ЖҮРӨГҮ МЕКТЕП ДЕП СОККОН ЖЕТЕКЧИ

  • 24.01.2023
  • 0

ЖҮРӨГҮ МЕКТЕП ДЕП СОККОН ЖЕТЕКЧИЖыл жаңыраар алдында, директорлук бош орундарга карата өткөрүлгөн сынакта Азим Жеңиш уулу 72,5 упай топтоп, Бишкек шаарынын №21 мектебинин жетекчилигине дайындалды. Жаңы жетекчи Бишкек шаарындагы №5 А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 25 жыл бою директордун орун басары кызматын аркалап, зор тажрыйбага каныккан.

                             Дарак бир жерден көгөрөт

Кыргызстан Эгемендик кадамын там-туң таштап жаткан 1991-жылдары, мектепти жаңы аяктаган кырчын жигит, өзүн окуткан агай-эжейлеринен таасир алып, мугалимдик кесиптин ардактуу жана керектүү экенин баамдайт. Көп балалуу үй-бүлөнүн кенжеси болсо дагы, чарбага байланбай, өз мүдөөсүн сынап көрүүнү чечкен уулуна ата-эне батасын берди.

Борбор калаадагы И.Арабаев атындагы университетинин информатика-математика факультетинде окуп, 1997-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. 1995-жылы 3-курстун студенти болгон кезде эле №5 гимназияга практикага келет. Өзү практика өтөгөн жана ошол учурда мектепке жан дүйнөсү менен берилген жаш адис мугалимдик кесиптин ары кызыктуу, ары түмөн түйшүктүү сапарына бет алып, ошол эле жылы компьютерлештирүү боюнча окуу бөлүм башчысы болуп иштеп калган.

— Педагогикалык кесипти тандап, окуу жайды бүтүп, мугалим болуп мектептин босогосун аттагандан баштап өзүмө «Келечек муундарды тарбиялоого өзүмдүн колумдан келишинче, салымымды кошом» деген максат койгон элем. Студент кезден тарта, 30 жыл ичинде ошол максатымды таптап, кадамдап ишке ашыруунун үстүндө иштедим. Бул жылдар аралыгында өзүмө эң чоң тарбия, зор тажрыйба топтодум. Дос-тамыр, курсташ, тааныш, туугандардын арасында кеп кезеги келгенде: «№5 мектеп – мен иштеген мектеп эмес, менин жашоомдун мектеби» деп айтып калам. 25 жыл бою таң эртеден, кеч күүгүмгө чейин мектепте болуу – жөн эле иш аткаруу эмес эле, бул жылдар аралыгында жетекчинин орун басары катары топтогон тажрыйбам «дагы кандай ийгиликтерди жаратсам?» деген суроо менин жан дүйнөмө тынчтык берген жок, — дейт Билим берүүнүн мыктысы Азим Жеңиш уулу.

Учурда Кыргызстандагы бир нече билим берүү долбоорлорунда педагогдорду окутуунун жаңы технологиялары, жаңылануу жаатында дагы мастер жана улуттук тренерлик иште талыкпай эмгектенип келүүдө.

Айта салса оңой, басып өтсө узак жылдар ичинде жашоосун, ой-мүдөөсүн мектепке, билим берүүгө арнаган педагог өмүрүк жарына ыраазы. Анткени ушул узак жылдар бою эс алуу, майрам күндөргө карабастан, мектепке келип иштегенде түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көрсөтүп келгендиктен ийгиликке жеткенин айтат.

Жаңы кызмат, жаңы максат

— Президентибиз Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган сынакка катышып өз күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Сынактын экинчи турунда 72,5 упай менен жеңишке жетиштим. Бишкек шаарыбыздын №21 мектебиндеги ваканттык орунга койгонумдун да себеби бар, анткени USAID долбоорунда мастер-тренер болуп иштеп жүргөн кезде, долбоорго катышкан 12 мектептин бири ушул №21 мектеп эле. Ар бир чейрек сайын ушул мектепке келип-кетип жүрүп, жамаатты жакындан таанып калган элем, — деди жаңы жетекчи.

