып турат. Ошондуктан анын калк арасында, билим берүү жаатындагы, педагогикалык коомчулуктагы аброю өтө жогору.

“Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат” — деген эл макалын Искендер агайыбыздын эмгек жолу менен байланыштырып, кадырлап-сыйлап терең түшүнө билсек, өрнөктүү өмүрүнөн сабак алсак, өлкөбүздүн келечек тагдыры үчүн кайдигер карабаган адам болуп калыптанар элек.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”,

Рахат Сулайманова, Ж.Баласагын атындагы

КУУнун педагогикалык факультетинин деканы,

Айзада Салиева, №115 “Наристе” бала бакчасынын директору

Бөлүшүү

Комментарийлер