Эне-Сай конушунда жайгашкан №21 мектеп жаңы салынып, 2006-жылы пайдаланууга берилген. Шаардын башка мектептериндей эле баланын саны эки эсе көптүк кылат: 754 орунга ылайыкташтырылган болсо, бүгүнкү күндө 1500 окуучу окуйт. Мектеп негизинен кыргыз тилдүү, бирок 1-4-класстарда беш орус тилдүү класс бар. Жалпы жонунан 72 мугалим эмгектенет.

Жаңы жылдын алдында Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнөн Нурлан Байгулов мектепке интерактивдүү панель алып берди. Чарбалык иштер кызуу жүрүп жатат: мектеп ичиндеги лампалар алмашылып, 122110 сомдук 18 камера орнотулду. Ички санузелдерди оңдоо-түзөө үчүн тендер өткөрүлүп 234 000 сомдук 18 санузел алмашылды, Январь ичинде 21 компьютер, алты видеопроектор, бир МФУ келип жамаат кубанып турат.

— №21 мектепке жетекчи катары келе жатканда, ушунча жыл топтогон бай тажрыйбамды жумшап, бул жалпы билим берүүчү мектепти лицей кылайын деген тилек менен келгем. Мектеп жамааты негизинен жаш, ишке тойбой турган мезгили. Балдар тарбия алып жаткан мектеп бир орунда турбашы керек. Дайыма жаңыланып, инновациялык өзгөрүүлөрдү жасап турушу зарыл. Лицейдик багытты тандаганымдын себеби —  мектептин мугалимдерин, окуучуларын  табигый илимдерге, математикага ыңгайлаштырып кетсе боло турган потенциалы бар экен деп анализдеп жатам. Мектепти жылдын аягына чейин жаңылануу нугуна бурайын, электрондук мектеп багытына адаптация кылайын деп турам. Буюрса, жаңы окуу жылында электрондук күндөлүк, электрондук журнал менен иштеп калабыз деген пландарды коюп жатабыз. Мугалим күчтүү болсо, окуучу билимдүү болот. Жетекчи кандай болсо, мектеп да ошондой болот, – деди Азим мырза.

 Мектептерде агайлар өтө аз

— Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун «Мектептер агайларга муктаж» акциясына толук кошулам. Чындыгында мектептерде эркек мугалимдер өтө эле аз. Мисалы, №21 мектепте азыр 72 мугалимдин ону гана эркекпиз: жети дене тарбия мугалими, эки музыка мугалими жана мен. Жаш курактары 23төн 48 жашка чейинкилер. Техникалык кызматкерлерди кошкондо, жалпы жамаатта эркектер 16% түзөт, — дейт Азим агай. – Эркек мугалимдер класс жетекчиликти да албаганга аракет кылат. Мектепте бир гана агай класс жетекчи. Алардын айтымында, түйшүгү көп, майда жумуш. Алар предметчи катары иштегенди оң көрүшөт.

Жетекчинин айтымында, эркек мугалимдер ашыкча жазма түйшүктөн, ата-энелер менен иштөөдөн, кошумча жүктөмдөн оолак болууну каалайт. Ошол эле учурда предметтик мугалим катары көбүрөөк саат алып иштөө мүмкүнчүлүгү болорун моюнга алышат. Бирок ал эркек педагогго жарашпаган көрүнүш деп эсептейм. Эркек педагог турган турпаты, таамай сүйлөгөн сөзү, кийген кийими, окуучуга, аял жолдошторго, кыз балага, кичине балага кылган мамилеси, эркектик сүрү менен дагы тарбия берип, үлгү болушу керек.

— Агайларыбыз бир эле музыка, дене тарбия предметтеринин мугалимдери  экени бир аз өкүндүрөт, бирок жаңы окуу жылында кырдаалды өзгөртүүгө аракет кылабыз деп ойлойм, — дейт Азим Жеңиш уулу.

Айнура Асаналиева «Кут билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер